Кайрымдуу адам
Бүгүнкү ууру-кескиге, алдамчы-шылуунга толгон заманыбыз боорукер, кайрымдуу адамдардан да куру эмес. Араб өлкөсүнөн келип, Кыргызстанда байыр алып калган Баюми Саид мырзанын өлкөбүз үчүн жасап келаткан жакшы иштерине баа жеткис.

Саид Баюми жетектеген "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук уюму 2000-жылдын ноябрь айынан бери Кыргыз Республикасынын аймагында кайрымдуулук иш-аракеттерин жүргүзүп келет. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

Таза суу
Кыргызстандын ар кайсы облустарынын таза сууга муктаж алыскы райондорун суу менен камсыз кылып, 350дөн ашык скважина, 230дан ашык насосторду орнотушкан.

Медициналык акциялар
Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын бардык облустарын кыдырып, бекер дары-дармектерди таратып жана калкты медициналык көзөмөлдөн өткөрүп, 9 жолу акция уюштурушкан.
Ийгиликтүү окуучулар үчүн лагерь
Жыл сайын эң таланттуу жана окуусунда жетишкендиктерге ээ болгон окуучуларды тандап алышып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги лагерге жолдомо беришет.

Майыптарга жардам
Кыргызстандын ар тарабындагы жардамга өзгөчө муктаж майыптар үчүн 232 даана майыптар арабасын таратышкан.

Жетимдерге жардам
Бүгүнкү күндө булардын карамагында 1006 жетим бала бар. Алар уюмдан ай сайын миң сомдон пособие, мындан сырткары көптөгөн белектерди алышып, квартал сайын медициналык көзөмөлдөн өтүп турушат.

Кыргызстандын түштүгүнө гуманитардык жардам
"Ар дайым сиздер менен" акциясынын негизинде республиканын түштүгүнө 60 тонна (4 камаз) тамак-аш, жылуу кийим түрүндөгү гуманитардык жардам жөнөтүшкөн.

Кыргызстандын түштүгүнө үйлөрдү куруу
Кыргызстандын түштүгүндө июнь окуяларынан жапа чеккендер үчүн 14 көчмө үйдүн курулушун бүтүрүшкөн. Дагы жүзгө жакын үй куруп берүү маселеси каралууда.

Мечиттерди куруу
Кыргыз Республикасынын Дин башкармалыгынын суранычы менен мечиттердин курулушуна материалдык жардам берип келет. Бүгүнкү күндө жүздөн ашык мечит курулду.

Студенттерди колдоо
Жыйырмадай студентке бирден компьютер белекке берилген. Мындан сырткары, 2006-жылдан бери аспирантурага жана магистратурага тапшырган студенттердин окуу акысын төлөп, стипендия менен камсыз кылып келишет. Учурда мындай жардамга ээ болуп келаткан студенттердин саны - 35.

"Элистан" балдар борбору
"Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук уюмунун каржылоосунда 2008-жылдын июль айында Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда жетим балдар үчүн "Элистан" балдар борбору ачылган.

Жаратылыш кырсыктарына кабылгандарга жардам
Алай районунда болуп өткөн жер титирөөдөн жапа чеккендерге жылуу кийим, төшөк-жууркан түрүндө гуманитардык жардам беришкен.


Аты-жөнү: Баюми Саид ЕлСаид Мохамад
Туулган жылы: 1965-жыл, 4-ноябрь.
Туулган жери: Египеттин Эль-Шаркия шаары.
Билими: Жогорку. Александрия университетин 1989-жылы кызыл диплом менен аяктаган.
Кесиби: Инженер-механик.
Иштеген жери: "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук уюмунун президенти.
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү. 3 баланын атасы.
Орус тилинде эркин сүйлөйт, кыргыз тилин үйрөнүүдө.
Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 2009-жылы президент Саид Баюмиге Кыргыз Республикасынын атуулдугун берген.

Наамдары:
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 2009-жылы Ардак грамотасын алган.
Республиканын түштүгүндөгү июнь окуясынан жабыркагандарга жардам бергендиги үчүн КРнын вице-премьер министри Ардак грамотасын тапшырган.
Эл аралык "Руханият" сыйлыгынын ээси.
Ислам дининин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн дин иштери боюнча Мамлекеттик агенттик тарабынан Ардак грамотасына ээ болгон.
"Саламаттыкты сактоонун отличниги".
КГУСТАнын, И.Арабаев атындагы КМУнун, КМЮАнын, Ислам университетинин, Гуманитардык билим берүү институтунун Ардактуу профессору.
Баткен облусу ыйгарган Ардак грамотанын жана "Жылдын адамы-2010" наамынын жана башка көптөгөн наамдардын ээси.




Саид Баюми:
"отуздан ашык өлкөдө болдум,
бирок Кыргызстандай кооз жерди чанда кездештирдим"
- Саид мырза, жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук көрсөтүүдөн ырахат аласызбы?
- Туура айтасыз, кайрымдуулук жасоо менин жан дүйнөмө өзгөчө кубаныч тартуулайт. Өзүнүн деңгээлине жараша кайрымдуулук көрсөтүү - ар бир пенденин парзы. Мен аздыр-көптүр Кыргызстанга пайдамды тийгизип, колумдан келген жардамымды берип жатканыма кубанам.
- Балдарга өзгөчө маани берет экенсиз, өзүңүздүн канча балаңыз бар?
- Ооба, мен балдарды өзгөчө жакшы көрөм. Ошондуктан, жардамга муктаж, ата-энеси жок балдарга кайдыгер карай албайм. Мен жума сайын ар кайсы облустагы жетим балдарга барып жолугуп, баарлашып, белектеримди тапшырып турам. Аларга жолугууга бараткандагы алыс жолдо канчалык чарчасам да, балдарды көргөндө чарчаганым заматта тарап кетет. Анткени, алардын жүзүндөгү кубаныч мага дем, күч берет.
Өзүмдүн болсо 2 кыз, 1 уулум бар. Амира 14, Лина 13, уулум Ахмат 7 жашта.
- Үй-бүлөңүз, ата-энеңиз да сиз менен бул жактабы же...
- Жубайым, балдарым, албетте, мени менен. Атамдын, тилекке каршы, 2009-жылы көзү өтүп кеткен. 82 жаштагы апамдын көзү тирүү, Египетте жашайт. Апам - менин дүйнөдөгү эң кымбат адамым. Аны көрүш үчүн жылына Египетке эки жолудан барып турам, ал да Кыргызстанга үч ирет келип кетти. Апам өзгөчө кичүү небереси Ахматты бат-бат сагынып турат. Баса, бизде 21-март энелердин майрамы болуп эсептелинет. Бул күнү бардык бир туугандар чогулуп, энесине арналган белектерин беришип, эртеден-кечке энесинин жанында болууга тийиш.
- Үйлөнгөндө калың төлөө салты сиздерде да барбы? Сиз, мисалы, канча калың төлөдүңүз эле?
- Ооба, калың төлөө салты бизде бар. Калыңдын орточо баасы 12 миң доллардын тегереги болуп калат. Бирок ал акчага кыздын ата-энеси кайра эле жаш жубайларга эмеректерди алып беришет. Мен жубайым менен студент кезимде компьютердик курстан таанышкам. Бир канча убакыт сүйлөшүп жүрүп, бири-бирибизди жакшылап түшүнүшкөндөн кийин атамды кыздын ата-энесине жуучулукка жиберип, анан баш кошуп калганбыз. Калыңды болсо эл катары эле төлөгөнбүз.
- Эмне үчүн башка өлкөнү эмес, дал Кыргызстанды тандап алдыңыз эле?
- Орто Азия жөнүндө 1996-жылдан баштап эле угуп, изилдеп, окуй баштадым. Анан Жараткан маңдайыма жазып койгон экен, 2000-жылдан бери Кыргызстанда кайрымдуулук иштери менен алек болуп келатам. Мен дүйнөнүн 30дан ашык өлкөлөрүндө өз ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келдим, бирок Кыргызстандын элиндей ак көңүл, колу ачык элди жолуктура албадым. Кандай конок келбесин, өзүнүн бир тууганындай тосуп алышат. Мен мындай жаратылышы кооз, абасы таза жерди чанда кездештирдим.

Нуриса БАЯЛИЕВА