Айымдар менен мырзалардагы
сүйүү сезиминин айырмасы
Дал ушул темага кызыккан окумуштуулар изилдөө жүргүзүшүп, натыйжада, айымдар менен мырзалардагы сүйүп калуу сезими көп жагынан айырмаланарын байкашкан. Мисалы, айым сүйүп калганда өзүн булуттун үстүндө учуп жүргөндөй бактылуу сезет, демейдегиден эки эсе көп жылмайып, дайыма жакшы маанайда кубанычтуу жүрөт. Ал эми мырзадагы сүйүү сезиминин башкы белгиси - жүрөгүн ээлеген ашыгына болгон сексуалдык каалоосунун күчөй баштаганы. Сүйүп калуудагы ушул жана башка айырмачылыктар тууралуу кенен маалымат алгыңыз келсе, төмөндө берилген изилдөөнүн жыйынтыгына көңүл буруңуз.


Айымдар
Мырзалар

Көңүлдүү маанай, жылмаюу, кубануу, оптимизм
Жүрөктүн алып-учушу, өзүн булуттун үстүндө учуп жүргөндөй сезүү
Сүйүп калган мырзасын көргүсү келип, токтоно албоо
Көздөрдөн учкундун жанышы, табышмактуу көз караш
Дайыма жанында бирге болгусу келүү
Тамакка болгон табиттин начарлашы
Жүрөктүн согушунун ылдамдашы
Кыялдануу, ойлонуу
Оюна жаман эч нерсе келбөө, "баары жакшы болот" деп ишенүү
Уйкусуздук, уйкунун начарлашы
Оюн бир жерге топтой албоо
Акылын жоготуу
Дүүлүгүү, кумарлануу, төшөктө бирге болгусу келген каалоо
Толкундануу, тынчсыздануу
Ойдогудай көрүнүүгө аракеттенүү, жасануу
Күчүнө күч кошулуп, иш жөндөмдүүлүгүнүн артышы
Тартынуу, уялуу
Ичинде курт кыбырап жүргөнсүп кызыктай абалда болуу
Реалдуу дүйнөнү унутуу, кыял менен гана жашоо
Мурункудан да боорукер, кең пейил болуу
Калтырап-титирөө
"Баары колумдан келет" деп өзүнө-өзү өтө ишенүү
Акылга сыйбаган иш-аракеттерди жасоо
Кайгырып-капалануу, сагынуу, куса болуу, депрессияга түшүү
Эмоцияга берилүүнүн күчөшү
Унутчаактык
Жана башка абалдар...




Сүйүү деген эмне? Сүйүү бул оорубу
же бакытпы?
Бактысыз сүйүүдөн ыйлаган учуруң болгонбу?
Ашыгың үчүн акылга сыйбас жорук
жасадың беле?
Сүйүп калганда кандай абалга туш болдуң эле?

Тата Улан:
- Сүйүү - бул көлдүн жээги. Азыркы жаштар сүйүүнүн баркын кетирип коюшпадыбы, алардыкы сүйүү эмес, жөн гана материалдык байлыкка, сулуу денеге кызыгуу. Эки адам бири-бирин жактырып калса эле сүйүү эмес да. Сүйүү үй-бүлө куруу максаты менен бирге болуш керек. Сүйүүнү эч качан оору деп айтууга болбойт. Эгерде адамдын жүрөгүндө Аллах жашаса, анын сүйүүсү ошол. Кокус сүйгөнү таштап кетсе да, ал адам кайгырбайт. "Кудай мага мындан жакшысын жолуктурат, буюрса" деп сабыр кылат. Жүрөгүндө Аллах жок адам гана жүрөгүндөгү ошол бош орунду сүйүү менен толтурууга аракеттенет. Мисалы, мен эч качан сүйүүдөн анча деле кыйналып көргөн эмесмин. Анткени, жүрөгүмдө дайыма Кудай бар.

Роза Шакирова:
- Бойдок кезимде мен жактыргандар мени жактырбай, мени жактыргандарды мен жактырбай дегендей карама-каршылык боло берчү. Анан "качан мага жакшы сүйүү келет?" деп кайгыра берчүмүн, сүйүшкөндөрдү көрсөм суктанчумун. Ошентип жүрүп азыркы жолдошума жолуккам. Экөөбүз таанышып, сүйлөшүп жүргөн күндөрдүн биринде катуу урушуп кеткенбиз. Натыйжада, ал жыйырма күндөй дайынын билдирбей жок болуп кеткен. Ошол убакыттын ичинде келбей да, чалбай да койгон. Намыскөймүн да, он күн мен да чалган жокмун, он күндөн кийин чыдабай кетип чалсам албай койгон эле. Ошол жыйырма күндүн ичинде абдан катуу депрессияга түшүп, бир жума ыйлагам. Кудай буюруп, кийин кайра элдешип, табышып алдык. Бул менин чыныгы сүйүүм деп эсептейм азыр. Негизи, сүйүүдө жана үй-бүлөдө бактылуу болуш үчүн биз, аялдар, кечиримдүү, көтөрүмдүү болушубуз керек тура.

Акбар Сүйүнбаев:
- Бир канча жыл мурда бир кыз менен таанышып, ага катуу ашык болгом. Ал кезде мен жөө жүрчүмүн. Бир шаарда болсок да, үйүбүз бири-бирибиздикинен аябай алыс болчу. Ошондуктан, ашыгыма жолугуу үчүн бир күнү Султандын, дагы бир күнү Мирбектин машинасы менен бара баштагам. Алар деле кээде өз жумуштары менен бошобой калышат. Ошентип, ал кызга күн сайын жолугуп туруу үчүн гана машина сатып алгам. Болбосо ал учурда машина алайын деген ойдон таптакыр алыс элем. Биз бир жыл сүйлөштүк. Дайыма анын ою менен болчумун. Кел деген жерине келип калчумун, бар деген жерине барчумун. Анан бир күнү кокусунан урушуп кеттик да, мен ошол бойдон ага барбай койдум. Себеби, чекит койгон ишиме кайра экинчи кайрылбай турган сапатым бар. Сүйүктүүм менен урушуп кетээр замат машинаны дароо сатып жибердим. Анткени, анын мага эми кереги жок эле. Мен аны ошол кыз үчүн эле алгам да. Негизи, ошол окуядан кийин "эркектер сүйсө катуу сүйүшөт экен, ал эми кыздардын сүйүүсү эркектердикине салыштырмалуу туруксуз болот тура" деген ойго келип калдым. Биз, эркектер, болгону кызгана берип жаман көрүнүп алат экенбиз.

Айжан Газиева:
- Сүйүүгө кабылгам, бирок азыр ал чыныгы сүйүү деле эмес го деп ойлоп кетем. Ал жигит менен төрт жыл сүйлөшүп, ошону менен мамилебиз аяктаган. Албетте, алгач сүйүп калганда бир башкача жагымдуу сезимдерге туш болосуң да: өзүңдөн-өзүң дайыма кубана бересиң, маанайың ачык болот, көздөрүңдөн жылтылдаган учкун жанып турат, дүйнө сонун көрүнүп, жашагың эле келип калат. Мен дал ушундай абалдарды башымдан өткөргөм. Ал аз келгенсип уйкусуздук да пайда болгон. Дайыма эле аны ойлоп кыйнала берчүмүн. Көрсө, сүйүү деген оору тура. Мага сүйүү таптакыр жакпай калды. Ошондуктан, азыр сүйгүм деле келбейт, "сүйүү келсе экен" деп күткөн, издеген деле жерим жок.


Аскербек кызы Саада