"Рабаят" куурчак театрынын жетекчиси Бурул Асакеева:
"Бүгүнкү күнгө чейин
"Рабаят эже" атым өчө элек "
Мындан бир топ жыл мурун теледе "Рабаят" деген балдарга арналган көрсөтүү бар эле. Көрсөтүү эфирге чыкканда бөбөктөргө кошулуп ата-энелери да тиктеп калышчу. Андагы Коёнек, Таргыл мышык мый-мый, Тентек короз, Үрпөкөй, Шапалак өңдүү куурчактардан тышкары, бала менен баладай сүйлөшкөн Бурул эже да эфирдин көркүн чыгарып турчу. Эжени издеп, Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасынын ичинде жайгашкан кулакка тааныш "Рабаят" театрынан таптык.
- Бурул эже, "Рабаят" театрын теледен кеткенде түптөдүңүзбү?
- Ооба. "Рабаят" көрсөтүүсүн алып барып жүргөнүмдө балдардан толтура каттарды алчубуз. Алар баёо сезими менен жомокко ишенишип, бизди көп конокко чакырышар эле. Анан эле "Рабаят" эфирге чыкпай калды. Ошондо эми "Рабаят" атындагы куурчак театрын ачыш керек деген идея келди. 2002-жылда театр расмий түрдө мамлекеттик каттоодон өтүп, ишке кириштим. Театрда куурчактарды сүйлөтүп, баш-аягы 18 адам эмгектенет. Эң алгачкы эмгегибиз орус эл жомогунан которулган "Тентек короз" спектакли болду. Аны өзүм биздин балдардын аң-сезимине, кабыл алуусуна жараша кыргызчалап чыктым да, алгач Бишкектеги №49 балдар бакчасына барып койдук. Ошол бала бакча алгачкы башатыбызды баштап бергендиктен, көзүмө тимеле сонун көрүнөт. Андан бери далай жерлерди кыдырдык. РайОНОлор аркылуу көп адам барбаган алыскы айылдарга чейин бардык. Жанымда баягы эле Коёнек,Таргыл мышык мый-мый, Тентек короз, Үрпөкөй, Шапалак ж.б. көптөгөн мультфильмдин персонаждары. Өзгөчө Базар-Коргон районунун Үч-Булак деген айылына барганыбыз эсимден кетпейт. Мектеби тоо үстүндө жайгашкан, Айтматовдун чыгармасындагы Дүйшөндүн мектебиндей экен. Тоо үстүнө машине чыга албагандыктан, ылдыйышка токтоп аткан бизди көргөн балдар тоо ылдый безип чуркап бир келатышат. Жетип алышып, эски таанышындай мени кучактап өпкөндөрүчү... Айрымдар айткандай, "Мен ар бир үй-бүлө мүчөсү" болуп калыптырмын. Азыркы күнгө чейин "Рабаят эже" атым өчө элек.
- "Рабаятка" кандайча алып баруучу болуп калдыңыз эле?
- Мен анда Республикалык Куурчак театрында режиссёр болуп иштечүмүн. Телевидениенин "Балдар редакциясында" иштеген Аскар деген адам: "Рабаят" деген балдарга арналган жаңы көрсөтүү ачылганы жатат. Сен балдар менен иштешип жүрөсүң, тилин билесиң, жардам бер",-деп чакырып калды. "Мен анда өзүмдүн командам менен барайын" десем макул болду. Ошентип, баягы куурчактарымды, актёрлорумду ээрчитип барып иштеп калгам.
- Режиссёрлук кесипке өз каалооңуз менен ээ болдуңуз беле?
- Менин алгачкы кесибим маляр, андан кийин актёрлук кесипке ээ болгом, андан соң режиссёрлукту окудум.
- Анда алгачкы алган кесибиңизге кантип ээ болгондон баштайлы...
- Менин кичинемден көксөгөн кесибим актёрлук болчу. Атам мугалим болуп иштегендиктенби, үйдөн гезит үзүлчү эмес. Анда чыккан актёрлордун сүрөтүн кесип алып альбомума чаптап алганды адатка айландырып алгам. Ошол альбомум дагы деле бар. Өгүнү кыздарым үй жыйнап атышып, "мунуңузду качан ыргытасыз?" дешет. "Ал деген менин балалыгымды эске салган альбом, мен бар кезде жүрө берет" десем күлүшөт. Мектепти бүткөнүмдө үйдөгүлөр "Мединститутка тапшырасың" дешти. Ал кезде эң улуу эжем Мединститутту аяктап, иштеп жүргөн учуру эле. Ошентип, "медик болом" деп экзамендерди тапшырып жүрүп, акыркы экзаменден кулап калдым. Башкалар капаланып, ыйлап жүрүшсө, менин сүйүнгөнүмдү сураба. Бирок ошол 1976-жылы театрларга да кабыл алуу болбоду. Үйдө отуруп калдым. Ал кез Советтер Союзу болгондуктан, "ар бир адам иштеш керек же окуш керек" деген принцип болчу. Эжем мени иштесин деп завод-фабрикаларга алып барса, "ой, жо-ок, станоктун алдында калат" дешип чочулашат. Абдан кичинекей, арык кыз элем. Мага иш издеп чарчаган эжем бир күнү сүйүнүп, гезит көтөрүп келиптир. "Малярдын 3 айлык окуусу бар экен. Жатаканасы, тамак-ашы бекер. Жумушту да өздөрү таап беришет экен",-деп. Ошентип окуп, практикага чыгып, азыркы "Миң түркүн" дүкөнүнүн алгачкы шыбагын биз баштаганбыз. Андан соң Илимдер Академиясын шыбап жүрдүк. Ал жакта далдайган-далдайган кыздар-балдар окучу эле. Кипкичинекей, арык Аскар деген бала экөөбүз эле болчубуз. Анан ар кайсы жактан Курулуш мастерлери келип, ар бирибизди практикага бөлүп кетмей болушту. Баарын фамилиясы менен чакырып, Аскар экөөбүздүкү айтылбайт. Элден калган жаман экен, экөөбүз бири-бирибизди карап, жер чукуп, томсоробуз. Тигилер ыкшып күлүп боорлору эзилип калды. Бир убакта мугалимибиз экөөбүздү эки колуна жетелеп, бир мастер-жетекчинин колуна карматып койду. Иштеп баштадык. Бир чака шыбакты көтөрө албайбыз, Аскар эптеп өзүнүкүн көтөрүп барып, мага жардамга чуркап келип, экөөлөп көтөрөбүз. Шыбактын аралашмасы да Аскардыкы анча-мынча окшошот, меники дубалга бир тийип эле "шалп" этип жерге түшүп калат. Көрсө, көпчүлүктөн биздин иштегенибиз анчейин билинчү эмес экен да. Ошондой күндөрдүн биринде мугалимибиз келип калып, мастерибиз Мария: "Бул кызыңды ого бетер арыктап өлүп кала электе алып кет. Бурул аракетчил, бирок бул анын кесиби эмес, жарабайт экен",-дептир. Мугалимим жетелеп чыгып, башыман сылап сурады: "Ким болгуң келет?"-деп. "Актриса",- десем, "Сен ошол тармакка тапшырганга даярдана бер. Ишке келбей эле кой, окуудан чыгарып салат деп коркпо, жатаканада да жашай бер, маляр деген кесиптин ээси деген сертификатты колуңа беребиз",-деди. Ошондон тартып күндө жатаканадан чыгып кетип, китепканага келип окуйм, дайыма эртең менен киоскилерге барып, жаңы чыккан гезиттерди сатып алып "театр" деген сөздү издейм. Бир күнү "театрга окууга кабыл алуу жүрүп атат" дегенди окуп калып, аттап-буттап Кыргыз драма театрына келдим.
- Анан актёрлук кесиптин эшиги дароо ачылдыбы?
- Театрга келип эмне кылышты билбей ары-бери басып жүрсөм, бирөө жаныма басып келип, "тапшырганы келдиңби?" деп сурады. Кийин ал Куурчак театрынын режиссёру Касейин Саскеев агай экенин билдим. "Ооба" десем, "сенин тиштериң жаман турбайбы" деди. Агайдан эмки кабыл алуу эки күндөн кийин болорун угуп, эки күндүн ичинде ыйлап атып, тиштеримди өгөөлөттүм. Төрт тишиме алтынга акчам жетпегендиктен, темир салдырдым. Тиш догдур алгач "мерка" деп капкара темирди салып койду. Экзаменге ошол тишим менен келдим. Өтүп кетсем дегенде, ак эткенден так эткен жаным этюдун деле, ырын деле жан дилим менен берилип айтып атам. Көздөрүм тимеле күйгөн. Бир убакта баягы "мерка" тишим ыргып да кетти. Комиссияда отургандар мени көрүп ыкшып күлүштү. Ага деле кайыл болдум. Бирок алар да мени жактырып калышканын байкадым. Көктөн тилегеним болуп, окууга өттүм. Болгондо да Ташкенттеги театралдык окуу жайына. Айнагүл деген бир тууган эжеме айтсам, ал: "Актрисалыкка деген сулуу, бою узун кыздарды алат. Чын эле өттүңбү?"-деп ишенбейт. Араң ишенген эжем мени узатып бир чемодан сатып берди. Ташкентте кино жана театр актёру факультетинин балдар театры бөлүмүндө окудум. Ошондо эле комиссия мүчөлөрү мен кайсы жагына ылайык экенимди аныктаган экен да. Ал жакта деле курсташтарым мени кичинекей кыздай кылып кабыл алышчу. Эркек балдар мени карындашындай көрүшүп, Бурулчик деп эркелетишчү. Көбү эки жылдык театралдык студияны бүтүп, анча-мынча шаардын жашоосун, актёрлук өнөрдүн даамын татып калышкан улан-кыздар эле. Кийин боюмда барда бир курсташыма жолугуп калсам, ал: "Ээ, Бурулчик, сен да төрөйсүңбү?"-деп күлүп атпайбы.
- Режиссёрлук билимди кийин алган экенсиз да...
- Ташкенттен келип Куурчак театрына ишке орноштум. Турмушка чыктым. Бирок начар күйөөгө туш болуп калыптырмын. Ушундай жашоодон көрө деп Ошко, драма театрына кетип калдым. Ал жерге да Куурчак театрын ачып, иштин башын баштап берип коюп, өзүм режиссёрлук курска окуганы Москвага кетип калдым. Москвадан Киевге которулуп, окуумду ошол жактан бүтүрдүм. Азыр улуу кызым менин жолумду жолдойм деп Б.Бейшеналива атындагы Искусство институтунда режиссёрлук курста окуп атат.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө кененирек айтып берсеңиз.
- Кочкордун келини болом. Жолдошум экөөбүздү эжемдер тааныштырган. Пейили кенен, сонун адам. Жолдошумдун кесиби медик. Бирок өз кесиби менен иштеген жок. Бизнес менен алектенет. Менин жумушумду тимеле жакшы көрөт. Аралашып жүргөнүм жалаң кичинекей балдар болсо, анан жаман көрмөк беле. Жаш кездерде актёр-актрисалар жөнүндө бир нерселерди укканын сурап, кээде кызганып калганында "алар чоңдор, а мен кичинекеймин" деп койчумун. (Күлүп) Балдар менен аралашып жүрсөң, өзүң да жаш баладай болуп калат экенсиң. Таарынсаң да жаш балача таарынасың, жазылсаң да жаш балача. Бизде аял-күйөөдөй болуп бир жума сүйлөшпөй коюу деген жок. Бир паста табышабыз. Ортобузда төрт балабыз бар. Кыздарыбыз неберелерди белек кылышты. Азыр үйлөрүнө барып калсам, мойтоңдошуп, "жомок айтып бериңизчи" деп жанымды коюшпайт.
- Өзүңүз кайсы жердин кызы болосуз?
- Көлдүн Ак-Суу районунун Сары-Камыш деген айылынан болом. Атам Амантур тарых сабагынан берген, мектепте көп жыл директор болуп иштеген адам болгон. Апам Айымжан да башталгыч класстын мугалими эле. 12 бала төрөп, 38 жашында каза болуп кетти. 12ни төрөсө кайсы ден соолук калат дейсиң?! Мен ал кезде 3-класс элем. Азыр ойлосом, апамдын эми такыр келбесин, биротоло коштошконумду сезбептирмин деле. Кечкисин кыздар чогулуп алып, салынган төшөктүн үстүнө отуруп жомок укмайынча уктачу эмес элек. Апам каза болгондон кийин таенем келип эки жылдай бизди карады. Мен үйдүн жетинчи кызы болчумун. Менден кийин дагы бешөө бар.
Бир күнү улуулар топтолуп алышып, сүйлөшүп атышат. Баягы Айнагүл деген эжем: "Эмне, менин жардам кылганым да жетишпей атабы?"-деп тултуңдап алган. Анда таенем: "Сен быйыл окууңду бүтөсүң. Жогорку окуу жайга тапшырбай, өмүр бою булардын кирин жууп, тамагын жасап өткүң барбы же?"-деп безилдеп атат. Ошол эжем баарыбызды катары менен чоң таштекке салып алып киринтип, үйүлгөн додо кирлерибизди жуучу. Азыр да баарыбызды бириктирген, башкарган ошол. Көрсө, ошондо атама башка аял алып берүү маселеси көтөрүлүп жатыптыр. Улуу бир туугандарыбыз акыры көнүп, мындайча айтканда, таенем өз кызынын ордуна биздин үйгө Жамиля апамды алып келишти. Ошентип, мен эки апалуу болдум. Бүгүнкү күндө, кудайга шүгүр, бир туугандарым очор-бачарлуу, алдыбыз небере жыттап, чоң эне-чоң ата, таене-таята болуп отурабыз.
Эльмира Мадиева