Жапайы алчалар
гүлдөгөн жерде
(Башталышы
өткөн санда)
Эркин байке мени саамга мага эмес, ошол бир жолугуп жоголгон сулууга карап жаткансып ойлуу карап туруп сөзүн баштады.
- Ал кезде мага аялдардын баары бирдей сезилчү. Бири-биринен өңүнүн жылмалыгы менен гана айырмаланбаса, алардын ичинде эмне кайнап жатканы мени кызыктырчу эмес. Аял аттуунун баары мен үчүн бир түндүк, ашып кетсе эки түндүк жыргалга жетчү жандуу каражаттай туюлар эле. Апам байкуш мени үйлөн дей берип чарчаганда унчукпай койду. Апам гана менин дүйнө таанымымда аял эмес, асыл жандай сезилип, мындай касиеттүү адамды аял эмес, эне деп гана атоого татыктуу деп эсептечүмүн. Менден кичүү иним үйлөнгөндө деле маани бербедим. Аялдарды кол жоолуктай алмаштырып жүрүп кантип отуз бешке чыгып калганымды деле байкаган жокмун. Менин көңүлүмдү сууткан дагы бир жагдай: кандай аял болбосун, мени менен бир түн бирге болгондон кийин эле жанымды койбой телефон чалып, саргайып күткөнүн, сагынганын айтып ээрчип алышчу. Андайда алардан кантип шылтоо айтып кутуларымды билбей айлам кетчү. Бара-бара телефонумду, дарегимди бербей койчу болдум. Бир күнү кечинде досторум саунага чакырып телефон чалышты. Зеригип отурган жаным дароо эле макул болдум. Шаардын четиндеги кымбат сауналардын бирине барып, жети жигит пиво ичип отурдук. Бир кезде администратор келин кирип, бизди чакырган жигитке "келишти" деди акырын. Кимдер келгенин сураганча эле он чакты жарым жылаңач кыздар кирип келди да, кудум согуш алдындагы аскерлердей тизилип калышты. Көнгөн адамча бир караганым болбосо, мага баары бир болчу. Жигиттер уу-дуу түшүп эле тандап атышты.
- Эркин, тандабайсыңбы,-деди Шавкат.
- Силерден кийин,-дедим да, ошондо гана кыздарга көз таштадым. Биринчи эле тээ четте үрккөн улактай кыздардан бөлүнүп жалгыз турган кыздын жанына басып барардан мурда анын адашып келип алгандай корунган аянычтуу келбети, бир тутам бели, далысы ылдый төгүлгөн капкара чачтары, анан да ыйлап сооронгон баладай умсуна караган каректери урунду. Өмүрүмдө биринчи жолу кыздын алдында жылаңач турганыма уялып кеттим. Жанымда жаткан шейшепке оронуп, кайсалап калган мени кыз унчукпай карап тура берди.
- Саламатсызбы?-дедим апкаарып. Кыз муңайым жылмайып ийинин куушуруп койду.
- Атыңыз ким?-дедим ансайын апкаарып.
- Эркин, сен эмне, таанышуу агенствосуна келдиң беле?-дешти кыздар менен чымчылаша баштаган досторум шылдыңдай каткырып. Кыпкызыл болуп кеткен кыздын карагат каректерине жаш чайылып чыга келди да, шүүдүрүмдөй бир тамчы кирпиктерине илинип, түшүп кетпей араң кармалып турду. Кантээримди билбей алдастап кеттим.
- Сен аларга таарынба, алар тамашалап атышат,-дедим шашкалактап. Жолдошторум мени менен иши да болбой, тандаган кыздарына жабышып, калп күлгөн кыздардын ойсоке каткырыктары дилимди кысып жибергенсиди.
- Сизди да зордоп алып келиштиби?-деди кыз акырын.
- Жок, ооба,-дедим сөз таппай кайсалап. Кыз дагы муңайым жылмайды да, анан акырын:
- Сиздин кызматыңыздамын, байке,-деди көзүн ала качып.
- Жүр, анда,-дедим аркы бөлмөгө баштап. Кыз кимдир бирөө желкелеп бараткансып оор кадам шилтеди. Киргенден кийин эмне дээримди билбей аптыктым. Кыз да жер караган бойдон былк этпей тура берди.
- Чай ичесиңби?-дедим кантеримди билбей эле.
- Жок, рахмат, байке. Мен эмне кылышым керек, айтыңыз,-деди каргылдана. Коркконун көзүнөн көрүп турдум.
- Эмнеге келдиң?-дедим тамагым кургап бараткансып шыбырап.
- Эмне дегениңиз, байке? Сиз буйрутма бердиңиз, мен келдим.
- Качантан бери буйрутма менен келесиң?
- Жооп беришим шартпы, байке?-деди кыз дале көзүн жерден албай.
- Шарт деле эмес, бирок...
- Байке, сиз менен сүйлөшкөнү келген эмесмин. Сиздин кызматыңыздамын дебедимби,-дегенде ичим сыйрылып кетти.
- Анда сенин кызматың менин суроолорума жооп берүү. Эмнеге минтип жүрөсүң?
- Кантип?-Кыздын көзүнөн капканга түшүп бутун жеген карышкырдын жаалындай кашкөй заар ойгонуп, каректери ызалуу жылт этти.
- Денеңди сатып.
- Сизчи? Эгер сиздей акчасына көөп, кутурган адамдар сатып албаса, биз деле денебизди сатмак эмеспиз да. Андан көрө сатып алганыңыздын кызматын көрбөйсүзбү.
Кыз ыйлап ийчүдөй дирилдеп, калчылдай сүйлөдү. Биринчи жолу аял аттуунун алдында кантеримди, эмне айтарымды билбей тайсалдадым. Кыз шашпай үстүндөгү жука көйнөгүн, кыска юбкасын чечип баштады. Али бала эме элек бөдөнө тумшук мамактары өзүнөн бетер титиреп, көздөрүнө жаш толо жүзү албырып чыкты. Ал ушунун баарын мага көрүнбөгөн кара ниет күчтүн алдында жасап жаткансып сезилди. Жетип барып кучагыма ала жалынып жибердим.
- Садага, кереги жок, чечинбей эле кой. Кел, андан көрө сүйлөшүп отуралы,-дедим. Кыз мага таң кала карап алып, анан көкүрөгүмө бой таштады. Арык, али балапан, жумуру ийиндери титиреп жатканына караганда ыйлап атты окшойт. Минтип ичтен сызгандан көрө өкүрүп-бакырып, мени тыткылап ыйласа жеңил болмок. Канчага боорума басып турганымды билбейм. Мен ошондо өзүмдү эркек сездим. Менин көкүрөгүмө башын коюп ыйлап жаткан ушул чабалекейдей кызды баарынан коргоп алууга даяр болгон кандайдыр түшүнүксүз күч өрөпкүтүп, боюма батпай ташып чыктым.
- Атың ким?-дедим саамайынан коомай сылап.
- Медина,-деди кыз үнү калтырап.
- Канчага чыктың, Медина?
- Он алтыдамын.
- Эмне?-бет алдымдагы узун бойлуу кыздын али бетинен түгү түшө элек экенин азыр байкадым.
- Апам экөөбүздү караган эч ким жок. Атам мен эки жашка чыкканда дайынсыз жоголуп, ошол бойдон ың-жыңы чыкпаптыр. Апам издебеген жери, барбаган эшиги калбай, качан оорукчан болуп баса албай калганда айласыз отуруп калды. Эки жылдан бери буту баспайт. Мен күндүзү сабакка барып, кечинде бир фирманын полун жуучумун. Фирманын жетекчиси он бешке чыга элегимде зордуктап койду. Арызданаар адамым жок, өлүп алайын деп кайра апамды аядым. Оболу эркелетип жүрүп, качан кызыгы тараганда сауна кармаган ойношуна кармата берди. Күндүзү окуйм, кечинде кожойке айткан жерге барам. Барбасам майып апама айтабыз дешет. Апам билсе мындай шерменделикти көтөрө албайт. Менден кийин келген кыздар кадимкидей көнүп кетишти. Менин болсо мобул жеримди бирдеме жейт да турат.
Ал упузун, бирок бышкан жүзүмдөй болпойгон салаалары менен көкүрөк тушун сайып, токсондогу кемпирдей оор үшкүрдү.
- Көйнөгүңдү уй жесин, минтип үшкөрбөй жүр,-дедим эркелете. Кыз жаш баладай жарк эте күлдү.
- Кызык экенсиз, шаарда кайдагы уй?
- Муу,-эки колумду төбөмө алып, төрт аяктап мөөрөп койдум. Медина кудум секелек кыздай кыткылыктап чын дилинен күлдү. Анын наристе күлкүсүн угуп, жалжылдаган көздөрүнө карап туруп ушул күнгө чейин бейопа өткөн күндөрүмө кейип кеттим. Бир кезде кыздын чөнтөк телефону шыңгырады. Эми эле баладай жайнап турган көздөрү муңдана түшкөн Медина мага жардам сурагандай жалдырай карады.
- Ким?-дедим төрт аяктап турган бойдон кыздын чоңоё түшкөн каректерине тигиле.
- Мамаша убакыт бүттү дейт.
- Медина, сени алып калсам каласыңбы?-дедим шашып. Ал тез-тез башын ийкегилеп жиберди. Сырттан кыздардын шарактаган күлкүсү, шаңкылдаган администратор аялдын үнү угулду.
- Силер эмне дымып калдыңар?-деди ал биздин эшикти акырын тыкылдатып.
- Сен тура тур, мен азыр,-дедим карегине коркуу конгон Мединага.
(Уландысы кийинки санда)




  Бийкеч

Кайрат кызы Мунара
(Башталышы
өткөн санда)
"Бийкеч айымдар үчүн сүйүүдө, үй-бүлөлүк турмушта Текечер, Кой, Эгиздер жана Балык жылдызынын астында төрөлгөндөр эң жакшы түгөй боло алышат" деп китепте жазылгандай, колун сурап, сүйүүсүн билдирген жигиттердин бирөөсү да бул белгидегилер эмес эле. "Бир жаза бастым, эми жаңылбашым керек" деген бекем ойдо жүргөн Жылдыз мукабасы эскире түшкөн калың гороскоп китепти кайталап окугандан тажабай, тумарындай аяр сактап жүрдү.
- Бул балакет баскыр китепте жазылгандай жашайм деп жүрүп карып бүтмөй болдуң! Курбуларыңдын алды үчтөн, арты бирден балалуу болушту. Сен курдуу эркектин баары үйлөнүп-жайланып алышты. Сени эле күтүп жүрө беришмек беле?! Эми эмне, дүйнөдөн так өтөсүңбү? Туратка эле чыгып алсаң, эмдигиче айлыгыңдын көзүн карап куурабай жыргап жашамаксың. Ата-энеси менен да илгертен катышпыз, жакшы эле болмок. Атаң да аябай көңүлдөнүп алды эле, сенин болбой койгонуңду угуп кейип калды. "Кызың эмнеге жактырбай жатат? Биздин көз алдыбызда чоңойгон бала, кылжың-мылжыңы жок. Башы оор. Кызматы да жакшы, жакында да өйдөлөгөнү турат. Же мен билбеген начар жагы бар бекен?"-деп аң-таң болгон атаңа эмне дээримди билбей жаман болдум. Эмне, сен айткандай: "Турат - Чаян. Ал гороскоп боюнча Жылдызга дал келбейт экен",-дейинби? "Кызың акылынан айныгандан соо бекен?"-деп чуу салмак. Сенин бактың ачылса экен деп жүрүп жүрөк оорулуу болуп бүтмөй болдум,-деп бир күнү Чолпон нааразы болгон үн менен наалып отурду.
Жылдыз унчукпай угуп, терең ойго чөмүлдү. " Бир эсептен апасынын айтканы деле туура, жашы өтүп баратат. Көзүнүн тегерегине каз таман бырыштар түшүп калды. Бирок, биринчиден, Туратты жүрөгү кабыл алган жок, экинчиден, чындап эле ал экөөнүн жылдыз белгилери дал келбейт эле. Анан эмне, күйөөгө чыгыш керек деп чыгып алып, кайра ажырашуунун азабын тартып, калп эле күйөөнүн санын көбөйтсүнбү? Жо-ок, андан көрө баш оорусу жок эле жалгыз жүргөнү жакшы. Апасы айтпай, наалыбай жүрдү беле? Уга берип бышы кулак деле болуп калды го.
Болгону, атасы экөөнүн мамилеси баштагыдай болбой салкын тартып калганына кападар. Атасынын мүнөзү акыркы жылдары кескин өзгөрүп кетти. Түнт тартып, каткырып күлгөнүн койду. Жылдыз менен чечилип сүйлөшпөй, эркелетип, чекесинен сүйбөй калды. Көп үшкүрүнүп, уйкусу качып, караңгыда залда жалгыз отурганын көп байкайт. Батынып жанына барып, сүйлөшө, сырдаша албай, көз көрүнөө алыстап бараткан атасына бушайман болуп, ал түндөрү өзү да уйкусуз таң атырат. Кыз кези болсо эмне, эбак эле атасынын мойну-башынан өпкүлөп, кабагын ачып албайт беле. Азыр уялып анте албайт, тартынуу сыяктуу бир сезим атасы экөөнүн ортосуна тартылган көшөгө сыңары бөлүп турат.
Апасына да кагынып-силкинип, орой мамиле жасачу болду. Кээде эки, үч күндөп үйгө түнөбөй, кайра өзүн күнөөлүү сезип, актангандын ордуна ичип алып арстандай күркүрөп келет. Андай күндөрү апасы бар ызасын көз жашынан чыгарат. "Эмнеге минтип биздин үйдүн ынтымагы ыдырап баратат? Мен үчүнбү? Атам мага капабы? Андай болсо…"-деген оюн телефондун шыңгыры бузду.
Апасы шыпылдай басып барып ала коюп кимдир бирөө менен учурашып, анан трубканы Жылдызга сунуп калды. Атасы кечээтен бери үйгө келе элек, апасы ал экен деп ойлосо керек, улутунуп алды. Телефон чалган келин чогуу иштешкен курбусу Гүлү экен. Ал шыңкылдай күлүп:
- Жылдыза, биздин үйдүн жанындагы кафеге келип калбайсыңбы, биз сени күтүп атабыз,-деп калды.
- Биз дегениң дагы ким?-деди Жылдыз кызыгуусун жашыра албай.
- О-ой, айтпайм, келсең анан көрөсүң. Келесиңби? Ай, кийин өкүттө каласың, ошон үчүн ылдамда,-Гүлүнүн табышмактатып сүйлөгөнүнө таң калган Жылдыз жылмая күлүп:
- Макул,-деди.
Бул сүйлөшүүдөн кийин чөгүп турган көңүлү дароо көтөрүлүп, шайдоот тарта түшкөнүн байкады. Көйнөк тандап кийип, боёнуп, күзгүнүн алдында айланчыктап туруп, суроолуу көз караш менен Жылдызды карап отурган апасына күлө бага:
- Апа, мени жумушумдагылар кафеге чакырып атышат. Сиздин үнүңүз аларга да жеткенби, мага күйөө таап коюшуптур. Тойго даярдана бериңиз эми, менден кутула турган болдуңар,-деп тамашалай күлүп, бетинен өөп алып чыгып кетти.
Кийин өзү да таң калып жүрдү, апасына тамашалап эле койгон, бирок оозуна сала бергендей эле болду. Кафеге Жылдызды Гүлүнүн күйөөсүнүн армияда чогуу милдет өтөгөн таанышы менен тааныштыралы деп чакырышыптыр.
Тамашалап, күлдүрүп сүйлөп, боюн түз, ишенимдүү кармап, утуру Жылдызды жымыңдай карап коюп отурган жигитти Жылдыз ичинен жактырып атты. Кырдач, азыраак кыйшайгансып турган мурдун байкап, "бирөө менен мушташа кетип, ошондон кыйшайып калган го"деп ойлоп алып күлкүсү келип араң тыйылды. "Ээрди да ичке эмес, калбыйыңкы тартып, өпкүнү келтирип турат экен. Чачтары суюк, сыйдаң, кайрып тарап алат тура. Өзүнө жарашат экен. Каректери күлмүңдөп турганы менен көз карашы өткүр экен, чагылыша түшкөн сайын дене-боюмду кумурска аралап кеткендей болуп атам. Кызык, туулган күнү кайсы айда болду экен?"
- Жылдыз, тамактан алып, сүйлөп отурсаң. Сага жакпай калдым окшойт деп досум тынчсыздана баштады. Кел, жагымдуу үнүңдү Айбекке угузуп, жакшынакай каалоо-тилектериңди айтып койбойсуңбу. Эки сааттан кийин саат он эки болсо, досумдун туулган күнү болот,-деп Гүлүнүн күйөөсү Акыл Жылдызга кызыл вино куюлган бокалды карматып калды.
"Түнкү он экиден кийин туулган күнү болсо, демек, онунчу июнь… Эгиздер турбайбы". Жылдыз ушинтип ойлоп алууга жетишти. Жылмая күлүп, Айбекти жалжылдай тиктеп алды.
(Уландысы кийинки санда)