Бөлмө
гүлдөрүнө
кантип туура кам көрүү керек?
Бөлмөнүн жашыл түскө бөлөнүп, кошумча көрк берип турганын ким каалабасын. А бирок үй өсүмдүктөрүн дайыма бирдей абалда көрктөндүрүп карап туруу өз колубузда. Буга болгону туура кам көрүү, сиз билбеген керектүү кеңеш гана керек. Гүлгө кам көрүүнүн айрым сырларын сиздер менен Расул кызы Айгерим бөлүшөт.

1. Гүлгө абадай эле зарыл болгон нерсе - жылуулук. Күн суук мезгилде терезенин жээгин жылуулап чаптоо зарыл. Кээ бир үйлөрдө жылуулук берүүчү батареядан чыккан жылуу илеп гүлдүн жалбырактарын кургатып, какшытып да жиберет. Ошондуктан, гүлдүн түбүнө суу куюп, жалбырактарын сүртүп тим болбостон, гүлдү сууну чачыратып сугаруу зарыл.
2. Гүлдүн өмүрүнүн узактыгы анын жарык көрүп, күн нурунан кубат алгандыгына байланыштуу. Гүл сөзсүз түрдө терезеде же жарыкка жакын атайын текчеде турушу керек. Гүлдүн жалбырактары саргарып, суу куйсаңыз деле болбой "ден соолугунун" начарлашынын бирден-бир себеби күн нурунун жетишсиздиги болуп саналат. Баскан-турганда гүлдүн жалбырактарына тийбей, ага тоскоолдук жаратпагыдай ыңгайлуу бурчка жай түзүп берүү керек.
3. Жок дегенде бир-эки жылда, чоң гүлдөрдү үч же төрт жылда бир топурагын алмаштырып туруу керектелет. Анткени, гүл улам өскөн сайын топурактагы гүл азыктана турган пайдалуу заттар азаят, дээрлик жоголот.
4. Гүл челекти өйдө көтөрүп караңыз, эгер түбүндөгү тешикчеден бир аз тамырлар агарып көрүнүп турса, демек, бул идиш ага тардык кыла баштады.
5. Гүлдү кайра отургузуу керек экенин билүүгө анын жыты да жардам берет. Суу куярда анын сабагын жыттап көрүнүз, эгер жагымсыз жыттанып, топурактын үстүңкү катмары агара баштаса, дароо башка кенен идишке отургузууну колго алыңыз.
6. Бөлмө гүлдөрүнүн топурагын алмаштурууга ыңгайлуу мезгил февраль-март-апрель айлары. Көчүрө турган гүлгө үч күн суу куйбай коёсуз. Ошондо топурак гүл челектен оңой ажыратылат. Гүлдүн тамыры менен кошо ажыратып алган топуракты сууга малып жибитип аласыз, тамыр топурактан бошогондо кененирээк башка гүл челекке отургузасыз.
7. Гүлдү өтө бийик жерге жайгаштыруу туура эмес. Бул бөлмөгө кооздук жаратканы менен өмүрүн кыскартат. Гүлдүн жалбырагы канчалык бийиктиктен эңкейип турса, анын сабагына ошончо күч келет.
8. Гүл дайым эле терезеде тура бербестен, кээде маал-маалы менен таза абага чыгып дем алуусу зарыл. Жок дегенде эки-үч жумада бир жолу бөлмө өсүмдүктөрүн сыртка алып чыгып дем алдыруу керек. Суу куюлгандан кийин үч-төрт саат убакыт сыртта турган гүлдөрдүн жыты аңкып, түсү жакшыра түшкөнүн байкасаңыз болот.
9. Жазында бөлмө гүлдөрүн кышкыга караганда эки эсе көп сугаруу керек.
10. Керамика идишинде өскөн гүлдөр башка материалдардан жасалган идиште өскөн гүлдөргө караганда көбүрөөк суу талап кылат.





Айгерим Расул кызы:
"Кыз кишинин бактысын тилеген гүлдү жакшы көрөм"
- Айгерим, гүл өстүрүү хоббиңби?
- Хоббим десем жарашат го дейм. Эң жакшы көргөн нерсем - гүл. Алар менен сүйлөшүп, башкага айтпаган сырымды ушул өсүмдүктөргө айткан учурларым көп болот.
- Кайсы гүлдү өзгөчө жакшы көрөсүң?
- Кыз-жигит гүлүн өзгөчө жакшы көрөм. Анткени, тилеги жакшы экен. Бул гүл өзгөчө кыз баланын бактысына салым кошот дешет. "Мээримдүү жар, бактылуу бүлөгө туш болсо" деген тилеги бар экенин көп уккам. Албетте, башка гүлдөрдү да жактырам, бирок негедир кыз-жигит гүлү жүрөгүмө жакыныраактай сезиле берет.
- Уктаган бөлмөгө гүл өстүргөн болбойт деп айтышат, буга кошуласыңбы?
- Негизи, гүлгө күндүн нуру жетиштүү тийип турса, айырмасы жок болуш керек кайсыл бөлмөдө турганы. Жер тамга караганда көп кабатуу үйлөрдө гүл өстүргөн алда канча ыңгайсыз, ошентсе да гүл өстүрүүгө болгон каалооң күч болсо эптеп эбин тапса болот.
- Көп убакытка гастролго чыкканыңда гүлдөрүңө ким кам көрөт?
- Кээде апам карайт, ал да мендей гүлдөрдү караганды жакшы көрөт. Бирок апамдын башка иштери көп болгондуктан, үйдөгү кыздарга дайындап кетем. Келээрим менен бир сыйра карап көз жүгүртүп коём.
- Күйөрмандарыңдын бөлмө гүлдөрүн белек кылган учурлары болду беле?
- Азыркы турган гүлдөрдүн көпчүлүгү мага белекке келген, арасында күйөрмандарым берген гүлдөр да бар. Өзүм кээде көчөдөн гүл саткан дүкөн көрүп калсам кыя өтпөйм, сатып албасам да сөзсүз кирип карап чыгам.


Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА