Жапайы алчалар
гүлдөгөн жерде
(Башталышы
өткөн санда)
- Жеттиңби, ай?
- Жеттим, эмне болду?
- Эч нерсе, сурап коёюн дегем,-деди да, саамга бирдеме айтчудай ойлонуп туруп кошумчалап койду,-Жана кала берсең болчу экен, тиги Уландын бир байкеси келип кетти. Абдан жакшынакай киши экен.
- Неге келиптир байкеси?-дедим сөздү улантыш үчүн эле. Кимдир бирөө менен сүйлөшкүм келди.
- Уланды алып кетти.
- Отурдубу силер менен?
- Жок, босогодон эле нан ооз тийди да кетти.
- Эмне, мен бар болсом отурат беле?
- Балким, отурмак. Эки кыз, эки жигит болуп отурсак тартынды го.
- Өзүң мени кал дебесең эле мен кантип калмак элем.
- Койчу, ай, мен кал дегенди уккандай түрүң жок болчу. Жаман оюңда "Сайраш менин Муктарым менен бир кызды тааныштырып жатат" деп жетип келип, уялганыңан кеткенче шаштың го.
- Сайраш, ушундай көзү ачыктыгыңды койчу,-деп трубканы коюп салдым. Көгүнө таяндыбы, Сайраш да кайра чалган жок. Эртеси түшкө жакын Эркин байке чалды.
- Кандай, Жасмин, карындашым, тынчыңды албадымбы?
- Жок, байке, телефонуңузду аласызбы, жанымда.
- Эмне, тоскоол болуп жатабы? Мага эч ким деле чалбайт го.
Шашмалагым, ай. Уялганымдан не дээримди билбей аптыктым.
- Эч ким деле чалган жок, сизге кереги тийип калабы деп эле...
- Жасмин, канчада бошойсуң, садага?-деди Эркин байке менин олдоксондугума көңүл бурбай.
- Алтыларда бошоп калам.
- Анда алтыларда мен үйүңдүн жанынан күтүп турам, ошол жерден эле телефонду алып алайын, ээ?-деди мээрим менен.
- Макул, байке, келиңиз,-дедим шашкалактап.
Кечке маал шашып барсам, Эркин байке машинесинин капотуна жөлөнүп алып тамеки чегип туруптур.
- Саламатсызбы?-дедим машинеден түшө берип.
- Саламатчылык, садага, сени убара кылган жокмунбу?
- Жок, байке, баары жакшы.
- Жасмин, мени менен шерик болуп тамак ичпейлиби. Мен ачкамын. Үйгө барганда да жалгыз тамак ичкенге көңүлүң тартпайт экен,-деди мага ойлуу карап. Эркин байкенин олуттуу көз карашынан, кандайдыр тымызын кайгы жашынган көздөрүнөн уламбы, анын сунушунан баш тарта албадым. Жакын эле жердеги кафелердин бирине кирдик. Тамактардын менюсун сунуп жатканда Эркин байкенин колдору карылуу болгону менен салаалары кыздыкындай узун, ичке, келишимдүү экенин байкадым.
- Жасмин, эмне тамак жейсиң?-деди токтоо.
- Мен таттууну жакшы көрөм.
- Таттууну жакшы көрөм дечи?-деди ал муңайым күрсүнүп,-Мен да таттууну жакшы көрчүмүн, таттуунун ачуусу жаман болорун билгенден кийин таттууга көөнүм тартпай калды.
- Менин көңүлүм кала элек.
- Калбаганы жакшы, садага,-деп койду да, анан кайра жарк эте күлүп,-Кел, карындашым, жолукканыбыз үчүн, менин жаман мобильнигимдин табылганы үчүн бир бокалдан жакшы вино ичели. Мен турмушта жоготуп эле келатам, тапканым абдан аз болду. Ошондон улам арзыбаган нерсе табылса да кубанып калчу болдум.
- Байке, мен деле жоготконум көп болду, тапканым бирөө эле, ал да аманат,-дедим карегиме жаш айланып.
- Эч нерсе эмес, көрөсүң го, баары жакшы болот.
Аңгыча алдыбызга тамак, анан хрусталь бокалдарда мөлтүрөгөн вино келди.
- Сиз рулдасыз го,-дедим Эркин байкени чочулай карап.
- Мени ГАИлер тоскондон тажашты болуш керек.
- Эмне, рулда мас көп жүрөсүзбү?
- Жок, жол эрежесин көп бузам. Негизи эле, эреже, сызык менен жүргөндү жаман көрөм. Багытым шамалдай эркин, жашоом жаздай жаркын болушун каалап, бирок анте албай койдум.
- Эмнеге, байке?
- Сыягы, жаман адам окшойм, садага. Жакшы кыздар жолукту, кадырына жетпедим, жаман десем жарашпас, жеңил кыздар жолукту, менин кадырыма жетпеди. Биринен көңүл ооруса, биринен жүрөк ооруду.
- Кыздар көп болгон го?
- Көп болду, абдан көп болду. Кел, тамак суубасын, садага, калганын шашпай деле сүйлөшө беребиз. Түн бакырдыкы дейт го.
- Мен түнгө кала албайм,-дедим дилимди суук ой эрктен тыш аралап.
- Түнгө калганды мен да жаман көрөм. Чочулаба, садага. Бир кездеги өрттөн күл гана калган. Тамагыңды иче гой. Тамак сууганча ичип ал, анан деле сүйлөшөбүз дегендей эле кеп.
Жеңилдигиме уялып кеттим. Эркин байке шашпай, ушундай бир ак сөөктүк менен тамак ичип жатты. Вилка, бычакты кармаганы, бокалды колго алганы, винонун мыктысын тандай билгени тегин адам эместигинен кабар бергенсийт. Бир топко сөз үзүлүп калды.
- Кел, Жасмин, тилек айтып койчу,-деди күтүүсүз. Не дээримди билбей апкаарып калдым.
- Аман бололу, байке. Жетпеген тилектер орундалсын.
- Рахмат, садага, жетпеген тилек мага орундалышы кыйын, сен үчүн ушул тилек кабыл болсун дейличи, ээ,-деди көздөрү дагы баягысындай кайгылуу көлөкөлөнүп. Биз унчукпай кагышып, ууртаган болдук.
- Байке, бир суроо берсем болобу?-дедим Эркин байкени кепке тартмакка.
- Мейли, сура, садага,-деди элпек.
- Жылдын кайсы мезгилин жакшы көрөсүз?-Эркин байкенин ууртун жылмаюу уялады.
- Мен да башканы сурайт экен десе.
- Эмнени?
- Адатта, кыздар үй-бүлөңдү, балдарыңды сурайт эмеспи. Мен жазды жакшы көрчүмүн, азыр кышты жакшы көрөм.
- Эмнеге кышты жакшы көрөсүз?
- Суугу да, каары да сыртында. Жаз болсо ушундай бир кыялкеч, жетпеген, орундалбаган кыялдарга азгырат да, анан капыстан суук уруп, дилиңде жаңыдан өнүп келаткан бүчүрдү үшүк алганын байкабай каласың.
- Бир карасам карыдай нускалуусуз, бир карасам жаш жигиттей кыялдуусуз, бир карасам жүрөк толо кайгысы бар жандай муңдуусуз, табышмагыңызга башым катты, агатай.
- Жасмин, айтпадымбы, мен жакшынын кадырына жетпей, жеңилинен жарадар болгон бейырыс жанмын. Балдарым да жок, балким, бир жерде бардыр. Бир да жолу үйлөнгөн жокмун, бирок көп аял менен жашадым. Бир гана адам менин ааламымды аңтар-теңтер кылды да, ошол бороондон кийин өзүмдү таппай калдым.
- Сулуу кыз беле?
- Ооба, сулуу да, наздуу да болчу.
- Эмне жумуш кылчу?
- Сойкулук кылчу.
- Эмне?-уккан кулагыма ишенбей делдиредим.
- Эмне анча чочудуң, садага? Сойкулар деле адам, аял. Алар да бактылуу болгусу келээрин, катардагы адамга караганда алардын жүрөгү кенен, дили ишенчээк, жүрөгү жумшак болорун ошол адамдан билдим.
- Ал азыр кайда?
- Билбейм.
- Кантип билбейсиз?
- Ушинтип эле, акмактыгыман го. Шашпа, баарын анан айтып берем. Сенин тагдырың окшобосун, көздөрүң, үнүң окшош экен. Кечинде ошого эс талма болуп жатып телефонумду да таштап кетиптирмин.
Эркин байке оор жолго чыкчудай терең үшкүрүп алды.
(Уландысы кийинки санда)




  Бийкеч

(Башталышы
өткөн санда)
Үйдө жагымсыз абал өкүм сүрүп калды. Дасторконго отурушканда да Сымбат алдына коюлган табакты акырын түртүп койгонун байкап калган Кыяз өнтөлөй:
- Апа, алсаңыз тамактан, -деп калды эле, Сымбат:
- И-ии, чай эле ичейин, жылыган тамак жесем эле ашказаным ооруп калчу болду акыркы күндөрү,-деп койду.
Кыяз Жылдызды жекире тиктеп алды. Буга чейин деле далай жолу таарынышып-тартышкан, бирок мынчалык заар чачкан көз карашын көрбөптүр. Жылдыз ичиркенип, карегин ала качканча шашты.
- Азыр жасай калам, беш бармак көп экен, ошон үчүн…-деп эле мукактанып калды.
Чайдан кийин Сымбат Кыяз менен күңкүлдөшүп сүйлөшүп, кайдадыр даярданып калды. Жылдызга ооз ачып сүйлөгөн жок. "Жок дегенде атамдарды сурап койбойбу. Ал байкуштар Кыяздан ар дайым сурашып, салам айттыргандан тажашпайт",-деп ойлой кайненесинин салкын мамилесине ызаланып, идиш-аягын жыйнап калды. Кыяз апасы менен чыгып кетип, көп узабай кайра келди да, ызырынып:
- Мен сага тамак жасап кой деп кетпедим беле! Аның аз келгенсип уктап жатасың. Менин апама болгон сыйың ушулбу сенин?-деп кыйкырып алды.
Жылдыз жакшы эле актанууга аракет кылды, бирок Кыяз уккан да жок. Экөө бир топко чейин кайым айтышты. Экөө тең өздөрүнүкүн бергиси келбей бири-бирин күнөөлөп атышты. Бышактап ыйлап, кийим-кечесин чогултуп калган Жылдыз:
- Сөздү түшүнбөйт турбайсыңбы! Мен түндө тамак жасасам деле эртең менен ал жылыган тамак болмок. Апаң менин апамдын тамагы деп эле жегиси келбей койду. Мени башынан эле жактырган эмес,-деп кайра-кайра кайталап сүйлөнүп атты. Кол силкип койгон Кыяз тескери карап жатып алды. "Кой, кетпе, кечиришели дээр бекен" деп утуру күйөөсүн көзүнүн кыйыгы менен карап коюп аткан Жылдыз эми чындап карарды. Узунунан түшүп үнсүз жаткан күйөөсүн көпкө тигиле тиктеп туруп чыгып кетти.
Баарынан Чолпонго оор болду. "Апа, мен эми экинчи ал үйгө кайрылып барбайм. Мени кечирип койгула",-деп шолоктоп ыйлаган кызын кантип сооротоорун билбей өзү кошо ыйлады. "Түшүндүрчү, эмне болду? Балким, кызуу кандуулук кылып жатпа. Жаш кезде уруш-талаш боло берет. Анча катуу кетпе",-деп акыл-насаатын айтып, жөн-жайын угайын деген ою ишке ашкан жок. Жылдыз көгөрүп эч нерсе айтпай койду.
"Мен айткам, мен жакшы эле эскерткем сага! Жика жаш, жакшылап айт десем кызыңдан кутула тажаган немедей күйөөгө бергиче шаштың эле. Мына, бөөдө убалына калдың",-деп күйөөсү да кулак-мээсин жеди.
Эртеси Кыяз кечирим сурап кайра-кайра келип, чырдын чет-чекесин уккан Чолпон кимисине тартарын билбей бушайман болду. Кыяз айтса аныкы эп, кайра туруп кызыныкын туура көрөт. Айласы кеткенде "кийлигишпейм, өзүңөр чечкиле" деп койду.
"Жылан чакпай, жылкы теппей эле кетип калган немени эмне кыласың? Келсе өзү келсин!"-деп Сымбат ачууланып уулун тыйымыш этти эле, Кыяз кыйылып туруп алганынан кайра түтпөй кетти. Сиңдисин ээрчитип кудасыныкына келип, ортого чоңдор түшүп, ары кетип-бери кетип атышып кайра Жылдызды алып кетишти.
- Үй-бүлө деле кичинекей шаар, мен сенин шаарыңдын бузулушун каалабайм. Турмушта ыйкы-тыйкы учурлар боло берет. Сен аял катары кечиримдүү, көтөрүмдүү болушуң керек. Сүйүп, сүйлөшүп чыккансың. Атаң экөөбүздүн жүрөгүбүздү оорутпай жаша,-деп узатты Чолпон кызын. Кетээрин кетип калып, Кыязынан өмүр бою ажырап калчудай жаман болуп, терезе тиктеп, эшик тыңшап калган Жылдыз унчукпай баш ийкеп укту.
Жашоолору кайра өз нугуна түшкөнсүдү. "Мени аябай сүйөрүңдү көрдүм" деп Кыяз кээде Жылдызды чычалата калып жүрдү.
Жайында уулу дипломун алгандан кийин эле ата-энеси айылга көчүрүп кетишти. Кыяз райондун борборуна каттап иштеп калды. Жылдызды сырттан окууга которуп алышты. Буга кыздын ата-энеси нааразы болушуп, ичтеринен тынып эле калып калышты. Бирок эки жаштын үй-бүлөлүк турмушу бир жылга созулбай үйдөгү майда-барат таарынычтар ортолорун алыстатып отуруп, акыры чоң жаңжал менен ажырашып тынышты. Тагдырдын тамашасы дегендей, үч жумалык боюнда бар экенин Жылдыз шаарга келип билди. Ызасы менен "мени Кыяз менен эч нерсе байланыштырбаш керек"деп ойлоп, эч кимге айтпай боюнан алдырып салды.
ХХХ
- Турмушка чыгарда жүрөгүм уйгу-туйгу тартып, жашоом жакшы болбочудай, ички туюмум менен жакшы эле сезгенсигем. Китепте деле бакырайып жазылып турганына карабай сезимге азгырылып кеттим. Канчалык сүйүп турганың менен күндөлүк турмушта Бийкечтер менен Бөйөндөрдүн мүнөздөрү такыр дал келбейт экен. Бул жөн жерден эмес да, Кыяз мага ал китепти белекке бергени кандайдыр бир белги сыяктуу болгон экен. Болгону, мен кайдыгер карап, анча маани бербей койгом. Туура эмес кылыптырмын,-деп кейип, курбусуна арыз-муңун айтып, Кыязын эстеп, сагынганын жашыра албай көз жаштап, көпкө өзүнө келе албай кыйналып жүрдү. Кайрылып кайра издеп келээр деген курулай үмүткө жетеленип, жол карап күтүп, телефондун шыңгырын аңдып да жашады.
Мындайда ата-энеси чоң жөлөк болушту. Кызынын ойго чөккөн көздөрүн көргөн сайын Чолпон ичинен сызып, тымызын үшкүрүнүп алып:
- "Кыздын чырагы кырк" деп коюшат, көп эле ойлоно бербе. Турмуштан жаңылган жалгыз эле сен эмессиң. Окууңду улант, жасанып, өзүңдү жакшы карап, баштагыңдай жадырап-жайнап жүр. Кандай болгон күндө да биз сени жакшы көрөбүз,-деп кызын бооруна кысып, саамай чачтарынан сылай эркелетип калат.
Убакыттын өтүшү менен көңүлдүн бөксөсү толуп, көкүрөктөгү дарты карттангансып калды. Окуусун аяктап, атасынын аракети менен кен казуу боюнча иш алып барган ири ишкананын экология бөлүмүндө иштеп калды. Ал мезгил аралыгында көп эле жигит сөз айтып, колун сурады. Таанышат, сүйлөшөт, бирок бирине да бой салбай койду. Жылдыздын оюнда эмне бар экенин эч кимиси чече алышпай калып калышты. Апасы айткандай, бой десе бою бар, түшүнүктүү, табышкер эле жигиттер туш болду, бирок жылдыз белгилери боюнча эч кимиси туура келбейт эле.
(Уландысы кийинки санда)