Гүлзинаттан ийгиликтүү шоппингдин сырлары
Ар бир айым капчыгына, табитине жараша жарашыктуу кийим тандоого убакыт коротконду жакшы көрөт. Шоппинг айрымдар үчүн жагымдуу процесс болсо, кээ бирине оору болушу мүмкүн. Чектен чыкпай туура кийим тандоонун айрым сырларын сурасаңыз, ырчы Гүлзинат Суранчиева сизге төмөндөгүдөй кеңештерди берет.

1. Кийимди тандоодо биринчи топчуларын, тигиштерин эринбей карап чыгыңыз. Чала тигилген же топчусу эки илинип кадалган, болбосо этикеткасы жакшы жабыштырылбаган кийим сапатсыз экенинен кабар берет.
2. Ач көздүккө алдырып, бир сезондогу кийимден өтө көп албай эле койгонуңуз дурус. Өзгөчө жай мезгилине ылайык эсепсиз кыска көйнөк, юбка, жеңил кофталарды кийип жетишпей, алар сандыгыңызда жөн гана сакталып калышы мүмкүн. Ал эми кийинки жылы ал кийимдердин модасы бүтүп, сизге кызыксыз болуп чыга келет.
3. Дүкөнгө киргенде түркүн түстөгү кийимдерден баш айланат. Шашпаңыз. Кыдырып карап чыгып, сизге кайсыл түс, кандай фасон керек экенин аныктап алуу керек. Туура эмес тандалган түс сиздин өңүңүздү өзгөртүп, алтургай ашыкча толук көрсөтүп коюшу ыктымал.
4. Шоппинг - беш-алты саат убакытты, кээде толук бир күндү ала турган иш. Андыктан, "чарчабай, күчүм көпкө жетсин" десеңиз, үйдөн ыңгайлуу бут кийим кийип чыгыңыз. Тандап алган көйнөк кайсы бир бут кийим менен кандай отурары кызыктырса, ошол туфлини да жаныңызга алып алуу ашыкча болбойт.
5. Кийимди ченеп, керек болсо бир нече жолу кийип көрүңүз. Кийим алмаштыруучу жерде кезек көп болсо, күтүүдөн эринбеңиз. Жөн эле көз болжол менен алынган кийим сизге кубанычтан мурун көңүл иренжүүнү алып келиши мүмкүн.
6. Кандай кийим алсаңыз да, өз стилиңизден алыстоонун кереги жок. Мурда сизге жарашыктуу отурган кийимдерден алыстабаңыз. Бир стилден экинчи стилге өтүүгө бел байласаңыз, адегенде адистерге кайрылып, алардын кеңешин эске алыңыз.
7.Эгер сизге ачык түстөр жарашпаса, "ачык түс маанайды көтөрөт" деген кеңешти кулагыңыздын сыртынан кетирип койгон оң. Бирөөнүн кеңешин угуңуз, бирок капчыктагы акча сиздики эмеспи. Кийин өкүнүп калбагыдай же жөн эле чаң басып жатпагыдай кийим алган дурус.
8. Көптөн бери кызыгып, "ооруп" жүргөн буюмуңузга кезиксеңиз, анча-мынча акчаны курмандыкка чалып, эрежени бузуп коюу ашыкча болбойт. Баары бир алган буюмуңуз сиздин көңүлүңүздү көтөрөрү турган иш.
9. Сизге бир көйнөк жүз пайыз жакты дейли. Бирок баасы төбө чачыңызды тик тургузгудай кымбат болсо, кезектеги арзандатуу акциясын күтүңүз. Балким, сатуучулардан кеңеш алып, жакын арада боло турган арзандатууларды билип алсаңыз болот.
10. Эске түйүп ала турган эң негизги эреже: канча сумманын тегерегиндеги акчага кийим аларыңызды мурдатан эсептеп алган болсоңуз, жаныңызга андан ашыкча алып чыкпаңыз. Көңүлүңүзгө жаккан буюмду болгон акчаңызга сатып алып, андан кийин "кайсы акчага жашайм же кимден карыз сурайм?" деген маселе сизди түйшөлтпөшү керек.
11. Көңүлүңүздөгү кийим табылбай калса, жолдо катар көзгө көрүнгөн буюмдарды ала берүүнүн зарылдыгы жок. Эринбей башка дүкөндөрдү да кыдырыңыз. Баасы арзан деп жазылган буюм сиздин көңүлүңүздү бурбашы керек. Кантсе да "арзандын тузу татыбайт" дегендей, баасына жараша сапаты болорун эске алыңыз.
12. Дүкөндө сатуучу сунган дисконттук картадан баш тартпаңыз, телефон номериңизди сураса, берип коюу ашыктык кылбайт. Анткени, такай келген кардарларга жакында болуучу акциялар же жеңилдиктер, жаңы келген кийимдер тууралуу алдын-ала эскертип, байланышып турушат.




Гүлзинат Суранчиева:
"Талуу жерим - бут кийим"
- Шоппингке жалгыз чыкканды жактырасызбы же жандоочулар мененби?
- Кээде курбуларым менен, кээде жалгыз чыкканды жакшы көрөм. Жалгыз чыкканда бир чети шашпай кыдырып, убактыңды каалагандай коротосуң да. Бирөө менен чыксаң ага жаккан сага жакпай же сага жаккан кийим ага жакпай талашып-тартышып отуруп убактың өлөт.
- Өзүңүз кандай кийимге ыктайсыз?
- Күнүмдүк тиричиликке жеңил спорттук костюмдарды же жынсы шымдарды, футболкаларды кийгенди жакшы көрөм. Андан сырткары, көйнөктөргө басым жасайм. Гүлдөрү бар ачык түстөгү кийимдерди жакшы көрөм. Менин талуу жерим бут кийим болсо керек. Канча алсам деле тажабайм, түрү менен жыл мезгилине жараша сатып ала берем.
- Алган кийимиңиз жолдошуңузга жакпай калган учурлар болобу?
- (Күлүп) Жакпаса анын иши. Кээде андай учурлар деле болуп калат. Бирок мен жолдошум менен кээде кеңешип алам, экөөбүздүн табитибиз айкалышып кетет. Анын пикирине кулак түрүп коём, бирок чечимди өзүм кабыл алам. Кийимди ал эмес, мен кием да.
- Шоппинге ашыкча акча коротуп, жолдошуңуздан жеме уккан учур болобу?
- Ар бир эле аялзаты өзүнө бир кийим сатып алып көңүлүн көтөргүсү келет эмеспи. Мен да ошондой айымдардын катарына кирем, ошентсе да чектен чыкпаганга аракет кылам. Жолдошум "баягыда эле албадың беле?" деп койгону болбосо, көп деле маселе жаратпайт. Эгер кийим жакса, арзандатууну күтпөй эле сатып алам, эмнегедир кийин барсам ошол көйнөк жок болуп калчудай сезиле берет. Эгер атайын арзандатуу тууралуу акция болуп жатса, кызыкчылык үчүн барып коём.
- Сатып алган кийим жарашыксыз сезилип, өкүнүп калган учурлар болобу?
- Кээде шашып алып алган учурларым болот. Мисалы, эки түстөгү көйнөк болсо бирөөсүн сатып алып, үйгө келгенде "кап, беркинисин алсам болмок экен" деп калам. Кийгим келбей калган кийимди сиңдилериме таратып берем. Кезекке тизилип турушат, кайсы кийимим кийилбесе дароо алып кетишет. Өзүм деле кийилбеген киймдерди жөн эле чогулта бергенди жаман көрөм. Жыл сайын гардеробду жаңыртып турганды жакшы көрөм.
- Кийим жоготуп ичиңиз ачышып калган учур болду беле?
- Былтыр англисче жаңы чыккан ырыма клип тарттырардын алдында спорттук костюмга жарашыктуу жети миң сомго бут кийим алган болчумун. Макияжды жасатып бүтүп, клипке тартыла турган көйнөгүмдү кийип, берки кийимдеримди кийим алмаштыруучу бөлмөгө коюп койгом. Кайра чыксам жок, ошол жерде иштегендер эле уурдап кетишкен окшойт. Тызылдатып "жоголду" десем издемиш болушту, бирок табылган жок. Ким алса да жыргады да. Ошондо ичим ачышып, аябай маанайым чөккөн.
- Көбүнчө кандай жерлерден кийинесиз?
- Дүкөндөрдү кыдырам. Гастролдорго чыкканда жаныма көбүрөөк акча ала кетип керектүү кийимдерди ала келем. Чет жактан кийингендин жакшы жагы, элде жок, өзгөчө кийим ала аласың. Менин жаман көргөн нерсем, кечеге барганда өзүңдүкүнө окшош кийинген бирөөнү көрсөң маанайың чөгө түшөт. (Күлүп) Анын да маанайы түшүшү мүмкүн. Ошондуктан, өзгөчөлөнүп турганга аракет кылам. Бутиктерден тажаганда базар аралап кыдырам. Ал жактан да көп жакшы кийимдерди табууга болот.


Аймээрим Курбаналиева