Бриллианттарды жана
күйөөлөрдү коллекциялоочу
Элизабет Тейлор дүйнө салды
Голливуд дагы бир легендарлуу талантынан айрылды. Эки жолку "Оскардын" ээси, Англияда төрөлгөн америкалык актриса Элизабет Тейлор 45 жашында кинодон кетсе, 79 жашында дүйнөдөн кетти. Анткен менен 20-кылымдын сулуусу атыккан бул айым Голливуддун тарыхында эң ажарлуу жана таланттуу актриса катары узак жылдар бою кала берет.
Элизабет Тейлор 1932-жылы 27-февралда Лондондун сырт жагында жайгашкан Хэмпстед шаарында төрөлгөн. Апасы Сара турмушка чыкканга чейин актриса болсо, атасы Фрэнсис Тейлор живопистерди жана скульптураларды алып-сатуу менен алектенген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бул үй-бүлө Калифорнияга көчүп келишет. Элизабеттин бала чагы америкалык элитанын арасында өтөт. Көгүлтүр көздүү татынакай кызга Голливуд индустриясы көңүл буруп, 9 жашынан баштап аны кино өзүнө арбайт. Биринчи жолу ал "Мүнөт сайын адам төрөлөт" аттуу комедияга тартылат. 11 жашынан баштап "МGM" студиясы менен келишим түзүп иштей баштайт. Кичинекей кыз менен аттын достугу жөнүндөгү "Улуттук баркыт" киносу АКШда жылдын хити аталып, 12 жаштагы Элизабетти жаш жылдыз атыктырган.
Өзүнүн "чоң" ролун Тейлор "Конспиратор" триллеринде ойногон. Элизабет "Оскардан" андан мурун үмүттөнүп жүрсө да, ал өзүнүн биринчи "алтын адамын" "Баттерфилд-8" фильминде Глория аттуу сойку кыздын ролун ойноо менен 1961-жылы алган. Тейлор алгач бул ролду ойноодон баш тарткан, бирок ага кийинки ролу Клеопатра болорун убада кылышкан.
1963-жылы тартылган "Клеопатра" фильми бүткүл Голливуддун тарыхындагы эң кымбат фильми жана Элизабет Тейлордун эң белгилүү ролу болуп калган. Бул фильмдин бюджети 44 миллион долларды түзүп, ошол жылдар үчүн фантастикалык сумма болуп саналган. Эки жыл тартылган бул фильмдин гонорары да асманды чапчып, Элизабет Тейлор миллион долларга ээ болгон.
Элизабет актрисалык жолунда эки жолу "Оскарга" ээ болуп ("Баттерфилд-8", "Вирджинин Вульфтан ким коркот?"), үч жолу бул наамга талапкер болгон. Ал 45 жашында кинодон кетип, дээрлик өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин СПИД менен күрөшүү долбоорлору менен алек болгон. Элизабет чоң-чоң бриллианттары жана изумруддары менен шакектерди коллекциялаган.
Элизабеттин сегиз күйөөсү
Элизабет Тейлор 18 жашка чыкканда турмушка чыккан. Болгондо да дүйнөлүк отелдер тармагынын ээси, атактуу миллиардердин уулу Ник Хилтонго . Ошентип, Элизабет "Кадиллак" маркасындагы автомобилдердин, баасы 50 миң доллар турган нике шакегинин, кооздугу менен көздүн жоосун алган норка тондорунун жана башка көптөгөн акциялардын ээси болуп чыга келет. Байлыктын астына көмүлүп калганы менен Элизабет Хилтон менен бир жылга жакын убакыт гана бирге жашайт. Бул убакыт аралыгында жаш, келбеттүү, сулуу жигиттин үй-бүлөлүк турмушка келгенде чыныгы жүзү ачылды: ал ичкич болчу.
Биринчи ажырашуудан кийин жыйырма жаштагы Элизабет Тейлор кырк жаштагы англиялык актёр Майкл Уиндингди сүйүп калат. Бул нике союзу узагыраакка, тактап айтканда, 5 жылга созулат. Таланттуу жубайлар эки уулдуу болушат. Бирок актриса бул жылдар аралыгында байма-бай киного тартылгандыктан, үй-бүлөсүнө дээрлик убакыт ашпай калат. Мунун айынан дагы ажырашуу...
"Бүткүл өмүрүмдө мен эки гана адамды чындап сүйдүм: Майкл Тодд менен Ричард Бартонду". Бул сөздөрдү Элизабет акыркы күйөөсүнө жолукканга чейин бир нече жолу кайталаган. Тилекке каршы, чыныгы сүйүүсү болгон үчүнчү күйөөсү Майкл Тодд менен болгон жашоосу эң эле кыска аралыкка, башкача айтканда, жарым жылга созулган. Өзүнөн жыйырма беш жашка улуу болгон бул күйөөсү трагедиялуу өлүмгө туш болгон. Аялына белек кылып, анын урматына "Бактылуу Лиз" деп атаган самолёт менен Майкл кошо күйүп, бул дүйнө менен кош айтышкан. Бул сүйүүнүн эстелиги болуп кызы калган. Майкл Тодд Голливуддагы эң сыйлуу жана катуу продюсерлердин бири болгон. Фильмдерди каржылоону гана сүйбөй, бет ачарларды, ар кандай салтанаттарды өткөргөнгө маш эле.
Майкл Тоддун өлүмүнөн кийин Элизабет эч кимди көргүсү келбей катуу депрессияга түшкөн. Мындай оор учурда ага кошунасы, жаш ырчы Эдди Фишер жардамга келет. Такай жанында болуу менен Элизабетти жалгыздыктан куткарган Эдди актрисанын төртүнчү күйөөсү болуп калган. Ал 1959-жылдын май айында белгилүү актриса Дебби Рейнольд менен болгон никесин бузуп, жаңы аялын жандай баштаган. Бул учурда "Клеопатра" фильмин тартуу башталып калган. Эч кимге зыяны жок, аялынын оор норка мантосун көтөрүп артынан калбай ээрчип жүргөн Эдди Фишер сүйүүсү чексиз экендигине карабай Элизабетти аз убакыт ичинде эле кызыктырбай калат. Бул учурда Элизабет өзү көптөн бери кыялданып жүргөн Ричард Бартон менен ойноштук мамиледе жүрчү. 1964-жылы Элизабет Тейлор "Клеопатрада" Марк Антонийдин ролун ойногон Ричард Бартондун мыйзамдуу аялы болуп калат. Элизабет Ричарддын экинчи аялы болсо, Ричард Элизабеттин бешинчи күйөөсү эле. Бул экөө ашкере сексуалдуулугу жагынан бири-бирин толуктап турушчу. Элизабеттин бул күйөөсү тууралуу "мен Бартон менен чөлдө да, кепеде да жашай алам" деп айтканы бар. Алар бири-бирин төшөктө гана эмес, чыгармачылыкта да толуктап, экөө чогуу бир нече фильмдерге тартылышкан. Тилекке каршы, бул экөө да мыйзам чегинде ажырашышат.
Ушундан көп өтпөй эле Элизабет Тейлор алтынчы жолу турмушка чыгат. Кызыгы, кайра эле Ричард Бартонго . Бул экөөнүн биринчи жолку никеси - он жылга, экинчи жолку никеси - болгону бир жылга созулат. Ичкени күндөн-күнгө көбөйүп, күнүмдүк чеккен тамекисинин саны жүз даанага жетип калганда аны менен мындан ары жашоого мүмкүн эместигин сезип, ажырашуу тууралуу Элизабет эми чындап чечим чыгарат.
Бартон 1984-жылы каза болот. Анын өлүмүнөн бир нече айдан кийин эле Тейлор бай жана акылдуу Жон Уорнер менен баш кошот. Ал 1978-жылы сенаторлукка талапкерлигин коюп, шайлоодон өткөн. Жон менен ажырашканынын себебин Элизабет: "Сенатордун аялы болууну эч кимге каалабас элем. Мен, чындыгында, аны сүйгөм. Бирок Жондун жашоосу - бул анын жумушу. А мен үчүн үйдө жалгыз отуруп, эртеден-кечке телевизор көргөн жашоонун кызыгы жок",-деп түшүндүргөн.
Жон Уорнер менен ажырашкандан кийин Элизабет Тейлор бир курс дарыланууну чечет. Ошол жактан отуз тогуз жаштагы жөнөкөй куруучу Лэрри Флоренски менен таанышып, аны сүйүп калат. 1991-жылы Лэрри Элизабеттин күйөөсү болот.
Элизабет Тейлордун эки уул, эки кызы бар. Алардын үчөөнү өзү төрөсө, Мария аттуу кызды багып алган. Германиялык бул кыз өтө кедей үй-бүлөдө төрөлүп, олуттуу операциядан кийин тирүү калган.
Элизабеттин күйөөлөрүнүн
ал тууралуу айткандары
1-күйөөсү Ник Хилтон: "Мен эч нерсе айта албайм".
2-күйөөсү Майкл Уиндинг: "Бул - менин өмүрүмдөгү эң жакшы күндөр. Бирок мен бир нерсеге түшүнө албайм: мындай сулууга ушунча косметиканын эмне кереги бар?"
3-күйөөсү Майкл Тодд: "Биз кичинекей отуруштарды сүйчүбүз. Бирок экөөбүз жалгыз калган биз үчүн баарынан жакшы эле. Биз ар ишемби сайын үйлөнүү тоюбуздун юбилейин белгилеп турчубуз".
4-күйөөсү Эдди Фишер: "Элизабет менин жалгыз сүйүүм болуп калды..."
5-жана 6-күйөөсү Ричард Бартон: "Бир жолу Элизабет "экөөбүздүн кайгыбыз - бири-бирибизди өтө катуу сүйгөндүгүбүздө" деп айткан эле. Ал туптуура айтканын мен эми түшүнүп отурам".
7-күйөөсү Жон Уорнер: "Ал - акылдуу, кайталангыс, күйөөсүнө 100% берилген ишенимдүү аял. Бирок аны менен жашоо оңой эмес".
8-күйөөсү Лэрри Флоренски: "Аны менен жашаган ураган менен жашагандай эле".
Элизабет өзүнүн өлүк коюу зыйнатынан өзү "кечикти"
Элизабет көптөгөн ооруларды башынан өткөргөн. 60-жылдары баңгиликке берилген, өпкө, жүрөк оорулары менен ооруканага жаткан, 1997-жылы баш мээсиндеги шишикти алдырган. Мындан тышкары, анын эки бутуна тең жасалма муундарды коюшкан. Ушундан баштап актриса коомчулукка майыптардын арабасында отурган калыбында чыгууга туура келген. 2002-жылы тери рагынан дарыланган. 2009-жылы жакын досу Майкл Жексон каза болгондон кийин катуу стресс менен ооруканага түшөт жана ушул эле жылы жүрөгүнөн операция болот. 2011-жылдын 23-мартында 79 жаш курагында легендарлуу актриса катуу кармаган жүрөк оорусунун айынан жарык дүйнө менен кош айтышты. Өлүк көмүү зыйнаты белгиленген убакыттан 15 мүнөткө кечигип башталды. Бул тирүү кезинде белгиленген жерге бир да жолу өз убагында барбаган актрисанын өзүнүн керээзи эле.
Өлүк көмүү аземи өтө жөнөкөй өттү: ага актрисанын туугандары, эң жакын адамдары болуп болгону 40тай адам катышты. Элизабет Лос-Анжелеске жакын жердеги көптөгөн атактуу адамдар, анын ичинде Майкл Жексон жаткан Форест-Лоун күмбөзүнө коюлду.

Сауле СУЛАЙМАНОВА