Жынсы шымды кайда болбосун кийип кете берсе болот. Анткени, ал жашоонун бардык шарттары үчүн эң эле ылайыктуу кийим. Ошондуктан, аны кийгендер да көп. Андыктан, жалпы эле жынсы шымга кызыккандар үчүн төмөнкү өтө зарыл деп эсептелген баалуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Оригинал жана оригинал эмес жынсы шымды айырмалап билүүнүн жолдору


Базардан эмес, дүкөндөрдөн сатып алыңыз. Ал жакта ызы-чуу болбойт, андыктан, шашпай жакшылап карап алууга кенен мүмкүнчүлүк болот.

Азыр эң белгилүү, эң модалуу япон, америка жынсы шымдары да Кытай, Түркия, Вьетнам, Таиландда тигилип калган.

Экөөнү сырткы көрүнүшү боюнча бири-биринен айырмалоого мүмкүн эмес. Бирок оригиналдын салмагы оор жана баасы алда канча кымбат. Буга окшоштуруу үчүн оригинал эмес шымды крахмалдап сатышат. Аны жуугандан кийин крахмалы кетип, натыйжада, салмагы азайып жепжеңил болуп калат. Ал эми оригинал шым жуугандан кийин да оор боюнча кала берет.

Оригинал жынсы шымдын бардык тигиштери абдан бышык жана түптүз болот. Суурулган, үзүлгөн жиптер, кыйшык тигиштер болбойт. Ички тигиштери сары же кызыл түстөгү жибек жип менен тигилет жана анын өңү эч качан өчпөйт. Эгерде кара же көк түстөгү жип менен тигилсе, оригинал эмес.


Сыдырмасында фирманын аталышы же ҮКК (ал эми оригинал эместерде TIT, MKK, TLF сыяктуу белгилер болот) деген белги, кнопкаларында, топчуларында ошол жынсы шымды чыгарган фирманын же марканын аталышы так жана даана жазылуу болушу зарыл. Ал эми кнопкалары же жезден, же бронзадан гана жасалат.


Лейбл (белине же жамбашына жабыштырылып тигилет) оригинал жынсы шымда таза булгаарыдан гана тигилет.


Оригинал жынсы шымдын түсү, мисалы, сырты кара болсо да ичи ак болот. Оригинал эместики ичи да кара болот.




Эсиңизде болсун!
Жынсыны сатып алардын алдында сөзсүз түрдө кийип көрүп, анан алыңыз. Анткени, ар башка фирмадан чыккан жынсы шымдардын сөзсүз түрдө бири-биринен айырмачылыгы болот. Мисалы, өзүңүзгө чак жынсы шым сатып алдыңыз дейли. Ошол эле өлчөмдөгү, бирок башка фирмадан чыккан жынсы шымды сатып алсаңыз, ал сизге чоңураак же кичирээк болуп калышы толук мүмкүн.
Өзүңүзгө тарыраагын кийбеңиз. Бул сиздин денеңиздеги анча-мынча кемчиликтерди даана көрсөтүп салат. Эң эле туурасы, кийгенде сыдырмасы араң сыдырылып, бирок тар болбой, жынсы шымдын ичинде өзүңүздү эркин сезгидей болушуңуз керек.
Эгерде сизге кандай түстөгүсү жарашарын билбей жатсаңыз, анда күңүрт түстүүсүнөн сатып ала берсеңиз болот. Себеби, ачык түстөгү жынсы шымдарга караганда күңүрт түстөгүлөр бой-келбетти келишимдүү, буттарды ичке жана узун көрсөтөт.
Жамбаш, сан же балтырдын туштары атайын бир нерсеге катуу сүртүлүп, натыйжада, ошол жерлеринин өңү өчүп калган сыяктанган жынсы шымдар учурда көп. Мындай шымдар жамбашты чоңойтуп, санды же балтырды жоонойтуп көрсөтөрүн унутпаңыз. Андыктан, эгерде жамбашыңыз чоң, буттарыңыз өтө эле жоон болсо, бир өңчөй түстөгү эле жынсы шым кийгениңиз оң.
Шымдын аркасында чөнтөгү канчалык көп болсо, сиздин жамбашыңыз да ошончолук чоң болуп көрүнөт. Демек, аркасындагы чөнтөгүнүн аз же көптүгүн сөзсүз түрдө жамбашыңыздын көлөмүнө жараша тандап алууңуз керек.
Жынсы шымды кийүүдө жакшынакай, жагымдуу көрүнүүнүн дагы бир жолу бар: кроссовкадан башка бут кийимдер менен кийиңиз. Анткени, кроссовка сизге спорттук түрдү берип коёт. Ал эми ичке, бийик такалуу туфли менен кийсеңиз, бой-келбетиңиз келишимдүү боло түшөт. Эске алуучу жагдай, багалеги туфлинин такасын жаап, жерге тийип турушу зарыл.
Бут кийимиңиздин түсү кийип турган жынсы шымыңыздын түсүнө караганда күңүртүрөөк болсо, максатка ылайык келет.





Сапатын билгиңиз келсе,
этикеткасына көз жүгүртүңүз
"Jean" - Эгерде этикеткасында ушундай жазуу бар болсо, баасы эң арзан жынсы шым. Ошого карабай аны сатып албаңыз. Бул анын материалынын сапаты өтө начар экенин билдирет.
"Denim" - Этикеткасындагы мындай жазуу ал жынсы шымдын материалы өтө сапаттуу экенин маалымдайт. Албетте, шымдын баасы абдан кымбат болот.
"Jeans" - Сапаты жагынан да, баасы жагынан да ортозаар жынсы шым. Тактап айтканда, этикеткасында "Jean" деген жазуусу бар шымга караганда жакшыраак жана кымбатыраак, ал эми "Denim" дегенге караганда начарыраак жана андан арзаныраак.

Аскербек кызы Саада




Эгерде боюңуз
узун болсо...
Төмөнкү жынсы шымдар жарашат:
Ачык түстөгү, бели киндиктен ылдый болгон.
Үстү ичке, бирок багалеги кенен.
Түз, кенен.
Банан-жынсы шым.
Түз, кенен, анан багалеги түрүлгөн.
Бут менен бут болуп чыпташкан.
Төмөнкү жынсы шымдар жарашпайт:
Кыска.
"Сигаретка".
Үстү чыпташпаган, бирок багалеги ичке.
Кыска же орто
бойлуу болсоңуз...
Төмөнкү жынсы шымдар жарашат:
"Сигаретка".
Күңүрт түстөгү, багалеги бут кийимди таптакыр жаппаган.
Багалеги бут кийимдин такасын гана жаппаган.
Кыска, тизеден бир аз ылдый.
Төмөнкү жынсы шымдар жарашпайт:
Багалеги түрүлгөн.
Ачык түстөгү.
Бут менен бут болуп чыпташкан.
Багалеги бут кийимдин такасын толук жапкан.
Өтө кенен.
Жамбашыңыз
чоң болсо...
Төмөнкү жынсы шымдар жарашат:
Аркасында чоң-чоң чөнтөктөрү бар, күңүрт түстөгү.
Түз жана кенен.
Бели киндиктен ылдый болгон.
Калың жынсы материалдан тигилген.
Төмөнкү жынсы шымдар жарашпайт:
Ачык түстөгү, бут менен бут болуп чыпташкан.
Аркасында чөнтөктөрү өтө эле кичинекей болгон.
Үстү чыпташпаган, бирок багалеги ичке.
Бели киндиктен өйдө болгон.
Жамбашыңыз
кууш болсо...
Төмөнкү жынсы шымдар жарашат:
Ачык түстөгү жана үстү ичке, бирок багалеги кенен.
Бели киндиктен өйдө же ылдый болгон.
Аркасындагы чөнтөктөрү кичинекей жана көп болгон.
Бут менен бут болуп чыпташкан.
Төмөнкү жынсы шымдар жарашпайт:
Күңүрт түстөгү, аркасында таптакыр чөнтөгү жок.
Бутуңуз кыска болсо...
Төмөнкү жынсы шымдар жарашат:
Түз жана кенен.
Бели киндиктен өйдө болгон.
Төмөнкү жынсы шымдар жарашпайт:
Бут менен бут болуп чыпташкан.
"Сигаретка".
Кыска.
Белиңиз жоон болсо...
Төмөнкү жынсы шымдар жарашат:
Бели киндиктен келген, бирок андан өйдө эмес.
Үстү ичке, багалеги кенен.
Кенен, түз.
Төмөнкү жынсы шымдар жарашпайт:
Бут менен бут болуп чыпташкан.