Балдар гороскобу
Тараза (24-сентябрь-23-октябрь)
Тараза жылдызынын астында төрөлгөн балдар жалгыздыкты жакшы көрүшпөйт. Ошондой эле ал карама-каршылыктарды көтөрө албайт. Ошондуктан, эч качан балаңыздын көзүнчө урушпаңыздар, ал мындан ооруп калышы мүмкүн. Зордук-зомбулук, кыйкыруу, кагып-силкүү - булар балага терс таасирин тийгизип, ал өзү да ачуулуу болуп чоңоюп калышы мүмкүн. Балаңыздын маанайы күтүүсүздөн алмашып турат: эми эле күлүп турган бала көз ирмемде ачуулуу балага айланышы мүмкүн. Телевизор ал үчүн өтө деле пайдалуу эмес. Анткени, ал тандап көрүүнү билбейт, баарын чекеден көрө берет.
Сиздин кичинекейиңиз билимге ынтызар, бирок тез чарчайт. Бул ага мектеп курагында тоскоол болушу мүмкүн. Узакка созулган иш-аракетке жөндөмсүздүгү аны баштаган ишин аягына чыгарбай таштап коюуга жеткирет. Тилекке каршы, мындай балдар спортко жакын эмес. Мындай учурда спортту бий менен алмаштырууга мүмкүн. Тараза-баланы искусство, өзгөчө сүрөт жана музыка өзүнө тартат. Бул балдар математикага да жөндөмдүү келишет. Ошол эле учурда аларды сабак даярдатуу да оңой эмес. Себеби жөнөкөй: ал жалгыз эч нерсе жасагысы келбейт. Өнөктөштүк - ал үчүн эң маанилүү нерсе. Сабагын чогуу даярдашыңыз, бирок тапшырмасын өзүңүз жазып бербеңиз. Сиздин балаңыз жазалоого муктаж эмес. Тараза-бала бирөөнү капалантканды каалабайт, өзгөчө ата-энесин. Анын бул кылганы кимдир-бирөөгө зыян алып келээрин жай түшүндүрүп койсоңуз, ал эч качан кайра аны кайталабайт. Мындай балдар өз алдынча чечим чыгаруудан кыйналышат. Андыктан, ага өтө кыйын тапшырмаларды бербеңиз. Сиздин балаңыз табиятынан мамилечил. Ал убактысын көп досторунун арасында өткөрүүнү каалап, конокко өзү барат. Аны чектебеңиз, анткени, бала ошого муктаж.

Чаян (24-октябрь-22-ноябрь)
Чаян-балдар табиятынан көз карандысыз болушат. Башкалардын эмне ойлоп жатканы аларды кызыктырбайт, эмне кылууну алар өздөрү билишет. Чаяндар, өзгөчө эркек балдар агрессивдүү болушат. Аларга өздөрүн көзөмөлдөөнү сөзсүз түрдө үйрөтүү зарыл. Чаян-балдарды детектив чыгармалар өзүнө тартат, алар сырдуу иштердин бетин ачканды жакшы көрүшөт. Мындай балдарды тарбиялоо татаалыраак болот. Аны эч качан урбаңыз жана негизи жок жазалабаңыз. Дайыма өз көз карашыңызды жана адилеттүүлүктү сактаңыз, болбосо анын сизге болгон сыйы жоголот.
Чаян-бала эгерде бир нерсени кааласа, ошого жетмейинче жаны жай албайт. Алар даңкты сүйүшөт, эгерде начар окуса, жакшы окуган башка классташтарын үлгү кылып көрсөтүп коюңуз. Анткени, Чаяндар өзүнөн башканын ийгиликке жетишүүсүн каалабайт. Эгерде балаңыз сизге жакпаган максатты алдына койсо, анын оюн кайра өзгөртө албайсыз. Бир гана жол - ага жардам берүү.

Жаачы (23-ноябрь-21-декабрь)
Сиздин балаңыз активдүү жана бардык нерсеге кызыга берген балдардан. Андыктан, аны балдар үчүн аянтчаларга, паркка көбүрөөк алып барыңыз. Жаачы-балдарга чынчылдык табиятынан берилген жана бул сапаты алар чоңойгондо да калат. Бул балдар айланасындагылардын, атүгүл ата-энесинин да калпын кечире алышпайт. Башка балдарга караганда Жаачы-балдарды тарбиялоо оңой. Бирок тазалыкка, ирээттүүлүккө, тартипке мүмкүн болушунча эртерээк көндүрө баштаңыз, Жаачы-балдар ушул жагынан жакшы эмес. Окууга болгон шыгын да эртерээк ойгото баштаңыз, мектепке барганда кеч болуп калат. Ошентсе да мындай балдардын кичине кезинде окууга болгон жөндөмү жакшы болбогону менен чоңоюп, алдына так максат койгондо жакшы окуп башташат. Андыктан, эгерде балаңыз начар окуса жазалагандын ордуна алдына максат коюуга жардам бериңиз, ошондо бала өзү эле окуп баштайт. Мисалы, юрист же доктур болууну чечсе, ушуга байланыштуу гана сабактарды казып окуп баштайт. Адатта, бул балдар эр жүрөк болушат.

Текечер (22-декабрь-20-январь)
Сиздин балаңыз чоочундардын жанында тартынчаак жана коркок, а өзүнө тааныштардын арасында өнөрүн жакшы эле чыгарат. Башкача айтканда, үйдө баатыр, жоодо жок. Аларды "кичинекей чоңдор" деп койсо болот. Чындыгында, алар жашоого өтө эле олуттуу карашат. Күлкүнү сүйүшпөйт, ар качан ойлонуп жүрүшөт. Андыктан, мындай балдарды тарбиялаган ата-энеге чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Эң негизгиси, кичинесинен аларга жылуу атмосфера түзүп берип, күлгөнгө, шайырдыкка үйрөтүүгө тийиш. Бул балдар жалгыздыкты жакшы көрүшөт, аларга ызы-чуулуу жерлер жакпайт. Бир-эки эле дос жетиштүүлүк кылат. Текечер-балдар кээде теңтуштарына караганда кечирээк өнүгүшөт. Бирок кам санабаныз. Текечерлер жашоодо майда, бирок натыйжалуу кадамдар менен алга жылышат да, эртеби-кечпи ийгиликке жетишет. Балаңыздын тарбиясы жагынан эч кандай маселе жаралышы мүмкүн эмес, алар төрөлгөндө эле кандайдыр бир жоопкерчилик сезимине ээ болуп төрөлүшөт. Мындай балдар башкалардын өздөрүнө кичинекей бала катары карашканын жактырышпайт. Сиздин балаңызга тынч, ызы-чуусуз оюндар жагат. Аны шаштырбаңыз. Кандай гана тапшырма болбосун, аны аткарууга балаңыз көп убакыт жумшайт. Эгер мектепте начар окуса, бул анын жалкоолугунан эмес, бир нерсени түшүнбөй жаткандыгынан. Андыктан, ага жардам бериңиз. Бирок аны эч качан башкалар менен салыштырып, теңтуштарынын ийгилигин айтып мактабаңыз. Сиздин балаңыз эмгекчил, аракетчил.

Суукуйду (21-январь-20-февраль)
Суукуйду жылдызынын астында төрөлгөн балдардын көп жактары Эгиздер жылдызында төрөлгөн балдарга окшош. Суукуйдулар да акылдуу, билимдүү болушат. Фактыларды, маалыматты оңой жана бат өздөштүрүп алышат. Мындай балдардын окуусунда маселе чанда жаралат. Бирок жаңы нерсени өздөштүрүү үчүн балаңызга жалгыздык керек. Кээде балаңыздын эске тутуу жөндөмдүүлүгү начардай сезилет. Бирок андай эмес, өзүнө кызыктуу болгон нерселерди ал эң жакшы эстеп калат. Суукуйду жылдызынын алдында төрөлгөн балдар искусствого, гуманитардык илимдерге жакын болушат. Алардан мыкты журналисттер, окумуштуулар чыгат. Тилекке каршы, мындай балдар спортко жакын болушпайт. Буларга үйдөгү чоңдор арасындагы уруш-жаңжал, карама-каршылыктардын терс таасири тиет. Бала аны жүрөгүнөн кабыл албагандай эле көрүнүшү мүмкүн, бирок, чындыгында, анын нерв системасын бузуучу бирден-бир көрүнүш - үйдөгү чыр-чатак. Суукуйдуларда достору менен дээрлик маселе жаралбайт. Теңтуштары аларга тартылып турушат, анткени, Суукуйдулар менен дайыма кызык. Алар башкалардан өзгөчөлөнүп көрүнгөнү жактырышат, мисалы, туруп-туруп эле өздөрүнө жарашпаган же өзгөчө бир кийимдерди кийип алышы мүмкүн, бирок маани бербей эле койгонуңуз оң, бул олуттуу деле эмес.

Балыктар (21-февраль-20-март)
Сиздин балаңыз тынчтыкты сүйгөн, ак көңүл бала. Ал көп кыялданат жана фантазия менен чындыкты аралаштырып жиберет. Балыктар жылдызынын астында төрөлгөн балдар ызы-чууну, кыйкырыкты, зомбулукту көтөрө алышпайт. Аларга жатарда телевизор көргөнгө, кайгылуу музыкаларды укканга болбойт. Негизи, бул балдар тез эле капаланып, мындан ооруп калышы ыктымал. Алар тентек, орой балдар менен сүйлөшө алышпайт. Дагы бир өзгөчөлүгү - Балыктар-баланын акча жаатында түшүнүгү аз, андыктан, балаңызга күнүмдүк акчасын берип, ага кандай туура мамиле кылуу керектигин үйрөтүңүз.
Балыктар-баланын эмнеге таланттуу экенин так айтуу кыйын. Алар бардык нерсеге жөндөмдүүдөй сезилишет. Ошентсе да мындай балдардын көңүлүн көтөрүүчү нерсе - искусство. Ошондой эле алар үй жаныбарлары менен өздөрүн жакшы сезишет. Аларга көп учурда өзүнө-өзү ишенимдүүлүк жетишсиздик кылат, ошонун айынан эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберишет. Жакшыны да, жаманды да өздөрүнө оңой сиңиришет. Сыртынан жумшак көрүнгөн бул балдар жаман балдардын тобуна таасирленип калса, ал жакка түшүп калат да, анан чыгаруу оңойчулукка турбайт. Андыктан, ата-эне баланын досторуна кызыгып туруусу шарт.

Нуриса БАЯЛИЕВА