КҮРҮЧ
Күрүч - сергек жашоо образын жана туура тамактанууну каалагандар үчүн эң жакшы тамак. Ал мындан он миң жыл мурун улуу муздар эрип, өздөрүнүн артында зор саз мейкиндиктерин пайда кылган мезгилде эле пайда болгон. Ушул кезге чейин күрүч бүткүл дүйнө элдеринин төрттөн үч бөлүгүнүн негизги азыктарынын бири болуп эсептелинип келет. Дүйнө эли бекеринен күрүчтү тандабайт, анын курамында организмге керектүү көптөгөн пайдалуу заттар бар.

Күрүчтүн баалуулук касиеттери
Углеводдор. Күрүч татаал углеводдорго бай. Ал болсо булчуң ткандарына энергиянын тынымсыз агылып турушун шарттайт. Күрүчтүн курамындагы углевод 78%га чейин жетет.
Витаминдер. Күрүч А, С жана В тобунун витаминдерин өзүнө камтыйт. В тобунун витаминдери нерв системасын бекемдейт. Ошондой эле алар организмдеги азыктандыруучу заттардын энергияга айлануу процессинде негизги ролду ойнойт. Ошондой эле чачтын, тырмактын абалы да бул витаминдерден көз каранды.
Белоктор. Күрүчтүн 7-8%ын белоктор түзөт. 100 г күрүчтө 4,1 г белок бар. Башка дан өсүмдүктөрүнөн айырмаланып, күрүчтүн данында айрым адамдарда аллергияны чакыруучу глютен аттуу белок жок.
Минералдык заттар. Күрүчтө туз дээрлик жок, ал калийге бай. Бул минерал организмге башка азык-заттар аркылуу келип түшкөн туздун деңгээлин нейтралдаштырып турат. Ошондой эле күрүчтө фосфордун, цинктин, темирдин, кальцийдин жана йоддун көп өлчөмү камтылган.
Клетчатка. Күрүчтө клетчатка көп деле эмес - 3-4,5%. Ал эми организмдин клетчаткага болгон муктаждыгын жашылчалар менен толтуруп алууга болот.

Күрүчтүн дарылык касиеттери
Күрүч ашказанында кычкылдуулугу жогору, ошондой эле ашказан жарасы, гастрит ооруларынан жапа чеккен адамдар үчүн пайдалуу.
Ал рактын алдын-алуу үчүн сунушталган азыктардын катарына кирет.
Муун ооруларына кабылган адамдарга күрүч боткосун тез-тез пайдалануу сунуш кылынат. Күрүчтө калий көп, туз аз болгондуктан, бул муундарды сактайт жана тазалайт.
Толуп кетпөөгө, атүгүл арыктоого аракет кылган адамдар үчүн да бул азык өтө пайдалуу. Андыктан, диетологдор көбүнчө күрүч диетасын сунуш кылышат. Бирок аны чегинен ашыкча колдонууга да болбойт. Анткени, күрүчтө организмдеги суюктукту кармап туруучу натрий өтө эле аз.
Ич өткөктө да күрүч жардамга келет. Ал үчүн 1 чай кашык күрүчтүн үстүнө 6-7 пиала суу куюп, жай отто кайнатуу керек. Майда болгон маңызды тундуруп алып ар 2 саатта 1/3 пиаладан оорулууга (балага) ичирүү керек.

Күрүч тууралуу 7 факт
1. Дүйнөдө күрүчтүн 7 миңден ашык түрү бар.
2. Байыркылар "күрүчтүн да адам сыяктуу ички дүйнөсү бар, эгер ага туура эмес мамиле кылсаң, жооп берүүгө туура келет" деп эсептешкен.
3. Бир килограмм күрүчтү өстүрүүгө 5 миң литр суу керектелет.
4. Япон автомобилинин "Toyota" аттуу аталышы "түшүмдүү күрүч талаасы" дегенди түшүндүрөт.
5. Кытай, Япония, Индия, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдө күрүч бир гана азык эмес, ал - бул өлкөлөрдүн маданиятынын жана цивилизациясынын бир бөлүгү. Анан да аны Кудайдын белеги, жашоонун символу деп эсептешет.
6. Айрым өлкөлөрдө жаңы үйлөнгөндөргө ийгилик, бакыт каалоо менен күрүч чачуу салты жашайт.
7. Япон окумуштуулары күрүч бир гана ден соолукка пайдалуу эмес, анын эске тутууну жана акыл-эсти да жакшыртарын айтышкан.