Түгөлбай КАЗАКОВдун эжеси Мөөркан Кыштакбекова:
"Атамдын атын Аман алыска угузса, Түгөлбай чоң атабыздын ысымын таанытты"
"Элегия" менен "Жамгыр төктү..." - бул эки ыр канча мезгил өтсө да, адамдын жүрөгүнөн бекем түнөк таап алышкан. Бул чыгармалардын автору, белгилүү обончу Түгөлбай Казаковдун, алп Айтматовдун "Кыяматын" кыргызчалаган белгилүү акын, журналист Аман Токтогулов экөө бир тууган экенин жакында билдим. Экөөнүн чыгармачылыгын айта берсе сөз түгөнбөсө керек. Андыктан, жөнөкөй тил менен айтканда, алардын адамдыгын эжеси Мөөркан ападан сурадык. Мөөркан апа да алыскы Оштун мектептерине 40 жылдан ашуун эмгегин арнаган ардактуу мугалим болуп пенсияга чыккан, учурда 9 неберени алмак-салмак эркелетип, жыттап отурган бактылуу байбиче экен.
- Биз бир үйдө төрт бала болуп чоңойдук. Мен, Эсен, Аман, Түгөлбай болуп. Мен алар менен бир эне, бир атадан төрөлбөсөм да, бир тууган болдук. Минтип айтып аткан себебим, кичинекейимде мени тапкан ата-энем Кыштакбек менен Назбүбү апам каза болуп калып, бир тууган эжем Бермет менен жездем Токтогул багып алышыптыр. Ошентип, эжемди апа, жездемди ата деп чоңойдум. Багып алган Бермет апам мени сиңдисиндей, жездем Токтогул балдызындай көрбөй, өз баласындай кылып тумшуктууга илдирбей, канаттууга чокутпай багып чоңойтушту. Бермет апам атама 15 жашында турмушка чыккан экен. Ал кезде кыздарды жаш эле күйөөгө берип салышчу эмес беле. Менден кийин 6 жылдан соң биринчи балалуу болушту. Кыз эле, бирок ал бир тууганымдын өмүрү кыска экен, чарчап калды. Андан кийин удаа-удаа үч эркек төрөлдү. Алардын улуусу Эсен айыл-чарбасында эмгек кылып баар тапса, Аман менен Түгөл биздин үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин сыймыгы болуп, кыргыздын билим, маданиятына эмгектери сиңген кадыр-барктуу инсан болушту. Атам мени жалгыз кызым деп абдан жакшы көрчү. Атамдын атын Аман иним алыска угузса, Түгөлбай чоң атабыздын ысымын таанытты.
"Аман жөнүндө"
- Амантай кичинесинен эле чыйрак, зирек, сергек болуп өстү. Өзгөчө окууга болгон дилгирлиги укмуш эле. Студент кезимде каникул убагында бир курдай А.Куприндин "Белый пудель" жана "Зоя Космодемьянская" деген эки китепти көтөрүп алып жайлоого келдим. Ата-энебиз жайлоодо мал багышчу. Ошондо Амантай менин колумдагы китептерди көрө калып, свет жок болгондуктан, кучактап жатып уктады. Эртең менен таң атпай боз үйдөн эшикке чыксам, таштын үстүнө чыгып алып окуп атыптыр. "Китепти мынча жакшы көрөрүңдү билгенде бир кучак кылып алып келбейт белем" дедим. Ошондо 5-6-класста окуган бала эле. Эс тарткандан тартып "мен 30 жашка чыккычакты пайдалуу бир нерсе кылышым керек" деп айтып калчу. Айтканындай, артына из калтыра алды. Азыр "эрте кетерин билгендей шашкан экен" деп калам. 37 жашында эле бир туугандарын, үй-бүлөсүн, үч баласын таштап кете бербедиби. Абдан тууганчыл жайы бар эле. Мага Ошко бат-баттан каттап турчу. Барганда тимеле коробка-коробка таттуу, чай-чамегин эринбей көтөрө барчу. Амантай да Түгөлдөн кем калбай ырдачу, анын казактардын "Камма жай" деген ырын мектепке кетеринде ырдатып алып анан жөнөтчү элем. Тууганчыл эле деп атпаймынбы, ал "апам - жүрөгүм, Эсен - бир канатым, Түгөлбай - экинчи канатым, сиз - боорум" деп көп айтчу.

"Түгөлбай жөнүндө"
- Түгөлбай да кичинесинен эле тың, өжөр бала болуп чоңойду. Анын музыкага шыктуулугу кичинесинен эле билинген. Түгөлбайдын бир мүнөзү: ырдап жатканын бирөө көрүп калганын байкаса уялып кетчү, ички сезимин жашырчу. Бир курдай суу көтөрүп келатсам, Ашыраалы Айталиевдин ыры жаңырат. Үнү да кудум өзүнүкүндөй. Үйгө кирсем, бир бөлмөдө Түгөл жер-төшөктөрдү бийик кылып бүктөп, мандаш урунуп отуруп алып ырдап атыптыр. Эшикти билгизбей акырын жаап койдум. Ырдап бүтүп төшөктөрдү кайра ордуна коюп койду. Кадимки эле коробкадан быржык-быржык кылып бүктөп баян жасап алганы бар. Баскычтарын карандаштар менен боёп алган. Анан да эшикке чыгарда "тийбегиле" деп тамдын бооруна бийик кылып илип койчу. А чыбыкты болсо комуз кылып көтөрүп алчу. Үйдө туруп-туруп эле жоголуп кетчү. Көрсө, нарыраакта бир жээнибиз жашачу эле, ошондон комуз үйрөнүп жүрүптүр. Сөзгө да кичинесинен чечен эле. Жайлоодон үйгө көчүп келип малдарды короого жайгаштырып атабыз. Анан музоону байлайм деп чалынып-чулунуп калды. "6 жашар бала кантип 6 күндүк музоого алы жетпесин?" десем, "мунун төрт буту болуп атпайбы" дейт. Кичүүбүз болгондуктан эрке болду. Бир жакка жумшарда тимеле "Түгөл кыйын, күлүк..." деп атып көндүрчүбүз. Экөөбүздүн ортобуз бир топ жаш. Андыктан, ал эс тарта баштаганда мен окууга кетип калдым. Анан ал мага кат жазат. Жазганда да конверттин сыртына комсомолдун, профсоюздун маркасын чаптап жөнөтчү. Ал кезде почтодон катты 1 сомго сатып алчусуң, а 1 сом - чоң акча. Мен тамашалайм "ой, акча жокто кат жазбачы" деп. Мына, эми азыр балалыгыбыз артта калып, мен 80 жашта, Түгөл 60та болуп отурат. Ар дайым "эжекелеп" турат. Бир туугандын жакшысы жакшы экен, Эсен менен Түгөлдүн амандыгын тилейм. Ошто эл-журт, коңшу-колоң, туугандардын баары Түгөл менин иним экенин билишет. Аларга сыймыктанып айтып калам.

"Өзүм жөнүндө"
- Өзүм жөнүндө айтсам, айылда окуп жүргөндө мектептен калбайын деп жайлоодон айылга жөө-жалаңдап көп келдим. Ортодогу чакырым алыс, анан да чоң көпүрөдөн өтүп барчумун. Сабакка кечиккенде эки жолу мугалимден уруш жеген жаным "кечиксем дагы урушат" деп кийимимди чечпей сумкамды кучактап алып уктаганым эсимде. Бир курдай кечикпейин деп түндө эле жолго чыгып алыпмын. Баламын да, коркуу сезим деген жок. Мектепке келсем эч ким жок, таң заарда пол жууган аял келип мени көрүп чочуп кетти. Таң ата электигин айтып, үйүнө алып барып жаткырып койду. Ал аялдын үйү мектептин так жанында эле. Эртеси апам өзү атты чаптырып издеп келиптир. Мени көрүп сүйүнгөнүн айт. "Көпүрөгө агып кетпегей эле" деп жаны чыгыптыр да. Апам ал үй-бүлө менен сүйлөшүп, ошол үйдө кыштап окудум. 7-классты бүтүп атканымда Таластын борборунда кыздар үчүн интернат-мектеп ачылды. Облус боюнча 150 кыз кабыл алынып, окууну толук 50 кыз бүттүк. Көбү турмушка чыгып, окуусун таштап кетишти. Анын ичинен 12 кыз гана жогорку окуу жайга тапшырдык. Мен Кыз-келиндер институтунун орус-тили жана адабияты бөлүмүнүн төртүнчү курсун бүткөндө "айылдарга орус тили мугалими жетишсиз" деп бөлүштүрүү жүрдү. Мен Ошко бөлүндүм. Ал кезде каршылык көрсөтө алчу эмессиң, партиялык, коммунисттик система болчу. Менин маңдайыма Ош жазылыптыр, барып-келип жүрүп ошол жакка келин болуп, очор-бачарлуу болуп, келин күтүп, кыз узаттым. Башта келгенде салттарын түшүнө бербей, мисалы, тандырын иттин уясы экен деп жүрөм. Нан жаба албай күлкү болгонум да бар. Кийин анан өзүм нан жапкандарга сын тагып калбадымбы. Абышкам 45 жашында кайтыш болуп кетти. Барган жерим жакшы чыкты. Мага бир да жолу өйдө сүйлөшкөн жок. Кылык-жоругумду айтып эле күлүп калышчу. Билбегенимди үйрөтүп, билгениме сүйүнүштү. Азыр да ынтымактуубуз. Мектептерде 40 жылдан ашык иштептирмин. Пенсияга чыгып жатканымда да урмат-сый менен азадым. Бир туугандарым үчөө тең барып, дүңгүрөгөн той кылганбыз. Анда Амантай тирүү эле.

Эдина Жумагулова




Түгөлбай КАЗАКОВ:
"Жамгыр төктү" кантип жаралган?
- Бул - менин жамгырга болгон сүйүүмдүн тарыхы. Бала кезден жамгырды жандан башкача жакшы көрчүмүн. Жамгыр жаап жатса көл-шал болуп, жамгыр суусуна киринип жүрө бергим келчү. Ошондон аруулангандай, тазаргандай ажайып сезим дилимди бийлеп кетчү. Жамгырдан кийинки аба, топурак да бир башкача жыттанат. Кийин чоңойгондо деле жамгыр алдында чуркап алганды жакшы көрчүмүн. Анан ошол жамгырга болгон махабат лирикалык чыгармага айланды. Бул ырдын тарыхы мындай...
Студент кезде менин бир курсташым сүйгөн кызын башка бирөөгө узатат экен деп угуп алып, "поездге Анна Каренинадай боюмду таштап өлөм" деп темир жолдун боюна бардык. "Кой" дегенди укпайт. Экөөбүз "Юбилейный" деген дүкөн тараптагы темир жолдун боюнда отурабыз. Балыкчыдан келген поезд кечинде өтөт экен, мындайча айтканда, анын ажалы кечинде келет экен. "Кечке чейин эмне кылабыз?"- деп бир бөтөлкөнү алдыбызга коюп, ташка отуруп арман айтышып кирдик. Анын тагдыры мени абдан таасирлентип атат. Ичимден "бүгүн эми чын эле өлүп калабы" деп кейип жатам. Бир оокумда күн ушундай бир күркүрөдү дейсиң, тимеле төбөбүздөн эле жарылгандай болду. "Тарс-турс" деп асман солкулдап, жамгыр төгүп кирди эле, Кубат өлөм дегенин да унутту. Менин болсо дилиме кандайдыр бир кайрыктар келип, кайра кетип, менин жан дүйнөм удургуй баштады. Ошентип атып эле ырдын кайырмасын обону менен кыйкырып ырдап жибердим. Бир сап чыгып кетти да, калган кайрыгын таппай калдым. Ошондо ала шалбырт жаз эле. Күзгө чейин калган кайрыгын таппай абдан эзилдим. Күзүндө барып:
"Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп",- деген эки сабын таптым. Кийинки жазда куплет жаралды да, кайра күз келгенде кайырмасы менен бүттү. Бирок бүткөнгө чейин мени жеп салды. Же унутуп калбайм, же баары жаралып сыртка чыгып кетпейт. Улам эле жан өгөөлөгөн миңдеген кайрыктар келет, бирок окшобой жатат. Ошентип, бул ыр бир жарым жылга барып жаралган.
Жамгыр төктү
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.

Күн күркүрөп жамгыр төккөн,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги
Кайрылбай кетеби.

Жамгыр төктү, эске түштү,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак кушумдай.

Кайырма :
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түштүң,
Туңгуч сүйүүм унутулбай.

Кайырма: