КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Динара Чочунбаева:
"Далай жылдар Асел менен Динаранын окшоштугун издеп таппай жүрдүм"
Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повести боюнча тартылган "Мен Тянь-Шань" көркөм тасмасындагы айтылуу Аселдин ролун жараткан Динара Чочунбаеваны кимдер гана билбейт. Ошол легендарлуу тасмадагы тал чыбыктай ийилген татынакай кыз учурда 54төн 55ке караган кези. Англис тилинде эркин сүйлөп, Орто Азия чеберлеринин башын бириктирип, аларды иш менен камсыздап, эң башкысы, кыргыздын жоголуп бараткан саймаларын, оюуларын, дегеле чеберчиликке, узчулукка тиешелүү улуттук атрибуттарды сактап калуу, ошондой эле кыргыз чеберлеринин колунан жаралган улуттук калориттеги буюмдарды даңазалоо максатында иш жүргүзгөн фондду жетектейт.
- Динара эже, бардык нерсе балалыктан башталат эмеспи. Андыктан, балалык дүйнөңүзгө бир чабыттап көрбөйлүкпү...
- Балалыгым Фрунзе шаарында өттү. Атам врач, апам география сабагынан берген мугалим эле. Алар өз мезгилинин мыкты интеллигенттери болчу. 3 жашымдан баштап сүрөт тарта баштаганым эсимде. Эмнеси экенин билбейм, айтор, сүрөт тартууга ушунчалык кызыкчумун. Ошондо чоң энем 45 жашта экен, мени жетелеп жүрчү эле. 7 жашымдан тартып пионерлер үйүнө барып сүрөт тартуу ийримине катышып жүрдүм. Анан сүрөттүн аркасынан киного аралашып калдым.
- Кандайча аралаштыңыз?
- 11 жашта болсом керек. Атактуу режиссёр Ирина Поплавская "Жамийланы" тартып калды. Сүрөт ийримине катышкан мен сыяктуу кыздар-балдарды тандап, Ысык-Көлдүн жээгине он чакты күнгө алып барып, бизге Жамийла менен Данияр жөнүндө сүрөттөрдү тарттырган. Ошентип, Сейит тарткан сүрөттөрдүн арасында менин дагы тарткан сүрөтүм бар.
- Демек, өзүңүздөн мурун сүрөтүңүз киного тартылган турбайбы. Эми айтылуу Аселдин ролуна кантип тартылып калдыңыз?
- Ирина Поплавскаянын чакыруусу менен фотопробага катыштым. Анан кинопробага чакырышты. Жай мезгили эле. Болгону, 14 жаштамын. Чуркап ойноп жүргөн мезгилим. Капкарамын, тизелерим сыйрылган... Айтор, фильмдин сүрөтчүсү Кадыржан Кадыралиев мени көрүп : "Жанагы сүрөттөгү ушул кызбы? Ал эмес го, бул башка кыз",- деп айтты. Ал эми Поплавская "жок, ушул кыз" деди. Кадыралиев мени таң кала карап калды. Ошондон улам сүрөткө жакшы түшөт окшойм деп ойлоп коём. Кыскасы, Аселдин ролуна Казакстан менен Кыргызстандан үч миңдей кыздар тартылууну самашкан. Бирок ал ролду жаратуу менин маңдайыма жазылып, канчалаган кыздардан мени тандап алышкан.
- Өзүңүз интеллигенттердин үй-бүлөсүнөн болсоңуз, анын үстүнө, ал кезде артист дегенге көз караш башка эле, дегеним, сизге ата-энеңиз кантип уруксат беришти?
- Режиссёр ата-энемди көндүрдү. Алар киного тартылуума уруксат беришти. Биринчиден , тасманын режиссёру - аял, экинчиден, менин чоң энемди жакшы айлык менен мага тарбиячы кылып жумушка алды. Ал киши жанымда жүргөндүктөн, ата-энем кооптонушпаса керек. Баш-аягы 1,5 жыл тартылдым. Ишенесиңерби, мага кино тартуунун процесси такыр жаккан жок. Бирде туруп күндүн чыгышын күтөбүз, бирде туруп караңгы киришин күтөбүз. Анан камерага карап баягы образга киресиң, бирок жашоодо сен такыр башка адамсың. А мен бала болсом, эч нерсени түшүнбөсөм... Сүймөнкул Чокморов айткандай, каяктагы энелик сезим?! Керек болсо сүйүү сезимим ойгоно элек секелек элем да. Ага карабай сүйгөн адамдын ролун жаратып атпаймынбы. Киного тартылуу мезгили эчтеке эмес, кино жарыкка чыккандан кийинки мезгилди да балалык сезим менен көтөрүш оор нерсе экен.
- Атакты көтөрүү кыйынчылыкка турдубу?
- Кандай десем, көчөдөн кетип баратсаң баары "Асел" дешет. А мен Асел эмесмин да, мен Динарамын да. Аселдин тагдыры башка, Динаранын тагдыры башка да. Билесиңерби, мен тасманы өмүрүмдө бир гана жолу толугу менен көргөм. Ошондо атамдардын дос-тааныштары "Россия" кинотеатрында кинону көрүшүп, "ой, кара кыз, баарыбызды ыйлаттың го" деп мени тегеректеп бир топ кубанышкан эле. Өзүм өтө деле кубанган эмесмин. Ошондон уламбы, тасманы азыр көрсөтүп калышканда кээ бир жерлерин гана көрүп коём. Далай жылдар Асел менен Динаранын окшоштугун издеп таппай жүрдүм. 40 жаштан өтүп калганда окшоштугубузду таап алып, мен Ирина Поплавскаяга баа бердим. Анткени, Аселдин тоңдугу, бир мүнөздүүлүгү, намыскөйлүгү, көктүгү Динарага окшош экен. Жалгыз гана менде эмес, бүтүндөй кыргыздын кыз-келиндеринин кулк-мүнөзүндө ушундай сапаттар кездешет. Режиссёр Асел аркылуу ошону ачып бериптир.
- Сизге башка тасмаларга тартылууга сунуш болгонбу?
- Албетте, болгон. Бирок өзүм тартылууну каалаган жокмун. Анын үстүнө, Москвага көксөгөн окуума өтүп калгам. Мен окууну тандап алгам. Себеби, сүрөтчүлүгүмдү уланткым келди. Ошол кездеги тандоомо эч өкүнбөйм, балким, бала кезимде киного тартылбасам, менден жакшы сүрөтчү чыкмак деп ойлой берем.
- Киного тартылууну каалабасаңыз, анда эмнеге Сыймык Бейшекеевдин клибине тартылдыңыз?
- Бир күнү жумушта отурсам Сыймык келиптир. Мен аны чынында тааныган жокмун. Анткени, эстрада ырларын укпагандыктанбы, ырчыларды тааныбайт экенмин. Кийинчерээк Илияз - Дүйшөн ортого түштү. Анын көңүлүн кыя албадым. Бирок: "Сыймык, клип даяр болгондо мага бир көрсөтүп кой",- деп өтүндүм эле. Ал өтүнүчүмдү аткарган жок. Биз тартылган күндүн эртеси клипти эфирден беришти.
- Дүйшөн агай менен мамилеңер кандай?
- Ал мага салыштырмалуу сезими ойгонуп калганында Илияздын ролун жараткан. Тасмага тартылып жатканда 23 жашта болчу. Экөөбүздүн мамилебиз элге дайыма кызыктуу көрүнөт, ар дайым ушинтип сурашат. Көрөрмандар эмнегедир чыныгы жашоодо да биздин мамилебиздин уланышын каалашса керек. Бирок ал сезимдер тасмада гана жашай берсин дегим келет. Биз өтө сый мамиледебиз. Дүйшөн мени көрсө күлмүңдөп, "ой, Асел" деп калат. Көп учурда тойлордон жолугушуп калабыз, анан мени элге тааныштырып, бийге тартып калат.
- Бүгүнкү күнгө чейин эле сиздин күйөрмандарыңыздын катары көп...
- Өзүм дагы өмүрүмдө киного 1,5 жыл убакытым кетиптир, бирок мени канча жылдан бери унутпай келишет деп күлүп калам. Бир жолу автокырсыкка учурап үйдө жатсам, дарабазанын коңгуроосу шыңгырап калды. Балам сыртка чыкса, бир бейтааныш киши туруптур. "Асел ушул жерде жашайбы? Биз бир автобус толтурабыз, анын акыбалын сурап коёлу дедик эле",- дебейби. Балам чочуп кетип, "жок, ал бул жакта жашабайт" деп кутулуптур. Кинодон башка деле көп иштерди жасап жүрөм, бирок баары бир тең, киного тартылганым бир тең. Кээ бирлери азыркыга чейин Асел эже деп чакырышат. Баягы Аселди эстеринен чыгарышпайт. Анан өзүмчө ойлонуп отуруп кинонун күчү ушунда окшойт деп койдум.
- Кеп төркүнүн түшүндүм, азыркы аткарып аткан иштериңиз деле жөнөкөй эмес экен. Өзүңүз шаарда төрөлүп, шаарда чоңойсоңуз, анан кайдан жүрүп чеберчиликке кызыгып калдыңыз?
- Чоң энем чебер адам эле. Мага терини ашатып туруп сонун кылып тон тигип берчү. Тебетей, чепкен кийчүмүн. 70-жылдары эч ким андай кийимдерди кийчү эмес. Ошентип кийинип алып Дзержинкада жүрсөм, кээ бирлери "кемпир" деп шылдыңдашчу. А кайсы бирлери атайын кызыгып, жолдун берки бетинде турсам, наркы бетинен өтүп келип карап кетишчү. Чоң энемдин атасы укмуш зергер киши болгон экен. Анан жалгыз кызын эркектей кылып өстүрүп, зергерликке да үйрөтүптүр. Чоң энем мага зергерчиликти үйрөнүп ал десе убагында көңүл бурбаптырмын. Азыр өкүнүп калам.
- Сиз жетектеген фонд патриоттук нуктагы алгылыктуу иштерди кылып аткан экен. Угушума караганда, шырдак, ала кийизди Юнеского каттатып жатыпсыз...
- Биз кылбасак ким кылат? Шырдак, ала кийиз дегендер жоголуп баратат. Экспорт үчүн гана жасап калышты. Кыргыздар өздөрү шырдак менен ала кийизди колдонбой калышты. Биз чеберлердин башын бириктирип, алардын кызыкчылыгын көздөгөнгө аракет кылабыз, алардын колунан жаралган буюмдарды эл аралык деңгээлге алып чыгып атам. Эл арасында колу алтын чеберлер, уздар, оймочулар бар. Биз алардын өнөрлөрүн бүгүн үйрөнүп калбасак, эртең кеч болуп калат. Биздин башкы максатыбыз кыргыз элинин улуттук маданиятын көтөрүү болуп саналат. Кудай буюрса, шырдак менен ала кийизди жоголуп бараткан дүйнөлүк маданий мурастарынын Юнескодогу тизмесине киргизүүгө аракет кылып атабыз.
- Динара эже, ушунун баары чоң каражатты талап кылат эмеспи. Каржы маселесин кантип чечип атасыз?
- Бизге окшош бейөкмөт уюмдарды, албетте, өкмөт каржылабайт. Көргөзмөлөрдү, фестивалдарды өткөрүп калганда өнөктөш катары жардам беришет. Негизи, дүйнөлүк кадыр-баркы бар "Кристенсен" фондусуна ыраазычылык билдиргим келет. Атайын "Табийгат менен үндөш кооздук: кыргыздардын салттуу кол өнөрчүлүк ыкмалары жана оймо" аттуу долбоорубузду каржылап, биз бул багытта зор илимий маалыматтарды топтодук. Түшүнгөн жанга бул өтө татаал жана түйшүктүү иш.
- Чеберчилик боюнча дүйнөлүк эксперт катары дагы таанымал экениңизди угуп жүрөм...
- Рахмат, бул мен үчүн чоң сыймык. Эксперт катары көп өлкөлөр эл аралык калыстар тобунун мүчөсү катары чакырышат.
- Өзүңүз дагы чеберчилик кыласызбы?
- Жок, анткенге менин убактым жок. Мен көбүнчө уюштуруу иштери менен алекмин. Бүгүнкүнүн тили менен айтканда, мени арт-менеджер деп коюшат.
- Динара эже, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
- Жолдошум Урмат экөөбүз бирге окуганбыз. Ал - сүрөтчү. Академияда сабак берет. Эки уулум, бир кызым бар. Улуу балам - ишкер. Бир уулум Миланда, кызым Лондондо окушат. Балдарыбыз дагы биздин жолду жолдойт көрүнөт, бирөөсү - архитектор, бирөөсү - дизайнер.
- Эмне менен сыймыктана аласыз?
- Орто Азия боюнча чеберлердин башын бириктиргеним менен сыймыктана алам. Эми алардын эл аралык жарманкелерге чыгышына колдоо көрсөтүп жатамын.
- Бактылуусузбу?
- Жашоодо өз жолумду тапкан адамдардын катарына кирем. Демек, бактылуумун. Мен кинодон эмес, чеберчиликтен бактымды тапкан жанмын. Американын Жаңы Мексика штатында Санта Фе деген шаар бар. Ушул жерде дүйнөлүк чеберлердин укмуштуудай фестивалы өтөт. Биз дагы ушундай фестивалды Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүп, кыргыз чеберлерин дүйнөлүк деңгээлге чыгаргыбыз келет. Кудай буюрса, ушул максатым дагы ишке ашып калар.

Айназик Раимкулова