п»ї
"Кош бойлуулукта жыныстык катнаштын зыяны жокпу? "
- Менин бир айлык айлык боюмда бар. Жакында мага бирөөлөр "кош бойлуулуктун алгачкы айларында төшөк мамилесинде болууга болбойт, балага зыян" деп айтышты. Ушул чынбы? Дегеле, кош бойлуу кезде канча айга чейин жыныстык мамиледе болууга болот?
Венера, Ош облусу.
- Эмне үчүн кошулууга болбосун?! Болот. Бирок катуу кыймыл менен эмес, акырын кошулуу шарт. Айрыкча алгачкы 3-4 айга чейин абайлап кошулуу керек. Себеби, бул мезгилдерде төшөк мамилесиндеги катуу, орой кыймыл-аракет баланын бойдон козголуу коркунучуна алып келиши ыктымал. А болбосо аял төрөгөнгө чейин күйөөсү менен кошулуп турса, тескерисинче, пайдалуу. Бул анын жыныстык мүчөсүнө массаж болуп, кийин жеңил төрөшүнө шарт түзүлөт.

"Муздактык тукум кубалайбы?"
- Мен төшөктө муздак (фригиддүү) аялдардын катарына кирем. Айтыңызчы, бул тукум кубалашы мүмкүнбү? Эми мени тартып кийин турмушка чыкканда кызым да муздак болуп калабы?
Айсалкын, Ысык-Көл облусу.
- Коркпой эле коюңуз. Фригиддүүлүк тукум кубалабайт. Бул ар бир аялдын жеке өзүнө байланыштуу. Эгерде сиз төшөк мамилесин каалабасаңыз, оргазм албасаңыз, бул сиздин кызыңыз да ошондой болуп калат дегенди түшүндүрбөйт. Тактап айтканда, фригиддүүлүк - кийин пайда болуучу нерсе. Эң биринчи жолу болгон жыныстык катнашта, балким, жыныстык мүчө катуу ооруган, же кимдир бирөө зордуктап койгон, же дагы ушул сыяктуу себептерден улам төшөктөгү муздактык келип чыгат. Ал эми кызыңызда баары жайында болсо, анда коркууга негиз жок.

"Күйөөмдүн төшөк оюнуна көңүлү жок"
- Турмушка чыкканыма эки жарым жыл болду. Биринчи балабыз төрөлгүчө бизде төшөк мамилеси ойдогудай болчу. Мен төрөгөндөн кийин биздин төшөк мамилебиз мурункудай болбой калды. Күйөөм дайыма эле бош эмес. Жумуштан кеч келет. Ошондон улам эки жумада бир жолу эле жыныстык катнашка барабыз. "Эмне, мени сүйбөй калдыңбы?" десем, "сүйөм, бирок чарчап жатам, а сен мени түшүнбөй атасың" дейт. Күйөөм ала жипти аттабай турган адамдардан. Анда анын сексуалдык каалоосу эмне болуп солгундап кетти? Мындайда эмне кылсам болот?
Гүлмира, Нарын облусу.
- Сексуалдык каалоосунун солгундап кеткенинин себебин билүү үчүн күйөөңүз врачка келип текшерилиши керек. Анткени, мунун себептери көп: жыныстык органдарга суук тийүү (простатит), стресс абалына туш болуу, көп отуруп иштөө (мисалы, айдоочулар)... Мындай учурларда эркектеги тестостерон аттуу жыныстык гормон азайып кетет. Натыйжада, аялына болгон сексуалдык кызыгуусу төмөндөйт, төшөк мамилесин каалабай калат. Андыктан, врачка текшерилүүнү сунуштаңыз.

"Порновидеолор жашообузга кедергисин тийгизбейби?"
- Күйөөм акыркы убактарда интернетке көп кирчү болду. Ал жактан дайыма порновидеолорду көрөт. А мага мунусу жакпайт. Кыязы, мени менен болгон төшөк мамилесине ыраазы болбой жатат го деп ойлойм. Анткени, мага төшөктө көп көңүл бурбай калды. Анын мындай адаты биздин ортобуздагы мамилеге коркунуч алып келиши мүмкүнбү? Ал адатын кантип таштатам?
Алина, Бишкек.
- Интернетке кирип порновидеолорду көрүү бардык эле эркектерге тиешелүү көрүнүш деп эсептейм. Буга кызыкпаган деле эркек болбосо керек. Бирок сизге көп көңүл бурбай, көпчүлүк убактысын интернеттеги порновидеолорго арнап жатса, анда виртуалдык секске берилип кеткен окшойт. Сиз себебин сурасаңыз деле баары бир айтпайт. Ал эми порновидеолорду көрбө деп тыюу салуунун кереги жок. Бул кайра жакшы да. Төшөк мамилесинин ар тараптуу, кызыктуу болуусуна таасир берет. Жакшысы, жашоодо да, төшөктө да көбүрөөк көңүл буруп, көп эркелетиңиз. Жакшы-жакшы тамактарды жасап сүйүнтүңүз. Анткени, күйөөңүзгө дал ушул жакшы мамиле, көңүл буруу гана жетишпей жатат.
"Суроолорго Кыргыз медициналык калыбына келтирүү жана курортология илимий институтунун дарыгери, сексопатолог, уролог, андролог Айбашов Мирлан Нурматович жооп берди. Маалымат алуу үчүн телефондор: 0312 310361,
0555 965714.





Жаш өткөн сайын сексуалдык каалоо да өзгөрөт
Изилдөөлөргө таянсак, аял менен эркектеги сексуалдык каалоо жаш өткөн сайын төмөндөй берет. Адам кайсы бир жашка чыкканда төшөк кумарын каалоо күчөсө, тескерисинче, кээде азаят. Буга гормондордун, жаш курактын өзгөрүшү, физиологиялык ал-абал таасир берет.
Айымдар...
20-30 жашында. Бул жаштагы айымдардын көпчүлүгү сырткы бой-келбетине, өң-түсүнө көбүрөөк көңүл бурушат. Дене-мүчөсүндө бир аз кемчилик болсо, басынып, тартынып киришет. Болочок күйөө же туруктуу жигит издөө менен көп убакыттарын өткөрүшөт. "Төшөк мамилесинде кандай болот болдум экен, ойдогудай боло аламбы же жакпай каламбы?" деген суроолор менен баштарын оорутушат. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, мына ушундай тынчсыздануулар аларда сексуалдык проблемаларды жаратат жана бул көрүнүш турмушка чыккандарга караганда чыга электерде көбүрөөк кездешет. Ал эми жигити же күйөөсү барларда секске болгон кызыгуу өтө күчтүү болот. Жигити да, күйөөсү да жок болсо, же бир аптада бир эле жолу жыныстык катнашка барса, бара-бара төшөк мамилесине болгон кызыгуусу начарлап, бул айызынын келишине да терс таасир берет. Тактап айтканда, айыздын келиши регулярдуу болбой калышы ыктымал. Ошондой эле бул курактагы айымдардын мырзалары бойго бүтүп калуудан сактануу үчүн презерватив колдонбой эле койгондору жакшы. Себеби, бул айымдын сексуалдык кызыгуусунун төмөндөп кетишине алып келет.
30-40 жашында. Айымдардын дээрлик көпчүлүгү турмушка чыккан болот. Ошол себептүү, төшөктөгү тажрыйбасы бар болуп, бул жаатта өзүнүн эмне кааларын, эмне кылса болорун же болбосун жакшы билет. Ал эми төшөктөгү жашоосу туруктуу болуп калат. Бул курактагы айымдардын сексуалдык каалоосунун бузулушуна эки гана нерсе таасир бериши мүмкүн: төрөт же карьера.
30 жаштан кийин айым оргазмга тез жете алат. 35 жаштан кийин болсо тестостерондун (жыныстык гормондун) саны акырындык менен азая баштайт. Бирок бул сексти каалоосу дароо эле төмөндөйт дегенди түшүндүрбөйт. Эгер айым 30 жаштан кийин кош бойлуу болсо, токсикоз өтүп кеткен соң сексуалдык каалоосу жогорулайт. Анткени, организмдеги жыныстык гормон менен ырахат тартуулоочу гормон (эстроген) мурункудан жүз эсе көп бөлүнүп чыга баштайт (айрыкча бойдогу бала уул болсо). Гормондордун көп иштелип чыгышынан улам айымдын жыныстык мүчөсү жакшы сууланышат.
Тилекке каршы, төрөттөн кийин 30 жаштан өткөн айымда сексуалдык каалоо дароо басаңдайт. Бул акырындык менен кайра калыбына келет. Анткен менен күйөөсү менен болгон жыныстык катнашы мурункудан 3-4 эсеге азаят. Жыныстык гормондору азайбай жайында болгон күндө да, айым эмнегедир төшөк мамилесин азыраак самап калат. Буга себеп болуп наристени чоңойтуу, андан улуу балдарын тарбиялап-окутуу, үй жумуштарын жасоо эсептелет.
40-50 жашында. Жыныстык гормону азаят. Ошого карабай 45 жашка чейинки айымдардын көпчүлүгүндө сексуалдык каалоо кайра күчөй баштайт. Себеби, балдары чоңоёт, карьерасы түзүлөт, финансылык, материалдык ал-абалы стабилдешет, уул-кыздары кол арага жарап, натыйжада, бош убактысы, энергиясы көп болот. 30-40 жаштагы айымдардан айырмаланып, стресске анча туш болбойт. Булар төшөктө жыргалдын туу чокусуна жете алышат.
Тилекке каршы, 46 жаштан баштап бир далай айымдарда айыз цикли бузулуп, жыныстык мүчөнүн ичи кургай баштайт. Бул - климакстын жакындап калгандыгынын белгиси. Буга кошумча болуп организмдеги гормондорду бөлүп чыгаруучу ички бездердин иштөөсү бузулат жана мындай абал 15 айымдын бирөөсүндө кездешет. Натыйжада, сексуалдык каалоо төмөндөйт. Ал болсо чарчоо, депрессияга түшүү, ашыкча салмактын пайда болушу менен коштолот.
50 жаштан кийин. Климакс дээрлик көпчүлүгүндө 47-48 жашта болгондуктан, 50дөн кийин жыныстык гормон мурункудан да азаят, жыныстык мүчөнүн ичи серпилгичтигин жоготот, жатындын көлөмү кичиреет. Алтургай жыныстык мүчөнүн ичи да кичирейип кетет. Ушундан улам эркек менен кошулганда жыныстык мүчө катуу ооруп, бул секске болгон кызыгууну жок кылат.
Эркектер...
20-30 жашында. Эркек үчүн секс бүтүндөй жашоо болуп туюлуп, негизинен, жыныстык мүчөсүнүн чоң же кичинелиги, төшөктөгү тажрыйбасыздыгы тууралуу көп ойлонот. Мүмкүнчүлүгү болсо, төшөк мамилесинде бат-баттан болуп турууну самайт жана ушул тууралуу кыялданат. Мындай курактагылар лифтте, столдун үстүндө, суунун ичинде, табияттын койнунда, машинанын ичинде, айтор, кайда болбосун төшөк кумарына барууга макул болушат. Эротикалык сүрөттөрдү көрсө деле дүүлүгө беришет. Катуу дүүлүгүп кеткендиктен, төшөктө бел суусун убактысынан эрте түшүрүп, натыйжада, айымын көп канааттандыра албай калышат.
30-40 жашында . Сексуалдык тажрыйбага ээ, төшөктө эч нерседен коркпойт, бул жаатта өзүнө абдан ишенет. Алтургай үйлөнүп, "үй-жай күтүү зарыл, балалуу болуп, аларды багуу кажет, иштеп, карьера күтүш керек" деген ой менен жашап калган кездери болот. Көп иштеп, көп чарчай баштайт. Ушундан улам төшөк мамилеси кандайдыр бир деңгээлде арткы орунга түшөт. Секс эс алуу, чарчоону жок кылуу максатында кез-кезде гана колдонулган куралга айланат.
40-50 жашында. Жалпысынан караганда, бул курактагы эркек 30-40 жаштагыдан анча деле айырмаланбайт. Бирок психологиялык жактан өзгөрүүгө дуушарланышат: кайсы бир күнү айттырбай ажал келерин, акыры адам өлөрүн биринчи жолу чындап сезишет. Ашыкча салмак, жыныстык жактан сезгенүү жана суук тийүү (простатит оорусу) пайда болот. Анан өздөрүнүн физикалык ал-абалына көбүрөөк көңүл бурууга киришип, диетага, спорт менен машыгууга өзгөчө маани бере башташат. Жыныстык гормондор мурункудан да азайып, төшөк жаатында проблемалар жаралат. Сексуалдык кызыгуусу төмөндөп, оңой менен дүүлүкпөй калат.
Буга карабай, тескерисинче, көпчүлүк эркектер 40 жаштан кийин төшөктө мыкты болушат. Жыныстык катнаштын санына эмес, сапатына маани бере башташат. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, 40 жаштан кийин колдон келсе бат-баттан жыныстык катнашта болуп туруу абзел. Анткени, бул эркектеги төшөккө болгон кызыгуунун өчпөй узакка сакталышына жардам берет.
50 жаштан кийин. Эркектер 46-50 жаш курактарда климакска дуушар болушкандыктан, 50дөн кийин жыныстык гормондор абдан азаят. Бул куракта эркек тез дүүлүгө албайт, ага көп убакыт керек, андыктан, айымдын төшөктөгү жардамына муктаж болот. Жыныстык мүчөсү сезимталдыгын жоготуп, оргазм ала албай калат.


АСКЕРБЕК кызы Саада




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??