УТРКнын режиссёру Майраш Сагынова:

"Режиссёрлук мен
ойлобогон кесип болчу"
Маңдайымда отурган жумшак, жибектей созулган аялды карап туруп: "Кудайга шүгүр, аялдык нарк-насилин, сулуулугун, сынын жоготпогон аялдар али көп экен. Бардык аял ушундай бактылуу, нарктуу болсо",- деп жүрөгүм толкуду.
- Режиссёрлук аялзатында сейрегирээк учураган кесиптердин бири десем жаңылышпайм. Сиз бул кесипке кантип келип калдыңыз?
- Чынын айтсам, бул кесип таптакыр мен ойлобогон кесип болчу. Бала кезден мугалимдик кесипти көксөдүм. Эжекелеримди көрүп алып, "мен да ушулардай чач жасасам, ушинтип сабакка келип, балдарды окутсам" деп кыялданчумун. 1973-жылы Улуттук университетти аяктагандан кийин мектептерден орун издей баштадым. Ал кезде мугалимдикке таптакыр орун жок болчу. Шаардан орун табылбай, Жумгалдагы Миңкуш деген посёлокко кечки мектепке мугалимдикке жибермей болду. Жолдошум ал кезде окуусун бүтө элек болчу, ошонун окуусуна карап ал жактан баш тарттым. Шаардан жумуш издеп, дудук балдардын мектебинен тарбиячылык орун табылды. Кечинде жолдошум экөөбүз кеңешип, "укпай кокус машиненин алдында калып кетсе кантем" десем, ал "балдардын жоопкерчилиги көп, иштебей эле кой" деди. Ошентип жүргөндө "телевидениеде ассистент режиссёр деген жумуш бар экен" деп угуп, "бир барып көрөйүнчү" деп телеге келдим. Балташ Кайыпов деген башкы режиссёр кабыл алып, жарым сааттан ашык ар кандай суроолорду сурап, "бул кыздын идиреги бар экен, иштеп кете алат" деп "Эл чыгармачылыгы" деген редакцияга ассистент режиссёрлукка жумушка алды. Чыгармачылык жагын тез эле түшүндүм, пультта бир аз кыйынчылык болду. Бир айдын ичинде пультту үйрөндүм да, режиссёрдун ассистенти болуп пультка отурдум. Эки айдан кийин Ташкентке атайын режиссёрлук билимди жогорулатуучу курска жиберди. Ошондон кийин концерттерди, кол өнөрчүлөрдү өз алдымча тарта баштадым. Ошентип, жарым жылдан кийин кадимкидей такшалып, тереңирээк түшүнүп калдым.
- Биринчи өз алдыңызча тарткан көрсөтүүңүз эсиңиздеби?
- Албетте, эсимде. Амантур Акматалиев деген киши менен командировкага барып сүёмка жасап келдик. Ал киши ошол кезде элдик кол өнөрчүлүк боюнча абдан катуу изилдеп жүргөн. Командировкага барып келгенден кийин конокторду студияга чакырып, биринчи жолу эч кимдин жардамысыз раматылык Амантур агай менен алып чыктым. Кубанып толкунданганымды айтпа. Ал кезде кадимкидей эле "4", "5", "3" деген баа койчу. Мага "5" коюшту. Ошол "5" мага абдан чыгармачылык эргүү, дем берди.
- Сиздин кесибиңизге жолдошуңуз кандай карады?
- Бактыма жараша, ал киши мени колдоп, түшүндү. Биз менен иштеген канчалаган таланттуу келиндер жолдошунун каршы болгонунун айынан аргасыз сүйгөн кесибин таштап кетишти. Менин бактыма жакшы адам туш келиптир, эрте кетип, кеч келгениме карабай жолдошум каршы болгон жок. Тескерисинче, мен жумуштан барганча үйдөгүлөр тамак ичпей мени күтүшүп, жолдошум менин көрсөтүүлөрүмө көз карашын, пикирин айтып, колдоп, көтөрмөлөдү.
- Балалуу болгондо кыйналдыңызбы?
- Ал кезде үч ай эле декреттик отпуск берчү. Мен Дзержинск багындагы мунарада иштечүмүн. Ошол жерге жакын жерде ижарада турчубуз. Телефон менен байланышып, жумуш болот дегенде баламды коляскага салып алып жумушка келчүмүн. Баламды ар ким көтөрүп кетет, мен ошонун ортосунда жумушумду бүтүрүп алчумун. Мага "балаң кичинекей" деп плёночный концерттер деп коёт, ошолорду берчү. Ондон ашык кассетаны көтөрүп кетип, режиссёрдун коюп берген номерин плёнкадан таап, кагаз жабыштырып эфирге даярдайм. Кичине эле кынтык кетсе жараксыз болуп, кайрадан издеп чыгыш керек. Эки баламды ошентип бактым, үчүнчүсүн апама бердим, төртүнчүсүн болсо улуулары чоңоюп калып өздөрү карашты.
- Балдарыңызды ошентип багып жүргөн учурда эсиңизден чыкпай калган окуя барбы?
- Бир жолу жумушка баламды таштап келдим. Тез эле бүтө турган жумуш болчу. Кашайып плёнка жараксыз болуп калып кайра жасаганга туура келди. Башынан бүт плёнканы карап жасап жатам. Көкүрөгүм толуп, сүтүм агып, көйнөгүм булганбасын деп коюп алган марлини улам алмаштырып отуруп жумушумду бүтүрүп, үйгө кеч бардым. Чыксам автобус токтоп калыптыр. Шашканыман жолдон эле бир машинаны токтотуп түшүп алгам. Машинадан түшсөм эле жолдошум: "Сен келем деген убактан бери канча өттү? Бул ким? Машиненин ичинде отуруп сүйлөштүң, эмнени сүйлөштүң?"- деп суракка алып чалкасынан кетти. Өзүм кыйналып, "балам кантти?" деп тынчсызданып келсем, жолдошумдун минтип ак жерден күнөөлөгөнү башка чапкандай эле болду. Азыр да "сен ошондо мени ак жерден күнөөлөгөнсүң" десем, "али унута элексиңби, жаш экенбиз да" деп актанып калат.
- Жумуштан кечиксеңиз урушчу белеңиздер?
- Кудайга шүгүр, урушпадык. Бир жолу абдан коркконум эсимде. Ал кезде программалык режиссёр болуп иштеп калгам. Программа эртең менен башталып, түнкү саат он, он бирде бүтөт. Ошол күнү автобус бузулуп калыптыр. Түн ичинде такси асмандын башын сурайт, айлыгыбыз жарыбаган айлык, таксиге кайдан акча?! Ошентип, жанымдагы кыздын үйүнө барып жаттым. Түнү менен "кайната-кайненем эмне деп ойлошот, эми эмне болот?" деп уктай албай чыктым. Эртең менен келатсам, жолдошум мени жумуштун жанында күтүп туруптур. "Урушат го" деп коркуп келсем: "Амансыңбы деги? Түндө таң атканча уктаган жокмун",- деп кубанып кетти. Болгонун болгондой айттым. Үйгө барсам кайненем "мен келиним аман эле деп сезип аттым, айланайын, келдиңби?" деп энелик мээрим менен тосуп алды. Ыраматылык абдан жумшак, боорукер киши эле.
- Телеге тартып аткан учурда эсте калган кызыктуу окуялар барбы?
- Бир жолу талаа жумуштары боюнча түз эфир болуп, аны ыраматылык Кадыржан Жолдошев деген журналист агай алып барып жаткан. Бир оокумда эле декорация "тарс" этип кулап кетти. Мен кыйкырып жибердим. Жакшы, четке жыгылды. Болбосо оор темир бирөөнүн башына түшсө оңдурмак эмес. Эл байкабасын деп крупный планга катышуучуларды алып, кулаган декорацияны оңдоп эфирди бүттүк. Бир гана катышуучунун сөзүн токтотуп, артын жалт караганы болбосо, көрүүчүлөргө эч нерсени билдирбей жымсалдап кеттик.
Дагы бир жолу ток-шоу тартып аткам. Беловодск айыл өкмөтүнөн бир түрк жигит келген. Эфир башталарда өзү отурган чыгырыгы бар отургучту жөн отурбай улам тегеретип жатканынан "тиги стулдун чыгырыгы жаман, чуркап кетип жыгылып калба" деп эскерткем. Унутуп калдыбы, тартып атсак дагы тегеренип жаткан. Анан эле бир оокумда стул тээтиякка чуркап кетип, өзү чалкасынан түшүп жатып калды. Баары кыраан-каткы болуп күлүп атышат. Мен "биздин стулдар чуркап кетет деп эскертпедим беле, туруңуз эми" деп тамашалаган болуп эфирди улап кеттик.
- Эже, эсиңизде калган 8-Март барбы?
- Адамдын эсинде жакшы нерсе калса да тез эле унутулуп калат, эскерген кезде биринчи эсиңе да түшпөйт. Жагымсыз нерсе биринчи эске түшүп, унутулбай жүрө берет. Менин эсимен чыккыс болгон эки 8-Март бар. Биринчиси - турмушка чыкканга чейинкиси, экинчиси - турмушка чыккандан кийинкиси. Жумадил экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн кез. Алты айга чейин колумду да кармаган эмес. Бир күнү 8-Мартта бир жерге достору менен майрамга бардык. Отуруш аяктап калганда сыртта турсак, артыман келип кучактап туруп бетимен өөп алды. Абдан жаман болуп, жулка тарткандай кылып өпкөнү катуу тийди. Тултуңдап көпкө чейин сүйлөбөй койдум. Мага өөп алганы эмес, биринчи жолу өөп жатып эч кандай таттуу сөзү жок зордогондой копол өпкөнү катуу тийген.
Андан кийинки 8-Мартта үйлөнгөнбүз. Мен кош бойлуумун. Достору менен отурушка бардык. Бир келинби, кызбы, баргандан эле Жумадилге жабышты да калды. Мени да көзүнө илбей эле закуска сунуп, тизесине колун коюп айланчыктап калды. Мен байкамаксан болуп отурам. Бир кезде эркектер сыртка тамеки тартканы чыкканда артынан жанагы кыз да чыгып кетти. Баары кирди, менин Жумадилим жок. Күтүп атам, кечигип кирбейт. Бирөөнөн сурагандан намыстанып, байкатпай акырын артынан чыктым. Туалетке барган болуп нары бассам, көмүркананын бурчунда жолдошум жанагы кыз менен ыкташып турат. Аябай жаман болуп кеттим да, унчукпай эле үйгө кирдим. Артыман эле жолдошум да кирди. Сыр бербей отурам, ай, ошондогу убакыттын өтмөгү тозок болгонун айтпа. Отуруш бүтүп тарадык. Үйгө барганда айтайын деп канчалык кармансам да, ичиме батпай кетти. Жолдо эле айтсам, "туура эмес көрүп алгансың го" деп мойнуна албайт. "Экөөңдү ошол жерден кармап, тигил кызды да, сени да жаакка чаап, ызы-чуу кылганда мойнуңа алмак экенсиң да. Мен сенден муну күткөн эмесмин. Мени эми эле алмаштыра баштапсың",- деп ыйлап жибердим. Аябай уялып кетти. "Кечирип кой, өзү жабышканынан кыз бала шагы сынып калбасын деп өөп койдум, бирок сени алмаштырган жокмун. Ушул биринчиси, акыркысы болсун",- деп аябай кечирим сурады. Бир айдай таптакыр сүйлөбөй койдум. Ошондон кийин бир да жолу кыйшык басканын, башкага көз салганын байкаган да, сезген да жокмун.
- Эже, бактылуусузбу?
- Абдан бактылуумун. Кудай ушул бактымды кут кылсын. Төрт баланын энесимин, жолдошумдан таяк жемек турсун, көңүл калтырган катуу сөз укпадым. Балдарыбыздын баары турмуштан ордун тапкан. Улуу кызым Сайкал - медик, эки баланын энеси. Андан кийинки уулум Мирлан, келиним Диана экөө Америкада окуп атышат. Үчүнчү кызым Ширин Англияда, окуусун бүтүп, ошол жерде стюардесса болуп иштеп жатат. Немис жигитке турмушка чыккан. Эң кенжем Салтанат да турмушта, бир баласы бар. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдарымдын баары жайгашты десем болот.
- Кызыңыз немис жигитке турмушка чыкканда каршы болгон жоксузбу?
- Албетте, атасы экөөбүз жакшы эле каршы болдук. Ширин: "Апа, мен кыргыз жигиттерди чанып жаткан жокмун. Жакшы адам немиспи, кыргызбы, айырмасы кайсы? Биз бири-бирибизди сүйөбүз, батаңыздарды бериңиздер",- деп эки жылдай айтканынан кайтпай койду. Анан "ыйлабасаң болду" деп ыраазылык бердик. Быйыл 14-февралда Германияда тою болуп, атасы экөөбүз барып келдик.
- Салты кандай экен?
- Биздин салтты жасап атышты. ЗАГСка барганда бул жактан тойдо киебиз деп ала барган кыргыз кийимдерди кийдим, кызым да кыргызча кийинди. Кудама калпак, тон, кудагыйыма элечек ала бардым эле, алар да тойдо ошол кийимин кийип чыгышса аябай толкундандым. Коноктор биздин кийимге абдан суктанып, сыйлоо менен мамиле кылышты. Үйгө келгенде арча түтөтүп: "Балдарымды суук көздөн, жаман сөздөн сактасын, алдын бала, артын мал бассын. Ырыс-кешиктүү, маңдайы жарык үй-бүлө болушсун",- деп аластап, сөзүмдү котормочу которуп берди. Аларда кайнене биринчи келинине өзү алгач келин болгондо тагынган алтын чынжырын, билеригин белекке берет экен. Бизде да мурда ушундай салт бар болчу, азыр унутулуп кетти. Анан кудагыйым мага "алтын буюмдарыңызды салып жүрүңүз" деп күмүштөн жасалган кооз кутуча берди. Ичин ачсам шоколад салып коюптур. "Балдарымдын турмушу ушул шоколаддай таттуу болсун. Кыргызстанга барганда жакшы, ниети ак адамдарга ооз тийгизип, батасын алыңыз",- деди. "Кызым жаман жигитти тандабаптыр" деп ыраазы болуп, атасы экөөбүз көңүлүбүз тынчып кайттык.
- Кандай сыйлыктарыңыз бар?
- КТРдин бардык сыйлыгын алдым. Жамаат иштегенимди баалап, сыйлоо баракчасын кээ бир багыттар боюнча экиден да беришти. Биздин эң жогорку сыйлык болгон КТРдин Эң мыктысы (отличниги) наамын алдым, мындан төрт жыл мурун президенттин Сыйлоо баракчасын ыйгарышкан. Быйыл Эмгек сиңирген деген наамды жетекчилер ыйгармак болуп, документтеримди өкмөткө жиберсе, "баалуу сыйлыктардын ортосу беш жыл толуу керек" деп кайра жиберишиптир. Ошентип, күткөн сыйлыкты ала албай калдым. Албетте, бул сыйлыкка жулунган деле жокмун, бирок сыйлык сыймык да. Эмгегиң бааланып турса ким кубанбасын, сыймыктанбасын. Жакшылыктын эрте-кечи жок, насип кылса мындай сыйлыкты алчу күн алдыдадыр. Негизгиси, заманыбыз тынч, эл аман, токчулук, байгерчилик болсун. Аялзаты ыйлабасын, кыздарыбыз жакшы жигитке туш келсин. Эне катары ар бир кыз-келинге бакыт тилеп, майрамдары кут болсун дегим келет.


Айжаркын Эргешова