Тамак жасоонун да сырдуу касиеттери бар
Чындыгында, тамакка болгон мээримин төгүп, аны даамдуу жасаганга аракеттенген айымдар көп. Ошол эле учурда тамакты эптеп-септеп бышырып, курсакты тойгузганга сүйүнгөндөр да жок эмес. Кээ бирлер тамакты шашпай, узак убакытта даяр кылышса, айрымдар тез эле арыдан-бери кылып бышыра салышат. Дал ушул жааттагы изилдөөлөргө таянсак, тамак жасоонун да көпчүлүк билбеген сырдуу касиеттери бар экен.

Азык-түлүк сатып алууда…
Тамак-ашка керектүү азык-түлүк сатып алууда акчаны өтө эле үнөмдөп, жашылчалардын эң начарларын сатып алсаңыз, жарды жана бактысыз жашайсыз. Дал ушул себептүү, чирибеген, соолубаган таза жана жакшынакай жашылчаларды сатып алууга аракеттениңиз.

Ашкана ээсинин кийими
Сырткы кийимиңизге көңүл буруңуз. Тамак жасап жаткан кожойкенин кийими дайыма таза, тыкан, жарашыктуу болсо, үйдөн киреше, акча үзүлбөйт. Жүдөө, кир кийинип жүрсөңүз, жардылыкты чакырасыз.

Тамак даярдоо - келечекти даярдоо
Тамак жасоо процесси адамдын аң-сезимине таасир этет. Кожойке тамак жасоо менен өз келечегин даярдайт. Тактап айтканда, тамакты канчалык даамдуу жасасаңыз, сизди ошончолук бактылуу келечек күтөт.

Камыр жууруу
Камыр жууруу да өтө терең мааниге ээ. Ун, туз, суу, ар кандай татымалдар - булар жубайлардын, туугандардын, балдардын ич ара бири-бирине болгон мамилелери. Андыктан, камырды канчалык сапаттуу жана шашпай узак убакыт жуурсаңыз, үй-бүлөдөгү мамилелер да көпкө чейин ошондой бекем, чың болот. Жакшы жуурбай коюу жубайлардын ынтымаксыздыгына, алтургай бара-бара ажырашып кетүүгө алып келиши ыктымал.

"Тагдыр оту"
Отту тагдырга салыштырууга болот. Тамакты бышыруу үчүн отко коюуда кожойкенин "тагдыры чечилет". Демек, тамактын түбү күйбөй, жакшы бышуусуна абдан көз салышыңыз керек. Эгерде дайыма эле тамагыңыз түбүнө тартып, күйүп кете берсе, күйөөңүз менен мамилеңиз ойдогудай болбойт.
Кокус тамакты очокко бышыра турган болсоңуз, анда отту күйөөңүз тутантып бергени жакшы. Бул ашканада жагымдуу маанайды пайда кылат. Сиздин тамакты мыкты жасооңузга жана анда жаңылыштык кетирип албашыңызга таасир берет.

Аралаштыруу
Жашылчаларды кууруп, тамакты аралаштырып жатканда өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө бак-таалай тилөөнү унутпаңыз. Мындайда бир нерсени эске алуу керек: кашыкты сааттын жебеси боюнча аралаштыруу зарыл. Ошондо баары ойдогудай болот. Ал эми кашыкты сааттын жебесине каршы аралаштырууга болбойт. Бул өтө коркунучтуу, себеби, жубайлардын мамилеси бузулат. Күйөөңүз ойнош күтүп алганда гана ал экөөнү ажыратуу максатында кашыкты дал ушундай аралыштырып, ичиңизден жолдошуңуздун оң жолго түшүүсүн тилесеңиз болот.

Даярдалуу убактысы
Тамак шашпай жай бышса, күйөөңүздүн сизге болгон жакшы мамилеси, сүйүүсү да узакка сакталат. Дегеле, тамак бышырууда шашмалыктын кереги жок. "Тез даяр болсун, тез бышсын" деп кыска убакытта шашылыш даярдап, бат бышырсаңыз, мырзаңыздын мамилеси туруктуу болбойт. Бүгүн сизди жакшы көрүп, эркелетип турса, эртең эле чыр-чатак салып, оройлук кылышы мүмкүн.

Дасторконду жасалгалоо
Сиздин жашоо-турмушуңуз тамактануучу столдун үстүн кантип даярдаганыңызга көз каранды. Ар дайым тамактанаар алдында дасторкондун үстүн колуңуздан келишинче мыкты жасалгалаңыз. Ошондо жашооңуз да кооз, адам суктанарлык болот. Дасторкондун үстү канчалык жупуну болсо, жан дүйнөңүз кубанычка толбой ээн калат, көңүлүңүздү жаман ойлор уялап, кызыксыз келечек күтөт.

Тамактын даамы
Тамактын даамдуулугу анын даамында эле эмес, биздин ага болгон мамилебизде да. Тактап айтканда, эгерде башка нерсени ойлоп, кыжырданып, тынчсызданып жатып тамактанса, даамдуу тамак да даамсыз сезилип калышы ыктымал. Ошондуктан, тамактануу учурунда башка эч нерсеге алаксууга болбойт: китеп, газета-журнал окубаңыз, сыналгы, телефондорду өчүрүңүз. Ушундай болгондо физиологиялык жана психологиялык жактан "дарылануу" процесси жүрөт. Мындайда сиз доктурдун ролун ойнойсуз. Эгерде айтылып өткөндөргө көз салбасаңыз, үй-бүлө мүчөлөрүндө акырындык менен ар кандай өнөкөт оорулар пайда болот.

Калтырбай ичиңиз
Эч качан тамакты аягына чейин ичпей койбоо керек. Дайыма тамакты түбүнө калтыра берсе, ал адамга ийгилик келбейт, үйүндө береке болбойт, жагымсыз иш-аракеттерди жасап, туура эмес чечимдерди кабыл алууга өтөт. Демек, кокус түгөнбөй калса, ашканын коюп коюңуз да, курсагыңыз ачканда ичип-жеп алыңыз. Эч болбосо башкага же итке бериңиз. Бирок жерге, жугундуга төкпөңүз.

Музыканын таасири
Үйүңүздө дайыма сүйүү болушун каалайсызбы? Анда тамак жасап жатканда жана тамактануу учурунда жай, жагымдуу музыка коюп коюңуз.

Тамактын ар түрдүүлүгү
Күн сайын окшош тамак жасай берүү ортодогу мамиленин муздап кетишине жеткирет. Ар күнү даамдуу, түрлөп жасалган тамак - күйөөңүз үчүн белек. Ал сизге кайра жооп катары жылуу сезимин, сый-урматын арнайт. Үйгө бакыт, ден соолук келет.
Анан да эч качан тамак жасабай койбоңуз. Күндө түрлөп, даамдуу кылып тамак жасасаңыз, күйөөңүз сизди дайыма ойлоп, сыйлап, кам көрөт. Үйдө көп учурда тамак жасалбай, ашкана тамактан куру болсо, сезими тез эле өчүп калат.

Эгерде…
Күн сайын эт менен тамак жасасаңыз, турмушуңуз бир калыпта тынч өтөт. Балдарыңызга мээримдүү, жакшы энесиз.
Тамакка калемпирди көбүрөөк кошуп жасаганды жактырсаңыз, күйөөңүз менен мамилеңиз курч, ортодогу сүйүү күчтүү болот. Көп кайгырып-капаланасыз. Жашооңузда бат-баттан өзгөрүүлөр болуп турат.
Дайыма тамактын тузун өткүр кылсаңыз жана түрлөп тамак жасай албасаңыз, түшүнүктүү жансыз, эч кимге көз каранды эмессиз. Алдыда көп кыйынчылыктар күтөт. Ошондо да кимдир бирөөнүн жардамына муктаж болбой өзүңүз чечесиз
Камыр тамактарды көп жасагандардын катарына кирсеңиз, үй-бүлөңүзгө өтө мээримдүү жана камкорсуз. Күйөөңүз, балдарыңыз тынч, бактылуу жашап, ар кандай жаманчылыктардан, кайгы-кападан алыс болушат.
Жасаган тамагыңыз түстүү болуп турса, башкача айтканда, ар кандай жашылчалар, укроп, петрушка сыяктуулар кошулуп кызыл-тазыл, жашыл болуп кооз көрүнсө, жеке жашооңузду кызыктуу, ар кандай жакшы жаңылыктарга, окуяларга бай өткөрөсүз.
Тамакка малдын майын, сүт азыктарын, кымбат татымалдарды кошуп жасасаңыз, үй-бүлөңүздү ийгилик коштоп, киреше, байлык келип турат.

Аскербек кызы Саада