Чырдашкан - ата-эне, кыйналган - бала
Үй-бүлөдөгү чыр-чатак жагымсыз жана оор. Эгерде уруш учурунда бала болсо, анда эки эсе жагымсыз. Бирок үй-бүлө болгон соң уруштан качып кутулууга мүмкүн эмес. Эгерде андай болсо, келиңиз, ошол учурдагы баланын абалына көз кырыңызды салып көрүңүзчү. Балким, ошондо биздин жашоодо уруштар азыраак болор...


Урушуу да өзүнчө искусство
Бир жаштан баштап үч жашка чейин бала үчүн ата-энесинен өткөн идеалдуу адамдар болбойт. Аларды бала эмне кылса да туурайт. Андыктан, үйдө болгон нерселердин баары автоматтык түрдө балага өтөт. Эгерде үй-бүлөдө тез-тез чыр чыгып турса, бала бакчага барганда ойноп жатып каардуулукка, агрессияга алдырат, күнөөсүз балдарды урат. Ал муну жашоонун кадимки көрүнүшү деп эсептейт. Анткени, мындай жашоону ага эң сүйүктүү, эң жакын адамдары "үйрөттү".
Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбойт, анткен менен мына бул эрежелерди сактоого болот:
Бала сот эмес! Андыктан, "сен кандай ойлойсуң, атаңдын күндө эле ичип келе бергени туурабы?" деген сыяктуу суроолорду балага берүүнүн кажети жок. Муну менен баланы атасынын же энесинин таламын талашууга мажбур кыласыз. А бала үчүн ата менен эне бирдей кымбат.
Бала күнөөлүү эмес! Чырдын балага кенедей тиешеси жок болсо да, ал өзүн күнөөлүү сезет. Анан бул сезимин күчөтүп, "ушунун баары сенин айыңдан" деп баланы күнөөлөө таптакыр туура эмес. Атүгүл чырдын башы баланы тарбиялоодогу карама-каршы пикирден чыккан күндө да, баланы аралаштырбай бул маселени өз алдынча чечүү ата-эненин милдети болуп эсептелинет.
Уруштан соң эч нерсе болбогондой унчукпай коюу туура эмес. Андан көрө баланын курагына жараша сөздөр менен түшүндүрүп коюу туура. Балаңыз канчалык кичине болсо да, сиздин түшүндүрүүңүзгө муктаж болот. Бирок балаңыз үчүн сиз канчалык кымбат болсоңуз, сиз урушуп жаткан адам да ошончолук кымбат экенин эске алып, нейтралдуулукту сактаганга аракет кылыңыз. "Сенин атаң акмак, ошон үчүн биз урушуп кеттик" деген сыяктуу фразалардын кереги жок. Анын ичиндеги "сенин" деген сөз балага катуу тиет. Бул түшүндүрүү эмес, күнөөлөө болуп саналат.
Балаңыздын сезимин сыйлаңыз. Андан уруш учурунда кандай абалда болгонун сурап, сезимдерин бөлүшүңүз. Бирок өзүңүздүн да сезимдериңизди сыйлаңыз. Баланы ушундай абалга түшүрүп койгонуңуз үчүн өзүңүздү да күнөөлүү сезбеңиз. Андан сөзсүз түрдө эле кечирим суроонун кажети жок.
Эң жакшысы, баланын көзүнчө урушпаңыздар!

Үй-бүлөлүк чыр-чатак баланын
өлүмүнө жеткириши мүмкүн

Москвада 33 жаштагы эркек үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда өзүн кармай албай үч жаштагы кызын балкондон ыргытып жиберген. Жогорку кабаттан кулаган кыз ошол жерден жан берген. Эркек бул айбанчылыгы үчүн темир тор артына кеткен.
Үрөйдү учурган бул окуя да Москвада болгон. Эркек 12 жана 7 жаштагы эки кызын өз колу менен мууздап, бычак көтөрүп аялына чуркаган. Бирок аялы болушунча каршылык кылып, тирүү калганы менен эркек өзү терезеден бой таштап өлгөн. Укук коргоочулардын айтуусуна караганда, бул окуя кызганычтын айынан болгон.
Санкт-Петербург шаарынын жашоочусу Любовь Кузьмина алты жаштагы уулун жана төрт жаштагы кызын терезеден ыргытып, артынан өзү секирген. Оор жаракаттан улам өзү мүрт кетип, балдары оор абалда ооруканага жеткирилген.
2009-жылдын ноябрь айында россиялык капитан Николай Захаркин мас болуп түн ортосунда үйүнө келсе, атуулдук никеде жашаган аялы дагы деле үйгө келе элек болот. Кызганычтын оту тутанып, өзүн кармай албаган эркек аялынын 8 жаштагы эгиз кыздарын сегизинчи кабаттын терезесинен ыргытып жиберет да, аялынын телефонуна "Даша жана Катя менен коштошо берсең болот" деген билдирүү жазып жиберет. Кыздардын кыйкырган үндөрүн уккан кошуналар милиция чакырышып, укук коргоочулар Захаркинди тез эле колго түшүрүшөт. Ал эми 20 метр бийиктиктен түшкөн кыздар олуттуу жаракат алышат. Дашанын баш мээси чайпалып, беш кабыргасы сынып, боору жарылып кеткен. А Катя алгач даракка тийип, жерге акырыныраак сокку менен түшкөндүктөн, анын көк боору гана жарылган. Захаркин болсо 20 жылга кесилип, темир тор артына кеткен.





Ата-эненин чырдашуусу баланы оорулуу кылат
Үй-бүлөдөгү чыр-чатак баланын психикалык жактан өнүгүүсүндө кемчиликтерге дуушар кылат. Америкалык жана япониялык окумуштуулар изилдөөлөрдүн натыйжасында ушундай жыйынтыкка келишкен.
Алардын изилдөөлөрүнө таянсак, үй-бүлөдөгү уруш-талаш баланын ден соолугуна оңолгус зыян келтирет. Окумуштуулар жаштайынан баштап ата-энесинин урушуна көп күбө болгон балдар менен балалыгы тынчтыкта өткөн балдардын мээлеринин кыртышын салыштырышкан. Жыйынтыгында, чыр-чатакты көп көргөн баланын мээсинин кыртышы ата-энесинин карама-каршылыгын көрбөгөн балдардыкына караганда 20%га аз болуп чыккан. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулукту көп көргөн балдардын мээсинин бир жарым шарындагы кан айлануу жогорураак болуп чыккан. Нерв системасындагы мындай өзгөрүүлөр баланын физикалык жактан бузулууга дуушар кылып, өнүгүүсүн жайлатат. Ошентип, ата-энеден мурун да баланын көбүрөөк жапа чегээри белгилүү болду. "Көгөргөн көз, аймалган бет, шишиген баш убакыттын өтүшү менен айыгат, а бала өмүр бою майып болуп калышы мүмкүн",- дешет адистер.




"Менин үй-бүлөм"
Баланы түшүнүү үчүн кээде аны тарткан сүрөтү аркылуу "окуп" коюу жетиштүү. 4-5 жаштагы балдарга кагаз, түстүү карандаш берип, өзүнүн үй-бүлөсүн кандай элестетсе, ошону тартууну сунуш кылыңыз да, тартып бүткөн соң сүрөткө көз жүгүртүңүз.
1. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири сүрөттө жок. Бул баланын ошол үй-бүлө мүчөсүнө карата болгон терс сезимин билдирет. Мисалы, аны агасы көп таарынтса, аны сүрөткө кошпой коюшу мүмкүн.
2. Сүрөттө өзү жок. Жакындары менен болгон татаал мамиле. "Мен өзүмдү четте калгандай сезем, мен бул жерде өзүмдү ашыкча сезем". Бул сүрөттөн мына ушундай сүйлөмдөрдү окусаңыз болот.
3. Сүрөттө ойдон чыгарылган үй-бүлө мүчөсү. Бала үйүндө жок нерсени: канаттууну, жаныбарды тартып коюшу мүмкүн. Мындан бала өзүнүн кимдир-бирөөгө керек жана зарыл экенин сезгиси келип, бирок ата-эне анын сүйүүгө, эркелетүүгө муктаждыгын канааттандырбай жаткандыгын билүүгө болот.
4. Көлөмү ар кандай сүрөттөр. Бала үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн кимиси канчалык авторитетке ээ болсо, ал сүрөттө ошончолук чоң болуп чагылдырылат. Биринчи тарткан адамы да баланын пикири боюнча авторитеттүү адам, ал эми эң акырында үй-бүлөдөгү эң авторитети жок адамды тартат.
5. Өзүнүн көлөмү. Эгерде бала өзүн кичинекей кылып барактын бир бурчуна гана тартып койсо, ал баланын өзүн-өзү баалоосунун төмөн экендигинен кабар берет. Ал эми өзүн-өзү жогору баалаган балдар өзүнүн сүрөтүн ата-энесинен да чоң кылып көрсөтөт.
6. Өзүнүн турган орду. Эгерде ал өзүн атасы менен апасынын ортосуна же алдыңкы планга чыгарып тартса, демек, ал үй-бүлөдө өзүн эң керектүү жана зарыл адам катары сезет. Эгерде өзүн башкалардан бөлүп же акырында тартса, бул - кызганычтын белгиси.
7. Каармандардын турган орду. Сүрөттө ким барактын жогору жагына, ким төмөн жагына жайгашканына маани бериңиз. Эң жогоруда жайгашкан каарман, баланын ою боюнча, үй-бүлөдөгү эң таасирдүү адам (атүгүл көлөмү кичине болсо да). Мисалы, барактын баш жагына телевизор же алты айлык карындашы тартылса, демек, баланын ою боюнча бул үйдү ошолор башкарат.


Нуриса БАЯЛИЕВА