Жапайы алчалар
гүлдөгөн жерде
(Башталышы
өткөн санда)
Карегим муңдана түшкөн мени карап Соня эже чочуп кетти.
- Сага эмне болду, садага? Бирдемени туура эмес айтып койдумбу?
- Жок, өзүм эле...- шашып кетип ошондо гана ыйлап атканымды сездим.
- Мен да Муктар жарыбагыр бирдеме деген го депмин. Муктар жакшы бала, бирок...- эже бирдеме айта албай такалды.
- Эмне бирок?
- Үй-бүлөсүн кыя албайт го. Муктар балдарга адамдан башкача жакын.
- Мен аны балдарынан бөлөйүн деген ойдон алысмын.
- Сага эле кыйын болот, садага. Үй-бүлөлүү адам менен жүргөндөн өткөн тозок жок жалганда. Анын келгени майрам, кеткени азап болуп, сенин койнуңан чыгып башканын койнуна көз көрүнөө кетип атканы сүйгөн аялды жинди кылып коёру кеп эмес. Өзүң эле жинди болбой сүйгөн адамыңды да жинди кыласың. Биз аялдар анча-мынчаны көтөрө беребиз, Муктарга кыйын болот го, эки оттун ортосунда калып. Эркек мындайда эсин жоготуп, ар кандай кадамга барышы мүмкүн.
- Мен анын аялына билдирбейм.
- Ай, садага, ай, ага эмне, эч нерсени билбегени - бактысы. Сенин шоруң куруйт го. Муктардын аны менен бирге экенин билүү, көз көрүнөө аялына узатуу акыры сенин чыдамыңды түгөтүп, бир күнү өзүң эле ачыкка чыгасың. Ошондо баарына кыйын болот.
- Эмне кыл дейсиз?
- Токтот ушундайда.
Бирөө колуман эң аялуу буюмумду жулуп алчудай калтырап кеттим.
- Кантип?
- Тамырлай электе токтотконуң өзүңө жакшы, садага. Бара-бара бири-бириңен көңүл калып, ачуу карашып, жакшы-жаман айтышып, ортодо сөз аралап, айыккыс жараат алып каласың. Анын үстүнө, аялы да оңой митаам неме эмес. Калп күлүп алып далыдан бычак саят. Муктар экөөңдү оңой эле кырды-бычак кылары турган кеп. Муктар да кепке тез кирген жумшак жигит.
- Мен Муктарды...
Соня эже сөзүмдү бөлдү:
- Билем, сүйөсүң, бирок эсиңде болсун, сүйүү өчкөндө калган күл сүйүүдөн калган жараатты жаман ачыштырат.
- Жасмин, бери келсең.
Сенин үнүң кудум мени жаман түштөн ойготуп жибергендей кубанып кеттим. Ордуман атып тура сага чуркадым. Унчукпай мойнуңа асылган мени бооруңа кыса таң калып турдуң.
- Эмне болду?
- Эч нерсе, кетеличи.
- Азыр, жаным. Бери келсең, мен сага биздин телеграфты көрсөтөм.
- Кандай телеграф?
- Бул жерде бир гана ушул жерден телефон жакшы тартат. Эсиңдеби, мен сага баягыда телефон чалып, өзүбүздүн телеграфтамын дебедим беле. Ошол телеграф ушул.
Сен сүйлөп бүтпөй мага суунун боюндагы кичинекей дөңчөнү ушундай бир ысык сезим менен көрсөттүң. Тал-теректен асман көрүнбөйт. Сен мени бооруңа кыса кумарлуу карадың.
- Мен сени сүйөм, Муктар,- дедим акырын.
- Мен дагы,- дедиң суроолуу карап.
- Биз качандыр бир кезде ажырашабыз да, ээ?
- Бул тууралуу сүйлөшпөйбүз дебедиң беле. Ким билет, алдыда эмнелер күтүп турганын. Чынын айтсам, ал тууралуу ойлонгум да келбейт. Мен бүгүн сага жолугуп, ал эми эртеңки таңды ошол жолугушуунун деми менен тосуп жашап жүрөм. Күн чыгарына кандай ишенсем, сага жолугарыма да ошондой ишенем.
- Кайсы бир күнү күн чыкпай калышы мүмкүнбү?
- Жок, күн чыкпай калса, жашоо токтоп калбайбы.
- Демек, биз жолукпай калганда, биздин сүйүүнүн күнү чыкпай калат экен да.
- Билбейм,- дедиң бооруңа дагы бекем кысып.
- Мен да билбейм, билгим да келбейт.
Сен ошол күнү кеч кеттиң. Мен Соня эженин сөзүн канчалык эстебейин десем да, дилимди өгөөлөп туруп алды. Босогону аттарым менен апамдын ачуулуу көздөрү тосуп алды. Алдыда болчу уруштун каарынан ичиркене селт эттим.
- Кайда жүрөсүң?
- Сабакка бардым.
- Түн жарымдабы?
- Сүрөт тартканы чыккам.
- Тартып бүттүңбү?
- Жок, тартып бүтө албайт окшойм,- апамдын көзүнө тик карай албай жашыма муундум.
- Мен сени эмне деген тилектер менен төрөп, эмнелерди арзуу кылып чоңойттум эле.
- Апа...
Апама баарын айткым келди. Ичимди курттай жеген санаамды, ыза-муңумду айтып, апаман акыл сурагым келди. Апам мени жек көрө карап турду да, анан:
- Кыз туубай эле кызылдай азап тууган экем. Шор маңдай адам өмүр бою шор маңдай бойдон өтүп кетет тура. Кайсы кыз бала түндөп жүрчү эле? Атаң билсе теримди тескери сыйрыйт го. Сени кыз бала дейт, ишенип ээрчип кеткен адамың бирдеме кылып койсо, эл караган бетибиз жер карабайбы. Абысындарым оозу менен эмес, арты менен күлбөйбү, кокуй. Кир үйгө селейбей, шерменде! Кимди тартканын билбейсиң. Менин уругумда мындай эркек жандуулар жок эле.
Баарынан да апамдын ушул сөзү дилимди сыйрып кетти. Менин эмне болгонумду али биле электе апам ушинтет, билсе көчөгө чыгарып коёт го. "Чыгара берсин, мага эми баары бир" дедим ичимен өзүмчө эле кимдир бирөөгө өчөшүп. Атам кеч келди. Маанайы суз экен. Жүрөгүм болкулдай алдыда болчу жаңжалды күтүп аттым. Ал унчукпай тамагын ичип, анан телевизор көрүп отура берди. Кудай, ай, мындан көрө тезирээк урушса жакшы болмок. Сырттагы ар бир добушка дирилдей кулак түрүп отура бердим. Бир кезде атам:
- Кызың кана?- деди акырын, бирок заар үн менен. Атам мага ачууланганда "кызың кана?" деп, ыраазы болгондо "менин кызым кана?" деп бакылдап каларын беш колдой билем.
- Бөлмөсүндө,- деди апам батынбай сүйлөп. Апамдын үнүнөн да коркууну сезип, апамды аяп кеттим. Байкушумду сөз менен жейт го.
- Сурадыңбы, каякка барыптыр?
- Таң эрте сүрөт тартайын дегем дейт.
- Анан кечке тартыптырбы? Эй, жинди, айтпайсыңбы кызыңа, таң эрте эмес, түн жарымда сыртка чыккан.
- Өзү ошентти го.
- "Өжү очентти го" деп отура бер сен. Өзү эмне дебейт?!
Атам сүйлөп эле атты. Жерден үн чыкса чыгат, апаман үн чыкпай эле дымып калды. Бир кезде атам сөгүнүп алып сыртка чыгып кетти. Аңгыча апамдын акырын ыйлаган үнүн уктум. Чуркап чыгып мойнунан кучактап алып соороткум, бутуна жыгылып кечирим сурагым келди. Бирок батына албай койдум. Бирдеме бутумду тушап бура бастырбай отура бердим. Бала кезден эле апама эркелегим келсе да батынчу эмесмин. Башка кыздарчылап апам менен сырдашкым, мага жазылган каттарды көрсөткүм келчү. Мен сүйлөшкүм келип жанына барганда эле апам менин сөзүмө маани бербей бирдемеге жумшап же көңүл бурбай койчу. Айрыкча кичине бой тартканда каяша сүйлөп, күзгүгө каранып койсом, "ушул көптү, ай, быйыл чоңойду" деп кекетип калчу. Ошондон улам чоңоюу, күзгүгө кароо мен үчүн эң уяттай сезилип, апамдын көзүнчө күзгүгө карангандан заарканчумун. Бара-бара апама болгон эркелөө кыялдай сезилип, өзүм менен өзүм гана кыялдана сырдашып калгам. Кээде сууга барып алып, суунун агымын тиктеп кечке отура берчүмүн. Мага ушунун өзү да жакшы нерсе болчу, кадимкидей жеңилдеп калчумун.
- Жасмин,- деди апам бир кезде. Селт эттим.
- Ов...
- Омурткаң сын! Атаңа жай даярда.
Унчукпай атама жай даярдап, анан ашканага кирип идиштерди жууп калдым. Жүрөгүмдү бирдеме абдан өйүп, буулугуп чыктым. Сен менин ушул буулугуудан алып чыгар куткаргычым элең. Анан кантип сенден баш тартам? Кубанычым, мейли, азабыңды тартайын. Бирок азап мен күткөндөн эки эсе көп экенин анда билбей кийин шорум куруду.
(Уландысы кийинки санда)

Бозторгой




  Бийкеч

Кайрат кызы Мунара
(Башталышы
өткөн санда)
- Сенден секет кетейин, буюрса де,- деп Сымбат жазыла түшкөндөй күлө багып, уулун кучагынан коё бербей,- көңүлүңө алба, пальто кара жерге кирсин. Болгону, куда күттүм деп чабылып-чачылсам, анан алардын кылганы бул болсо, жарыбаган немелер деп күйгөнүмөн айтып алдым,- деди. Кыяз апасын аягандай өзүн күнөөлүү сезип, кыжаалат ойдо калды.
"Кулактан кирген суук сөз жүрөккө барып муз болот" дегендей эле болду Жылдыз үчүн. Идиш-аягын жууп-чайкап отуруп баарын угуп уугуп, "андай эмес, сизге деген пальтону өзүм кошо жүрүп тандашкам, эң кымбатын алганбыз" деп жибере жаздап араң карманып калды. "Сөз тыңшап отурган экен" деген ойдо калышпасын деди. Ичинен өзүн курттай жегени менен сыртынан сыр бербей жүрдү кечке чейин.
Кечинде сөздү Кыяз өзү баштады. Жылдыздын үйүндөгүлөрүн күнөөлөгөндөй сүйлөдү. Ансыз деле түштөгү сөздөрдөн кийин бул үйдө өзүн ашык баш сезип, бир гана жакыны Кыяз болуп, жубатар жылуу сөз күтүп аткан Жылдыз күйөөсү кучагына алып эркелетип, сооротмок турсун муздак тиктеп, өзүн оолак кармап турганына ызалана түштү.
- Жок, Кыяз, сен да ошентип ойлосоң жаңылышасың. Апаң айткандай эмес,- деп эле сүйлөй албай эчкирип ыйлап жиберди.
Эртеден бери ичинен келинчегинин ата-энесине нааразы болуп, "чын эле апама жакшыраак кийгизип коюшса болмок да" деп ичинен Жылдызга да карарып турган жигит туура эмес кылып алганын түшүнө коюп, эмне кыларын билбей калдастай түштү.
- Жика, койчу, ыйлабачы. Мени кечирип койчу. Мен андай экенин билген жокмун да. Жануська,- деп жалооруй кучагына кысып, өпкүлөп атып араң сооротту. Ал түнү экөөнүн таттуу сөздөрү түгөнбөй бир топко чейин укташкан жок.
Келин-уулу бир жумадай айылда жүрүштү. Кошуна-колоңдогулар кеп кылгандай, Сымбат жаңы келиндин жанын эч тындырган жок. Эки күн муздак сууга жүн жуудурду. Сыртта колу көк муштум болуп тоңгон Жылдыз уятынан эле ыйлай албай эптеп жууп атты. "Жок дегенде суумду төгүшүп берсе жакшы болбойт беле" деп утур дарбазаны карайт. Кыяз эртең менен эле атасы менен жылкы сатышканы базарга кеткен. Эртең жолго чыгышмак.
- Жеңе, мен жардамдаша калайын, үшүп кеткен турбайсызбы,- деп онунчу класста окуган кайынсиңдиси мектептен келе калып дагаранын жанына отуруп калганда кадимкидей кубана түшкөн. "Кийимиңди которуп кел, булганасың" дегиче болбой эле кызынын түз үйгө кирбей келиндин жанына кармалып калганын көргөн Сымбат:
- Ай, Райкан, бас үйгө, суу болосуң. "Жазгы суук жандан өтөт" дегенди билесиңби? Ооруп каласың,- деп кызын алып кирип кетти.
"Мен деле Райкандай элемин да, эмне мага суук тийбейт бекен?" деп ойлой көңүлүндө кайненесине каяшая айтканы менен иш жүзүндө ооз ача алган жок. Сымбат деле "жаш келиндин көңүлүн ирээнжитип алам го" деп ойлобой, кызматын көрүп калайын дегендей үй-тиричилигиндеги болгон кара жумушка Жылдызды салды. Бир короодо жашаган кайненеси Баалы баарын көрүп-билгени менен унчукпай эле жүргөн, акыры ичи түтпөй кеттиби:
- Ие, Сымбат... Ботом, жаш немени итейтип эле сатып алган кулуңдан бетер жанын бир тындырган жоксуң. Эртең жолго чыкса, жууп-таранып алса болбойт беле. Кой, келин деген ушундай экен деп кор кармаган болбойт. Өзүңдө деле кыз турат, эртең эле ал бирөөнүн бүлөсү болот. Биз көзүн карап, бөпөлөгөн Райканга эле башкалар начар мамиле кылса жакшыбы? Кайненесинин каары көңүлүнө көк таштай тийип, "сениби, шашпа!" деген келиндер кийин кайненесинен ала албаган өчүн келининен чыгарат дешчү эле. Антейин десем оюң менен эле болуп, жаманыңды жаап-жашырып, жакшыңды жайып, элдин кемпирлериндей болуп өлүмтүгүмдү артып жатып албай кошо жарышып эле жаныңда жүрдүм. Жүндү күн жылыганда эле жуусак болбойт беле? Бутунан сыз өтүп, бала неме ооруп калбагай эле,- деп оозун жыя электе Сымбат чыртылдап:
- Апа, келинди эмнеге алат? Колум узарсын, колунан чай ичейин деп алат, туурабы? Эмне эле баарыңар мага акыл айткыч болуп кеткенсиңер? Келин меники, жумшаймбы, коёмбу, өзүм билем. Менин жаап-жашыргыдай эмне жаманым бар эле? Мен келгенде жамаачылуу беш жууркан, төрт көлдөлөңүңөрдөн башка эч нерсеңер жок болчу. Менин аркам менен оокат-кечелүү болуп, киши катарына кошулгансыңар керек болсо. Унчукпай койсо тим эле "балтыр бит башка чыгат" болуп кетишти баары,- деди да басып кетти. Башка чапкандай болуп эле Баалы кемпир теңселе басып үйүнө кирип кетти. "Саат баскан жаным, кайдан да арачы түшө калдым эле" деп наалып атты.
***
Кызынын ооруп келгенин телефондон уккан Чолпон:
- Жикуля, үнүң жаман болуп турат, үйгө эле келсеңерчи, өзүм карайын. Кыяз сабакка кетсе сени ким карайт? Жазындагы суук жаман, анын үстүнө, айыл жеринде жылуу кийин деп айтпай калган турбаймынбы. Кара жаным, сексейген сербең кызым, аябай сагындык сени. Атаң да окуусунан калды деп сарсанаа болуп күн санап отурган. Тамак да бышайын деп калды, келип калгыла, ээ?- деп чебелене түштү.
(Уландысы кийинки санда)