Күйөөнү үй жумушуна жардам берүүгө
кантип үйрөтсө болот?
Үй жумуштарын жалгыз жасоо оор экендигин аялзаты гана билет. Мындайда дароо болбосо да, акырындык менен күйөөнү жардамчыга айлантууга болот.
Эркек өзүн баарын билген акылдуу, өтө жөндөмдүү, кыйын сезгиси келет. Ушуну эске алып, сизге жардам керек болуп жатканын билдириңиз. Мисалы, чаң соргучту жаңы сатып алганда "жаным, иштете албай жатам, сенсиз эч нерсе кыла албайт экенмин" десеңиз болот. Негизи, күйөөңүзгө өзүнүн жакшы сапаттарын, ансыз жашооңуз кызыксыз болуп каларын бат-баттан эскертип айтып турушуңуз керек.
Айымга тиешелүү үй жумуштары эркек үчүн таптакыр кызыксыз. Ошон үчүн күйөөңүздү узун сөздөр менен тажатып жибербестен, өтө так, кыска, бирок түшүнүктүү айтышыңыз керек. Мисалы, "таштандыны төгүп келчи" же "картошканы аарчый берчи" деген сыяктуу…
Көпчүлүк эркектер үй жумушун кантип жасоо керектигин билишпейт. Ошондуктан, сизге жардам берүү ага оор болушу ыктымал. Ушундан улам күйөөңүз жардам бергиси келбей моюн толгошу мүмкүн. Андыктан, мындайда сөзсүз түрдө алгач өзүңүз көрсөтүңүз. Мисалы, чаңды кантип сүрүү керектигин же гүлдөргө кантип туура суу куйса болорун…
Бир эле жумушту кайра-кайра жасатпаңыз. Бул эркектерге жакпайт. Аткарып бүткөн жумушу үчүн терең ыраазычылык билдирип, бир канча убакыт эс алуусун өтүнүңүз. Андан кийин гана башка ишке кол кабыш кылуусун сурансаңыз болот.
Күйөөңүз тапшырмаңызды аткарып жатканда "кандай жасап жатасың?" деп текшерип жанына бара бербеңиз, кайра-кайра үйрөтпөңүз, кылган ишин сындабаңыз. Эркектердин сынды жек көрөрү эсиңизде болсун. Эгер "аны антип коюптурсуң, муну минтип коюптурсуң…" деп кемчилигин айтсаңыз, ачууланып кетип калышы да ыктымал. Жакшысы, ага тоскоол болбой башка иш менен алектениңиз. Ал эми акырында күйөөңүздүн кылган жумушу ойдогудай болбосо да сөзсүз мактаңыз.
Көңүлдүү болуш үчүн оюн уюштуруңуз. Айталы, эки башка кагазга эки башка үй жумуштарын жазып, аларды кутучага салыңыз. Анан кезектешип бирден алгыла. Кимге кайсы тапшырма туш келсе, ал ошону жасаш керек болот. Ким өзүнө тиешелүү жумушту биринчи жасап бүтсө жеңүүчү болот. Жеңилип калганы аны ошол түнү төшөктө ыраазы кылууга милдеттүү.
Эгер, мисалы, идиш жуугусу келбесе, кыйнабаңыз. Аны өзүңүз жууңуз. Ага болсо колунан келе турган, өзү каалаган ишти гана тапшырыңыз.
Ар бир жардам берген жумушу үчүн мактаңыз. Бекем кучактап өбүңүз. Даамдуу тамак жасап берип, күчүнө күч кошуңуз. Эч качан "бош болгондон кийин жардам берсең эч нерсе болбойсуң" деп кайдыгерлик кылбаңыз. Күйөөңүз кылган ишине ыраазы болгонуңузду, баалаганыңызды билиши зарыл.
Жумуш жасатат десе эле баарын жасата бербеңиз. Эч качан антүүгө болбойт. Башкы максат - кез-кезде сиз бошобой жатканда бир аз кол кабыш кылууга үйрөтүү. Күйөөңүз - үйдүн башчысы, а сиз - ашкана ээси, кожойкесиз. Аял менен эркек эч качан үй-бүлөдөгү өз ордуларын алмашпоолору керектигин унутпаңыз!

Аскербек кызы Саада