Эң пайдалуу өсүмдүк
майы кайсы?
Өсүмдүк майлары - адамдын тамактануусундагы негизги азыктардын бири. Учурда сатыкта өсүмдүк майларынын эң эле көп түрлөрү пайда болду. Алар эмнеси менен пайдалуу? Кандай майды тандоо керек? Ушул жана башка суроолорго жооп берүүгө аракет кылабыз.

Оливка майы

Оливка майынын курамындагы A, B, C, D, E, F, K витаминдери эрип, организмге олуттуу зыян келтирүүчү эркин радикалдар менен активдүү күрөшөт. Ошондой эле бул витаминдер сөөк жана булчуң ткандарын бекемдейт жана ашказан-ичегилердин ишин жакшыртат.
Оливка майы боор оорусуна жакшы. Мындай учурда доктурлар күн сайын ач карын бир чоң кашыктан оливка майын ичүүнү сунуш кылышат. Атайын диета катары сунушталган лимон ширеси менен оливка майынын аралашмасы организмди шлактардан толук бойдон тазалайт.
Байыркы гректердин ишеними боюнча, күн сайын эртең менен бир кашык оливка майына ушунча өлчөмдөгү балды аралаштырып жеген эркек өзүнүн бел кубатын күчөткөн болот.

Зыгыр майы

Заманбап изилдөөлөр көрсөткөндөй, зыгыр майын тамак-ашка колдонуу инсульт коркунучун 37%га азайтат. Ошондой эле бул май диабет, ар кандай жүрөк оорулары, сүт бездеринин рагы коркунучун артка калтырат. Элдик медицинада аны чүчөк куртка, зарнага жана ар кандай жараларга каршы колдонушат. Зыгыр майы биологиялык баалуулугу жагынан бардык майлардын арасынан биринчи орунда турат. Зыгырдын данында 46% F витамини жана көп өлчөмдө А жана Е витаминдери бар. Эгерде Омега-6 бир топ өсүмдүк майларында болсо, Омега-3 жетиштүү өлчөмдө зыгыр майында жана балык майында гана бар.
Зыгыр майы аялдар үчүн өзгөчө пайдалуу касиеттерге ээ. Аны үзгүлтүксүз колдонууда:
- айыз жана климакс учурундагы оорулар жеңилдейт;
- теринин жана чачтын абалы жакшырат;
- нерв системасы бекемделет;
- көздүн көрүүсү курчуйт.

Рапс майы

Рапс майы башка өсүмдүк майларына салыштырмалуу майлуу кислоталарга азыраак каныккан. Мында да Е витамининин көп өлчөмү бар. Рапс майы оливка майына окшоп кетет. Тамактын бардык түрүнө колдонууга болот. Азыктандыруучу сапатка ээ, пайдалуу жана арзан.


Күн карама майы А, D жана E витаминдерине, фосфор, йодго бай. Е витамини оливка майына караганда күн карама майында 12 эсеге көп. Бул витамин организмди жашарткандан тышкары эске тутууну жакшыртат, белок менен углеводдордун алмашуу процессине катышат, жыныс бездеринин талаптагыдай иштөөсүндө роль ойнойт. Ал эми бул майдын курамындагы F витамини боордун жана кан тамырлардын клеткаларына оң таасирин тийгизет. Бирок күн карама майынын калориялуулугу жогору (100 граммында 900 ккал). Андыктан, ашыкча салмактан жапа чеккендер абайлоо керек.


Пахта майы

Пахта майы биологиялык баалуулугу жагынан өзгөчөлөнбөйт. Мында госсипол аттуу уулуу зат бар, андыктан, майдын бул түрүн актабай туруп иштетүүгө мүмкүн эмес.
Пахта майы аялдардын айызы келердеги ооруда пайдалуу, кандын талаптагыдай куюлушун шарттайт, кан басымды түшүрөт, буттун тырышып калышын жазат, аз кандуулуктун алдын-алат.

Өсүмдүк майлары эмнеси менен пайдалуу?
Бардык өсүмдүк майларында холестерин жок. А холестерин жалпыга белгилүү болгондой, жүрөк-кан тамыр ооруларынын өөрчүшүнө шарт түзөт.
Өсүмдүк майларында антиоксиданттар бар. Алар болсо организмдин картаюу процессин жайлатат.
Өсүмдүк майларында A, D жана Е витаминдери бар. Алар теринин абалын жакшыртат, кан басымдын түшүшүнө жардам берет, зат алмашууну жана кандагы холестериндин деңгээлин калыпка салат. Е витаминин өсүмдүк майынан башка азыктардан жетиштүү деңгээлде алууга мүмкүн эмес.

Рафинаддалган май менен рафинаддалбаган майдын кандай айырмасы бар?

Рафинаддоо - бул майдын курамындагы зыяндуу заттардан арылуу үчүн жогорку температурада кызытуу аркылуу тазалоо. Беш-алты баскычта тазаланган майдын аягында жагымдуу жыты да, витаминдери да калбайт. Эгерде рафинаддалган майдын сыртында "А жана Е витаминдери бар" деген жазуу болсо да, бул чындыкка туура келбейт. Тазалоодон кийин калган бул витаминдердин кенедей бөлүгү жарыктын таасиринен жок болуп кетет. Рафинаддалган майдын азыктык баалуулугу нөлгө барабар, бирок ал тамакка иштетүүдө өтө ыңгайлуу: кууруганда көбүктөнбөйт, кескин жыты, ачуу даамы жок. Сакталуу мөөнөтү да узак.
Ал эми рафинаддалбаган май даамын, витаминдерин, пайдалуу заттарын сактаганы менен бул ден соолук үчүн кооптуу. Анткени, рафинаддалбаган майды такай колдонуудан анын курамындагы зыяндуу заттар акырындап организмибизге топтоло берип, ар кандай оорулардын пайда болушуна өбөлгө түзүшү мүмкүн.




Өсүмдүк майларын кантип тандоо жана сактоо керек?
Жарык, жылуулук жана аба - бардык өсүмдүк майларынын үч душманы. Андыктан, аларды сактоо үчүн эң жакшы жай - муздаткыч. Эң жакшы идиш - оозу жабылган айнек идиш.
Майды сатып келгенден кийин эч качан желим бөтөлкөсү менен калтырбай, дароо айнек идишке куюп коюңуз. Желим идиштен май өзүнө пластификатор аттуу затты сиңирип алат. Аны болсо организмден чыгаруу кыйын. Боор менен бөйрөктө топтолгон ал зат ар кандай ооруларды козгойт.
F витаминине бай өсүмдүк майын көпкө сактабаңыз. Курамында бул баалуу витамин канчалык көп болсо, май ошончолук тез бузулат.
ITLV деген белгиси бар майлардан башка өсүмдүк майларын эки жолу иштетүүгө болбойт. Кайра-кайра кызытуудан майдын курамында эркин радикалдар пайда болот.
Эгерде бөтөлкөнүн сыртында майдын кычкылдуулугу көрсөтүлгөн болсо, анын аз сандагысын тандаңыз. Бирок көпчүлүк учурда майдын сыртына анын кычкылдуулугу жазылбайт. Аны даамынан билсеңиз болот. Май канчалык жумшак даамга ээ болсо, анын кычкылдуулугу ошончолук төмөн. Мисалы, даамы жана жыты кескин майлардын кычкылдуулугу 0,8-1%ды түзсө, жумшак жытка ээ майлардын кычкылдуулугу 0,4-0,6%.
Оливка майында кайсы бир өлчөмдө катуу майлар кездешет. Муздаткычка сактаганда майда ак бүртүктөр пайда болуп калат. Бул - майдын сапатынын көрсөткүчү жана чыныгы оливка майын жасалмадан айырмалоонун ишенимдүү ыкмасы. Бөлмө температурасында бүртүкчөлөр кайрадан эрип, май суюк калыбына келип калат.
Эң пайдалуу май болуп муздак сыгуу технологиясынын жардамы менен алынган май эсептелет. Мындай жол менен иштетилген дан ысыбай, механикалык жол менен иштетилет да, азык бардык витаминдерин жана пайдалуу азыктарын сактап калат. Бул майды башкалардан өтө жагымдуу жыты аркылуу айырмалоого болот.
Май сатып аларда сыртындагы сакталуу мөөнөтүнө сөзсүз түрдө көңүл буруңуз. Пайдалануу мөөнөтү аяктап калган майлар жагымсыз жытка ээ болуп гана калбастан, ден соолукка зыяндуу да болуп эсептелинет.
Сауле сулайманова