"Баатыр энелер" же
бир короодо чоңойгон 20 бала
Алгы сөз
Биз, калемгерлер, иш сапары менен көп жерлерде болобуз. Бул ирет айтылуу Ысык-Көлдүн тескейиндеги "жер соорусу - Жети-Өгүз" деп мактап ырдашкан жердин тузун татып, суусун ичип келдим. Мына ошол жердин Дархан деген айылындагы бир тууган ага-ининин жана эки абысындын өзгөчө ынтымагына ичимден баа берип, өзүмчө суктандым. Төртөө тең көптөгөн жылдар бою эл агартуу тармагында эмгектенишип, ызы-чуусу, талаш-тартышы жок эле бир короодо жашашып, ар бири ондон балалуу болушуп, "сеники, меники" деп бөлбөстөн, чогуу-чаран 20 баланы тарбиялашып, азыр ошолордун ырахатын көрүп, бакубат карылыктын доорун сүрүп атышыптыр. Ага-ининин улуусу 77 жашта болсо, кичүүсү 74 жашта, экөө айылдын кадырлуу аксакалдары болсо, ал эми абысындар экөө тең дайыма сыйдын үстүндө жүрүшкөн "Баатыр энелер" экен. Ынтымакты туу туткан бул үй-бүлөнү башкаларга өрнөк катары жазгым келди. Анан дагы буларды көрүп, ынтымак жөнүндө бир уламышты эстедим.

Ынтымак
Илгерки заманда бир хан болуптур. Ал башкарган аймакта жашаган эл күндөн-күнгө кедейленип, учкундан жалын тутанып, чыр күчөп, ошол болбогон чырдын айынан калктын ортосуна ажырым түшүп, натыйжада, карапайым элдин жашоосу начарлай баштайт. Ошол ынтымаксыздыктын азабы хандын башына тийип, эли үчүн кылган аракетинен майнап чыкпай, иштери теңирден тескери кетип, айласы куруйт. "Кандай амал кылсам экен?" деп ойлонуп жатып таң атырат да, күндүзү кечке ойлонуп жүрүп күн батырат. Бир күнү адатынча калкы үчүн башын катырып отурса, бир жигити келип: "Ханым, сизге Бакыт келиптир",- дейт. Хан унчукпайт. Ортодон аз убакыт өткөндөн кийин баягы жигити дагы кирет: "Ханым, сизге Таалай келиптир",- дейт. Хан бул жолу дагы ордунан козголбой коёт. Аз өткөндөн кийин баягы ханга Сүйүү да келет, бирок хан аны да кабыл албайт. Күүгүм талаш баягы жигит хандын үстүнө дагы кирип: "Ханым, сизге Ынтымак келди",- дейт. Ошондо хан отурган тактысынан ыргып туруп, "Оо, Ынтымак, сен келдиңби? Кел, төргө өт! Мен сени көпкө күттүм. Сен келдиң, демек, сенин аркаңдан Бакыт, Таалай, Сүйүү өздөрү келишет",- деген экен. Ынтымак келгенден кийин хан башкарган аймак гүлдөп, өнүгүп, эли бактылуу жашоо кечирип калган экен.

Сарт ажы
Мен баятан бери кеп кылып аткан ынтымак - Токтосун ата менен Токтокожо аталардын үй-бүлөсүнө алардын чоң атасы Сарт ажыдан калган ыйык мурас. Сарт ажы убагында ажылыкка атчан барып келген киши экен. Ат менен айлап жол жүрүп, аман-эсен Меккеге жетип, зыяратын кылып, кайра айылына аман-эсен келет. Ошондо айылдыктар чогулуп алып Сарт ажыга келишет. "Ээ, ажы аке, бул ажыга баргандар кандай болуп келишет экен?"- деген собол салышат. "Ажыга баргандар толук акылдуулар жарты акылдуу, жарты акылдуулар жолдо калышат экен. "Жол азабы - көр азабы" деген нерсе ошондой кылат тура",- дептир.
Сарт ажынын төрт баласы болуптур. Эки баласы согуштан кайтпай калат. Урдөөлөт 9 жашка келгенде агасы каза болуп, анан илгерки салт боюнча өзүнөн 9 жаш улуу жеңесине башын байлап коюшат. Жеңеси Айымбача аны баласындай кылып койнуна алып жатып жүрүп, кийин бой жеткенде эр кылып алган экен. Жеңеси Урдөөлөткө эки уул, бир кыз төрөп берет. Кийин Урдөөлөт токолдукка Бүбүнү алып, түтүн булатканда Айганыш (Кукун) аттуу бир кыздуу болушат да, кемпири экөө көпкө чейин балдары токтобой кыйналышат. Ортодон кыйла жылдар өткөндө уулдуу болушуп, атын Токтосун коюшат, андан үч жыл өткөн соң Токтокожо төрөлөт. Мына ушул эки бир тууган тээ чоң атасынан келаткан наркты күтө билишип, ата-салтын бузбай балдарына өткөрүп жаткан кездери.

Урдөөлөттүн династиясы
Токтосун менен Токтокожо аталар бүгүнкү күнгө чейин бир короодо чогуу жашашат. Токтосун атанын байбичеси Анархан апа кайниси Токтокожонун байбичеси Турган апа менен эже-сиңдидей ынтымактуу. Эки абысынды көргөндөр бир туугандар деп ойлошу мүмкүн. Бирок экөө бир тууган эмес, тек гана бир уруунун кыздары. Турган апа кадимкидей Анархан ападан ыйбаа кылып, алдынан кыя өтпөйт. Жолдошу экөө Токтосун ата менен Анархан апаны тимеле Кудайындай эле сыйлашат. Алардын айткандарын эки кылышпайт. Улуулары өз кезегинде кичүүлөрүнө ызаатын көрсөтүп турушат. Илгери төртөө тең иштеп келишип, тапкан акчаларын Урдөөлөт атасына беришчү тура. Ал киши балдарынын тапкандарын боз капчыгына салып, анан ар бирине керектүүсүн сатып берчү экен. Эми деле Токтосун ата кичинекейинде эркерээк өскөндүгүнө байланыштуу кичинекейинен атасынын ачкычтарын кармап көнгөн Токтокожо ата баарынын көйгөйүн чечип, көбүрөөк түйшүктү тартып кыйналаганына карабай агасын сыйлап, көкөлөтүп турат. Бир короодо чоңойгон 20 бала Токтосун ата менен Анархан апаны "ата, апа" дешип, Токтокожо ата менен Турган апаны "байке, жеңе" дешет. Негизи эле, дархандыктар бул үй-бүлөгө өзгөчө урмат-сый менен карашып, сыймыктануу менен кеп кылышат.
Бир караганда Урдөөлөттүн канат-бутагы жайылып, өзүнчө бир династияны элестетет. Тегереги курчалган чоң короонун ичинде бакандай болгон эки үй-бүлө ынтымактуу, ырыс-кешиктүү өмүр кечиришип, балдарын да "сенин балаң, менин балам" деп бөлбөстөн чогуу тарбиялашып, биринин аркасынан бирин окутуп, баардыгын жогорку билимдүү кылышкан. Азыр ар бири өз бүлөлөрү менен ар кайсы жакта үй-жай күтүп, жакшы жашап, иштеп жүрүшөт. Той-топурда чогулушканда баягы куттуу короонун ичи балдардын ызы-чуусуна толуп, ар кимиси өз иштери менен алек болуп, биринин ишине бири кийлигишпей, бирине-бири кыйынсынып, акылдуусунбай, бир маселени чогуу талкуулашып, чогуу чечишет. Баягы "баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн" деген девиз мына ушул Урдөлөттүн династиясына тиешелүүдөй көрүндү. Негизи, үйдөгү ынтымак аял кишиге байланыштуу болот эмеспи. Ошондуктан, биз Анархан апа менен Турган апаны маекке тарттык.
- Анархан апа, айтсаңыз, абысыныңыз Турган апа менен кантип ынтымактуу жашайсыздар? Дегеним, эки аял бир үйгө батпайт дешет го...
- Кайненебиз экөөбүздү ушундай тарбиялады. "Биз ажынын тукуму болобуз, ошол кишилердин кадырына доо кетпесин" деп кулагыбызга куйчу. Ал кезде биз ушунчалык ыйбаа кылар элек. Кайнене-кайнатабыздын бир сөзү биз үчүн закон эле да.
- Кайниңиз Токтокожого Турган апаны өзүңүз алып берген турбайсызбы...
- Турган экөөбүз - бир уруунун кыздарыбыз. Ал мени төркүнсүнтүп, төшүн көтөрүп үйгө келип-кетип турар эле. Анан кайним менен сүйлөштүм. Менин сөзүмдү эки кылбай Турганды жубайлыкка алды. Турган мага жакшы абысын болду. Экөөбүз ушул күнгө чейин ынтымактуубуз. Ушул кезге чейин бизден ийменип турат. Өзү 70тен өткөнүнө карабай бизге жүгүнүп турат.
- Байкасам, экөөңүздөрдүн балдарыңар да жашташ экен...
- Эми ошондой болду. Балдарыбыз бири-бири менен классташ, дос болуп, ынтымактуу болушту. Алардын ынтымагы биздикинен да ашып түшөт. Көз тийбесин деп тиленип келебиз. (Ушул жерден Турган апага да кайрылууга туура келди)
- Турган апа, азыр эки бала бир үйгө батпайт, 20 бала бир короого кантип батты экен?
- Илгери менден да ушул суроону көп сурашчу. Баягы 20 бала бир мезгилде чоңоюп, бир мезгилде өскөн жок да. Улам бири чоңоюп, уядан учуп атты. Албетте, бала деген бала, кээде атаандашат, кээде бир нерсени талашат, андайда биз киришчү эмеспиз. Карасак, бир аздан кийин эле ынтымакташып, ойноп калышчу. Жеңем экөөбүз оокатты бөлүшүп алып жасачубуз. Мен кир жуусам, ал киши үй жыйнап чыкчу. Мен нан жасасам, жеңем тамак жасачу. Азыр эми келиндерди да ушундай тарбияладык. Алар да биздей болуп бири-бирине өйдө карашпайт.
- Абысындык атаандашуу деген болгон жокпу?
- Андайдын бирин көргөн жокпуз. Бирибиз бошобой жатсак, бирибиз балдарды жуунтуп, кирин жууп, курсактарын тойгузуп койчубуз. Анан ачуубуз келгенде да, аны сыртыбызга чыгарбаганга үйрөнгөнбүз. Мен муну кием, мен тигини ичем дебедик. Болгонун кийип, болгонун ичтик. Бардык нерсеге каниет кылып жашадык. Жеңем экөөбүз тең ынтымакты, үйдөгү кутту сактаганга аракет кылып келдик.
- Эмне үчүн силер кичүүсү болуп туруп башка жакка үй салган жоксуңар?
- Абышкам "менин жалгыз эле бир тууганым бар, анын жанынан карыш жылбайм" деди. Мен ага каршы чыкккан жокмун. Ошентип. бир короодо жашап калдык. Азыр төртөөбүз эки-экиден болуп, эгиз козулардай ээрчишип жүрөбүз. Кудайым ушуну кут кылсын.
Сөз соңу
Бул үй-бүлөнү гезит бетине жарнама кылуу үчүн жазган жокмун. Тек гана ата менен бала бир короого батышпай ыркырашкан оор заманда Урдөөлөтовдордун ынтымагы бизге өрнөк болсун деген максатта баян кылдым. Менимче, базар доорунда көпчүлүк асылдыктарды жоготуп бара жаткандай эле ата менен баланын, эне менен кыздын, кайнене менен келиндин, кайната менен күйөө баланын мамилеси бузулуп, ортодогу чек, ортодогу сыйдан айрылып, азаптанып жаткандар айланабызда толтура. Мына ошолорго бул бүлөнүн кол жеткис ынтымагы жетишпей тургансыйт. Дегеле, өлкөбүздүн аймагында бардык үй-бүлөлөр ушундай ынтымакта жашашса, өлкөбүз өнүгүүнү көздөй өр алмак деген ойдомун. Анткени, ар бир үй-бүлө - өзүнчө кичинекей мамлекет. Мамалекет ушундай кичинекей мамлекеттерден куралат. Ал эми чоң ынтымак кичинекей ынтымактан түзүлөт эмеспи.

Айназик РАИМКУЛОВА