Сизге кандай
эркек туура келет?
Эгерде сиз өзүңүзгө кандай мырза туура келерин биле албай жүргөн болсоңуз, анда бул тесттин жардамын колдонуңуз. Ал үчүн төмөнкү үч түстүн ичинен сизге кайсынысы жакса, ошонусун тандаңыз...

1. Жашыл
2. Сыя
3. Ток сары
Эгерде жашылды тандаган болсоңуз…
Табиятыңыздан ачык-айрым сүйлөгөн эркектерди көбүрөөк жактырасыз. Мындай мырзалар да эмнегедир сиздин жаныңызда өздөрүн ишенимдүү сезип, алар үчүн жагымдуу атмосфера түзүлөт. Ошондуктан, жеке жашоолору тууралуу жашырбай айтып берүүнү, кеңешиңизди угууну каалашат. Дал ушундай ачык пикир алышуунун сиз үчүн көп пайдасы бар. Жаныңызда отурган ким жана ал кандай адам? Ага сизден эмне керек? Сиз менен келечекте кандай мамиледе болгусу келет? Мына ушул сыяктуу суроолорго тез эле жооп табууга мүмкүнчүлүгүңүз болот. Дегеле, жашыл түстү тандаганыңыз - жашоодогу стабилдүүлүктү, жетиштүү турмушта жашаганды каалагандыгыңыздын белгиси. Ошондой эле дал ошол стабилдүүлүк менен бардар жашоону түзө алган, келечекте ишенимдүү жөлөк-таяк боло алчу эркек гана сизге ылайыктуу түгөй болоруна ишениңиз.

Сыяны тандаган болсоңуз…
Баарынан мурда сизди эркектеги күч, энергия кызыктырат. Тактап айтканда, мырза сиз үчүн, сиздеги жан дүйнөнүн тынчтыгы үчүн ыңгайлуу шартты түзүп бере алабы, жокпу, дал ушул жагына басымдуу көңүл бурасыз. Анын себеби, өзүңүз да өтө энергиялуусуз. Жаныңыздагы мырзаларды өзгөчө энергияңыз менен "заряддап" тургандыгыңыз менен тартып аласыз. Алар үчүн сиз шайыр, кыймыл-аракеттүү, ачык-айрым сезилесиз жана сиз менен жашоо абдан кызыктуу, ар тараптуу болуп жаткандай туюлат. Ошого карабай мамилеге таксыз жана түз жүрүүнү каалайсыз. Турмушка олуттуу көз карашта карайсыз. Турмушка чыгардан мурда эркектин сырткы келбетине, өң-түсүнө айрыкча маани бересиз. Изилдөөлөргө таянсак, сыя түстү тандагандардын дээрлик бардыгы сулуу мырзаларга турмушка чыгууну жактырышат экен. Андыктан, эгерде жактырган мырзаңыз бул жагынан сыныңыздан өтпөй калса, шашылбай туруңуз. Жакшылап ойлонуп, адамдык сапатына көбүрөөк көңүл бурууга аракеттениңиз. Ага дагы бир мүмкүнчүлүк бериңиз.

Ток сарыны тандасаңыз…
Эркектерди тез эле өзүнө тартып алган, улам бирөөнү сүйүп кала берген айымдардын катарына киресиз. Адамдарды уга жана ойлонуп иш кыла билесиз. Ар нерсени болгонун болгондой кабыл аласыз, туура баа бересиз. Сизди кайсы бир эркек жакшы карап же тийишип койсо эле ал адамга жан дилиңиз менен берилип, жактырып кетишиңиз ыктымал. Мындай сапатыңызга карабай турмушка чыгарда эмоцияга алдырбайсыз, терең ойлонуп иш кыласыз. Ички туюмуңуздун жардамы менен акылдуу, туруктуу, түбөлүктүү жар тапкыңыз келет. Бардык жагынан сизден өйдө турган, бир нерсеге үйрөтүп, кеңеш бере алчу эркек - сиз каалаган эркек. Ошого карабай өзүңүздү акылдуу, көз карандысыз, кыйын сезгендигиңизден улам таанышкандан кийин дароо эле ага ички сезимиңизди билдирүүнү каалабайсыз. Бул сапатыңызды ал да байкабай койбойт. Аныңыз аз келгенсип, суроолоруна какшык менен жооп кайтарып, узун тилдүүлүгүңүздү көрсөтүп коюшуңуз мүмкүн. Дал ошол себептүү, токтоо болууга, аз сүйлөгөнгө далалат кылыңыз. Сезимтал жана назик экендигиңизди көрсөтүңүз.





Сүйүү тууралуу
SМS билдирүүлөр
Эгерде эриндериңди жүрөгүмө тийгизип көрсөң, денемдин эле эмес, сага болгон сүйүүмдүн да даамын татып көрмөксүң…
Жан биргем, жамгыр жааганда сыртка чыгып, алаканыңды жаанга тосчу. Канча тамчы алаканыңа түшсө, сенин мага болгон сүйүүң ошончо. Ал эми менин сага болгон сүйүүм алаканыңа түшпөй жааган жаан тамчыларынын эсебинчелик.
Сүйүү жалбырак болсо, мен сага бүтүндөй бир бакты тартууламакмын. Тамчы болсо, деңизди бермекмин. Саат болсо, түбөлүктүүлүктү арнар элем.
Жашоодо өкүнгөнүм бирөө: сени төрөлгөн саатымдан баштап билбегеним. Андай болгондо бүтүндөй өмүрүмдү сени менен бирге өткөргөн болмокмун.
Бүгүн эртең менен капчыгымды ачсам, ичи бош экен. Анан чөнтөгүмдү аңтарууга кириштим. Натыйжада, анча-мынча тыйын таптым. Капаланып отуруп жүрөгүмдүн ичинен сени көрдүм. Ошондо гана өзүмдүн канчалык бай экенимди түшүндүм!
Кандай гана өкүнүчтүү! Сага асмандан күндү алып белек кыла албайм. Телефондон бир букет гүл жөнөтүп жибере албайм. Бирок СМС аркылуу жүрөгүмдүн жылуулугун, сүйүүмдү билдирүүгө кудуретим жетет.
Эгерде сен жүз жыл жашасаң, мен андан бир жылга азыраак жашагым келет. Анткени, сенсиз бир күн да өмүр сүрүүнү каалабайм. Эгерде сен көпүрөдөн секирсең, аркаңдан секирбейм, көпүрөнүн ылдый жагынан жерге түшүрбөй тосуп алам. Себеби, сени чексиз сүйөм!
Жүрөгүмдөгү жарык өчтү. Жан дүйнөмдө тынчтык жок. Мага эмне болду? Жооп: сени сагынып, куса болуп кеттим.
Бул дүйнөдө эки күн бар: бирөө асманда жаркып тийип турат, экинчиси менин СМСимди окуп жатат.
Сен менин көз жашым болгонуңда эч качан ыйламак эмесмин. Анткени, сени жоготуп алуудан коркмокмун.

Махабат
жөнүндө афоризмдер

Тажрыйбасыз сүйүү айтат: "Сени сүйөм, анткени, мага керексиң". Тажрыйбалуу сүйүү айтат: "Мага керексиң, анткени, сени сүйөм".
"Мен сени сүйөм" деп айтууга бир мүнөт кетет. А сүйүүнү далилдеш үчүн бүтүндөй өмүр керек.
Сүйүүдөгү бакыт - бул каалаганыңа жетүү эмес, сен жеткен нерсеге башкалардын да жеткиси келгени.
Махабат согуш сыяктуу: баштоо оңой, аяктоо кыйын, унутуу мүмкүн эмес…
Сүйүү бул - жарык, бирок караңгылыкты жакшы көрөт.
Сүйгөнүнөн кемчилик издөө бул - аны сүйбөгөндүктүн белгиси.
Сүйүү менен жөтөлдү жашырууга күч жетпейт.
Эркек үчүн да, айым үчүн да жалгыздыктан кутулуунун негизги жолу - сүйүү.
Алгачкы сүйүүдө эркек биринчи айымдын денесине эмес, сезимине кызыгат. Андан кийинки сүйүүлөрдө болсо биринчи сезимине эмес, денесине кызыга баштайт.
Тирүү адамды сүйүп жашаганга караганда өлгөн адамды эскерип жашаган жеңилирээк.
Сүйүү өзүнүн аркасынан түшкөндөрдөн качат, ал эми качкандарга жабышат.
Акылсыз айым акылдуу эркек менен жашап кете алат, акылсыз эркек менен акылдуу аял гана жашай алат.
Сүйүү менен азыктануу туура эмес, сүйүүнү азыктандырыш керек.
Эгерде түгөйүңдү абдан сүйбөсөң, демек, ага болгон сүйүүң жетишсиз.
Сүйүүдөгү трагедия - кайдыгерлик.
Жан дүйнөнүн эркиндигин сезбеген сүйүү акырындык менен жек көрүүгө айланып кетет.
Сүйүү бул - башка бирөөнүн бактысынан өз бактысын табуу.
Намыс "кыйкырып" турган кезде сүйүү унчукпайт.
Эки жан дүйнө сүйүшкөндөрдүн эриндеринен гана жолугушат.
Сен корккон жана сенден корккон адамды сүйө албайсың.
Бирөөнү сүйүп калардан мурда кечире билүүгө үйрөнүп алуу зарыл.
Сүйүү тууралуу акылдуусунуп сүйлөгөн адам чындап сүйө албайт.
Эгерде сүйгөнүңө эч нерсе бере албасаң, өзүңдү күнөөлөбө. Берүүгө мүмкүнчүлүгүң бар туруп бербесең, анда күнөөлө.
Ажырашуу шамал өңдүү: алсыз сүйүүнү өчүрөт, күчтүү сүйүүнү, тескерисинче, жалындатат.

Аскербек кызы Саада