Жол боюндагы
балалуу кайырчылар
Акыркы күндөрү шаар ичинде ары-бери жүргөндө борбордук көчөлөрдүн ортосунда туруп алышып, светофорго токтогон машиналардан кайыр сураган балалуу кайырчыларды көп кезиктирчү болдум. Тигине, кош таяк таянган майып күйөөсү менен төрт жаштар чамасындагы кичинекей уулун жетелеген орто жаштагы аял көчө бойлоп ар бир токтогон машинанын алдына бой таштап жиберчүдөй чуркап барып, берген акчага ыраазылык билдире баш ийкегилейт. Акчасын шаша жолдошунун колуна карматып, кайра машиналарга үмүттүү тигилет. Акча алганда басканы жанданып, сырткы кебетеси кубанып кеткендей көрүнгөнү менен көздөрү санаалуу, муңдуу, кадамы оор...


Гүлжамал эже:
"Милийсаңдын деле кайырчыдан айырмасы жок тура"
Мен жакындап барганда эже чочулай уулун артына калкалап, эки жагын элеңдеп карап алды.
- Саламатсызбы, эже?- Эже менин саламыма алик алган болгон менен негедир уулун бекем кармап коё бербей кайра артына жашырып, көздөрү коркуп турду.
- Мен сизге колдон келген жардамымды берсем дейм, эже, эмнеге чочулап жатасыз?
- Сен кимсиң, милийса эмессиңби?
- Жок, мен журналистмин, коркпоңуз.
Биздин маек ушинтип башталды.
- Атыңыз ким?
- Атым Гүлжамал.
- Каерден келдиңиз?
- Караколдон келдим.
- Буга чейин эмне жумуш кылдыңыз эле?
- Мурда биржада иштедим, пол жуудум. Айтор, балдарды багуу үчүн колдон келген жумуштун баарын кылдым.
- Канча балаңыз бар?
- Жети балам бар. Улууларынын баары өз тиричилиги менен алек. Улуу баламдын эки баласы бар, ошолордун айласын араң таап багып атат, бизге кайдан жардам бере алсын. Өзү үйү жок, ижарада жашайт. Мандикер болуп иштеп, үй-бүлөсүн багып жатат. Балдарымдын эч бирин окута албадым. Бир кызым турмушта, экөө жаш, кафеде иштешет. Бул кичүүм, жакында төрткө чыгат.
- Жолдошуңуз эмне жумуш кылат?
- Курулушта иштечү. Былтыр февралда иштеп жаткан жеринде тамдын үстүнөн кулап, буту сынган. Ооруканага жатып чыкты, бирок доктурлар сураган акчаны бере албай, айткан дарыларын да сатып алганга акча жок, жакшы айыкпады. Азыр акчаң жок болсо эч ким эмес экенсиң. Адамдар эмес, акчасы жокту оору да басмырлап калган кез экен, айланайын. Азыр жолдошум жан багуу айласында бутун сүйрөп, биз менен көчөгө чыгып кайыр сурап жүрөт.
- Бул жерден бир күндө канча табасыз?
- Ар кандай. 400-500, жакшы болуп калса 800-1000 сомго чейин табабыз.
- Кан жолдун ортосунда турасыз, милициялар кубалашпайбы?
- Кубалашат. Өткөндө бир аял милийса келип алып: "Кыргызды уят кылып эмнеге турасыз? Баланы бага албасаңыз, балдар үйүнө бериңиз",- деп урушту эле, "чын эле кыргыз аялдарын уят кылдым го, ка-ап, жаш болсом кандай жумуш болсо да кылмакмын, азыр минтип айла жоктон, күч-кубатым кетип ушул жерге чыгып атпаймынбы" деп абдан актанып кечирим сурасам, машинасына салып тээ Дордой жакка алып барды да, 500 сомумду алып, өзүмдү маршруткага салып жөнөтүп жиберди. Өздөрү кайыр сураган бизден акча алгандан уялышпайбы. Биз кайыр сурасак мээнет кылып жатабыз. Күнү бою таманыбыздан сыз өтүп, суукта турабыз. Ошондон бери "керек болсо бизден акча алган милийсаң деле кайырчыдан айырмасы жок тура" деп уялбай калдым. Бая күнү да ошол милийса аял мени көрүп троллейбустан түшө калып, "эже, чыкпайм дебедиңиз беле" деп баламды талашып атпайбы. Жиним келип: "Сага бере турган акчам жок. Баламдын балакетин ал! Жогол ары!"- деп түртүп салып, ошол учурда келип калган троллейбуска түшүп качып кеттим.
- Бул жерге чыкканыңызга канча болду?
- Бир жылдан ашып калды. Караколдо жумуш жок, анан бул жакка келгенбиз. Ылайык жумуш жок, идиш жууп, пол жууюн десем мурдагыдай болбой, колдорум шишип, кан басымым көтөрүлүп кыйналдым. Ошондо айла жок жол боюна кайыр сурап чыктым. Биринчи чыкканда абдан уялып жүрдүм, бирок куу турмуш көндүрбөгөн нерсе жок экен. Милийсалар келатканда эле качам. Кээде байкабай калсам, балам "апа, милийсалар" деп этегимен тарткылап жиберет. Балдар үйүндө ансыз деле бала толтура, андан көрө бизге жумуш орун таап беришпейби. Илгеркидей завод-фабрика эле иштеп турса эмне, минтип кор болбойт элек. Кайыр сураганда өзүңдү адам катары сезбей басына берет экенсиң. Балам ачка калбасын деп эле айласыз чыгам. Азыр баары кымбат болуп кетти. Буюрса, балам быйыл мектепке барат, ушул үчүн баарына макул болуп иштеп жүрөм. Баламды окутуп адам кылсам, биз көргөн күндү көрбөсө. Ушинтип жүрсөк, ким билет, ден соолук канчага жетет.
- Дайыма ушул жерде турасызбы?
- Жума күндөрү мечитке барам, башка убакта ушул жерде эле турам.
- Каерде жашайсыз?
- "Восток-5те" 1800 сом төлөп ижарада турам. Үй да суук.
- Уулуңуз кичине го...
- Бул балам экинчи турмушумдан. Биринчи жолдошум да курулушчу болуп иштечү. Бир күнү эле жумушка кеткен бойдон кайра келген жок. Абдан жоош, ичкиликти оозуна албаган, ким кайда жумшаса баш тартпаган момун, иштерман неме болчу. Жоош немени казактарга кулдукка сатып жиберишти го деп ойлоп калам кээде.
- Издеген жоксузбу?
- Чынында, издей алган жокмун. Алты бала жаш, таяна турган белдүү тууганыбыз жок. Аны сураштырганга да акча керек эле. Кээде балдарым кайыр сурап, мен болсом эрте кетип кеч келип, биржада иштеп, көкүрөк көтөрүп издей турган адам болбоду. Арадан жыл өтүп, келбейт го деп калдык. Биржада иштеп жүрүп бул жолдошум менен таанышып, баш коштук. Мына, кырк сегизге чыктым. Өмүр өтө берет экен, жаштык жалаң мээнет, жокчулук менен өттү. Эми деле жыргап кетериме ишенбейм.



Чолпон:
"Жолума акча таап алсам эле айылга кетем"
Чүй менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде бир баласын көтөрүп, бирин жетелеп жүргөн кыргыз келин мен жакындаганда эле: "Эмне сүрөткө тартып жатасың? Минтип жүргөнүбүз силерге окшогондорго тамаша болсо, бизге жашоо үчүн күрөш",- деп урушуп кетти. Көздөрү күнөөсүз жайнаган баласына акча кармата койсом, "ал акчаңды, кереги жок" десе бала бир апасын, бир мени карап жалдырайт. "Алагой, ала бер" деп батинкесинин чечилген боосун байладым. Бутунда эски, таманы жука батинке. "Сыз өттү го" деп ичим сыйрыла түштү. Качан мен акчаны албасыма көзү жеткенде бала акчаны апасына сунду. Карасам келиндин көзүндө жаш кылгырып туруптур. Ал мага "рахмат" деди да, сөзгө келип буларды айтып берди.
- Каерден келдиңиз?
- Жалал-Абаддан жолдошум экөөбүз иштегени келгенбиз. Кичүү балам төрөлгөнчө тигүүчүлүктө иштедим, кийин чыга албай калдым. Жолдошум ичип туруп алды. Өткөндө ичип тажатканынан урушсам, айылга бизди таштап кетип калды. Мына, айла жок минтип кайыр сурап жатам. Жол киреге иштеп алсам эле кетем.
- Канча жаштасыз?
- Отуз жаштамын.
- Күнүнө канча табасыз?
- Ар кандай. Бири берсе, бири "балаңды жолдон ал" деп урушат. Өткөндө байкабай калып, балам жолго чыгып кетиптир. Бир оокумда эле бир айдоочу түшүп баламды чаап жиберчүдөй болуп кол көтөрүп сөгүп салды. Уруп жибереби деп коркуп кеттим эле, "балаңды карап турбайсыңбы, же үйгө таштап чыкпайсыңбы" деп кетип калды. Үйгө таштаар бирөө болсо ушинтип көчө бойлоп суукта жүрөт белек?
Келин андан ары сүйлөбөй койду. Сүйлөгөндө эмнени айтмак эле. Баары көрүнүп турбайбы.





Жибек Жолу менен Совет көчөсүнүн кесилишинде турган бул татынакай кыз атын айтпай койду.
- Канча жаштасың?
- Тогузунчу класста окуйм.
- Бала кимдики?
- Эжемдин баласы.
- Эжең кайда?
- Үйдө, мындан да кичүү үч айлык баласы бар.
- Эжеңдин канча баласы бар?
- Төрт баласы бар. Жездем жакында өтүп кетти. Балдарынын баары кичине. Мен ушинтип жардам берем.
- Бөбөгүң ыйлабайбы?
- Ыйлабайт, уктап кайра туруп жүрө берет.
Бала негедир былк этпей уктап атты. "Дары берип койгонбу, же.." Оюма жаман ой келип баланы кармасам, колдору үшүп калган менен бети жылуу.
- Мектепке барбайсыңбы?
- Каникулдамын.
- Азыр каникул эмес го...
- Мен медреседе окуйм.
- Бул жерге кантип келип калдың?
- Зарина деген келин айтып чыкканбыз. Ал да ушул жерде турчу, азыр балдарын милициялар алып коюп чыкпай калды.
- Эмнеге алып койду?
- Ал кыйналганда чыдабай ичип алчу.
Кызды бир жарым сааттай акмаладым, бала ыйлаган да, ойгонгон да жок. Суукка чыдабай кетип калып кайра келсем, бала ойгонуп, колдорун сермеп ойноп жүрүптүр. "Ойгонгон тура" деп кубанып кеттим. Бүгүн күн ыйлагансып кызарып, ачуулуулангансып заар суук болуп, адамзаттын татаал жашоосунан, түмөн түйшүгүнөн чарчап батты.

Айжаркын Эргешова