Шахра Талипова:
" Элеттен чыккан Эл артистимин"
Керемет ырларды созгон, көздөрү күлмүңдөп турган, дайыма оптимисттик маанайда жүргөн Шахра эжени Жалал-Абаддан борборго келгиче чыдамсыздык менен күттүк. Эже да айткан сөзүнө туруп, келер замат телефон шыңгыратты. Эже менен кезиккен керемет кечтеги маекти сунуштайбыз.
- Шахра эже, куш келипсиз! Бишкекке бат-баттан эле келип турасызбы?
- Балдарымдын баары борбордо турушкандыктан, тез-тезден каттап турам. Неберелерим "сагындык, келиңиз" дешет. Ушул сөздү укпай зорго турган жаным дароо жөнөйм.
- Сиздин жолуңузду жолдогон Гүлзат кызыңызды билебиз. Берки балдарыңыз эмне менен алектенишет?
- Гүлзат кичине кезинде үйдөн чыкпаган кыз болчу. Өзүм, тескерисинче, балдарым менен бала болуп, алар менен коньки тээп, дөңдөн ылдый муз тээп, хоккей ойноп эле жүрө берчүмүн, мен деле а кезде жаш экенмин, көрсө. Гүлзат бизге айтпай-дебей эле үйдө отуруп алып комуз үйрөнчү экен. Бир күнү мектептеги бир кечесине барсам, "Гүлзат Батырканова комуздун коштоосунда ырдайт" десе таң калып коём. Ошентип, өзү менен өзү болуп жүрүп ырчы болуп алды. Кыялына карап сот же прокурор болот деп ойлогом. Бирок ошого жакындап баары бир аскер адамына турмушка чыгып, өзү да Коргоо Министрлигинин оркестринде ырдайт. Эми жаман ырчы болгон жок, аздыр-көптүр элге тааныла алды. Улуу уулум Марат да чыгармачыл адам, ырларга аранжировка жасайт. Марат Алыбаев деген ыраматылык таланттуу музыкант 8-классынан бери ээрчитип жүрүп, көп нерсени үйрөттү. Кичүү кызым Кыял мага окшоп турмушка эрте чыгып, төрт бала төрөп, тарбиялады. Учурда Коргоо Министрлигинде бухгалтер болуп иштейт. Эми кичинекейимдеги кыялымды орундатам деп ырдоого камынып жүрөт. Кыялымдын талантын байкап, мен да "жок" дебей чыгармачылыгына жардам берейин деп жатам. Мурат уулум болсо чыгармачылыктан алыс эле кызматта иштейт. Кудайга шүгүр, төрт балам тең үйлүү-жайлуу. Эки күйөө балам төбөсү көрүнгөн кызматтарда иштешет. Келиндерим "апалап" сыйлап турушат. Өзүм аларга кайнене эмес, курдаштай мамиле кылам. Күйөө балдарыма да ошондоймун. "Суусадыңарбы, жүргүлө, пиво, шашлык алып берейин" деп жөнөп калабыз. Чогуу отуруп алып ырдайбыз.
- Ошондо бир үй-бүлөдө үч ырчы болуп калат турбайбы.
- Буюрса. Жакын аралыкта эки кызым менен чогуу чоң программадагы концерт берели деген пландарыбыз бар. Башкысы, эл-журтта тынччылык эле болуп турса.
- Өзүңүз кантип ырчы болуп калганыңызды айтып бериңизчи.
- 2-3-класс окуган курагым. Айылда ал убакта телевизор, радио деген анда-санда үйдө болгону менен артисттер айылдарды көп кыдырышчу. Элдер тоонун кырына кырка отуруп алып ырларын угушчу. Мен да жандуу ырдаган, суйкайган ырчыларды көрүп, ошондо эле ырчы болом деп чечип койгом. Сумкамды көтөрүп алып эле окуудан ары кетип калчумун. Атам жылкычы болчу, эл арасына келип, "Шахразада деген кыз барбы?" деп эле издеп жүрчү. Ошентип, 5-класстан баштап ар кандай областтык, республикалык кароо-сынактарга катышып жүрдүм. Жалгыз кыз болгондуктанбы, ата-энем оюма коюшуп, ырдаба деп тыйышкан жок. Токтогул райондук элдик театры кичинекей мени да чөпчүлөргө, пахтачыларга концерт койгону сабактан бошоттуруп, ээрчитип алышар эле. Союз учурунда муну "агитпоюз" деп койчубуз .
- Ошентип, мектепти бүттүңүз. Анан...
- Мектепти бүткөндө Искусство институтуна тапшырып өтпөй калып, Кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө өтүп, айылга барганымда ала качып кетти. Апамдар "кудалап койгон жерди чандың эле, эми отурбасаң болбос" дешип, отуруп калдым. Бир жашка толгонумда ата-энем мени аяшынын бир уулуна кудалап, алар мага сөйкө салышкан экен. Эс тартканда ал мага жаккан жок, экөөбүз бир класста окуйбуз, чабышып-согушуп кетебиз. Анан бир күнү атама "ал балаңарга тийбейм!" деп чыр салып, ата-энем берки баланын ата-энеси менен кой союшуп, батаны бузушкан эле да. Ал бала Съезд деген жакшынакай классташ кызымды алып, кайра эле мага аяш болуп калды (күлүп).
Ошентип, тапшырган окуума кайрадан барганым жок. Бирок көөдөндөгү талант, шык менен кайра эле өзүм көнгөн Токтогул элдик театрда иштеп, элим эгемендүүлүк алган соң 1994-жылы Жалал-Абадга филармония ачылып, ал жакка чакырышып, ошол жакта иштеп калдым. Университет, институт дегенди билбей айылда жашап, иштеп жүрүп, "Эл артисттигине" чейин жеттим. Чынын айтканда, элеттен чыккан "Эл артисти" мен болом, айланайын.
- Жолдошуңуз да чыгармачылыгыңызга эркиндик берген экен да...
- Ал да чыгармачыл инсан. Токтогулдагы театрда бирге иштедик, аккордеон тартчу. Бирок тагдыр экен, экөөбүздүн бирге жашабай калганыбызга көп болду. 1985-жылы ажырашканбыз. Азыр өзүм жалгыз жашайм. Анын өзүнүн жашоосу бар, бала-чакасы бар дегендей. Кантсе да балдарымдын атасы, убагында жакшы күндөрүбүз өткөн. Эми азыр мындай-андай деп жамандап айтпайм. Улгайып баратканда "минткен, тигинткен" деген сөздүн да кереги жок дечи, бирок күйөөнүн тилин алат деген ушул деп жүрө берген окшойм, ал кеткени, тескерисинче, менин чыгармачылыгым өстү, чыйрала да баштадым окшойт.
- Ошондо сизди таштап кеткен болобу, же...
- Чынын айтканда, ошондой болду. Эркектин көзүнө "төрт-беш баланы багам" деп саксайып-суксайып отура бербей жакшынакай кийинип, жасанып, өзүңдү-өзүң карап жүрүш керек экен. Болбосо нары жактан татынакай бирөө көрүнүп калса кетип калат экен да. Меники ушундай болду.
- Азыр өкүнөт чыгар. Балдары менен катышып турабы?
- Азыр өкүнөт деп ар кимден угуп калам. Балдарымдын башы көрүнгөн адам болгонун, күйөө бала-келиндерим жөнүндө угат-көрөт дегендей. Балдарым көргөн жерден кайдыгер учурашып гана коюшканы болбосо ата-бала катары жакындыктары жок. Анткени, атадай болуп балдарын убагында караган эмес. Балдарымды өзүм багып чоңойттум, окуттум. Ошентсе да жалгыз кишинин колунан эчтеке келбеси белгилүү эмеспи. Мени элим колдоду. Токтогул театры белекке үй берди. Жалал-Абаддан да бир бөлмөлүү квартира беришип, кийин аны чоңойтуп беришти. Азыр ошол квартирамда жашайм. Токтогул району мурун Талас облусуна карачу. Таластык жердештериме да рахмат, мени "СССР маданиятынын отличниги" деген алгачкы наамга көрсөтүшкөн. Аным ак жолтой болуп, "Эл артисттигине" чейин көтөрүлдүм.
- Сизди Шахра Талипова кылып бийиктикке жеткирген кайсы ырыңыз болду?
- Мектепте жүргөндө Калыйбек Тагаевдин ырларын көп ырдачумун. Дүйшөналиевдин "Булактагы кездешүүсүн" ырдаганымда эл кайта-кайта суранып калчу. Ал эми "Эмгек сиңирген артисттикти" Табылды Актановдун "Ойлодуң бекен" деген ыры алып берсе, "Эл артисттигин" "Сүйүүнүн күчү керемет" деген ыры алып берди. Ырларымдын аркасынан күйөрмандарды таап, жыйынтыгында, менин атымдан ырымдап койгон Шахралар көбөйдү. Концерттерде "сиздин атыңыздан кызыбыздын атын Шахра койгонбуз" деген кат, открыткаларды көп алам. Айрымдары менен катташып да алгам. Ушуга сүйүнөм, дагы Шахралар көбөйө берсе экен деп тилейм.
- А сиздин ысымыңызды Шахра деп ким койгон?
- Менин алдымда үч эркек төрөлүп, бирок көп өтпөй эле чарчап кала беришкен экен. Апам мени мазардан-мазарды кыдырып жүрүп төрөгөн экен. Атам жайлоого жүгөрүнүн экинчи чабыгына кеткенде апам толгоо тартып калат. Атамдын иниси анын төөканага кирип төрөгөнүн билет да, апамдын чоң кайненесине барып: "Жеңем төрөдү. Кимди төрөдү, билбейм, иши кылып үнү ачуу экен",- деп чакырып келген тура. Ошол жерден агам апамдын киндигин кесип, "Миң бир түн" деген чыгармадагы ханга жомок айтып отуруп аман калган жомокчу Шахрезададай болуп "Кудайдан тилеген кызыбыз да аман калсын" деп ырымдап коюптур. Бирок кыскартып айтып атышып Шахра эле болуп калдым. Паспортума да Шахра деп гана жазылган. Андан кийин бир инилүү болдум. Бирок ал да үйлөнүп-жайланып калган убакта каза болуп калды. Бир тууган менен баланын өлүмүн башка салбасын. Менин тун кызым чарчап калган. Ал да кичинекей болуп алып укмуш ырдачу. Тогуз жашка келгенде "башым" деп эле калды. Врачтарга алып барсак да диагнозу табылган жок. Каза болгондо элдер "көз тийди" деп айтышты.
- Шахра эже, сиздин күлүп турган көздөрүңүзгө арбалган эркектер көп эле болсо керек. Эмне үчүн экинчи жолу турмушка чыкканды ойлонгон жоксуз?
- "Көзүң өзүң ырдагандай керемет да" деп эркектер эмес аялдар да комплимент айтып калышат. Мен "көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү, көрүнбөгөн сезим бар сезимдеги..." деп бекеринен ырдабайм, кереметтин баары көздө болот" деп тамашалап калам. А чындыгында, төрт бала менен турмушту кайра баштоону каяктан ойлоносуң?! Төрт бала менен мени бирөө алабы? 17 жашымда турмушка чыгып, 22 жашка чейин удаа төрөгөм. Өзүм жалгыз кыз болгонум үчүнбү, апам төрө десе эле төрөй бериптирмин. Андан кийин "балдарды окутуш керек, уул үйлөш керек, келин алыш керек, куда-сөөктү элден кем кылбай тосуш керек" деп жүрүп ушул жашка келип калганымды билбей калыптырмын.
- Канчага келдиңиз?
- Чоңоюп калдым, айтпай эле коёюнчу. Балким, дагы бирөө жарым колумду сурап калса... (тамашалап). Башкысы, жүрөк жаш.
- Башка ырчылардай тойлорго да барып ырдайсызбы? Атайын ставкаңыз барбы?
- Мурда тойдо ырдагандан уялчу элек, азыр бири-бирибизден "той барбы?" деп сурап калабыз. Элиңде той болуп турганы жакшы. Элиң бай болсо, мамлекетиң тынч болсо эле артисттердин турмушу да гүлдөй берет эмеспи. Биз деген элдин кишисибиз, анан сыйлап турган элиме "мынча сом берсеңер ырдап берем" деп айтканым уят. Тойлорго ставкасы жок эле барам. Той ээлери өздөрү билип жакшынакай узатып коюшат.
- Үнүңүзгө кандай кам көрөсүз?
- Күндө ырдайм, ырдабай койсоң үн деле жанагы машиненин аккумулятору отуруп калгандай отуруп калат. Кудайга шүгүр, үнүм мурдагыдай эле. Керек болсо андан жакшы, анткени, фольклор деген үндү таптайт экен.
- Зуулдатып машине айдап жүргөнүңүзгө канча болду?
- Гүлзат кызым "апам комузду тың үйрөнө албай, машине үйрөнүп алганын кантесиң" деп калат. Комуз чертсем эле үнүм менен комуздун добушу эки башка кетип калат. А машинени болсо 12 жылдан бери айдайм. Өзүм оңдогонду билбейм, бирок каягы бузулду, эмнесинен кетти, бүт билем. Жалал-Абаддан борборго чейин өзүм айдап келе берем. Машине деген да адамды алаксыткан жакшы нерсе экен.

Эдина Жумагулова