ДАРХАН:
"Жүрөгүм күткөн
жанды көрсөм тааныйм"
Кыздар болочок түгөйүн кыялында самап, ой-чабыты жараткан образды сүйүп, турмушта ага кезигүүнү тилейт. Ошондой тилектерге татыктуу жигиттерден уучубуз куру эмес. "Кыз кыялындагы мырза" рубрикасы аркылуу кыздар кыргыз коомчулугуна таанылган, өз чөйрөсүндө ийгилик жаратып, оозго алынган жигиттер туурасында билип, алардын көз карашы, пикирлери менен таанышып турушмакчы. Рубриканын алгачкы мейманы - рок багытындагы ырчы, ал эми азыркы тапта актёрлук чеберчилигин да сыноо аракетиндеги ДАРХАН. Бул жигитти кыргыз Гу Чжун Пёсу деп да атайт окшоп калдык, анткени, "Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?" деген тасмада Дархан башкы ролду ойномокчу. Бирок белгилүү корей сериалынын баш каарманын жактырбаган ырчы өзүнө мындай жарлыктын тагылышын каалабайт:


- Сахнада да өз жолумду табуу аракетинде келем. Андыктан, кимдир бирөөнү туурап же окшошууну туура көрбөйм. Анын үстүнө, корей сериалындагы ал образ көңүлүмө жага бербейт. Ал каарман ээлик кылган романтика турмушта менде жок. Буюрса, ушул жылы тартылчу аталган тасмада образым дал ошол сериалдагыдай эмес. Каарманым да музыкант.
- Эч кынтыксыз жубай сенин пикириңде кандай болушу кажет?
- Акылдуу, билимге умтулган, заманбап, бирок кыргыздын салтын билип, сыйлаган, үй-бүлө кутун сактаган, өзүнө кам көрө билген, табити жакшы, ар дайым түгөйүн өзгөчө идеялары менен таң калтырып турган мээримдүү эне, жароокер жарды кынтыксыз деп атаар элем.
- Көз түшкөн же көңүл жактырган да бирөө-жарым жокпу?
- Азырынча жүрөгүмдүн ээси жок. Турмуштук принциптериме туура келген жанды кезиктире элекмин.
- Кыргыздын азыркы жаш кыздарына кандай мүнөздөмө берет элең?
- Замандын илебиби, айтор, азыркы тапта кыргыз кыздарынын басымдуу бөлүгү (өзүмдөн кичүү кыздардын мисалында) батышты туурайт. Батыш таңуулаган "баалуулуктар" менен жашап, ой-сезиминде тереңдик жок. Алар кыргыз салтын кабылдагысы да жок.
- Түнкү клубдардан калбай жүргөн кыздар боюнча кандай ойдосуң?
- Жеке өзүм түнкү клубдарга барганды жактырбайм. Андай жайлардагы атмосфера, чылым түтүнү каптаган, ичкилик ичилген жерге кыздардын барышын да туура эмес көрөм.
- Азыркы кыздардын басымдуу бөлүгүн терс мүнөздөсөң, анда кыялыңдагы адамды кайдан табасың?
- Ал адамды бир көргөндө эле тааныйм деп ишенем. Жакшы кыздар да аз эмес.
- Шаардык кыздарды жактырасыңбы же айылдыктардыбы?
- Шаарга караганда айылда жөнөкөйлүк жана ыйман бар. Айылдык кыздар салтты да бекем карманышат. Бирок кайда төрөлүп, кайда өскөнүнөн да адамдык сапаттары мен үчүн бийик.
- Салт демекчи, аны өзүң канчалык деңгээлде карманасың?
- Айылда салт катуу. Андыктан, кичинемден көрүп-билдим. Бирок баарын толук билем дегенден алысмын. Андай күндө да кыргыз салтын терең сыйлайм.
- Маселен, кой союп, устуканды же колго суу куйганды билесиңби?
- Кой сойгонду мурда чынында билбейт элем, студент болгону үйрөндүм. Устукандоону дагы үйрөнүшүм керек. Кичинемде башкалардан талашып, колго суу куюп чыкчумун. Анткени, бул жөрөлгө менен канча элдин батасын аласың.
- Батанын маанисин түшүнөсүңбү?
- Албетте, ошондуктан, улуулардан, элден бата алып калайын деп ашыгабыз. Анткени, батанын күчү бар.
- Тууганчылыкка кандайсың?
- Ашыккан тууганчылыгым деле жок. Ата-энем Россияда турат. Бирок өзүм айылга барганда туугандардан кабар алып, жамандык-жакшылыкка сөзсүз катышам.

ДАРХАН - ырчынын сахна ысымы. 1988-жылы Талас жергесинде төрөлүп, бирок балалыгы Кара-Балтада өткөн. Ал шаардагы Сосновка мектебин бүтүрүп, азыркы тапта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин Экономика факультетинде менеджмент адистиги боюнча билим алууда.
Кичинесинен музыкага жакын. Алгачкы ирет ыр саптарын 2-классында жазчу. Кыргыз рок багытын өөрчүтүп-өнүктүрүүнү самайт.
3 бир туугандын улуусу, эки карындашы бар. Азырынча үй-бүлө отун тутантууну пландаштыра элек. Элдин керегине жарап калган убакта, 30 жашка чыкканда гана үйлөнүү керек деп ойлойт.
Зодиак белгиси - эгиздер
Сүрөт тартууну жактырат
Хоббиси - гитара түрүн чогултуу, ушу, волейбол
Фобиясы - чагылган
Жактырган актрисасы - Мишель Йео
Жактырган ырчы айымы - Ева Анессен
Айымдар туурасындагы жактырган учкул сөзү - "Ар бир айым өзүнчө сулуулукка ээ"