Айтылбаган
арман
Кеч кирип калган убак. Айлана кулак-мурун кескендей жымжырт. Мындай тынчтыкты жан кейиткен ый гана бузуп турду. Көөдөндү жарып чыккан бул ыйда жан адамга айта алгыс арман менен жүрөккө толгон бук бар эле. Өкүнүчтүүсү - мына ошону билген эч кимдин жоктугу. Ушул күнгө чейин жан адамга сырын айтпай жашырып, тымызын сыздап келген Ширин бүгүн да болгон күчүн көз жаштан чыгарып отурат. Кызды капыстан чыккан үн чочутуп жиберди.
- Эмне отурасың бул жерде? Бас үйгө!
Оозунан арактын жыты буркураган өгөй атасы Касым жетип келип ийинден тартканда Шириндин бүткөн бою калтырап кетти.
- Тарт колуңду! Эмне, кумарың канбай калдыбы?- ый аралаш жекире cүйлөдү кыз.
- Канбай калды. Жүрү, дагы бир жолу ырахатка батырып койчу,- ыржалаңдап күлө сүйлөдү өгөй ата.
- Жайыма кой мени! Кет!
Көзүнүн жашын жамгырдай төккөн кыздын жүзүн көргөндө Касым эмнегедир боору ооругандай саал ойлоно токтой калды да, саамдан кийин:
- Өзүңдөн көр. Бир да жолу төшөктө оюм менен болгон жоксуң. Дайыма каршылык кыласың да турасың. Айтканымды укпайсың. А сен мени угушуң керек. Анткени, өгөй да болсом атаңмын,- деди бурк эте.
Ушул жерден Шириндин күйбөгөн жери күл болуп кетти. "Атаңмын деп коёт. "Ата" деген сөздөн айлангыр! Эч болбосо адамдык сапатың бар болсочу. Айбандан айырмаң жок. Апам байкуш кайсы каргашалуу күнү сага жолукту экен?! Сендей наадандарды Кудай да албайт окшойт". Ушинтип сыздады ичинен кыз.
- Зордуктаганыңды качан коёсуң? Таза элем, кыздык абийириме кол салдың. Аябадың. Жаштыгыма, көз жашыма да карагың келбеди. Убалымды ойлободуң. Ушуга чейин бул ишти апама айтпай жашырып келдим. Бирок коркконумдан улам эмес, апамды аяганымдан улам. Мындан ары чыдабайм. Бүгүн апама баарын айтам. Уктуңбу?- деди Ширин көз жашын төгө буркурап жатып.
- Айтпайсың!
- Айтам!
- Эгер айтчу болсоң таарынба! Анда апаң экөөңдү тең өлтүрүп коём. Буга ишенип кой.
- Айбан! Акмак!
Касым кыздын андан аркы сөздөрүн угуп-укпай теңселе басып үйдү көздөй жөнөдү.
***
Касым экөө бир кезде бирин-бири жактырып, арзышып баш кошушса да, Тумар жаңылып калганын кеч түшүнгөн эле. Жаңы таанышканда адамгерчиликтүү, жакшы адам сыяктанып көрүнгөн Касым Тумарды өз сүйүүсү менен тартып алган болчу. Анын ошондогу таттуу сөздөрүнө, берген убадаларына ишенбеди беле курган жаны. Баарынан өкүнүчтүүсү, үйлөнгөндөн кийин экөөнүн бактылуу жашоосу көпкө узаган жок. Алгач аз-аздан гана ичип коюп жүргөн Касым бара-бара ичкиликке баш-оту менен берилип, бөтөлкөнүн түбүнө түштү. Анын кесепетинен иштеген жумушун да таштап, бекерпозго айланды. Ошентип, баягы ысык сезимден эч нерсе калбай, тескерисинче, тез эле жубайлардын ыркы кетти.
Ушулардын баарын ойлоп, санаага берилген Тумар бул күнү кечинде жумушунан шашыла чыгып үйүнө бет алды. Келсе Касым уктап жаткан экен. "Үйдүн ичи арак жыттанат. Дагы ичип келген го!"- ачууланып алды өзүнчө. Аңгыча сырттан кызы кирип келди.
- Келдиңизби, апа?
- Ооба, келдим. Бүгүн жумуштан демейдегиден кеч чыгууга туура келип калды. Анын үстүнө…
Сөзүнүн аягына чыга электе Тумар Ширинге тигиле карап токтой калды.
- Мени карачы! Сага эмне болгон?- деди анан чочуй.
- Эч нерсе.
- Калп айтпа. Дагы ыйлагансың го. Көздөрүң кызарып, шишип калган турбайбы.
Ширин саамга үндөгөн жок. Оюнда апасына ичиндеги болгон арыз-арманын айтып, сырын бөлүшкүсү келди. Ушуга чейин айтпай жашырып келген кайгы-муңун ачыкка чыгарууну каалады. Апасынын көкүрөгүнө башын жөлөп, буркурап ыйлап алса кана, аттиң! Анда эле жан дүйнөсү жеңилдей түшпөйт беле. Бирок ошого эрки жетпеди. Айтайын деп баратып туттуга тилин тиштей туруп калды кыз. Канчалык өзүн-өзүн кармаса да, көзүнүн чанагына мелт-калт жаш толуп, жүзүнөн ылдый куюлуп кетти. Муну көргөн бечара эненин жүрөгү кандайдыр бир жамандыкты сезип, чебелене түштү:
- Мен көптөн бери сезип жүрөм, кызым. Менден жашырган кандайдыр бир сырың бар. Эмне үчүн айтпайсың мага? Энең менен сырдашпаганда ким менен сырдашасың?
Эрээркеп кеттиби, айтор, унчукпай турган Ширин апасын кучактай буркурап жиберди. Анан Тумарга көз жүгүрттү. Анын да көздөрү жашылдана түшүптүр. "Байкушум десе. Тигил бекерпозду, анан мени багам деп жалгыз иштеп жүрүп кыйналып бүттүң. Жашоодон эч жакшылык көргөн жоксуң. Канча жылдан бери жаман эриңдин азабын тартып келатасың. Деги ушуга эмнеге турмушка чыктың экен? Карачы, жүзүңө эрте эле бырыш түштү. Ден соолугуң да жайында эмес. Эгерде өгөй атам мени зордуктап жүргөнүн уксаң кантээр экенсиң? Жүрөгүң көтөрө алабы ошол кайгыны? Ансыз да жүрөк оорулуу болуп калбадыңбы". Ушинтип жатты ичинен.
- Эчтеке, апа. Мен жөн эле… Курбум экөөбүз бүгүн да урушуп кеттик. Ошого капаланып эле… Сарсанаа болбочу,- деди ый аралаш.
- Акыркы убактарда курбуң экөөң бат-баттан урушуп кетип жатат окшойсуңар. Өткөндө да, андан мурун да ушинтип айттың эле.
- Ооба, мамилебиз келишпей жатат.
- Анын эмнесине ыйлайсың? Бүгүн урушсаңар эртең табышып аласыңар. Башкысы, кекчил болбогула,- кызынын алдап койгонуна ишенген Тумар соорото сүйлөдү.
Көзүнүн жашын аарчый өз бөлмөсүнө кирип кеткен кызын узата карап калган Тумардын көңүлү чөгө түштү: "Ойлоп көрсөм, таңдан кечке чейин жумушта болуп, башынан эле кызыма көп көңүл бурбаптырмын. Үйгө кечинде келем, кайра эртең менен кетем. Керээли-кечке өзү менен өзү болот. Жанында атасынан бөлөк эч ким жок. Ал баары бир эркек. Анын үстүнө, өгөй. Аттиң, эгерде көпчүлүк аялдардай болуп оокатымды кылып үйдө отурсам… Күйөөм иштеп бакса…" Тагдырына наалып алды Тумар. Анан эч нерсе сезбей уктап жаткан эринин койнуна кирди да, адатынча арактын жытынан жийиркене тескери карап жатып алды.
***
Бүтүрүү экзамендерин берип, мектепти аяктаган Ширин жогорку окуу жайына тапшырууга камынып жаткан эле. Бирок эмнегедир акыркы күндөрү ден соолугу жайында болбой, тамакка болгон табити да начарлап кетти. Бул "элден кем кылбай жогорку окуу жайына тапшыртып, кыйнала-кыстала эптеп окутуп алайын" деп жаткан энени бушайман кылбай койгон жок.
- Ачык айтчы. Кайсы жериң ооруп жүрөт?
- Ичим.
- Күндө ооруйбу?
- Жок, кээде эле.
- Доктурга алпарып текшертейинби?
- Жок, барбайм.
- Эмнеге? Сени көрүп мен да кыйналып жатпаймынбы.
- Басылып калар. Анын үстүнө, аз күндө жогорку окуу жайына тапшырышым керек да. Доктурду коюп ошого даярданайын.
- Эч болбосо тамакты жакшыраак ичсең боло. Карачы, арыктап кеттиң.
- Ичейин эле дейм. Бирок тамакты көрөрүм менен жүрөгүм айлана баштайт. Анан кускум келет,- деди кыз апасына жалооруй карап.
Бул мүнөттөрдө эмнегедир Тумардын ою алда кайда кетип, кабагы бүркөлө түштү.
- Апа, эмне болду? Аябай ойлонуп кеттиң го.
- Эмне болмок эле. Оюмдун баары эле сенсиң да.
Тумар саамга үндөгөн жок. Тек гана кызына таң кала тиктеп, эмне деп ойлоо керектигин билбей турду. Бир аздан кийин гана:
- Эртең сөзсүз доктурга барышыбыз керек,- деди алда нерседен кабатырлана.
Эч нерсеге түшүнбөгөн кыз "макул, барса баралы" дегендей унчукпай гана тим болду. Бул түнү санаасы-санга бөлүнгөн Тумар түнү менен уктай албай кыйналып чыкты.
***
Эртеси Тумар кызын түз эле гинекологго алып келди.
- Кызыңыздын бир айлык боюнда бар экен. Токсикоз болуп жаткан турбайбы,- деди доктур текшерген соң.
- Боюнда бар дейсизби? Кандайча? Мындай болушу мүмкүн эмес!
Тумар уккан кулагына ишенгиси келбеди. Бир заматта жер астын-үстүн болуп кеткендей сезилип, көзүнө жаш тегерене түштү.
- Кыязы, сиз жаңылып калдыңыз окшойт. Дагы бир жолу жакшылап карап көрүңүзчү.
- Мен көп жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу адисмин. "Эч нерсе билбеген неме го" деп ойлоп жатсаңыз жаңылышасыз. Сиз эмне, мени кемсинткиңиз келеби?- гинекологдун ачуусу келип кетти.
- Жок, кантип эле ошентейин?! Сиз мени туура түшүнүңүзчү. Кызым али турмушка чыга элек. Анан кандайча…
Гинеколог Тумардын сөзүн бөлүп жиберди:
- Аны үйүңүзгө барып кызыңыздан сураңыз. Кантип боюна болуп калганын өзү билет да. Азыр мени башка пациенттерим күтүп жатышат. Сиз менен сүйлөшүүгө убактым жок.
- Аа, ооба… албетте… Кечиресиз.
Кабинеттен чыккандан кийин Тумар көз жашын токтото алган жок. Башы тегеренип, бут алдынан жер көчүп бараткан сыяктанды. Анан аркасынан ээрчий чыккан кызын жекире карады:
- Бетпак! Уятсыз! Атаң экөөбүздү шерменде кылдың. Эми элдин бетин кантип карайбыз, ыя? Мен сени багам деп жанымды карч уруп иштеп жүрөм. А сен менин эмгегимди баалагандын ордуна бешиктен белиң чыга электе эркек менен жатып…
Андан аркысын айта албады. Ызасына муунуп, туттуга түштү. Эки-үч жолу жаакка чаап жиберди Ширинди.
- Апа, мен… мен…
Мукактанган Ширин баары бир эч нерсе айта алмак эмес. Азыр анын жүрөгү канап турганын, көөдөнүндө жан адамга айта алгыс оор кайгысы бар экенин апасы кайдан билсин?! Ансыз да ичинен сызып, көз жашы кургабай жүрбөдү беле. Мындай болору үч уктаса түшүнө кирбеген кыз бул мүнөттөрдө эмне кыларын билбей айласы түгөнүп турду. Күчүн ыйдан чыгарып, апасы эмне десе да унчукпай кутулуудан башка аргасы жок эле.
- Баланын атасы ким? Деги ал сага үйлөнө турган немеби?
- …
- Айтпайсыңбы?
- …
- Унчукпай кутулайын дейсиңби? Болуптур. Айтпасаң өзүң бил. Баланы эмне кылуу керектигин үйгө барып атаң менен чогуу чечели. Ага айтпасак болбойт. Жашырганыбыз туура эмес,- деди өзүн колго алып, сабырдуу болууга аракеттенген Тумар көз жашын аарчый.
"Атам мененби? Ошол ата болбой курусун! Сен жокто мени зордуктап жүргөнүн, бул баланын атасы да ошол акмак экенин кайдан билмек элең. Койнуңда жылан жатканын али сезе элексиң. Муну сага эбак айтсам болмок. Бирок сени, оорулуу жүрөгүңдү аядым, апа". Буркураган кыз үйүнө жеткиче ичинен сызып, мына ушуларды ойлоп келатты.
Эне-бала үйгө келгенде саал кызуураак Касым короону ирээттемиш болуп жүргөн экен. Экөөнүн тең капалуу жүзүн көрүп, бир балакетти сезгендей жүрөгү "болк" эте түштү. "Иттин гана кызы! Кой десе болбой апасына айтып салган го. Эми эмне кылдым?" Ачууланып алды ичинен.
- Ой, силерге эмне болгон? Деги тынччылыкпы?- өгөй ата кооптоно сүйлөдү.
- Кайдагы тынччылык?! Азап тартып жүрүп өтмөй болдум го бул жашоодон. Же сен ичкениңди токтотпойсуң. Же башка эркектердей болуп иштеп бизди бакпайсың. Ал аз келгенсип эми минтип…
- Эмне эми минтип?
- Кыскасы, Шириндин боюнда бар экен.
- Эмне? Кандайча? Кимден экен?- деди мындайды күтпөгөн Касым эси чыга.
- Аны кайдан билейин?! Сурасам айтпай койду. Бирөө зордуктап койгон го деп ойлоп жатам. Болбосо кызым кантип эле өз эрки менен ушундай ишке барсын. Айтор, билбейм. Ар кайсыны ойлой берип башым катып бүттү.
"Кудай жалгап, мен тууралуу айткан эмес экен. Оозунан чыгып кеттиби деп коркуп жаттым эле",- өгөй атанын эми гана санаасы тынчыды. Анан эч нерседен сыр бербей:
- Болору болду да. Эми "атасы ким?" деп териштиргенден майнап чыкпайт. Андан көрө эртерээк боюнан алдыруу керек,- деп тим болду.
Буларды угуп турган кыз чыдабай кетти акыры. Келечеги жок, тепселенген адамдай сезди өзүн. "Мындай бактысыз тагдырдын кимге кереги бар? Андан көрө өлүм артык эмеспи". Бүтүндөй акылын бул мүнөттөрдө ушул ой ээлеп турду. Башкача ойлоого дарамети жеткен жок. Үйдөгү болгон дарылардын баарын чогултту да, ошол эле күнү ичип алды.
***
Бүгүн Тумар Ширинди ооруканадан чыгарып келди. Кызынын өмүрүн сактап калган доктурларга ичинен миң мертебе ыраазы.
- Акылсызым десе, бул эмне кылганың? Апаңды аябайсыңбы. Сенсиз мен кантет элем?! Экинчи мындай кылбай жүр, макулбу?- деди көзүн жашылданткан Тумар кызынын үстүн жууркан менен жылуулап жаап жатып,- Болору болду. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Эми өткөнгө өкүнгөндө эмне пайда. Башкысы, сенин аманчылыгың керек мага.
Ширин үндөбөдү. Өзүнүн аман калганына анча cүйүнө бербесе да, боюндагы баланын түшүп калганына кубанычтуу эле.
- Апа,- деди саамдан кийин,- айтчы, атам менен бактылуусуңбу?
Мындай суроону күтпөгөн эне саал ыңгайсыздана түштү.
- Мен үчүн бул өтө оор суроо. Сага эмне дээримди да билбейм.
- А мен билем. Бактылуу эмессиң. Ал сага татыксыз. Адамдык сапаты төмөн. Алтургай ал… Ал мени…
Акыры апасына болгон окуяны айтып түшүндүрүүнү чечкен кыз андан аркысын айтууга эрки жетпей мукактанып кетти. "Билем, апа, сага мындай кепти угуу өтө оор. Бирок баарын ачык айтышым керек. Анткени, мындан аркы тагдырымдан корком. Эгер ал мени дагы зордуктаса, анда…" Оюнун ушул жерине келгенде Ширин токтоно албай буркурап жиберди.
- Сага эмне болду, Ширин? Ыйлабачы. Унутчу өткөндү. Минтип чөгө бергениң жарабайт. Билем, Касымды башынан жактырбайсың. Анын колуна кичинекейиңде эле келсең да, ушул күнгө чейин таптакыр өз атаңдай көрбөй койдуң. Ооба, ал дайыма ичет, мага кол көтөрөт. Бирок, жаман болсо да менин өмүрлүк жолдошум эмеспи. Кудай жалгыздыктан сактасын, кызым. Сен муну азыр түшүнө элексиң. Али жашсың.
Тумардын бул кебинен кийин эмнегедир Ширин жанагы оюнан баш тартты: "Жок, айтпайм. Азырынча жашырганым эле дурус. Баары ушул бойдон калсын. Өз тагдырым талкаланганы аз келгенсип, эми апамдын турмушун бузгум келбейт". Анан кепти башкага буруп кетти:

АСКЕРБЕК кызы Саада