Чачты күтүүнүн
сырлары
Чачыбыздын жибектей жылтырап, кундуздай кубулуп ары көрктүү, ары сапаттуу болушун баарыбыз каалайбыз. Ал үчүн чачты кантип күтүү керектигин, тилекке каршы, ар бирибиз эле биле бербейбиз. Демек, айымдарга төмөнкү кеңештердин пайдасы зор...

1.
Чачтын жылтырап туруусу үчүн колдонулган эң жөнөкөй жана пайдалуу элдик ыкма: 1 чай кашык алма уксусун 1 стакан сууга аралаштырып, муну менен таза жуулган чачты чайкаңыз. Аркасынан муздак сууну чачыңызга жаба куюңуз.
2.
200 миллиграмм шампунга 3 тамчы табигый бадам майын кошуп жуусаңыз да, чачыңыз жакшы жылтырайт.
3.
Чачтын сапатын билүү үчүн "суу тестин" колдонуп көрүңүз. Ал үчүн бир тал чачыңызды 1 стакан сууга салышыңыз керек. Эгерде суунун үстүнө калкып калса, демек сапаты эң жакшы. Чөгүп кетсе, структурасы бузулган.
4.
Кээ бирлер "муздак фен менен чачты кургатуунун кажети барбы?" деп таң калышат. Жылтыратуу үчүн кажети бар. Айта кетсек, кургайын деп калган чачты фендин муздак илебине жок дегенде бир мүнөт кармап койсоңуз, жакшы натыйжа берет.
5.
Туура тамактануу - сырткы сулуулуктун сакталуусуна чоң өбөлгө. Эгерде чачыңыз бат-баттан майланышып, кирдей берсе, йогурт менен жууңуз. Анда теринин майлуулугун азайтуучу рибофлавин (витамин В2) бар.
6.
Эртең менен турсаңыз чачыңыз уйпаланып, көркү бузулуп калыптырбы? Капаланбаңыз. Чачыңызга чоң бигудилерден коюп, 20 мүнөттөн кийин чечсеңиз, чачыңыз кайра жакшынакай формага келип калат да, причёска жасоого оңой болот.
7.
1,5-2 айда бир жолу чачыңыздын учтарын бир канча миллиметрге текшилетип туруңуз. Мындай жол менен чачтын түшүүсүнөн арыласыз.
8.
Чачыңыз көөп, текши жатпай ары-бери учуп жатабы? Эмесе, тиш жуучу щётканы алып, ага спрей себиңиз. Анан аны менен чачыңыздын үстүнкү бөлүгүн акырын тараңыз.
9.
Боёлгон чачты дайыма жылымык суу менен жууш керек. Анткени, ысыгыраак суу боёкту агызып кетип, аракетиңиз текке кетет.
10.
Көбүрөөк өлчөмдөгү шампунь менен жууганда, албетте, жакшы көбүрөт. Бирок мунун зыяндуу жагы бар: чачты кургатып жиберет.
11.
Желкеден чекени көздөй массаж жасасаңыз, баштагы кан айлануу жакшырып, бул чачтын тезирээк өсүүсүнө өбөлгө болот.
12.
Жуулганга чейин жакшы таралган чач жуугандан кийин да жакшы таралат.
13.
Негизи, кыска чачты тамырынан учун көздөй, узун чачты уч жагынан тамырын көздөй тароо зарыл. Ал эми суу кезинде чачты кургагыча тарабай эле коё туруу туура. Эгер тарагыңыз келсе, металл эмес, жыгач же пластмасса тарак менен тараңыз.





Замира Молдошевадан макияж сабагы
Гезиттин өткөн санында айымдардын чачынын түсүнө жараша мезгилдерге бөлүнүшү жана кайсы мезгилге кирген айымга кандай түс жарашары тууралуу кеп кылганбыз. Бул санда айымдардын көздөрүнүн түзүлүшүнө жараша макияждын түрлөрү туурасында сөз болот.


Адистен кеңеш
Эгерде конокко же дагы башка жакка барарыңыз белгилүү болсо, кечинде жарым сааттык убактыңызды өзүңүзгө бөлүп коюңуз.
Алгач кайнап жаткан жөнөкөй эле сууга 5 мүнөт бетиңизди буулаңыз.
Аны сүлгү менен аарчыбай кургатыңыз.
Бетиңиз толук кургай электе бир жумуртканын сарысын чагып, аны жаткан калыбыңызда бетиңизге тегиз кылып сыйпаңыз.
Кыймылдабаган калыбыңызда 20 мүнөт жатыңыз.
Андан соң жылуу сууга жууп салыңыз. Дагы да болсо бетиңизди сүлгү менен аарчыбай кургатыңыз.
Бардык типтеги беттерге туура келген мындай маскадан соң бет тартылышып, майда бырыштар жоголот. Негизи, жумуртканын сарысы - үй шартындагы бетти тартуучу каражаттардын миңден бири.
Ар дайым сулуу болуңуздар!
(Гезиттин кийинки санында көзгө жасалуучу макияждын ар бир түрү боюнча кенен сөз болот)

Аймээрим Курбаналиева