Президент чет өлкөгө барганын мойнуна алды
Президент Роза Отунбаева эмгек өргүүсүн чет өлкөдөн өткөргөнүн мойнуна алды. Кечээ ал "Кабарлар" үналгысы менен болгон маегинде эки жумалык эс алууга чыгып, өргүүсүн кызы менен өткөрүп келгенин айтып берди. Бул үчүн жарандардан кечирим сурады. Анткени, президент эс алуу үчүн чет өлкөгө кетип жатканын ачык айтпагандыктан, коомчулукта ар кандай сын-пикирлер жаралган эле. "Менин Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менен иштеп жатканыма бир жылга жакындап калды. Ушул убакыттын ичинде эс алган жокмун. Адам болгондон кийин чарчайт экенсиң да, уктагың келип дегендей",- деди президент. "Ушул үчүн кечирим сурайм, эл алдында күнөөлүүмүн. Бирок айтып коюшум керек, президент эс алууга кеткенде литер учагы менен сакчыларынын коштоосунда учушат. Мен болсом бир сакчы жана кадимки самолёт менен өзүмдүн акчама барып келдим. Мамлекеттен бир да тыйын короткон жокмун",- деп кошумчалады мамлекет башчы.


Мечиттин имамы көз боочулук кылып...
Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы борбордук Ас-Сарахси жаңы мечитинин имамы Рашод кары Камалов өзбекстандык эки жарандын арызы боюнча Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 2009-жылдын 15-ноябрында эки өзбек жаранына "Сауд Аравиясына виза ачып берем" деп алдап, бир кыргызстандык атуул алардан 6300 доллар алган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, атайын оперативдик издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делген адам кармалган. Ал Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну, мечиттин имамы Рашод Камалов болуп чыккан. 2011-жылдын 18-январында Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция кызматкерлери Р.Камаловду "Манас" эл аралык аба майданында кармаган. 19-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Р.Камаловду камакта кармоого чечим чыгарып, учурда ага каршы коюлган доо боюнча тергеп-тескөө иштери жүрүүдө.


Айдоочулар козголоңу башталды
Сокулуктан Бишкекке эл ташыган кичи автобустардын айдоочулары райондун борборунда митинг өткөрүштү. Айдоочулар аларды кайрадан Ош базарынын жанындагы автобекетке киргизүү талабын коюшту. Козголоңго 70 чакты айдоочулар чыккан. Буга чейин Бишкек мэриясы Ош базарынын тегерегин иретке келтирүү максатында тазалоо иштерин жүргүзө баштаганы кабарланган эле. Буга ылайык Сокулукка каттаган кичи автобустар Бишкектин Батыш автобекетине токтой турган болгон.


Курал жасаган цех табылды
Кара-Суу районунда курал-жарак жасачу жашыруун цех табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Памир Асанов билдирди. Анын айтымында, бул жашыруун жай жекшембиде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жергиликтүү башкармалыгы менен биргелешип жүргүзүлгөн атайын операция учурунда аныкталган. Жашыруун жайдан ок атуучу жана пневматикалык куралдар кайра жасалып келген. Операция учурунда бул жерден эки адам кармалып, курал-жарактардын арсеналы жана курал жасачу жабдыктар табылган. Учурда бул жай кимдер тарабынан уюштурулганын аныктоо иштери жүрүүдө.


Камчыбек Ташиев президенттикке чыгабы?
Депутат Камчыбек Ташиев 2011-жылы өтө турган президенттик шайлоого өзү мүчө болгон "Ата-Журт" партиясы да ат салыша тургандыгын массалык маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, ушул тапта бул партия президенттикке талапкерлигин коё турган бир мүчөсүн таптап жатат. Бирок, Ташиев талапкердин ысымын ачык атаган эмес. "Биз шайлоого барабыз жана жеңебиз" деп ишенимдүү айткан. Кошумчалай кетсек, "Ата-Журт" партиясы президенттик шайлоого Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин алып чыгат" деген маалыматтар бар.


Мыкаачылык кылгандар жазасын алышты
"Кыргызстандын жаранын уруп өлтүргөн" деп айыпталып жаткан Орусиянын жарандары оор жаза алышты. Раменски райондук сотунун өкүмүнө ылайык, 22 жаштагы Максим Кобзев 13 жылга, 23 жаштагы Иван Пахнутов 12 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимде жаза өтөмөй болушту. 2009-жылы 2-ноябрда бул эки орус жараны Москва облусундагы Раменски районуна караштуу Старково айылына жакын жерде жолдо бара жаткан эки кыргыз жаранына эч себепсиз эле кол салышкан. Алардын бири качып кутулган. Экинчисин кылмышкерлер кулактарын кесип, уруп, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.


Президенттин айлыгы канча?
Кыргызстанда премьер-министр менен Жогорку Кеңештин спикеринин айлыгы - 30 миң сом. Бул тууралуу маалыматты КР президенти Роза Отунбаева "Кабарлар" үн алгысына маек куруп жатып билдирди. "Муну жашыруун кылбаш керек, Кыргызстан эли билсин. Биздин үчөөбүздүн айлыгыбыз бирдей - 30 миң сом",- деди президент.