Идиштериңиздин
жалтырак болушун каалайсызбы?
Идиш жууганды жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, бизге бул жумушту баары бир кылууга туура келет. Болгондо да күн сайын, атүгүл бир күндө бир нече жолу. А идиштери күзгүдөй жалтырап турса, бул ошол ашкананын кожойкесинин мыктылыгынан кабар берет. Сиз да төмөнкү макаланы окуп көрүңүз, балким, өзүңүз үчүн жаңы жана кызыктуу бир нерсе табарсыз.


Фарфор идиш
Фарфор идиштин бир кемчилиги бул: аны көп убакыт колдонгон соң ал бозоруп, баштапкы абалын жогото баштайт. Бактыга жараша, аны бир нече ыкмалардын жардамы менен кайра жаңы кезиндегидей жалтырак калыбына келтирүүгө болот.
Сүрөтү жок аппак түстөгү фарфор идиштерин сода же туз кошулган уксус менен жуу эң жакшы жыйынтык берет.
Фарфор идишиндеги тактарды бир аз нашатырь спирти кошулган жылуу сууга жууса болот.
Идиштеги сүрөттөр өчпөй жакшы сакталыш үчүн аны өтө ысык сууга жуу сунушталбайт. Ошондой эле идиштеги сүрөттөрдүн тез өчүшүнө сода да таасир этет, айрыкча ал сүрөттөр алтын түстүү болсо.
Көп колдонулбаган фарфор идиштер ак кагазга оролуп турганда жакшы сакталат.

Чоюн идиш
Чоюн казанды же көмөчтанды жуугандан мурун кагаз менен аарчып алуу керек. Андан соң ысык сууга идиш жуугуч каражат кошуп жуусаңыз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз. Күйгөн тамактын калдыгын кургак тузду сүрүү менен кетирсеңиз болот.
Казанды же көмөчтанды тазалоо үчүн аны отко оодарып коёсуз. Жакшы ысыган чоюнду бычак менен кырып оңой тазалоого болот.
Казанды ар бир пайдаланган соң ага бир аз суу куюп, бир нече мүнөт кайнатып, андан соң жылуу суу менен чайкап жүрсөңүз, казаныңыз дайыма таза болот жана жагымсыз жытка ээ болбойт.
Казан, көмөчтанды дат баспаш үчүн аларды дайыма кургак жерге сактаңыз.


Алюминий идиш
Алюминий идиштердин өзгөчөлүгү жеңил, дат баспайт, кескин температурадан коркпойт, оңой тазаланат. Бирок туздан, содадан, кислотадан тез бузулат. Андыктан, ага туздалган капуста кошулган борщ, компот кайнатууга болбойт. Ошондой эле алюминий мискейге даяр тамакты сактоо да сунушталбайт.
Алюминий идиштеги күйгөн тамактын тагын кетирүү үчүн ага пияз кошулган сууну кайнатып, андан соң идиш жуучу каражат менен жууп саласыз.
Ичи карарып калган алюминий мискейди агартуу үчүн ага толтуруп суу куюп, 3-4 чоң кашык уксус кошосуз да, 10-15 мүнөт кайнатасыз.
Алюминий идишти жалтырак түскө келтирүүдө күлгө малынган капустанын жалбырагы менен жууган да оң натыйжа берет. Андан соң ысык суу менен чайкап саласыз.

Эмаль идиш
Эмаль тузга жана кислотага каршы тургандыгы жагынан эң бекем материал болуп эсептелинет. Ал эми анын кемчилиги - соккуга жана температуранын кескин өзгөрүшүнө морттугу. Мындай учурда эмаль көчүп кетет. Ичи көчүп кеткен эмаль идишти тамак жасоодо колдонууга болбойт, анткени, бир аз эле соккудан ал кайра көчүп, эгерде анын бөлүктөрү тамак менен организмге кирсе, ден соолукка олуттуу зыян келтирет.
Эмаль идишти ысык сууга идиш жуучу каражат же сода менен жууганга болот. Металл щётка менен кырганга болбойт. Эгерде тамак күйүп кетсе жана ал дароо кетпесе, идишке муздак суу куюп, туз же сода салып, эки саат коюп коюу керек.
Катуу чүпүрөктү сода кошулган ысык сууга малып, идишти ошону менен сүрсөңүз да болот.
Ысык мискейге муздак суу куюуга болбойт, мындан эмалдан жарака кетет.

Хрусталь идиш
Хрусталь идишти муздак сууга жууңуз. Ысык суудан ал бозомук тартып, жалтырактыгын жоготот.
Бозоруп калган хрусталь вазаны ирик туз менен уксустун аралашмасына жуусаңыз болот.
Бир нече тамчы нашатырь спирти кошулган жылуу сууга жуулган хрусталь да жалтырайт.
Таза чүпүрөккө малып спирт менен сүртсөңүз, хрусталыңыз жаркырап, сонун көрүнөт.
Хрусталды жаркыратуунун дагы бир жолу: аны бир нече тамчы уксус кошулган сууга чайкап, так калбаш үчүн идишти таза сүлгү менен аарчып кургатасыз.


Темир идиш
Духовканын дат баскан темир калыптарын мындай жол менен тазаласаңыз болот: күлдүн, ирик туздун жардамы менен жууп, кургатасыз. Андан соң өсүмдүк майы менен майлап, 200°Сден кем эмес температурага буу жок болмоюнча ысытасыз. Мындан соң темир калыпта жука майлуу чел кабык пайда болот. Бул чел кабык духовкага бышырылган азыкты күйүп калуудан сактайт.
Дат баскан калыпты тазалоонун дагы бир ыкмасы: калыпка майда кум же ирик туздан себелеп, кадимки эле капрон колготкинин айрындысы менен жышысаңыз, бат эле таптаза болуп калат.

Айнек идиш
Айнек стакан, банка, вазаларды жууган сууга 1-2 чоң кашык уксус жана 1 чоң кашык туз кошуп жууп, андан соң таза суу менен чайкап койсоңуз, идиштериңиз жалтырап калат.
Ошондой эле талкаланган чийки жумуртканын кабыгы кошулган жылуу сууга жуусаңыз, же гезиттин айрындысы менен жуусаңыз да айнек идиштер жалтырап, жапжаңыдай түргө келет.
Жаңы сатып алган айнек идишиңиз сынбай көпкө кызмат кылуусун кааласаңыз, аны кайнатуу сунуш кылынат. Аны түбүнө кум төшөлгөн мискейге саласыз да, муздак суу куясыз. Суу 15 мүнөт кайнайт. Андан соң 2 чоң кашык туз кошосуз да, дагы жарым саат кайнатасыз. Мындан соң сууну муздатып, идишти алып чыгып чайкап коёсуз.





Булардан тышкары...
Бычакты ысык сууга жуу сунушталбайт.
Анын мизинин жалтырап туруусун кааласаңыз, картошканын кабыгы менен сүртүңүз.
Эгерде бычакты бир аз туз кошулган сууга 30 мүнөт салып койсоңуз, аны курчутуу оңой болот.
Бычакты кашык, вилкага кошпой өзүнчө коюңуз. Алар менен кошулуп турганда бычак тез мокойт.
Кашык-вилкаларды тазалоонун эң жөнөкөй жана натыйжалуу жолу: 1 литр сууга 2 тоок жумурткасынын кабыгын жана 1 чоң кашык туз салыңыз. Алюминий мискейдеги бул аралашманы кайнатып, кашык-вилкаларыңызды ага 15 секунд сала туруңуз. Андан соң жууп туруп кургак чүпүрөк менен аарчып койсоңуз, буюмдарыңыз жапжаңы калыбына келип калат.
Сарымсактын кабыгы кошулган сууга кайнаган кашык-вилкалар да жаңы эле сатылып келингендей түргө ээ болот.
Мискейди, чайнекти, көмөчтанды отко коёрдо түбүнө самын сүйкөп коюңуз. Ал идишиңизди ыштын сары тагынан сактайт. Пайдаланып бүткөн соң ным чүпүрөк менен аарчып койгонуңуз жетиштүү.
Ашкана идиштерин кир жууган айна менен жууганга болбойт. Мындай идишти канчалык чайкабаңыз, химиялык заттар баары бир анда калып калат да, тамак менен кошо организмге кирип, ууланууну чакырат.
Эгерде чай демдеген чайнегиңиздеги чама көгөрө баштаган болсо, чайнекти таза жууп, кургатыңыз. Андан соң чайнектин түбүнө бир аз кумшекер салып, бир сутка коюп койсоңуз, жагымсыз жыт жок болот.
Камыр, чийки жумуртка, сүт, балык, кыям салынган идишти алгач муздак суу менен, андан соң ысык суу менен жууңуз.
Көмөчтанга бир нерсе кууруп жатканыңызда анын жанында, газдын башка көзүндө чайнек же мискей турбасын. Анткени, аларга башка идиштен жуккан ыштын кетиши кыйынга турат.
Балык салынган идишти туз кошулган муздак суу менен жууңуз.

Сауле Сулайманова