Бет терисине
кам көрүү
"Сулуу, жагымдуу бет терисинин кепилдиги - күн сайын ага кам көрүү болуп саналат. Тери адамдын эң чоң органы экендигин унутпашыбыз керек. Андыктан, тери көп убакыт бою жаш жана жагымдуу болуп туруусун кааласаңыз, ага кам көрүүдөн эринбеңиз". Ушундай пикирин билдирген ай чырайлуу ырчы кыз Бактыгүл Бадыева өз сулуулугунун сырларын окурмандар менен бөлүшүп, бетке кам көрүү боюнча кеңеш берди.
Бет терисине кам көрүү эртең мененки жуунуудан башталат. Таза, муздак сууга самын колдонбой жуунуңуз. Эгерде крем колдонсоңуз, аны жуунгандан кийинки нымдуу жүзүңүзгө манжаларыңыз менен назик чапкылоо аркылуу коюңуз.
Бетиңизди жылуу же ысык сууга жуу­баңыз. Ал беттин нуру өчүп, картайышын тездетет. Бет терисинин тешикчелерин кеңейтип, кургак теринин кургактыгын, майлуу теринин майлуулугун жогорулатат.
Күндүзү күндүн түз тийген нурунан качыңыз. Жай мезгилинде күндөн калкалоочу көз айнек тагыныңыз. Жүл­жүйүүдөн көзүңүздүн айланасына бырыштын түшүшүн тездеткен болосуз. Ошондой эле колуңуз менен жаагыңызды таянуу, кабагыңызды чытуу да териңизге эрте бырыш түшүрөт.
Тамеки тартуу зыяндуу адатынан алыс болуңуз. Тамеки тартуунун жыйынтыгынан келип чыккан кычкылтектин жетишсиздиги терини жукартып, кургатат. Илимий изилдөөлөр далилдегендей, тамеки бетке терең бырыштардын түшүшүн шарттайт, өңүн бозортот, кыскасы, маалынан эрте картаюуга алып келет.
Бетти бир күндө бир жолудан көп жуу сунушталбайт, анткени, суу теринин үстүңкү катмарын көптүрөт. Бетти сөзсүз эле жууп тазалабай, лосьон менен, суюк крем менен, өсүмдүк майы менен тазалоого да болот.
Жумшартуучу, азыктандыруучу кремдердин сапаттуусун, белгилүү фирмалардан чыкканын гана колдонуңуз.
Кандай гана косметика болбосун, анын курамында сөзсүз түрдө химиялык заттар бар. Андыктан, түнү косметиканы жуубай жатууга болбойт, өтө көп косметика колдонуу да ден соолугуңузга терс таасирин тийгизээрин унутпаңыз. Андыктан, бет терисине кам көрүүдө элдик ыкмаларды колдонуу да ашыкчалык кылбайт.
Бет терисин тазалоо үчүн: Жаңы бадыраңдын кабыгын аарчып, калыңдыгын 3 см кылып туурайсыз. Идишке салып, үстүнө лимондун ширесин куясыз. Бир сааттай тыныктырып, бадыраңдын ушул кесимдери менен бетиңизди сүртөсүз. 30 мүнөттөн кийин бетиңизди жылуу суу менен жууп саласыз. Бул процедура беттин кандай түрү болбосун туура келе берет.
Майлуу беттерди тазалоочу маска: Беттин бул түрүн тазалоо үчүн бадыраң менен алманын бирдей өлчөмдөгү боткосунун аралашмасын бир жумада эки жолу бетке коюу сунушталат. Масканы бөлмө температурасындагы сууга жуу керек.
Бардык типтеги беттер үчүн маска: Жаңы бадыраңдын кабыгын кылдаттык менен бетиңизге жабасыз. Жакшы кармалып туруу үчүн ным марля менен үстүнөн жаап алсаңыз болот. Масканы 20-30 мүнөт кармап, бетиңизде калган ширесин аарчып саласыз. Бул маска бардык типтеги беттерди азыктандырат, бырыштарын тартат, агартат, тешикчелерин жыйрат жана азыктандырат.
Лимондун ширесине ошончо өлчөм­дөгү минерал суусун аралаштырасыз. Мындан сиз беттеги тешикчелерди жыйруучу жана бетти серпилгич кылуучу лосьон ала аласыз.




Бактыгүл Бадыева:
"Кээде күзгүгө каранганга убакыт жок болуп калат"
- Бактыгүл, канча жашыңдан баштап косметика колдоно­суң?
- 22 жашымдан баштап боёно баштадым. Мен негизи сахнага 19 жашымда келгем. Бирок алгачкы жылдары эринимди түссүз помада менен боёп, көзүмө билинер-билинбес сурма тартып алып эле сахнага чыга берчүмүн. Кийинчерээк чоңойдумбу же айымдар үчүн косметиканын чоң роль ойноорун түшүндүмбү, боёнууга өттүм. Бирок азыр деле косметиканы ашыкча колдонууну жактырбайм.
- Өзүң үчүн макияжсыз Бактыгүл менен макияжы бар Бактыгүлдүн айырмасы канчалык?
- Аз эле, дээрлик жок. Ошон үчүн макияжсыз деле жүрө берем.
- Бир күндө канча жолу күзгүгө каранасың?
- Бир жолудан бир нече жолкуга чейин каранам. Айрыкча азыркы күндөрү жумушумдун көптүгүнөн күзгүгө каранганга да убакыт жок болуп калып жатат. Андай учурда эртең менен бир каранган боюнча кечинде макияжымды тазалаганда каранам.
- Макияжыңды чечпей уктай аласыңбы?
- Жок, бул эң зыяндуу адаттардын бири, мен ушул нерсеге келгенде жалкоолонбойм. Үйгө түн ортосунда келсем да атайын каражаттар менен боёгумду тазалап, анан жатам.
- Өзүңдү өзүң сулуу­лайсыңбы же адистер­дин кызматынан колдо­носуңбу?
- Менин өз адистигим - визажист. Андыктан, боёнуу искусствосун жакшы билем. Эки жолу белгилүү эле салондорго барып, кызматынан пайдаланып көргөм. Бирок жаккан эмес. Ошондон бери клипке тартыламбы, съёмкага тартыламбы, өзүм боёном.
- Бул жаатта элдик ыкмаларды да колдо­носуңбу?
- Ооба, колдоном. Маал-маалы менен кургатылган ромашканы кайнатып, буусуна бетимди тосом. Мындан кийин бет тазаланып, жумшарып, аябай жагымдуу болуп калат. Башкаларга да ушул ыкманы сунуштайт элем.




Замира Молдошевадан макияж сабагы
Чачынын түсүнө карата айымдардын бөлүнүшү

Макияж - бул искусство. Болгондо да бизге сулуу болууга жардам берүүчү искусство. Ал байыркы заманда эле пайда болгон. Ошондон ушул күнгө чейин "сулуу эмес аял жок, болгону макияжды туура колдоно билбеген аял бар" деген пикир жашап келет. Бул пикирге мен да кошулам. Андыктан, урматтуу окурман айымдар, мен сиздерге ушул гезит аркылуу макияж сабагын өтүп, боёнуу искусствосу боюнча аздыр-көптүр кеп-кеңешимди айтып кетким келет. Анда, сабагыбыздын биринчи темасын баштайбыз.


Айымдар төрт мезгилге бөлүнөт: жаз, жай, күз, кыш. Бул бөлүнүү айымдын чачынын гана түсүнөн көз каранды.
Жаз-айым - чачы күрөң түстүү айым.
Жай-айым - чачы ачык түстүү айым (блондинка).
Күз-айым - чачы кызгылт-күрөң (баклажан) түстүү айым.
Кыш-айым - кара чачтуу айым.
Өзүңүздүн кайсы мезгилге кирээриңизди аныктадыңыз, эми ошого жараша сизге кайсы түс жарашаарын билип алыңыз:
Жаз-айымдын түстөрү: боз, ак, күрөң, ачык жашыл, алтын түстүү өңдөр.
Жай-айымдын түстөрү: көгүл­түр, күлгүн, лимон сымал сары, пушту.
Күз-айымдын түстөрү: күрөң, ток сары, кызыл, жашыл (ачык эмес).
Кыш-айымдын түстөрү: кара, кочкул көк, ак, пушту, ток жашыл.
Бул түстөр макияжга да, кийимге да тиешелүү. Ал эми айым эртең менен жаз болсо, чачын башкага боёп түштөн кийин кыш болуп өзгөрө алат. Чачтан бетке көлөкө түшөт. Мисалы, кара чач бетти таза кылып, агартып көрсөтөт, ал эми күйгүзүлгөн ачык түстүү чач беттеги майда тактардан бери даана көрсөтөт.
(Замира Молдошеванын
2-сабагы гезиттин
кийинки санында)


Аймээрим Курбаналиева