КРнын Эмгек сиңирген артисти Сүйдүм Төлөкова:
"Мен өз заманымдын
жылдызы болгом"
Бул өнөр адамын азыркы муун жакшы тааныбай калышы мүмкүн, бирок биздин аталарыбыз, апаларыбыз Сүйдүм Төлөкованын чыгармачылыгы менен сыймыктанышып, ага таазим кылып келишкен. Анын маданиятыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык эмгеги акталып, 85 жаш курагында президентибиздин колунан "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген наам алды. Бул кабар апанын жүрөгүн кубанычка салып, жыл жаңырарда өзгөчө белек болуптур. Али күнчө куттуктагандардын аягы үзүлө элек экен. Көпчүлүктүн шарапаты менен биз дагы куттуктап барып, жаркын баарлашып кайттык.
- Апа, наамыңыз кут болсун! Сиздин наам алганыңызды угуп "акыры эмгегинин акыбети кайтты" деп сүйүнгөндөрдүн катары көп. Өзүңүз дагы кубанып жатсаңыз керек...
- Рахмат, кызым. Эми менин бүгүнкү кубанычыма чек жок болуп турат. Минтип өмүрдүн токсонунчу дабанына жакындап калганда наам алам деп ойлогон эмесмин. Анын үстүнө, биз такыр башка доордо жашадык. Өздөрү өлсө дагы чыгармалары классикага айланган обончу Бектемир Эгинчиев, акын Абды Байсалбаев, сатирик Турсун Карымшаковдор албаган наамды мен кайдан алмак элем деп койчумун. Дегеле биздин муундун өнөр адамдары үчүн элдин урмат-сыйынан ашкан наам, сыйлык жок болчу. Ошондуктанбы, ушул жашка келгени наам үчүн жүгүргөн жокмун.
- Анан кантип наамга ээ болуп калдыңыз?
- Коомдук телеканалда иштеген жакшы санаалаш Дамира Абдразакова, Анипа Асанова, Айгүл Сыдыкбекова деген кыздарым мага билгизбей документ даярдап, министрликке жөнөтүшүптүр. Анан мага министрликтен чалып айтышса, таң калып эле калдым. Кудайдын буйругу экен да. Өзүң айткандай, сүйүнгөндөр көп болду. Ак эмгек кылсаң, акыры акыбетин көрөт экенсиң.
- Сиз менен бир ирет маектешкенимде балалыгыңыз тууралуу кызыктуу айтып бердиңиз эле...
- Ой, ал күндөрүмдү унутпай калайын. Ата-энем бала көрбөй жүрүшүп, жаш курактары бир топко барып калганда мени көрүшүптүр. Курсакта жатканымда эле "эркек төрөлсө да, кыз төрөлсө да атын Сүйүндүк коёбуз" дешкен экен. Анан мен төрөлүп калып жатпаймынбы. Алгачкы атым - Сүйүндүк. Кийинчерээк эркелетип жатышып, Сүйдүм атка конуптурмун. Тилим жаңы чыкканда эле атам "Семетейдин" эки сабын жаттатып койгон экен. "Ырдап койчу" десе эле "алтындан кылган чоң сөйкө, май сорудай шартылдап" деп эки колумду чапкылап ырдаганым эсимде. Акын Нуркамал Жетикашкаева экөөбүз бир үйдө чоңойдук. Анткени, анын атасы менен менин апам экөө бир тууган эле. Ал менден алты жаш чоң болчу. Кийинчерээк Нуркамал эжем көп ырларды жазып, аны мага үйрөтүп коёр эле. Анан айылда чогулуш же той-топур болгондо мени чоңдор көтөрүп барышып, бийигирээк жерге тургузуп коюшса, аялдар отурган тарапты карап алып:
"Жаман катын болсоң,
Айылдан алыс консоң,
Төшөгүңдү жыйбасаң,
Төрт күнү кечке ыйласаң,
Асылдан көйнөк кием деп,
Алганыңды кыйнасаң",- деп ырдасам, апалар, жеңелер "ий,кокуй!" деп жүздөрүн жашырып калышканы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. Ошол кичинекей жылдардан башталган ырдын керемети бүгүнкү күнгө чейин мени арбап келет.
- Эң биринчи сынчыңыз ким болгон?
- Таенем болгон. Ал кишини отургузуп алып ырдап берчүмүн. Жарыктык киши мени уккандан тажачу эмес. Бир ирет айылга оюн коюп келишти. "Саринжи-Бөкөйдү" көрүп отуруп жаттап да алдым. Үйгө барып болгонун болгондой таенеме аткарып бердим. Таенем да жөн жердин кызы эмес, кадимки Ормон хандын бир тууган иниси Субанкандын кызы экен. Калыгул олуянын өзүн көрүп, ырларын угуптур, ошондонбу, сөздүн баркын билген, нарктуу байбиче эле. Анын жомокторун угуп, өнөрдүн сыйкыр дүйнөсүнө кантип арбалганымды билбей калдым. Нуркамал эжем дагы менин чыгармачылыгымды өнүктүрүүгө зор салымын кошту. Мени шаарга алып келди, окууга тапшыртты. Айтор, көзүмдү ачты. Менин өмүрүмдөгү чоң ачылыштар ошол эжемдин үйүнөн башталган эле.
Жездем Өмүркул Жетикашкаев маданият министри болуп турчу. Үйгө кыргыздын каймактары бүт келишчү. Саякбай Каралаев, Мыскал Өмүрканова, Бүбүсара Бейшеналиеваларды көрүп суктанчумун. Тоголок Молдо көчөсүндөгү 136-эки кабат үйдө мына ушул залкарлар жашап, алардын баскан-турганы, сүйлөгөн сөздөрү мен үчүн сөз жеткис керемет болчу. Өзгөчө Бүбүсара Бейшеналиеванын кир жууп, жайганын экинчи кабаттан карап отуруп суктанчумун. Анан аны көргөнү атайын Опера-балет театрына барчу элем.
- Залкарлардын батасын да алып калсаңыз керек.
- Баарынан көп Калык Акиевдин батасын алдым көрүнөт. 1949-жылдан тартып Калык Акиев менен эл-жерди кыдырып концерт берип калдык. Ошондо акын атабызга чай кайнатып берип, кээде кирдеп калган көйнөгүн жууп берчүмүн. Ыраазы болуп мага бата берип калчу. Мыскал Өмүрканованы да жандап жүрүп калдым. Балтика жээгинде анын ырдаганын көрүп, Латвия, Литва мамлекетинин мен-мен деген өнөр адамдары эжеге таазим кылышканда жүрөгүм бир башкача толкунданганын жашыра албайм. Ошол кезде алар менен эстелик үчүн деле сүрөткө түшүп койбогонума өкүнөм. Тек гана жандап жүргөнүмө сүйүнүп жүрө бериптирмин.
- Сиз аларды жөн гана жандап жүрбөстөн, өзүңүз дагы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанылган өнөрпоз болбодуңузбу.
- Аның ырас. Ошол залкарлардын таланты мага да жукту көрүнөт. Алгач комуз менен ырдап жүрдүм. Анан ооз комузду үйрөндүм. 1958-жылы Москвадагы декадага катыштым. Элден айланса болот. Эл мени мен суктанган, мен табынган залкарлардан кем кылбай көтөрүп келди. Мен өз заманымдын жылдызы болдум. Баягы "күлүк күнүндө, тулпар тушунда" дегендей, эң сонун күндөр баштан өттү. Чынында, биздин ырларды, биздин күүлөрдү кимдер гана тыңдаган жок. Союз мезгилинде менин төрт пластинкам чыккан. Анын экөө ооз комузда ойногондорум болсо, бирөө комуз менен ырдаган ырларым, дагы бири ансамбль менен ырдаган ырларымдын топтому эле. Алтын фонддо бир топтору сакталып калыптыр. Эми ал күндөр - өзүнчө чоң тарых. Ошол мезгилди эстегенде кадимкидей көзүмө жаш айлана түшөт.
- Сизди 72 жашында Бүткүл дүйнөлүк темир комузчулардын конгрессине катышкан дешет.
- 1990-жылы Якутияда өткөн конгресске катышкам. 40 мамлекеттен келген ооз комузчулар катышып, алар менен пикир алышып, тажрыйба алмашып, жан дүйнөбүздү бир майрамдатып келгенбиз. Ошол конгрессте Тодаво Ляо деген япондук музыка изилдөөчү менин ооз комуз черткенимди жактырыптыр. Кийин атайын Кыргызстанга мени издеп келип, жаздырып кеткен. Сонун диск чыгарган экен. Мага берип жибериптир, туугандарым талап кетишти. Ошол конресстен эстелик болуп калды деп азыр жалгыз дискти кармап отурам.
- Бул жашоодо арманыңыз деле болбосо керек...
- Негизи, жолдошум чыгармачылыгымды түшүнгөн адам болуп, мени ар тараптан колдоп келди. Согуштан келгенден кийин бир жылдай аркамдан калбай жүрүп алган. Ошондо мени алдап көшөгөгө киргизген апалардын жоолугун салынбай "кетем" деп ыйласам, алар: "Кой, айланайын, бат эле кетип каласыңбы? Уят эмеспи, жок дегенде бир ай туруп, анан кет",- дешсе, алардын сөзүнө алданып отуруп калгам.
Ошентип, жолдошум Сагынаалы менен 56 жыл бирге жашадым. Менден 10 жаш улуу эле. Көп жыл телевидениенин декорация цехинде иштеди. 86 жашында дүйнө салды. Дегеле чыгармачылык боюнча арманым жок. Бирок армансыз жашоо болбойт экен. Төрт баламдын үчөө ары карап кетти. Ал аз келгенсип, болгон 3 неберемден айрылып, боздоп калдым. Жер алдында жаткан балдарым менен неберелеримди эстегенде тимеле ичимден кан өтүп кетет. Азыр жалгыз чөбөрөм Анаранын көзүн карап, Кудайдан ушуга өмүр тилеп жүрөм. Анара кызым менин өнөрүмдү үйрөнүп алды. Кыязы, жолумду жолдойт окшойт. Эмнеси болсо да, аман болсунчу. Ушундай азаптуу турмушту мен ички кайраттуулук менен жеңдим окшойт. Чыгармачылык дагы менин оор тагдырымды бир топ жеңилдетти. Ооз комузум болбосо кандай күнгө туш болот элем, билбейм. Балдарымды эстегенде ооз комуздан муңдуу кайрыктарды чалып калам.
- Не дейли, апа, ушул кайра­тыңыздан жазбаңыз. Сизге ден соолук тилейбиз.
- Рахмат, кызым. Өзүңөр да аман болгула.

Айназик Раимкулова