Кайрат кызы Мунара
Бийкеч
(Башталышы
өткөн санда)
Январдын экисинде жолугушту кыз-жигит.
- Мен сени бир жылдан бери көрбөй аябай сагындым,- деди Жылдыз тамашалай эркелеп, жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөй. Кызды кучагына бекем кыскан Кыяз ансайын өпкүлөп тойбой турду.
- Мен өпкөндөй сени эч жан өбө албайт. Мен сүйгөндөй сени эч ким сүйө албайт,- Жылдыз да шыбырай сүйлөп, Кыяздын эт жүрөгүн ого бетер элжиретип жатты. Бактын бутагынан үстүнө күбүлүп түшкөн карга да кайыл боло Кыяз кызды кучагынан коё бербей көпкө турду. Кылыктарын, эркелеп, эркелеткенин элестетип, сагынычы артып, жүрөгүнө кызганыч сезим уялай түшкөн учурларда өзүн коёрго жер таппай, сыртка кирип-чыгып, жатып-туруп, эчен ирет Ысык-Атаны көздөй түн жортуп жөнөп кетүүгө камынып, кайра айнып Жаңы жыл тосконун кыз кайдан билсин деп ойлоду.
- Алтыш, мен сенден башка эч нерсе сурабайм, бир эле өтүнүчүм: менден экинчи алыс кетпей жүрчү,- деди көптө гана кызды жалооруй тиктеп.
Үнү өтө эле аянычтуу чыкты. Жылдыздын жүрөгү титирей түштү. Бутунун учуна таканчыктай тура калып, экөө бойлошо түшкөндө Кыяздын мойнундагы карын колу менен күбүп түшүрүп, көздөрүнөн, бетинен, мурдунун учунан акырын өөп, маңдай чачтарынан сылай:
- Мен да сага ушул сөздү айтайын деп тургам. Сен мен үчүн ар дайым бар болчу. Менин сүйөрүм, сүйөнөрүм болчу,- деди жалжылдай, жаш тегерене түшкөн каректерин тез-тез ирмегилей,- Менин белегимди 12де ачтыңбы?
Кыяз адатынча каткырып күлүп алды муну укканда.
- Мойнума алам, эки жолу эрте эле ачып жибере жаздап, араң-араң карманып калдым. Бирок 12де ачканда сага да, өзүмө да ыраазы болдум. Эмнеге дебейсиңби?
- Эмнеге?
- "Эрте ачпай 31инде саат 12де ач" деген суранычың менен сен менин бүйүрүмдү кызытып койдуң. Бирок мен болсом сенин талабыңды орундатып, өзүмдүн эркимдин бекемдигин текшерип, билип алдым. Колунда турган белекти үч күн ачпай чыдап күтүү ар кимдин эле колунан келе бербесе керек. Рахмат, жануська, жаңы жылдык белегиңе. Мына, дароо эле эскисин ыргытып ийип, колдонуп алдым. Салып койгон бир долларыңды да өмүр бою жоготпой сактап жүрүүгө убада берем. "Капчыкка салып жүргөн бир доллардагы көздүн сүрөтү акча чакырып, ээсине байлык алып келет" деген турбайсыңбы, ээ? Муну бир жерден окудуңбу, же...
- Айтпайм,- деп сырдуу жылмайып койду Жылдыз.
"Сен берген китептен окудум" десе эле Кыяз ал китепти сурай калып, жашыруун сыр кылып жүргөндөрү ачыкка чыгып, андан ажырап калчудай сезимден ичиркенип да алды. Бирок сыр бербей табышмактантып, жылмайып кутулду. "Кыяздын жакшы жери: бир нерсени такып сурабайт. Тажатма эмес. Дал гороскопто жазылгандай…"- деп ойлоп алууга да жетишти.
- Баса, сен менин белегимди таап алдыңбы? Сага жактыбы?- Кыяз чочугандай сурады,- Оюнчуктардын арасынан байкабай калдыбы, колуна эле өзүм салып кетпей деп кейип жүрбөдүмбү.
Жылдыз жаркылдай күлүп, шакек салынган колун ары-бери айлантып калды.
- Кана, кана? Ичке манжаларыңа тим эле сонун жарашып калат тура. Апамдарга көрсөттүңбү, алар жактырыштыбы? Өзүңөчү, өзүңө жактыбы?
- Аябай жакты. Апаң сени ансыз деле жакшы көрчү, шакегиңди көрүп алып "табити мыкты" деп ого бетер жан-алы калбай мактап калды.
- И-ии… Жакса эле болду. Апам экөөбүздүн ойлорубуз дайыма дал келет да,- деп өзүнө-өзү корстон боло күлүп калды Кыяз.
Ал күнү экөө жетелешип Айтурдун туулган күнүнө барышты. Айтур туулган күнүнө классташ, группалаш балдарын келинчектери, сүйлөшкөн кыздары менен чакырган экен. Үй толо жаштар, күлкү-каткырык… Кыяз менен Жылдызды көптөн бери тааныган Айтурдун классташы Айбек учурашары менен эле:
- Экөөң дагы качанкыга чейин кыз-жигит болуп жетелешип жүрөсүңөр? Биздей болуп эле жарым жыл сүйлөшүп, баш кошуп алсаңар, эмдигиче балдарыңар чуркап калмак. Же, Кыяз дос, бир чечимге келе албай, "шашылбай коё турсам Жылдызкадан да сулуусун жолуктуруп каламбы" деп жүрөсүңбү? Анда эле адашканың ошол,- деп тамашаламыш эте далыга таптап койду.
Кыяздын өңү өзгөрүлө түшкөнүн көрүп, Айбектин орунсуз тамашалап алганын баары эле түшүнгөндөрү менен оңдоп калууга кеч эле. Ай-буйга келбей эле Кыяз Айбекти бет талаштыра муштуму менен бир коюп:
- Мен ким менен жүрөм, канча жүрөм, качан үйлөнөм-коём, аны өзүм билем! Сенин ага башың оорубай эле койсун!- деп ызырынып алды да, эмне болуп кеткенине түшүнбөй, көздөрүн алаңдатып туруп калган Жылдызды жетелей төргө өтүп кетти.
- Койгула эми, отуруш баштала электе эле…Бала болуп кеткенсиңерби?- көпчүлүктүн көзүнчө муштум жеп, жообун кайтара албай калганына ызаланып калган Айбек Кыязды көздөй жулунуп калганда Айтур, дагы экөө-үчөө ортого түшө калышты. Айбектин келинчеги күйпөлөктөп күйөөсүнүн бети-башын аарчый сырткы бөлмөгө сүйрөп калды. Ал моюн бербей төрдү көздөй жүткүнүп:
- Бас, чык! Өзүбүзчө сүйлөшөбүз,- деп жатты.
- Жүрү, сүйлөшкүң келсе сүйлөшөлү,- деп ордунан турган Кыязды Жылдыз колунан бекем кармай калып:
- Болдучу эми, эч жакка чыгарбайм. Айтурду сыйласаң,- деп шыбырай, ыйламсырай алдына тура калды.
Айтурдун классташтары Айбек тарап, группалаштары Кыяздыкын туура көрүшүп, ортодо ызы-чуу болуп кетишти. Классташына тартарын билбей, же группалаш досу Кыязга тартарын билбей эки ортодо Айтурга эле жаман болду.
(Уландысы кийинки санда)