Таң калычтуу төрөттөр
Дүйнөдө адамдарды таң калтырган укмуштуу көрүнүштөр ар кандай чөйрөдө кездешет. Анын ичинде төрөттө да. Дегеле, жаратылыштын кереметинде чек жок. Төмөндөгү мисалдардан улам бизге али белгисиз табышмактуу сырлар көп экендиги дагы бир жолу аныкталып өтөт.


Америкалык Сэмюэль Александер Армас курсакта жатканда эле тубаса айыккыс дарт менен (түз тура албайт жана өз алдынча баса албайт) ооруган. Аны айыктыруунун бир гана жолу бар эле: омуртка сөөктөр жаңыдан калыптанып келаткан кезде операция кылуу. Натыйжада, хирург Жозеф Брюнер али төрөлө элек 21 апталык Сэмюэлге ийгиликтүү операция жасаган. Таң калычтуусу, курсактагы ымыркай операция аяктап калган учурда жатындагы кесилген жерден кичинекей колун чыгарып, хирургдун бир манжасын кыса кармаган. Толкунданган Жозеф бул өмүрүндөгү эң кубанычтуу мүнөттөр болгонун жана таң калганынан ордунан жыла албай катый түшкөнүн билдирген.


Бул америкалык Румаиса аттуу кыз болгону 24 сантиметр узундукта, 243 грамм салмакта жети айга жетпей төрөлгөн. Ал операция жолу менен жарык дүйнөгө келип, врачтардын жардамы менен аман калган. Анын түгөйү Хибанын салмагы болсо мындан эки эсеге чоң болгон. "Эненин кан басымы өтө жогору болгондуктан, түйүлдүктөр курсакта жатканда өспөй калышкан. Айрыкча, Румаиса",- дешет врачтар.


32 жаштагы америкалык Женни үчүнчү жолку кош бойлуу кезинде курсагында алты эм бар экенин угуп, өтө таң калган. Буга чейинки эки жолкусунда тең кандайдыр бир себептер менен боюнан түшүп калган болчу. Ошол себептүү, врачтардын "төрөй албай каласың го, үчөөнү алып таштайлы" деген сунушуна макул болбой койгон. Чын эле Женни төрт врачтын жардамы менен алтоону тең аман төрөгөн. Алардын үчөө - Бэйли, Молли, Саванне аттуу кыздар, үчөө - Коулу, Блэйку, Гранту деген уулдар. Баарынын ден соолугу чың. Орточо эсеп менен ар бири 40 сантиметрдин жана 1 килограмм салмактын тегерегинде жарык дүйнөгө келишкен.


Татьяна Халина 42 жашында Россияда көз жарып, кызы 56 сантиметр, 7,75 килограмм салмакта төрөлгөн.


Кичинекей эгиздер Алисия менен Жасмин Австралияда жашашат. Алисия кара терилүү жана кой көздүү болсо, Жасмин ак терилүү жана көк көздүү. Ушундан улам аларга көргөн адамдардын баары таң кала карашат. Эксперттердин айтуусуна таянсак, мындай көрүнүш аралаш үй-бүлөлөрдүн (атасы кара, энеси ак, же тескерисинче) миллиондон бирөөнө гана туура келиши ыктымал.


Кытай тургуну Сяо Юбонун боюнун узундугу 165 сантиметр. Ал эми кош бойлуулуктун 5-айында эле курсагынын чоңдугу 175 сантиметрге жеткен. Врачтардын айтымында, мындай көрүнүш дүйнөнүн эч жеринде эч качан болгон эмес. Ушундан кийин болочок эненин 5 эм күтүп жатканы белгилүү болгон.


Американын Кентукки штатынын 35 жаштагы жашоочусу Стейси Херальд эң кичинекей бойлуу эне болуп эсептелет. Анын бою болгону 75 сантиметрге жетет. Врачтар ага: "Төрөбө, бул өмүрүңө өтө коркунучтуу. Ички органдарың да кичинекей болгондуктан, курсактагы бала чоңойгондо өлүп калышың мүмкүн",- деп айтышкан. Ага кулак салбаган Стейси - учурда эки баланын энеси.


Медицинанын тарыхында эң жаш эне катары перулук Лина Медина белгилүү.Ал 5 жашында операция жолу менен 2,7 килограмм салмакта уул төрөп, атын Херардо коюшкан. Лина уулунун атасы ким экенин жана кандайча боюна бүтүп калганын эч качан эч кимге айткан эмес. Врачтар изилдеп көрүшүп, кыз 4 жашында эле жыныстык жактан толук жетилгенин аныкташкан. Линанын ата-энеси Херардону "сен Линанын инисисиң" деп чындыкты айтпай тарбиялап чоңойтушкан. Ошого карабай Херардо 10 жашында энеси Лина экенин билип алган. Херардо ден соолугу чың чоңоюп, 40 жашында каза болгон.


Румыниялык Адриана Илиеску 20 жашында турмушка чыгып, дароо кош бойлуу болгон. Бирок ден соолугунун начардыгынан улам врачтар аборт жасатууга мажбур кылышкан. 24 жашында күйөөсү таштап кеткен. Бойдок калган Адриана ошол бойдон турмушка чыккан эмес. 66 жашка чыкканда гана жасалма уруктандыруу жолу менен боюна бүтүрүп, биринчи жолу төрөгөн. Учурда Адриана 73, кызы болсо 6 жашта. "Мен абдан бактылуумун, өзүмдү 40-50 жаштагыдай сезем. Ошондуктан, буюрса, дагы бирди төрөп алайын деп жатам",- дейт ал.


Сауле Сулайманова