Уурдалган бакыт

"Көпкө уктап калдымбы?" Зыйнат ушул ойдон чочуп көзүн ачты. Уйкудан ойгондум дейин десе, жүрөгү эбегейсиз зор кайгыдан улам ыйлап сооронгондой кайгырып, сел алып кеткен кең өрөөндөй бопбош тарта аңгырап туруптур. Анын үстүнө саргыч тарткан күңүрт дубалдар да жат, ары муздак болчу. Негедир башы тумандап, каерде экенин аңдай албай көпкө жатты. Турууга умтулган Зыйнат көкүрөгүнөн арта байланган шейшеп менен керебетке таңылып турганын көрүп жүрөгү "шуу" дей коркуп кетти.
- Мен кайдамын?-деди эси чыккан келин кардыга шыбырап.
Мисирейген муздак дубалдар баса калчудай үңүрөйүп тунжурайт. Зыйнат "түшүм го, ойгоноюнчу. Албарсты басып жаткан экен. Касым да ойготуп койбойт" деп ойлоп, бирок, түшү экенине толук ынана албай жүрөгү опкоолжуду. Зыйнат түшүркөп жаткандай кандайдыр ызы-чууну, кимдир-бирөөлөрдүн өзүн каяккадыр сүйрөп баратканын, апасынын кан какшаган ыйын эстеди.
- Апа!-дилине биринчи эле ушул ыйык сөз келди. Келин ушул кудуреттүү сөздөн калка издегендей алынын барынча аптыга чаңырып жиберди. Аңдып тургансып "шып" этип күржүйгөн ак халатчан эки жигит кирди да, көкүрөгүнөн баса бекем кармашты.
- Мен кайдамын, айланайындар?-деди Зыйнат аргасы куруй жалбара шыбырап. Бул кардыккан жалынычтуу үндөн көкүрөгүн басып турган жигит селт эте коё берип жиберди.
- Карма, Адыл!-деди шериги корсулдап.
- Доктурду чакыр!- Акырын, бирок, зекигендей сүрдүү үн каткан Адылдын көз чарасына жаш толо түшүптүр. Шериги түшүнбөй таң кала карап чыгып кетти. Сырттан ак халатчан дагы эки адам кирди.
- Өзүңүздү кандай сезип жатасыз? - Кирген адамдын бири жаш баланы эркелетип жаткансып, жок андай да эмес, куду кабанаак итти жоошутуп жаткансып кызыктай жумшак сүйлөдү.
- Мен кайдамын?-деди Зыйнат жалооруй.
- Сиз ооруканадасыз.
- Ооруканда? - Суроолуу караган Зыйнат ошол эле учурда маңдайында турган адамды бүшүркөй карап, "кайдан көрдүм эле?" деп ойлонгонго үлгүрдү.
- Оорулуунун тарыхын берчи?-деди дарыгер жанындагысына акырын. Тиги колунда кармап турган баракты кармата койду. Оорулуунун тарыхын шашпай барактап жаткан дарыгер бироокумда көрбөй калгансып көзүнө жакын алып келип, эки-үч сыйра окуп жиберди.
- Зыйнат? Сүйүнбекова Зыйнат?-деди ишенбегендей кайра-кайра кайталап. Анан келинге калтыраган үн менен: - Зыйнат, мени тааныдыңбы? Кубанмын...- Зыйнат Кубандын сөзүн акырына чыгарган жок.
- Али бар экенсиң да. Менин каргышым тийип, сени жер жутту бекен дедим эле, жер да албаган экен...- Келин жылан көргөндөй жыйрыла тиш арасынан күбүрөдү. Көздөрү чарасынан чыга чакчайып, өңү кумсара октолгон келиндин сүрүнөн жалтанган Кубан ордунан тура калды.
- Зыйнат...
- Жогол көзүмө көрүнбөй! - Ачуу чаңырган келинди даяр турган жигиттер жөжө баскан кулаалыдай баса калды. - Желмогуз, убалым уктатпасын, көр бол, жакшылык көрбөй кал! - Зыйнат эч кимге бой бербей жулкунуп, көкүрөгүндөгү жарааты капыстан ачылып кеткен ургаачы жолборстой жер-сууну бузуп чаңырды. Күрсүйгөн жигиттер чабалакейдей келинди кыймылдатпай кыйкылдатып муунта кармап, бирөө ийнесин даярдады.
- Коё бергиле, айбандар! - Кубан күтүүсүз ачуу кыйкырып, анын айбаттуу кыйкырыгынан сестенген жардамчылары апкаарый турган жеринде селейишти. - Коё бергиле...- Кубан бул жолу сурангандай жалбара акырын шыбырады.
- Кубан Аскатович, укол сал... -деп келаткан жардамчысын сүйлөтпөй:
- Чыккыла, мен өзүм карайм, бирдеме болсо өзүм жооп берем!-деди калчылдап. Кылчактаган медиктер акырын чыгып кетишти. Зыйнат алы куруй солуктап, муңкана шыбырады:
- Көр бол, Кубан. Менчилеп көзүң ачык туруп балаңдын көзүн көрбөй кал. Тирүү экенин көкүрөгүң сезип туруп, менчилеп "өлдү" деп боздоп, бирок, үмүтүң үзүлбөй издеп кал.
- Карга, каргап ал. Тийе элек каргышың болсо дагы тийсин, Зыйнат, көксөң суусун.
- Сени каргаганда, каргабаганда эмне, кудай тапсын. Канча жыл каргадым, кана каргыш тийгени? "Жакшы көрүп караган көздөрдү көрбөй көр бол" дедим эле көр болбопсуң, "жакшы сөз укпай дүлөй бол" дедим эле, дүлөй деле эмес экенсиң. - Эми эле тосмосун жырып кеткен суудай ээ-жаа бербеген келин ындыны өчө шуу үшкүрдү.
- Эмне деген шумдуктуу оорукана?-деди бир кезде чарчаңкы.
- Зыйнат...- Кубан не деп жооп берээрин билбей аптыкты.
ххх
Анда баары башкача болчу. Эликтин көзүндөй сулуу көздөрү жоодураган, жумурткадай ак жүздүү бул кыз далысын жаап, балтырына оролгон олоң чачын төгүлтүп маралдай кериле басканда канчалар акыйып артынан карап шилекейи агып, канчалар кагаз бетин тытып кат жазды. Ээрчий караган көздөр, муңкана жазылган Мажнун каттар кыздын жүрөгүн жибите алган жок, кайра кыжырына тийди. Өзүн сүйүү үчүн эмес, сүйдүрүү үчүн жаралгандай сезип менсинди. Ошондой күндөрдүн биринде Кубан жолукту. Кубан башкаларчылап Зыйнаттын көзүн карап, муңканып кат жазган жок. Студенттик кечелердин биринде узун бойлуу, толкун чачы кең маңдайын көрктөгөн сулуу жигит Зыйнаттын уруксатын сурап отурбай эле бийге булка тартып, чимиртилте бийлеп кетти.
- Менин атым Кубан, силердин кечеге атайын сизди көрөйүн деп алыстан ат арытып келгем.
- Анча эмне күч келди? Убара болбой эле койсоңуз болмок экен.
- Сиздей сулууга убара болмок түгүл, ааламды курмандыкка чалса аздык кылат. Баса, окуулар кандай, Зыйнат сулуу?-деди кыздын ичке белинен орой кармап. Зыйнаттын көзүнөн көзүн албаган жигиттин үнү өктөм, көздөрү оттуу.
- Кандайын сурайсыз?-деди Зыйнат сүрдөп турса да сыр бергиси келбей.
- Албетте, жакшысын.
- Жаманы болсо айтуунун кереги жок экен да? - Зыйнат кермек какшык жылдырды. Бүркүт кабагы жыйрыла түшкөн Кубан негедир муздак жылмая кыз какшыгын жоопсуз калтырды. Ошол күндөн баштап Кубан Зыйнатты бура бастырбай белектин кымбатын арнап, элеттик кыздын түшүнө кирбеген ресторандарга алып кирди. "Жашоо ушул тура" деп бактысына башы тумандаган кыз кантип Кубандын курмандыгы болгонун байкабай калды. Каргыш алган ошол кечте Кубан адатынча шашып келди да, буйрук бере сүйлөдү:
- Бол, кийин, уяттуу жерге барабыз!-деди да, шашкалактай колунда көтөрө келген баштыктан көз жоосун алган кооз көйнөктү сууруп чыкты.
- Ай-ий!-деди көздөрү көйнөктөн өткөн кыз. Кубан көйнөккө өңдөш туфлини Зейнептин алдына таштады. Көйнөк Зыйнаттын ичке белин кучактаганына кубангандай куп жарашып, туфли атайын кыздын жумуру, түптүз узун буттарына арналгандай эле. Күзгүнүн алдында өзүнө-өзү суктанган кызды Кубан далысынан кучактай:
- Көзүңдү жум!-деди ысык шыбырап. Зыйнаттын мойнуна муздак бирдеме оролду. - Ач көзүңдү! - Кыздын ак куунукундай мойнунда жүрөкчө кулону бар алтын чынжыр жаркырап турду.
- Магабы?
- Сага жаркыным, баары сага! - Зыйнат Кубандын мойнуна ороло өпкүлөп жиберди. Кубан кыздын бүлдүркөн эриндерин тамшана өөп, анан кайра шаштырды.
- Бол эми, уяттуу кишилер күтүп калышты.
Зыйнат ким деп да сураган жок. Чакмак такси шаардын четиндеги кош кабатуу заңгыраган үйгө келип токтоду. Мындай чоң үйдү али көрө элек Зыйнат оозу ачыла, дарбазаны коомай аттады. Түрдүү кооз килемдерге чулганган үйдө экөөнөн башка эч ким жок эле.
- Эч ким жок го?-деди Зыйнат Кубанды суроолуу карап.
- Азыр келишет. - Кубан кызды имере кучактап өөп койду. Жигиттин көзүнөн жүрөк үшүткөн муздак кумар жылт этти.
- Жүр, мен сага экинчи кабатты көрсөтөм. - Хан сарайдай жасалгалуу үй Зыйнаттын эсин эки кылып, акырын жаш баладай сурап койду.
- Ээси урушпайбы?
- Кичинекейим, ээси биз болсок ким урушат? Ушунун баары азырынча меники, анан экөөбүздүкү болот.
Чоң бөлмөнүн ортосунда төрт адам кенен жаткыдай баш аягы күмүш түстүү ракушкалар менен шөкөттөлгөн диван, жерде гүлдөрү бажырайган түгү карыш кооз килем, четтери куду дивандын ракушкаларына өңдөш чоң күзгү, күндүн желесин катып алгансып түркүн түскө кубулган зор люстра. Кубан элеңдеген Зыйнаттын албырган жүзүнөн кумарлана жыттап, бооруна кысты. Жыгылып бараткан кыз аптыга шыбырады.
- Кантесиң Кубан, коё турчу!
- Эмнеге коркосуң? Сен меникисиң, мен сеникимин. - Кубан Зыйнатты сүйлөтө койбой ысып-күйгөн бүлдүркөн эриндеринен жанталаша өпкүлөп, алкымынан, али эне сүтүнүн жыты кете элек көкүрөгүнөн аймалай энтикти. Оболу каршылык көрсөтүп жаткан Зыйнаттын колдору өзүнөн өзү жигиттин мойнуна оролуп, денесин жалын каптай толгоно кыңкыстады. Кубан кыздын үлбүрөгөн көйнөгүнүн топчуларын калтыраган колдору менен шашкалактай чечип да, караңгы түндү жыртып сүрүлгөн таңдай улам шаңкайып ачыла агарган тумсак дененин чоло жерин койбой өпкүлөй да берди. Сүт тепкен аппак балтырлар бирде күн желеси жашынган зор люстранын жарыгына чагыла жарк этсе, бирде Кубандын күчтүү буттарынын алдында тумчуккандай туйлайт. Бөдөнө тумшук кош мамак карарган үрпүнөн эми эле жалын бүркүп жиберчүдөй тирсийип, жигиттин түктүү көкүрөгүнө тиреле, дикилдеген жүрөктүн дабышын коштоп жаткансып титирейт.
- Апа!-деди Зыйнат ооруксуна онтоп, тумчуга туйлап. Кубан кыздын кабыргасын ансайын кычырата кучактап, оозунан жалын бүркө аптыгып жалынды.
- Кичинекейим, бир аз чыдап кой. Мына, сен меникисиң, эч кимге бербейм! Таттуум менин, периштем!
Ал күнү бул керемет сарайга чачын ак аралап калган улгайыңкы үй кызматкеринен башка жан адам келген жок. Эки жаш үч күн бою эч жакка чыкпай сүйүү отуна өрттөнүштү. Үчүнчү күнү эриндери тиштелгенден улам дордойгон, жүзүн ак шишик баскан Зыйнатты тамак даярдаган аял ушундай бир аягандай көз менен карап, анан кейий шыпшына:
- Айланайын ай, бала эле бойдон экенсиң. Сенин да энең бардыр...-деп койду. Аңгыча экинчи кабаттан түшүп келаткан Кубанды көрүп унчукпай ашканага кирип кетти.
- Эмне дейт жезкемпир?-деди Кубан Зыйнаттын жаагынан кош колдой кармап. Кубандын көзүндөгү муздак жылт эткен каардан Зыйнат сестене түштү.
- Эч нерсе, энеңдей аялды жезкемпир дейсиң да.
- Менин энем ханыша! - Кубан керкейе сүйлөдү. Кызык, Кубан кечээ эле, жок... жана эрте менен эле кыздын асты-үстүнө түшө жалбарып мээримдүү эмес беле?! Унчукпай тамактанышты. Кубан шаарга келаткан жолдо да урушкан адамдай үн катпай, качан кыздын жатаканасына жеткенде, Зыйнатын жүзүнөн муздак өөп:
- Жакшы жүр,-деп койду. Ордунан жылып кеткен машинанын артынан карап кала берген кыз негедир ыйлагысы келди. Колунан бир аялуу ыйык буюмун алдырып жибергендей ичи ачышты.
(Аягы кийинки санда)