Жылдыз белгисине жараша ичимдик
Ар бир зодиак белгисинин өзүнө тиешелүү табити болот эмеспи. Анын сыңарындай төмөндө берилген астро төлгөдө ар бир жылдыздын ичимдик тандоосуна жараша мүнөзү тууралуу айтылган.

Кой
жылдызы
Бул жылдыз белгиси астындагылар дайыма эмнени каалаарын жакшы билишет. Алар өздөрүнө тааныш эмес жаңы ичимдикти татып көрүүдөн баш тартышат жана аларды көндүрүү эч кандай жыйынтык бербейт. Кой жылдызындагылар күчтүү адамдардын катарына киргендиктен, даамы таасирленткен маселен, виски же коньяк сыяктуу ичимдиктерди тандашат. Булар бир нерсеге бат кызыгышат. Ичимдик ичип алышса акылга сыйбаган, ойго келбеген нерселерди жасашы мүмкүн. Алар мындай нерсени алдын алуу үчүн күчтүү арак ичимдигин шампан ичимдигине алмаштыруусу зарыл. Мындан тышкары, кызыл винодон оолак болуулары керек. Себеби, көпчүлүк кой жылдызындагылар шакый оорусу менен ооругандыктан, бул ичимдик ооруну күчөтөт.

Букачар
жылдызы
Букачарлар өз табитине туруктуу келишет. Жашоодо кандай бир мүнөздө болсо, ичимдик тандоодо да ошондой болушат. Жада калса ресторанга келгенде качанкы бир убакта жактырган ичимдигин заказ кылышат. Бирок, букачарлар көбүн эсе кымбат француз винолорун тандашат. Эгерде букачарлар ичимдиктен ашыкча ичип алышса, айланадагылар сак болушу керек. Алар соо кезинде жини келгенин билгизишпейт, ал эми мас болгондо чыныгы кыжырданганына, ачуусу келгенине күбө болосуздар.

Эгиздер
жылдызы
Бул белгидегилер кечеге ичимдик ичүү үчүн келишпейт. Мындай нерсе алар үчүн кызыксыз. Негизи эгиздер колго бокал кармап алып көңүл ачууну, сүйлөшүүнү жактырышат. Эгиздерде ичимдик тандоо сапаты жок, ошондуктан, аларүчүн бардыгын аралаштырып, жаңы ичимдикти даамдап көрүү кызыктуу. Жылдыздар бул белгидегилерге жеңил кургак вино жана мускаттар туура келээрин баса белгилешет. Кыскасын айтканда, эгиздер канчалык көп ичимдик ичпесин, анын маанайына жана жүрүм-турумуна эч таасирин тийгизбейт. Эгер таасирин тийгизсе, айланадагылар менен жакшы тил табышуусуна тийгизиши мүмкүн. Эгиздердин айымдары өзгөчө бөтөлкөлөштөрдөн болушат.

Бөйөн
жылдызы
Бөйөндөр оңой эле ичимдике көз каранды болуп калышат. Алар үчүн айлана-чөйрөдөгүлөрдүн таасири чоң, муну менен катар эле бөйөндөр үчүн боорукер адамдардын курчоосунда болуу эң негизги мааниге ээ. Ичкилик бөйөндөрдүн иммунитетин начарлатып, жан дүйнөсүндөгү жагымдуу сезимдерди бузушу мүмкүн. Ошондуктан, бөйөндөр сыра ичкенде да абайлап, сак болушу керек. Алардын ичеги-карыны жакшы болбогондуктан, вино ичкенге да болбойт. Эгер алар ичимдик тандай турган болсо, жылдыздар вермутту сунушташат. Башка жылдыздарга салыштырмалуу өспүрүм бөйөндөр ичкилик ичкенде алардын көпчүлүгүнүн жүрөгү айланып, кускусу келет.

Арстан
жылдызы
Арстандар - керилип туруп тартып жиберишет, алар берешен, колу ачык жана акчаны өзүнө кандай сарптаса, айлана-чөйрөдөгүлөргө да ошондой сарптаганды жакшы көрүшөт. Албетте, арстандардын бул сапаты ичкилик ичкенде гана байкалат. Ошондуктан, арстандар ичимдикке жок, эгер иче турган болсо алар көп ичишет жана мыкты ичимдикти тандашат. Көп учурда алар таттуу виного басым жасашат. Мындай болгону менен арстандар чектен ашпай, өзүн токтото билиши керек. Себеби, алардын жүрөгү начар. Экинчиден, алар ичимдик ичкен соң ойго келбеген, акылга сыйбаган нерсени жасап, өз аброюна шек келтирип алышы толук мүмкүн.

Бийкеч
жылдызы
Бийкечтер өзүнүн ден-соолугуна кам көрүүнү жактырышат. Мына ушуга байланыштуу алар спирт ичимдиги жөнүндө жаман ойдо болушат. Бирок, бийкечтерге көркөм жана сыпайылар жагат, ошондуктан, алар өзүнө ылайыктуу суусундуктарды тандашат. Мисалга алсак, коньяк же виски. Бийкечтер бардык нерсеге маани беришет жана алар жөнөкөй ичимдиктерди иче беришпейт. Эгерде бийкечтер мыкты ичимдик тандаса, анын канча түрү болсо, ошонун баарын даамдап көрүшөт. Алардын кайсы жылы чыкканын да айырмалай билишет. Эгер бийкечтер ашыкча ичип алышса да ичимдиктин анча таасири тийбейт. Бир гана алардын ичеги-карыны зыянга учурашы мүмкүн, ошондуктан, жылдыздар аларга ичимдик тандоодо кургак винону сунуш кылышат.

Тараза
жылдызы
Бул жылдыз астындагылардын табити да, мүнөзү да жакшы. Ушундай мүнөзү үчүн алар жакшы адамдардын арасында өмүр сүрүп келишет. Таразалар ичимдикти көп жактыра беришпейт, ошентсе да алар дайыма компанияда болгондуктан, ичимдик ичкенге туура келет. Бирок, бул белгидегилер ичимдикти аз колдонушу керек экенин эсинен чыгарбашы керек! Себеби, алардын организми чыдамкай эмес. Көпчүлүк таразалар жыпар жыттуу - коньяк, виски сыяктуу суусундуктарды ичүүнү жактырышат. Мындан тышкары алар өзгөчө даамдагы винолорго басым жасашат. Жан дүйнөсүндө алар француз виносун мыкты деп эсептегени менен досторунун көзүнчө билермандыгын жана табити мыкты экенин көрсөтүүнү каалашат.

Чаян
жылдызы
Чаяндар өзүнө окшош күчтүү суусундуктарды тандашат. Көпчүлүк чаяндар коктейль түрүндөгү эмес, таза ликерди жактырышат. Кыскасы, аларды кымбат маркадагы, кылдаттык менен тандалган табиттеги жана ашыкча таттуу эмес ичимдик кызыктырат. Чаяндардын ден-соолугуна жана маанайына мускат виносу ылайык келет. Эгерде чаян компанияда отуруп ичсе, чектен чыкпашы керек! Себеби, чаяндар ашыкча ичимдик колдонушса эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү сүйлөп, кийин өкүнүшү мүмкүн. Алкоголдон чаяндардын жыныс органдары жабыркайт.

Жаачы
жылдызы
Жаачылар вино, шампан сыяктуу жеңил суусундуктарды жактырышат. Эркиндикти сүйгөн жаачылар баарын ырахаттануу менен жасашат жана ичишет. Бул жаачылар үчүн кооптуу нерсе. Алардын боору арак менен күрөшө албагандыктан, катуу ооруга чалдыгышы мүмкүн. Жаачылар кечеде ичимдик колдонбосо, алардын маанайы жок болот. Бул нерсе кечени бузуп коюшу мүмкүн, себеби, жаачылар демилгени колго алып, жакшы маанай тартуулагандардын бири эмеспи.

Текечер
жылдызы
Текечерлер - жалгыз жүргөндөрдөн. Алар үчүн айлана-чөйрөдөгүлөр менен тил табышуу кыйын. Ошондуктан, текечерлер үчүн ичимдик айланадагылар менен тил табышууга "көпүрө" болуп бере алат. Кечеде ашыкча ичимдик ичүү текечерди жандандырат. Ашыкча ичимдик ичүү аларга зыянын тийгизбейт. Мындан тышкары бир бокал вино текечерлердин тамак сиңирүүсүн жакшыртат. Текечерлер келишимдүү суусундуктарды, классикалык виски жана француз виносуна басым жасашат. Бул белгидегилерге туруктуу суусундуктар жагат.

Суу пери
жылдызы
Сууперилер стресстен арылуу үчүн алкоголго басым жасашат. Бул үчүн таттуу вино жана шампан туура келет. Жыпар-жыттуу винолор сууперилердин бошогон нерв клеткаларын ордуна келтирүүгө көмөк көрсөтөт. Сууперилердин нерв системасы үчүн алкоголдун чоң залакасы тиет.

Балык
жылдызы
Балык жылдызындагылар алкоголго бат көнүп кетишет. Алар өтө кыялкеч келишет, эгерде кыялы орундалбай калса, күчүн күчтүү ичимдиктерден чыгарышат. Күчтүү ичимдик - балыктар үчүн кооптуу. Алардын организми сезимтал келет жана аларга баш жазуу кыйынчылыкты жаратат. Балыктар эки эрежени эсинен чыгарбашы керек: 1. градусту жогорулатпоо 2. кызыл менен акты аралаштырбоо. Балыктар үчүн идеалдуу тандоо болуп - кургак вино эсептелинет.

Наргиза Жумашова