Кыздык белги дүйнөдө
Аялзатынын актыгын, аруулугун далилдеген бирден-бир белги - анын кыздыгы. Байыртадан бери кыздык белгиге кылдат мамиле жасалып, турмуш курууда ага өзгөчө маани берээри баарыбызга маалым. Баарынан да байыркы урууларда, айрым өлкөлөрдө кызыктай ал тургай азыркы көз караш менен караганда жапайы жол менен актыгынан айрылтышкан. Ар бир өлкөнүн, уруунун колуктуну актыгынан ажыратууда атайын колдонгон салттары бар.

Байыркы Египетте жашагандар кыздык белгини кызыктай жол менен алдырышчу. Той болоор күндү белгилеп күйөөсү колуктусун чиркөөгө алып барат. Чиркөөдөн алдынан чыккан биринчи эркекке колукту кыздык белгисин белек кылчу экен.
Папуа уруусунда кыздык белгини алуу милдетин азыркыга чейин күйөөнүн достору аткарат. Үлпөт тойго саналуу күндөр калганда күйөөнүн үч-төрт жакын досу колуктуну уурдап кетишип актыгынан ажыратышат да, кайра күйөөнүн колуна тапшырышат. Той болгонго чейин колукту күйөөсүнүн үйүндө жашайт, ошол аралыкта кызды актыгынан ажыраткан достору кезек менен келип колукту менен көңүл ачып турганга укугу бар.
Римде кыздык белгини алууда чиркөө кызматкеринин ролу чоң. Ата-эне күйөөгө чыга турган кызын ага жетелеп келишет. Чиркөө кызматкери аны жети күн дубалап, ичиндеги арам ойлорду, коркуу сезимин тазалап жок кылат. Жетинчи күнү гана күйөөсүнүн катышуусу менен кыздык белгиси алынат экен. Салт боюнча болочоктогу жолдошу жардам бербестен, сыртынан күбө катары гана карап турат. Римдиктердин түшүнүгүндө, кыздык белги ыйык нерсе, андыктан, аны ыйык адам гана алууга тийиш.
Скандинавияда тескерисинче кыздык белгини шайтан жана оору менен байланыштырып жүрүшөт. Ошондуктан, андай "балээни" үйдөн алыс жерге алып барып жок кылып келген жакшы. Мындай жоопкерчилик уруу башчыга же сакалдуу адамга жүктөлөт. Ал колуктуну токойго же тоого алып барып, атайын дуба окуп туруп кыздык белгисинен ажыратат. "Колдонууга жарактуу" болгондон кийин гана колуктуну күйөөсүнүн колуна тапшырышат. Башында уруу башчылары бул иштен заарканышса, кийин сүйүктүү жумушуна айланган.
Индияда илгери колуктунун кыздык белгисин ажыратуу иши күйөөнүн досторуна жүктөлсө, убакыттын өтүшү менен атайын окутулган, ошол тармакта түшүнүгү бар адамдар бул кызматты аркалай башташат. Болгондо да аларга бул жумушу үчүн акча төлөнчү. Ал эми актык алынганда шейшепке түшкөн кан таза эмес делинип, кээ бири аны бирөөнүн жолун бууп башын айландырганга карата колдонушкан.
Байыркы заманда ирандыктардын ар бирөөнүн короосунда "нике багы" өсчү. Кызын күйөөгө узаткан ата-эне эртеси жакшы же жаман жаңылык күтүшү керек. Эгер кызынын актыгы жок болсо, салт боюнча күйөөсү аялын ошол бакка асып салганга акысы бар болчу. Ал эми айрым үй-бүлөдө күйөөсү биринчи нике түнүндө кайнене-кайнатасын маңдайына алып келип алат. Ошол түнү кызынын тагдыры чечилип, түбөлүккө жашап калаары же эртеси күнү бакка асылаары аныкталчу.
Жогорудагыдан кем калышпаган катуу салт Сауд Арабиясында да кездешчү. Илгери актыгы жок кыздарга эн салып коюшкан да, аны менен көп эркектер үй- бүлө куруу максатында эмес, көңүл ачуу үчүн байланышчу. Эгер колукту биринчи нике түндө кыздыгы жок болсо, күйөөсү ошол жерден мууздап салганга укугу бар болгон. Болбосо ата-энесине алып келип берип, алар алдын ала даярдалган ысык мончого бир нече күн камап жазалашчу. Бүгүнкү күндө актыгы жок кыздарды күйөөлөрү мууздабаса да катуу жаза дале колдонулуп келет.
19-кылымда Японияда колуктуну кыздык белгиден үй-бүлөнүн эң жакын досу ажыраткан. Ал киши нике түнү атайын чакырылып, үй ээлеринен сый-урмат көрөт. Андан кийин колукту жаткан бөлмөгө кирип, кызыл түстөгү чүпүрөктү сөөмөйүнө ороп туруп кыздын жатынына киргизет. Канга боёлгон бет аарчы эртеси күнү эшиктин кире беришине илинип, колукту кыз бойдон экенин келген конокторго көрсөтүп мактанышчу.
Африканын пигмей уурусунда кыз актыгынан көпчүлүктүн көзүнчө айрылат. Той болоор күнү уруунун эң кадырлуу адамы атайын жыгачтан эркектин жыныс мүчөсүн жазайт. Аны атайын май менен майлап жылмакай кылышат. Той болуп жатканда жыгачтан жасалган жыныстык мүчө ортого коюлуп, колуктунун курбулары аны тегеректеп бийлешет. Бий бүтүп, уруу башчы белги бергенде колукту жыгачтан жасалган жыныс мүчөгө отурушу керек. Кыздык белги айрылып, жыгач канга боёлот. Бир уруунун көзүнчө ак экенин далилдей турган жөрөлгөнүн пигмей уруусунда азыр да орду чоң.
Байыркы заманда Каспий деңизинин айланасында жашагандар колуктунун кыздык белгисин алаарда анын бар же жогун төмөндөгүдөй жол менен текшеришкен. Колуктуну жылаңач кылып чечиндирип, аарынын уюгуна алып келишет. Эгер кыз тайманбай уюктун жанында тура алса, аарылар ага жолой албайт, бул нерсе болочоктогу жубайдын кыздык белгиси бар экенин билдирет. Ал эми кыз аарылардан жалтанып качса жана аарылар анын артынан куса, анда кыздык белги жок деген түшүндүргөн.
Түштүк Африкада урууга улам кошула турган колуктуну кыздык белгисинен ажырата турган атайын "адис" бар. Өзүнчө чатырда жашаган адамдын алы-күчү кетпесин деп күнүгө тамактын даамдуусу менен кезектешип багышат. Кээде кыздардын көптүгүнөн бир күндө бир нече кызды актыгынан айрылтып аягында өзү мөөнөтүнөн эрте импотентке айланып иштен чыгып калган кездери да кездешет. Анын ордуна уруу башчынын чечими менен мындай кызматка алы-күчү толуп ташып турган жаш жигит шайланат.
Азыр замандын талабына жараша кыздык белгиге ар ким каалагандай көз караш менен мамиле жасап жүрүшөт. Бирок, кыргыз элинин менталитетинде кыз турмушка чыкканга чейин актыгын сакташ керек деген түшүнүк терең сиңген. Качан гана молдо нике кыйганда колуктунун кыздык белгиси алынууга тийиш.






Кыздык белги сиз үчүн мааниге ээби?
"Кыз актыгын сакташ керекпи же анын зарылчылдыгы жокпу?" деген суроону шоу чөйрөсүндөгү мырзаларга узатып көрдүк. Кээси суроого жооп берүүдөн баш тартса, айрымдары төмөнкүдөй ойлорун билдиришти.

Алексей Филатов, алып баруучу:
"Бири-бирин жакшы билсе болду"
- Бүгүнкү күндө түгөйлөр үйлөнгөнгө чейин бири-бирин жакшылап билишкендери оң. Анткени, баш кошкондон кийин төшөктө бири-бирин канааттандырбай ажырашып кеткендер канча? Менин оюмча кыздык белгинин азыр зарылдыгы деле жок. Эң негизгиси, болочоктогу жубайың ишенимдүү, сени чындап сүйөөрүнө көзүң жетсе болду. Сүйүшкөндөр сүйлөшүп жүргөндө моралдык эле эмес, физикалык жактан да жакындашып көргөндөрү жакшы го дейм. Мисалы, мен болочоктогу жубайымды баардык жагынан сынап көргүм келет, акылын да, төшөктөгү жөндөмүн да...


Добр, ырчы:
"Күйүп кетем да күйүп"
- Мен үчүн эң биринчи маанилүү нерсе ошол. Бирок азыр кыздарга ишенип да болбойт. Кыздардын көбү ушул нерсеге жеңил карап, убактылуу азгырыкка алдырып ийип жатышат. Жеңил ойлуу кыздар кандайдыр бир куулук жол менен жакшынакай турмуш куруп кеткенин көрүп күйүп кетем да күйүп...Нике кыйганда да сенин жубайың ак, таза экенине көзүң жетип турса жакшы эмеспи. Башка балдарды билбейм, мен кыздык белгиге аябай маани берип катуу карайм.


Мелис Абдрашитов, ырчы:
"Эсиң барда
этегиңди жап"
- Азыр жаш кыздар "современный" деген түшүнүккө арбалып, өзүбүздүн менталитетибизден оолактап бараткансыйт. Болочоктогу жолдошуңа таза, аруу экениңди бир эле ошол белги менен далилдей аласың да. Менин оюмча кыз кишинин кыздык белгисине баардык эркектер эле маани берет. Болочоктогу энелерге айтаар кеңешим, эсиңер барда этегиңерди жаап, ыйманыңарды сактагыла дээр элем.


Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА