меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулу:

"Элдик медицинага кызыккандардын саны өсүүдө"
Табигат өсүмдүктөргө, жанды-жаныбарларга өтө бай. Биз алардын дартка даба, илдетке шыпаа өзгөчө касиеттерин биле бербейбиз. Өз өмүрүн элдик медицинага арнап өсүмдүктөр ааламын жетик иликтеп, аларга талдоо жасап, дартка даба ар кандай дарыларды жасоону адатка айланткан элдик дарыгер, кыл тамырчы, табып Дүйшөнбек Чомо уулу окурмандар берген суроолорго жооп берүү менен бирге төмөнкүлөрдү айтып берди.

- Дүйшөн байке, ушул элдик медицина менен алектенип калганыңызга эмне себеп болду эле?
- Мен негизи табып, дарыгер болом деп эч качан ойлогон эмесмин. 1982-жылы касиеттүү тамырчы-табыпчылыкты аркалап баштадым. Бул кесипти аркалап калганым күтүүсүз жерден болду. Бир күнү олтурсам бир аксакал келип: "Атаң Чомонун мыкты элдик дарыгер, тамырчы экенин билчүмүн. Ал кишиге ар дайым келип каранып турчу элем. Анын касиети сага да өткөн болсо керек. Катуу ооруп жатам, тамырымды кармап, оюңду айт",- деп билегин сунуп калды. Мен ыңгайсыз абалда калдым. "Кыяйын дейм, мазардан корком, кыйбайын дейм, Назардан корком" дегендей, тамырын кармайын дейм, калпыстык кетирип аламбы деп корком, кармабайым дейм, карыянын шагын сындыргым келбейт. Акыры атамдан көрүп жүргөнүмдөй кылып кылдаттап тамырын кармап, ысыгы ашып кеткенин байкадым да, сууктук ичүү керек экенин айттым. Ошондон тартып, ыраматылык атамдын жолун улап келе жатам.
- Кайрылган оорулуулардын кандай оорудан жабыркаганын кантип аныктайсыз?
- Алгач келгенде тамырын кармап туруп оорусун аныктайм. Чындыгын айтканда элдик медицина менен көптөгөн ооруларды айыктырууга болот. Табигый чөптөр менен дарылоодо башка органдарга зыян болбойт. Элдик медицинага акыркы эки жылдан бери кызыккандардын саны өсүүдө. Бирок, көпчүлүк эл сыркоолоп калса эле бейтапканага карай бет алышат. Алардыкы деле туура, аппараттар аркылуу так диагнозду койгон соң оорусуна карай дарылануу керек. Кээ бир оорулар салттуу медицинага караганда, элдик медицинадан бат айыгышат, мисалы: көз тийгенде, назар түшкөндө, жин тийгенде, катуу коркуп, жүрөк түшкөндө ата-бабаларыбыз колдонуп келген ыкмалар менен бат эле айыктырууга болот.
- Элдерди кандай ыкма менен дарылайсыз?
- Дары чөптөрдүн жети жүздөн ашык түрлөрүнөн ар кандай ооруларга колдонула турган мазьдарды, кошулмаларды, суюк түрдөгү дарыларды өзүм жасайм. Ошол дарыларды оорусуна карап ылайыктуусун берем. Андан тышкары жаныбарлардын этин, ичегилерин жана майларын колдонуп дарылайм.
- Дары жасоо үчүн чөптөрдү кайдан аласыз?
- Негизи, чөптөр дарыканаларда сатылат. Бирок, мен керектүү чөптөрдүн баарын өз колум менен Кыргызстандын ар кайсы аймагын айланып жыйнап алам да, өзүм каалагандай кылып кургата тургандарын кургатып, майдалай турганын майдалап даярдап алам.
- Сизге кандай оору менен көп кайрылышат?
- Мага тери оорулары, ичеги-карын оорулары, ар кандай шишиктер менен кайрылгандар көп. Оорулууну көрүп эгер өтүшүп кеткен болсо, "элдик медицинанын күчү жетпейт, салттуу медицинага баргыла" деп ачык эле айтам. Элдик медицина оорунун жаңы башталганында же алдын алууда жакшы натыйжа берет.
- Чөптөрдү көп колдонуп алса зыяны болушу мүмкүнбү?
- Албетте, ар нерсенин өз ыгы, жолу болот эмеспи? Чөп деп эле колдоно берүүгө болбойт. Эгер нормадан көп колдонуп алса башка органдарына зыяны тийиши толук мүмкүн. Дагы кошумчалоочу нерсе уулуу чөптөр да бар, аларды туура эмес колдонуп алса ууланып, аягы жаман нерсе менен бүтүшү да мүмкүн. Ошондуктан, сөзсүз түрдө дарыгердин көзөмөлү менен колдонуу керек.






Чач жыдып түшүп калды
- Акыркы кездерде чачым жыдып эле түшүп жатат. Таз болуп каламбы деп коркуп жатам. Элдик ыкмаларды колдоноюн дегем, жардам бериңиздерчи?!
Ширин, Ош.
1-ыкма: Сарымсакты чоң-чоң кылып туурап алып, аны менен жыдып бараткан жериңизди кызарганча сүртөсүз. Мындан тышкары, пиязды да колдонсоңуз болот.
2-ыкма: 30 грамм төө жалбыракты, 70 грамм чалкандын жалбырагын аралаштырасыз. Анын үстүнө 1 стакан кайнак суудан куясыз да, аралашманы кайнатасыз. Үстүн жаап, 4 саатча коё турасыз. Бул маңыз менен эки күндө бир башыңызды жууп турушуңуз керек.
Күйөөмдүн
коңуругунан тажадым
- Мени күйөөмдүн коңурук тартканы тажатты. Кандай кылып коңуруктан арылууга болот?
Наргиза, Бишкек.
- Урматтуу Наргиза, эгерде күйөөңүз коңурук тартып тажатып жатса, төмөнкү кеңеш сизге жардам берет.
1-ыкма: Жолдошуңуз дайыма тамак ичип бүткөн соң 1,5 сааттан кийин өсүмдүк майынан 1 аш кашык ичип туруш керек. Дарылоо курсу 5-6 айга чейин созулат.
2-ыкма: 1 стакан капуста ширесин 1 аш кашык балга аралаштырып, уктаар алдында ичириңиз. Дарылоо курсу 1ай.
Баламдын ичи
ката берет
- Менин балам эки жашта. Ичи бат-бат ката берет. Эмне кылсам болот?
Миргүл, Балыкчы.
- 4 аш кашык кургатылган тегерек баш чөпкө 1литр кайнак сууну куюп, 2-3 саатка чейин тыныктырып коюңуз. Андан кийин аны күнүгө 3 жолудан балаңызга тамак берээрдин алдында 100 граммдан берип туруңуз.
Бырыш менен кантип күрөшөм?
- Байкалбай жүрүп бетимди бырыш басып кетти. Элдик медицинада бырышка каршы кандай ыкмаларды колдонот?
Батма, Бишкек.
- Эки баш сарымсакты тазалап, жакшылап майдалаңыз. Жанчылган сарымсакты 1 см жаап тургудай кылып үстүнө өсүмдүк майын куясыз. Банканын оозун жел кирбей тургандай кылып бекем жаап, салкын, мүмкүн болсо караңгыраак жерге 7 күн коюп коюңуз. Андан кийин 3 күн муздаткычка коёсуз. Май менен сарымсактын аралашмасын марлядан чыпкалап алыңыз да, жатар алдында күнүнө 2-3 тамчыдан бет майыңызга кошуп сүйкөй бериңиз. Эки жума үзгүлтүксүз пайдалансаңыз, жашарган жүзүңүздү күзгүдөн көрүп тааныбай каласыз.
Суроолорго элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулу жооп берди.

Койсунай Шамшиева





кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика