меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Бактыгүл КАЗЫБАЕВА, Данияр Дунгановдун жубайы:

"Бакиевдин жан-жөкөрү болсо,
жок дегенде чоң там салбайт беле?"
Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасы Жаныш Бакиевдин орун басары болуп саналган Данияр Дунгановдун УКМК СИЗОсунда отурганына 8 ай болду. Бүгүнкү күндө анын акыбалы оор. Өткөн жумадагы 7-апрель окуялары боюнча сот процессине аны медициналык замбилде алып келишкенине күбө болгонбуз. Биз ошол полковник Дунгановдун жубайы Бактыгүл Казыбаеваны кепке тарттык.

- Бактыгүл эже, алгач жолдошуңуз, үйбүлөңүз тууралуу айтып берсе­ңиз...
- Данияр экөөбүз 20 жылдан бери чогуу жашап келатабыз. Эки балабыз бар. Кызыбыз он тогузда, уулубуз он алтыга чыгат. Ал Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. 11 биртууган. Жөнөкөй үйбүлөдөн чыккан жигит.
Жогорку кызматта турган бир дагы жакын тууганы жок. Баары эле өз эмгеги менен оокат кылган карапайым адамдар. 1992-жылы Севастополдон жогорку аскер окуу жайын бүтүп келген. Ошондон бери кыргыз армиясына кызмат кылып келатат. Он бир жылдан бери мамлекеттик коргоо кызматында иштеп келет.
- Жолдошуңузду Жаныш Бакиевдин жан-жөкөрлөрүнүн бири болгон дешет...
- Аскар Акаевдин тушунда эле ал ошол жерде иштечү. 2005-жылы март революциясында дагы ал Акүйдө аягына чейин туруп, мамлекеттик коргоо кызматынын балдарын ээрчитип эң акыркы болуп чыккан. Ошондо ал "Бакиевдин адамдары эми мени кызматтан алат да" деп, кайрадан кызматына жулунган деле эмес. Ошол кезде эле ал Мамлекеттик коргоо кызматында штабдын начальниги болуп иштечү. Бакиевдер келгенде эмнегедир Даниярды өз ордунда калтырып коюшту. Текшерип көрүп, таза иштегенине ынанышса керек да. Анын полковниктик чинине ылайык, бир жылда алтымыш сутка эс алышы керек. Бирок, ал бир жылда бир жума гана эс алчу. Жаныш Бакиевдин жан-жөкөрү, жакын адамы болсо жок дегенде бир чоң там салып албайт беле? Жашаганыбыз эки бөлмөлүү үй. Аны дагы коргоо министрлигинен бир бөлмөлүү үй алып, аны эки бөлмөлүүгө алмаштырып алганбыз. Кала берсе, өзүбүздүн машинебиз дагы жок болчу, Данияр өзү кызматтык машине менен жүрчү. Айлыкка гана жашаган үйбүлөбүз.
- Жаныш Бакиев менен үйбүлөлүк катышыңыздар бар беле?
- Жок, мен Жаныш Бакиевдин үйбүлөсүн эмес, өзүн да жакындан көргөн эмесмин.
- Жолдошуңуздун кесиптик милдети кандай эле?
- Алар Акаев, Бакиев деген фамилияларды эмес, мамлекеттик кызматтарды, президентти, премьер-министрди, конституциялык сотту, мамлекеттик маанидеги имараттарды коргоого алышчу.
- 7-апрель күндү эстеп айтып берсеңиз...
- 6-апрель күнү эле Таластан ызы-чуу чыгып атканын укканбыз. Ошол күндөн баштап буларга казармалык абал киргизилди. "Данияр, Таласта катуу болуп атат экен го?.." десем, "Жок, баары жайында" деп койду. Бизди сарсанаа болбосун десе керек. 7-апрель күнү балам мектептен келип, "Апа, Акүйдө атышып жатат экен" деп айтты. Башкалар үйбүлөлөрүнө чалып, "Үйдөн чыкпай отургула" деп эскертиптир. Данияр болсо бизге ошентип айтканга дагы жетишпей калса керек. Ошол учурда мен өзүм чалсам, "Балдарды эч жакка чыгарбай, үйдө отургула" деп айтты. Андан кийин атышып, адамдар өлүп атканын угуп аттык. Ар бир он беш мүнөт сайын телефон чалсак, "мага тоскоол болуп атасыңар, чалбагыла" деп койду. Кийин достору дагы чалып, "Данияр, качып кетпейсиңби" деп айтышса, "Мен офицер болуп алып кантип качам? Эртең солдаттарымдын көзүнө кантип карайм?" деп айтыптыр. Ошону менен түндө чалдык. "Акүйдү ээлеп алышты, азыр сүйлөшүүлөр болуп атат. Мен мамлекеттик коргоо кызматынын балдарын аман-эсен чыгарып кетүүгө коридор сурадым" деди. Сүйлөшүүлөр Темир Сариев, Данияр Үсөновдор менен болгон окшойт. Командирлерден жалгыз гана менин жолдошум калыптыр, калганы баары качып кетиптир. Ошентип, балдарды алып чыгып "Жигиттер, эмнеси болсо да биз өзүбүздүн милдетибизди аягына чейин аткардык, рахмат силерге!" деп узатып коюптур. Анан үйгө түн ичинде төрттө келди да кайра эле эртең мененки сегизде жумушка чыгып кетти.
- Анан?
- Жумушка чыкса, мамлекеттик коргоо кызматында иштегендердин үйлөрү бар болчу, ошону жабыркаган тарап "өрттөйбүз, жакындарын өлтүрөбүз деп атат" деген сөз болуптур. Ошон үчүн алар "ар бириңер өзүңөрдүн үйбүлөңөрдү сактагыла" деп өздүк курамды таратышыптыр. Андан соң мамлекеттик резиденцияны талкалайбыз дегендер чыгыптыр. Алар кайра резиденцияны коргоого алышты. Тогузу күнү дагы күндөгүдөй эле жумушка кеткен болчу, түштөн кийин эле Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков келип, УКМКнын СИЗОсуна камап коюшуптур.
- Сизге камалгандыгы боюнча кабар бериштиби?
- Жок, үйбүлөсүнө кабар беришкен жок. Биз алгач анын кайда экенин деле билбедик. Камалгандыгы боюнча имиштерди уктум да, аскер прокурору Айбек Турганбаевге барып "Менин жолдошум кайда?" деп сурадым. "Кабатыр болбоңуз, биз аны коопсуздук үчүн гана камадык. Анткени, ал Акүйдө аягына чейин болгон. Ошон үчүн окуяга күбө катары бизге керек" деп айтты. Чындыгында, алгач көрсөтмөнү күбө катары эле бериптир. Анан ошол берген көрсөтмөсүнүн негизинде эле кайра өзүнө айып тагып жатышат.
- Сиздер анын камактан чыгарылышын талап кылып митинг уюштуруп жаттыңыздар эле. Майнап чыккан жокпу?
- Ооба, мамлекеттик коргоо кызматынын офицерлеринин жакындары, "Альфа" оперативдик тобунун кызматкерлеринин жакындары болуп митингге чыктык. Биз алардын бошотулушун талап кылганыбызда, Акүйдөн "аларды чыгарабыз" деп убада беришкен болчу. Эмнегедир "Альфанын" балдарын чыгарды да, Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаевди (Жаныш Бакиевдин биринчи орун басары) чыгарышкан жок. Ошентип, бийликтегилер убадасын аткарбай койгондо, "акыйкаттык баары бир болбойт экен" деп өзүмдү өрттөөнү чечтим. Жогорку Кеңештин жанында өрттөйм деп даярданып келгем. Балама дагы Даниярдын кийимдерин кийгизип ээрчитип алгам. Алган сыйлыктарын эл көрсүн деп. Биз түзгөн Аскер адамдарын коргоо комитетинин мүчөлөрү, туугандарыбыз келип "Балдарыңды ойло, сен өзүңдү өрттөсөң, атасы камакта болсо, алар кантет? Биз мыйзам чегинде иш кылабыз" деп алып калышты. Мына отурганына сегиз ай болду...
- Өткөн жумада сотко жолдошуңузду медициналык замбилде алып келди. Кайсы жери ооруп атат?..
- Азыр жолдошумдун акыбалы оор. Стационардык ооруканада операция болду. Геморрой күчөп кан кетип калды. Бул дарт көп ойлонуп, стресстик абалда болгондо күчөп кетет экен. Ошентип күчөп кетти окшойт. Айрымдар аны "сот учурунда эле дароо ооруканага жатып алды" деп айтып атышат. Тескерисинче, Данияр өзү "сот бүткөнчө жасатпай эле турайын" деп каршы болуп аткан. Врачтар "операция жасабасаңар, кан көп кетип жыгылып калышы мүмкүн" деп операция жасап салышты.
- Жолдошуңуз Акүйдүн жанында 7-апрель күнү куралсыз элге ок атуу боюнча кандай көрсөтмө берип атат? Мамлекеттик коргоо кызматынын балдары ок чыгарыптырбы?
- Эгерде мамлекеттик коргоо кызматынын балдары атса, анда баллистикалык экспертиза алардын күнөөсүн ачыктамак да. Баллистикалык экспертиза боюнча мамлекеттик коргоонун балдары дагы, "Альфанын" балдары дагы таза чыкты.
Анын атууга буйрук бергидей полномочиеси жок болчу. Аябай чынчыл адам, эми ошондой адамдын камалып жатканын көрүп "бизде адилеттик кайда?" деп күйөсүң да. Жаңы бийлик "Акыйкат, адилет заманды орнотобуз" деп келишпедиби? Анан неге чыныгы буйрук берген, башка адамдарды качырып жиберишет дагы, ак кызмат кылгандарды садага чаап жатышат?
- Тагылып аткан айыптар боюнча өзү эмне деп атат?
- "Мен акыйкаттык болот деп ишенген болчумун. Мен ошон үчүн качпай, жумушка өзүм барганмын. Эми балдарды жакшы кара" деп атат.


Аксанат ЭЛЬМАНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика