Айымдар абагынан
бир көрүнүш
Аялдын орду жылуу үйдө, балдарынын маңдайында, ал эми анын милдети - жолдошуна жароокер жар болуу, балдарына татыктуу тарбия берүү. Мындай маанидеги сүйлөмдөр биздин гезитибизде бир нече жолу жазылганына карабай дагы бир жолу кайталоого аргасыз болдук. Анткени, бүгүн биз сөз кыла турган каармандарыбыз жылуу үйүндө да эмес, балдарынын маңдайында да эмес. Алар таптакыр алыс жакта... Темир тордун артында. Андагы айымдар капкагы тыгыз жабылган өздөрүнүн казанында жылдап кайнай беришет. Андыктан, алардын жашоосу биз үчүн табышмак. Табышмактын түйүнүн толук ачып берүүгө мүмкүн болбосо да, абактагы жашоону аздыр-көптүр чагылдырууга жасаган аракетибиз текке кеткен жок.

Кыргызстан боюнча айымдарды кармоочу бирден-бир абак болгон Степное айылындагы №2 аялдардын түзөтүү мекемесинде учурда 286 аял өз жазасын өтөп жатат. Эң улуусу 79 жашта болсо, эң кичүүсү 17 жашта. Мени алардын жашоосу менен тааныштыруу милдетин абактын жетекчиси Назгүлүм Сапарбековна ушул жерде жыйырма беш жылдан бери эмгектенген Нурлана эжеге тапшырды. Чогуу басып баратып Нурлана айым абактын күн тартибинен учкай кеп салып өттү: "Кечинде саат 10до отбой, эртең мененки 6да подъём болот. 6:30да эртең мененки кашасын жешет да, 6:50дө жумушка бөлүштүрүү болот. Кылмышкер аялдар кесиптерине, жөндөмдөрүнө жараша цехке, курулуш иштерине бөлүштүрүлөт. Түшкү тамак 12:30да, ал эми кечки тамак 6:00дө". Өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу бул кызматкердин коштоосунда таза шыпырылып, ирээттүү жыйналган кенен, сүрдүү короодо жайгашкан имараттардын биринен чыгып экинчисине баш багып отурдум.
Алгач эле биз кирген имарат "Карантин бөлүмү" деп аталат экен. СИЗОдон алгач келгенде кылмышкер аялдар бул жайда он күн кармалат. Бул убакыт ичинде алар психологиялык жактан өздөрүн көндүрүшөт. Кызматкерлер болсо делолору менен таанышып, улам бири келип жаңы кылмышкер менен маектешип кетип турушат. Андан соң гана статьясына, жаш курагына, абалына жараша мындагы төрт отряддын бирине бөлүнөт. Учурда бул бөлүмдө бир айым жашайт экен.
Бул имаратка киргенибизде ашканасындагы жаңы газ плитасы, муздаткыч дароо көзгө урунду. Кийинки бөлмөсүнө болсо жумшак эмеректер, чоң түстүү телевизор, атүгүл кондиционер орнотулуптур. Көрсө, бул өзгөчө шарттуу чакан имарат жашы жете элек кыздар үчүн экен. Нурлана айымдын айтуусуна караганда, биздин өлкөдө жашы жете электер үчүн атайын түзөтүү колониясы жок болгондуктан, 18ге чыга элек кылмышкер кыздар дал ушул жерде жашашат. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен өзгөчө шарттын түзүлгөнү да ушундан улам экен. Аларга тамак-ашын берип баш-көз болуп, кеп-кеңешин айтып турганга атайын бир аял дайындалыптыр (кылмышкерлердин арасынан). Учурда бул жерде 18ге толо элек эки кыз бар экен. Алардын бири Нарынбек кызы Эльвираны кепке тарттым:
- Эльвира, канча жашта­сың?
- Он жети.
- Бул жакка келгениңе канча болду?
- Бир ай болуп калды. Октябрдын 26сында келгем.
- Эмне болуп келип калдың?
- Ак жерден ууру аталып.
- Кененирээк айтып берсең?
- Өзүм Нарындын Жаңы-Жол айылынан болом. Атам каза болуп калган, апам бар. Мен мектепте 8-класска чейин эле окуп, андан ары окубай калгам. Кафеде идиш жууп иштечүмүн. Байкем Ак-Коргон айылында жашаган бир бай аялдын жүздөн ашык коюн бакчу. Байкем ооруп калганда койлорун эки ирет мен жеткирип баргам. Бирок, мен анда үйүнө кирген да эмесмин, койлорду бери жактагы кой сарайына киргизип эле кетип калгам. Кийин байкем кара басып бир коюн жоготуп жибериптир. Ошондон көп өтпөй эле мен турмушка чыгып, бир кой сойгонбуз. Тиги аял баягы жоголгон коюн ошол деп чыкты. Аны менен эле токтоп калбай, 2009-жылы үйүнөн жоголгон 77 миң сом акчасын 2010-жылы менин моюнума илип, минтип соттотуп жиберди.
- Сен турмушка чыккан белең?
- Ооба, өз каалоом менен эле турмушка чыккам, жолдошум менен аз эле жашап, жанагыдай ызы-чуулардын айынан ажырашып кеткенбиз.
- Күнөөсүз экениңди таптакыр далилдей албай койдуңбу?
- Эже, ишенесизби, мен таптаза болчумун, милициялар уруп эле күнөөнү моюнума алдырып коюшту. Менин акчаны алганым далилденген жок. Биздин колубузда жок үчүн адвокатым да эч нерсе кыла албады, а тиги аял болсо адвокатты сатып алган. Сот болуп жатканда мен токтоно албай тиги аялды уруп салгам. Ошонум да кошумча болуп, бир жылга кесип жиберишти.
- Эмнеге урдуң эле?
- Мен өмүрүмдө көрбөгөн толтура күбөлөрдү сатып алып барып отургузуп коюптур. Анысынан да "силер жетимсиңер, колуңардан эч нерсе келбейт..." деген сыяктуу кемсинткен сөздөрү сөөгүмө жетип кетти. Сенден келгенди көрдүм деп сабап салсам көзү көгөрүп кетиптир. Апам байкуш көзүнүн жашын көл кылып кала берди. Эмне, байлар эле сүйлөп, колунда жоктордун укугу тебеленсе боло береби? Ушинтип ак жеримден он гүлүмдүн бири ачыла элек кезимде түрмөгө түшүп калдым (Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган өспүрүм кыздын колунан жамандык келээрине чындыгында ишенбей турдум. Бирок, эмне кыла алмакмын? Жылуу сөздөрүм менен аны сооротумуш болуп сапарымды андан ары уладым).



Кийинки имарат медпункт болуп чыкты. Узун кезекти жарып биз кирген бөлмө гинекологдун бөлмөсү экен. Бул имарат да демөөрчүлөр аркылуу жаңы жабдыктар менен жабдылыптыр. Гинекологго кезекке туруп, кирип-чыккан аялдар үзүлбөйт экен. Зарыл делген дары-дармектер да жетиштүү дешет. Ал эми "Терапевт", "Невролог", "Психолог" деген жазуулары бар эшиктер бек турат. Бул врачтар маал-маалы менен гана келип тураарын айтып өттү Нурлана эже сөз арасында.


Мени өзгөчө таасирленткени - кийинки имарат болду. Анткени, мында кайра кайрылып келбес балалыктары темир тор артына байланган күнөөсүз, мотурайган бөбөктөр жашашат экен. Бардыгы болуп жети баланын эң улуусу үч жашта болсо, эң кичүүсүнө бир ай да боло элек. Шарт боюнча эмчекте же энесинин курсагында келген балдар үч жашка чейин мында каралып, андан кийин туугандарына, тууган-уругу жоктор балдар үйүнө өткөрүлөт. Жети баладан тышкары мында кош бойлуу эки аял бар. Ай-күнүнө жетип, толгоосу келгенде алам канвойлордун коштоосунда машина менен Чүй областтык төрөтканасына барып төрөп, кайра чыгып келишет. Мен барганда балдардын баары уктап жатышкан экен. Ойноочу бөлмөдө жерде уктап жаткан баласынын жанында отурган Элмира аттуу келинге суроо узаттым:
- Балаңызды эмнеге жерге жаткырып койгонсуз?
- Тиякта чогуу жашаган эже баласын уктата албай жатат. Ага тоскоол болбоюн деп мен бул жакка эле уктатып койдум. Балалуу энелер бир бөлмөдө эки-үчтөн болуп жашайбыз.
(Уландысы 10-бетте)