меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Күлипа Керимбаева:
"Менин да
багым ачылып калаар..."
Күлүпа Керимбаева турмуштун толкунунда көр тирилик менен катар чыгармачылык менен алектенип, жакшы обондорду жаратты. Миң сырлуу, миң кырлуу тагдыр Күлипа эжеге күтүлбөгөн бурулуштарды байма-бай көрсөттү. Бирок, акылга сыйгыс андай көрүнүштөрдө ырчы айым чөккөн жок, сынган жок. Эл арасында башын бийик көтөрүп жашап жүрөт. Анткени, анын абийири таза, ыйманы таза. Биз ага учурашканы барып, учкай маекке тарттык.

- Эже, балалыктын дүйнөсүнө саякаттап, ошол аруу, пакиза жылдардан кеп салып бербейсизби?
- Мени Аширахун атам менен Бермет апам багып алышкан. Бермет апам төрөбөгөн аял экен. Аширахун атам уйгур эле. Алгач экөөнүн ортосунда эркелеп жүрдүм. Аширахун атам "Мен жума күнү багып алдым. Аты Жумакан болсун" - деп атымды Жумакан коюптур. Мен 10 жашка чыкканда апамдын курбусу атамды азгырып кетти. Ошентип, апам экөөбүз жалгыз калдык. Анан жашоодогу оор күндөрүм башталды. Апам байкуш "Кудай, мага бала бербедиң же бак бербедиң"- деп зыркырап ыйлайт. Талмасы бар эле, кичине көңүлү бузулса, ыйласа, кайгырса оорусу кармап жатып калчу. Үйдөгү мына ушул абалдын баары менин эрте чоңоюшума таасирин тийгизди. Бүт түйшүктүн баары менин мойнумда болчу. Жаз алды менен 7 сотых огородду таң эрте күрөктөп баштасам, Ай жарыгын төккөндө бүтчүмүн. Анан эртеси аны малалап, сабиз, картошка, пияз айдап күзүндө түшүмүн жыйнап, Таш-Көмүр шаарына алып барып сатчумун. Болгону бир лепешка анан жарым кило жүзүм менен курсагымды тойгузуп, ачканын баарын үйгө апкелип апам экөөбүз ун, май, тиричиликке керектелүүчү майда-чүйдө нерселерди сатып алчубуз. Түн ичинде олтуруп алып туш кийиз сайып, анымды 100 рублден сатчумун. Айтор, тырмалаңдап атып апамды акчасыз койчу эмесмин. Баладай болуп көчө таптап ойногон жокмун. 7-класста жайкы каникулда Токтогулдагы кирпич заводго жумушка кирдим. Бели ката элек бала үчүн заводдогу жумуш өтө эле оор болсо да ал жумушка чыдабаска менин аргам жок болчу. Азыр деле балалыкты эстегенде оорукчан апамды, бизди таштап кеткен атамды жана ашкере түйшүкчүл өзүмдү элестетип, бир муңканып ыйлап алам.
- Тагдырыңыз кызык экен, анан качан Жумакандан Күлипага айландыңыз?
- Мени төрөгөн апам күбөлүгүмдү баккан апама бербей коюптур. Көрсө, ошол документ менен өкмөттөн жөлөк пул алчу тура. Анан мектепти бүтөөрдө күбөлүктү араң берди. Документ боюнча менин аты-жөнүм Бейшебаева Калича экен. Калича деген ат мага жакпай калды. Акырын күбөлүктөгү жазууну өчүрүп, Күлипа деп оңдоп салдым да, ошол боюнча паспорт алдым. Анткени, Күлипа Кондучалованы кумир тутчумун. Анан апамды жалгыз таштап, борборго окууга жөнөдүм.
- Аширахун атаңыз сизге каралашып турдубу?
- Баламын да, көчөдөн көрүп калсам "дада" деп кыйкырып, мойнуна асылып калчумун. Колунда болгон тыйынын, чөнтөгүнөн таттууларды алып чыгып берчү. Мен ал кишиге таарынган жокмун. Турмушта ар кандай күтүлбөстүктөр боло берет тура.
- А сиздин жашооңуз кандай нукта уланды?
- Өз күчүм менен окууга өтүп, бош учурларда иштеп, апамдан бир тыйын акча сурабай 40 рубль стипендия менен жан бакчумун. Өзүмдөн артып калса апама жөнөтүп жибер­чүмүн. Кыздардын шайкасына кошулуп, Ала-Тоо кинотеатрын, анан парктагы бий аянтын кармачумун. 2-курсту бүткөндө камволдук- нооту комбинатына жумушка кирип иштеп калдым. Ошол жактан ЫЫрысбекти көрдүм. Бою узун, керилген, мурутчан жигит экен. Башынан эле сулуу жигиттерди жактырган жаным Ырысбекти бир көргөндө сүйүп калдым. Жанымдагы кыздар менен "мобу жигит меники болот" деп мелдеше кетип, таңдайымды такылдатып тийишип калдым. Аздан соң ал жаныбызга басып келип, жанымдагы сулуу кыздарга көңүл бурбай мени менен таанышты. "Жолугушуп турсак болобу?" деп дарегимди алып калды. Кечинде жумуштан чарчап келип, уктап калган экем. Эшикти бирөө такылдатканынан ачсам, Ырысбек экен. Сүйүнүп кеттим. "Биякта турсак элдер көрөт. 4-кабатта иним жашайт, ошонукуна барып сүйлөшүп олтуралы" деди. Эч кандай жаман оюм жок эле аны ээрчип жөнөдүм. Бир убакта эшикти ачкыч менен бекитип атат. "Ырысбек, мага тийбе, мен кызмын. Эгер мага тийишсең, 4-кабаттан секирип кетем" -деп коркуттум. Ал болсо "секирсең секире бер, менин атам прокурор. 15 күн дагы каматпай чыгарып алат" -деп кебелбейт. Мен терезеге жакындасам коркуп кеттиби, үнүн жумшартып "чын эле кызсыңбы?" -деди эле,мен ыйлап жибердим. Кудай жалгап, мага тийишкен жок. Бирок, ошол окуядан кийин экөөбүз жетелешип эле калдык. Ал мага ишенип акчасын, документтерин каттырып коёт. Анын акчасын сарамжалдап, курсагын тойгузуп, аялдык мээрим менен өзүмө имерип алдым көрүнөт.
- Баса, Ырысбек Керимбаевди сиз биринчи ала качып кеткен турбайсызбы?
- Ооба, самолёт менен ала качып кеткем. Мен үч күнгө үйгө барып келмек болдум, Ырысбек мени аэропортко узатып барды. Ошондо гана өзүнө да алынган билетти көрүп, аргасыздан самолётко отуруп калды. Биз барганда "Берметтин кызы үйүнө күйөөсүн ээрчитип келиптир" дешип дуу кылып жиберишти. Апам байкуш элдер мени сөз кылып атышат деп ыйлады. Мен болгонун болгондой түшүндүрдүм: "Апа, Ырысбекти сизге көрсөткөнү алып келдим, жактырсаңыз ушуга турмушка чыгам. Мен кыз боюнчамын" -дедим. Апам бир коюн союп, тууган-туушканын коноктоп, жагдайды түшүндүрдү. Анан Ырысбектин башына ак калпак, үстүнө шым-костюм кийгизип коноктошту. Ошол жылы күздө мен турмушка чыктым. Өзүм сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, күйөөмдү 5 жыл окуттум. Аны багам, окутам деп кандай гана жерлерде иштебедим. Эс алууну билбей 3 сменде иштеген күндөрүм болду. Кийин ал жакшы жумушка орношуп, үйгө акча алып келе баштады. Акырындап байлыктын, бакыттын даамын таттым. Ырысбек экөөбүз 27 жыл бирге жашап, беш балалуу болдук.
- Бирок, күйөөңүз менен болгон бактылуу жомок аягына чыкпай ажырашып кетпедиңерби?
- Бул тагдырдын күтүлбөстүгү болду. Экөөбүздүн ажырашканыбызды 18 жаштагы уулум көтөрө албай өзүн-өзү автокырсыкка учуратып, өмүр менен кош айтышты. Бир эле учурда күйөөм менен ажырашып, чырактай уулумдан айрылып, аябай оор абалда калдым. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп, намыстанып, чымырканып жүрүп кайрадан жашоону жаңы барактан баштадым.Күйөөм башка аялы бар экенин такыр билдирчү эмес. Мен аны кандай сүйсөм, ал дагы мени ошондой сыйлап, урматтап турчу. Ар дайым кымбат белектерди берчү. Ал тургай чыгармачылыкка аралашканымда колдоо көрсөтүп, концерттерге барып гүл берчү. Анан эмне болгонун түшүнбөйм. Көрсө, он беш жыл менден жашырып, башка аял менен жашап жүрүптүр. Эркек балалуу болуптур. Ал баласы менин кичүү балам менен бир мектепте окуйт экен. Анан мугалимдери баламдан "тиги класста сага окшош бала окуйт, сенин тууганыңбы?" деп сурай беришиптир. Бир күнү балам мага айтып келди. Атайын изилдеген эмесмин, кокустан ошол баланы көрүп калдым, тимеле Ырысбек менен кичүү балама куюп койгондой окшош экен. Убакыттын өтүшү менен баары ачыкка чыкты. Бирок, ал өмүрүнүн акырын жашырган аялы менен да өткөргөн жок. Башка жаш аял алды. Ооруп, кызматын тапшырды. Тилекке каршы, ал ооруп аткан мезгилдеринде кашында боло албадым. Антүүгө каалоом болгону менен мүмкүнчүлүк болбоду.
- Ал кишинин каза болгонуна эки жылга чукулдады. Артында калган байлыкты бөлүшө албай соттошуп атыпсыңар?
- Элдер айткандай биз, аялдары чачташпай эле маданияттуу түрдө соттошуп атабыз. Эне катары балдарыма атасы калтырган мурастарды алып беришим керек да. Кантсе да атасынан калган ырыскылары эмеспи. Ошол мурастарды менин балдарыма ыраа көрбөгөн күчтөр бар. Эки жылдан бери соттун аягына чыкпай келатканы да ошондон. Далай соттор Күлипаны сындырабыз деп аракет кылып көрүштү. Бирок, мага Кудайым өзү жардам берип атат.
- Бул иш качан аягына чыгат деп ойлойсуз?
- Азырынча айта албайм. "Керек болсо, Күлипаны алты жыл аркамдан чуркатам" дегендер бар. Андыктан андай же мындай деп айтуудан алысмын. Аракетим текке кетпей жакшылыктын үстүнөн чыкчу күндөрүм алыс эместир.
- Ошентсе да жаңы ырларды жазып, тойлорго тамада болуп, телекөрсөтүүлөргө чыгып, ал ортодо сотко чуркап жүрөсүз. Ушунун баарына кайдан күч табасыз?
- Үйдө ыйлап олтурганда сенин көйгөйүңдү бирөө чечип бермек беле? Жөнөкөй элдин урматы, сыйы мени чыйралтып, күчтөнтүп турат. Телефонумдун жаагы тынбайт. "Сизди сүйүп калдым" деген күйөрмандар толтура. "Кыздын чырагы кырк" дегендей балким, менин да багым ачылып калар. Дегеле аткан таңдан, баткан күндөн, күйөрмандарымдын жылуу сөздөрүнөн, алардын сүйүү толгон көздөрүнөн, үйдөгү гүлдөрүмдөн, балдарымдын жакшы маанайынан, анан ырларымдан энергия алам. Негизи эле пессимист эмесмин. Башынан оптимист болгом, оптимист боюнча калам.

Айназик Раимкулова








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика