меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Эркектердин кыжырын
келтирүүчү аялдардын адаттары
Аялзаты көп учурда өздөрүнүн жаман сапаттары аркылуу сүйүктүүсү менен болгон мыкты мамилени бузуп алышы толук мүмкүн. Психологдор эркектердин кыжырын келтире турган аялзатынын төмөндөгүдөй жаман сапаттарын бөлүп көрсөтүшкөн.


Жөнү жок себепсиз күнөөлөө ар бир адамдын жүрөгүн оорутат эмеспи. Андыктан, жолдошуңузду күнөөлөөдөн мурун ал нарсенин далили болушу керек. Эркектер "аялым мени баары бир ала жипти аттады деген ойдо калат да, андан көрө ошол нерсени жасап көрөйүн" деген чечим кабыл алышы мүмкүн. Андыктан, ашыкча кызганычтын, эркекти жөнү жок күнөөлөөнүн кереги жок.


Бөтөн адамдардын көзүнчө жемелөө. Намыскөйлүк - бул эркектин эң негизги сапаты болуп саналат. Эгерде сиз чоң урушту каалабасаңыз, сүйүктүүңүздү элдин көзүнчө урушуп, кагып-силккенден алыс болуңуз жана аны туура түшүнгөнгө аракет жасаңыз. Өзүңүздү анын ордуна коюп көрүңүз. Сизге да анын курбуларыңыздын же башка адамдардын көзүнчө туура эмес мамиле жасаганы жакпайт да, туурабы? Андан көрө сүйүктүүңүздү эл алдында мактап, сыйлап жана аны канчалык деңгээлде сүйөөрүңүздү баса белгилеңиз. Мына ошондо гана каалаган ой-максатыңызга жете аласыз.


Балдарыңыздын алдында жолдошуңузду сынабаңыз. Себеби, балдар үчүн ата - кадырлуу жана абройлуу адам болуп эсептелинет. Бир жаман айтылган сөзүңүз менен анын баркын жоготуп коюу коркунучу бар жана аны калыбына келтирүү кыйын болот. Балдарыңызга атасы тууралуу жакшы гана сөздөрдү айтыңыз. Эгерде ортодо маселе жаралса аны балдардын катышуусусуз өзүңүздөрчө чечкенге аракет кылыңыздар.


Көз жаш. Алгач мырзалар сүйүктүүсүн сооротушу мүмкүн, бирок, бара-бара
бул нерсе жолдошуңуздун
кыжырдануусуна алып келиши
толук мүмкүн. Себеби, көз жаш
айымдарга салыштырмалуу
мырзаларга көбүрөөк таасир
калтырат


Телефон аркылуу обу жок көп сүйлөшүү. 90 пайыз эркектер аялынын телефон аркылуу көп сүйлөшүүсүн жактырышпайт. Андыктан, жолдошуңуздун кыжырына тийгиңиз келбесе, убактыңызды телефон аркылуу сүйлөшүүгө коротпоңуз.


Жазалоо жана
интимдик мамиледен баш тартуу. Мындай сыноолор менен сиз сүйүктүүңүздү өзүңүздөн алыстатып аласыз. Мындай учурда ал жылуулукту башкадан издей баштайт. Ушул нерсени эсиңизден чыгарбаңыз!


Дайыма кыжырданып, нааразы болуу. Мындай сапатыңызды башка жерде колдонуп, жолдошуңузга келгенде жароокер, мээримдүү жана камкор болсоңуз, ал сизден такыр алыстабашын эсиңизден чыгарбаңыз! Айрыкча анын ишине кайдыгер карабай, сүйүктүүңүздүн эмнеге кызыкканына көңүл буруңуз. Ошондо гана сиз ал тууралуу дагы көбүрөөк билип, ортодогу мамилеңер бекемделет. Жеке эле майрам күндөрү эмес, жөнөкөй күндөрү гана да белек берип
көңүлүн алыңыз!


Ашыкча көп суммадагы акча коротуудан алыс болуңуз. Жолдошуңуз тапкан акчаны курулай кетиргендин ордуна сарамжалдуу пайдаланып, керектүү буюмдарды
сатып алыңыз!
Ошондо гана ушул сапатыңызды жолдошуңуз
баалай билет.






Аялдардын кыжырын келтирүүчү эркектердин адаттары
Кимде гана кемчилик жок. Идеалдуу аял болбогон сыяктуу эле идеалдуу эркек да жок. Айымдар өздөрүнүн кыжырын келтирүүчү эркектердин адаттарын бөлүп көрсөтүшкөн.

Таза эместик. Колоңсо жыттанган эркек кайсы гана аялдын болбосун кыжырын келтирет. Ушундай эле кыжырды кир, жыртык байпак да чакырат.


Эркектик өзүмчүлдүк. Конокко барганда аялына көңүл бурбай эркектердин компаниясына кошулуп алып, кечээки футболду талкуулоо - бул эркектик өзүмчүлдүк. Андыктан, эркектин конокто да аялына көңүл буруп турганы жакшы.


Ичимдикти ашыкча көп колдонуу. Ичимдик - түгөйлөрдүн чыр-чатагына, атүгүл ажырашуусуна себепкер болуучу эң жаман адат. Андыктан, ага ичимдик маанилүүбү же үй-бүлө маанилүүбү - эркектин өзү аныктаганы дурус.


Аялды сылабоо. Аялын курулай жемелөө, сөгүү, мээсин жеп, кылдан кыйкым табуу - булардын баары аялды эркектен аз-аздан алыстата берет.

Коомдук жайларда тырмануу адаты. Кайсы жерде жүргөнүнө карабай эркектин колу жеткен жеринин баарын тырмануу адаты аялдарды ирээнжитээри бышык.


Кийиминин аздыгы. Көпчүлүк эркектер кийимге көп маани беришпейт. Эки сыйра кийимин алмак-салмак кийип жүрө беришет. Бирок, бул аялдарга жакпайт. Андан да күйөөлөрүнүн жаңы кийим сатып алуудан баш тартканы аялдардын кыжырын кайнатат. Араң көндүрүп, дүкөнгө сүйрөп барган күйөөсүнүн бир нерсени кийип көрмөгү тозок. Бул жерде аял бечара дагы бир жолу "түтөйт".


"Телевизор - жакын досум". Эркектердин телевизорго эмнеге мынчалык сүйүүсү күч экендигин аялдары түшүнүшпөйт. Бирок, факт деген факт. Көпчүлүк эркектер бош убактысынын баарын диванда чалкалап жатып алып телевизор көрүүгө арнашат. Болгондо да өзүнө жаккан баевик фильмдерди, футбол же жалаң жаңылыктарды. Телевизордон көргөн нерсесин күйөөсү менен чогуу талкуулоого мүмкүнчүлүктүн жоктугу аялдардын кыжырын
кайнатат.


Мындан тышкары эркектердин:
Даараткананын суусун агызбай койгону
Жыныстык катнаш учурунда байпагын чечпегени
Дайыма чыпалагына шакек тагынып жүргөнү
Машинасын ашыкча аздектегени
Дайыма тырмагы
өсүп жүргөнү
Отуруштарда башка айымдар менен сүйлөшө бергени
Чылым жыттанганы
Энесин биринчи орунга койгондору аялдардын кыжырын кайнатат.

Наргиза Жумашова





кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика