Аял жана акча
Бирөөнүн капчыгындагы акча дайыма көп көрүнүп, өзүңдүкү эч нерсеге жукпаган суудай сезиле берген адат айымдарга көбүрөөк таандык. Ушундай багыттагы ойдон арылып, андан көрө тапкан каражатты терең ойлонуп сарптаган жөндүү болуп жүрбөсүн? "Акчаны кандай машакат менен тапсаң, ошондой эмгек менен корото билүү керек" деген ураан ийгиликтүү адамдардын күнүмдүк тиричиликте колдонгон эрежелеринин бири.

Акчаны кандай коротпоңуз - ал бир нерсеге кошкон салым болуп эсептелинет. Эң жөнөкөй эле мисал, сатып жеген балмуздак- өзүңүздүн каалооңузду кандырууга төлөнгөн акча. Эгер дайыма ушундай ой жүгүртүү менен акча коротсоңуз, ашыкча каражат сарптоодон кармана аласыз. Жок дегенде акча түгөнгөндөн кийин "эмне кылып короттум" деген суроо туулбайт.
Акча үзүлбөй, көп болуп туруш үчүн ал дайыма кыймылда болуп туруш керек. Ири суммадагы акчаны үйгө басып жатып албай, кандайдыр бир ишке жумшап же банкка салып койгон алда канча пайдалуу.
Күнүмдүк жашоого керек боло турган нерселерди сатып алаарда алдын ала тизме түзүп алыңыз. Болжол менен канча акча кетээрин эсептеп, андан ашык каражат алып чыкпаңыз. Жолдон көзгө жакшы көрүнгөн буюмду кыйбай ала бергендин аркасы акчаны ысырап коротконго алып келет. Андан көрө сизге ал буюм керекпи же жокпу кылдат ойлонуп туруп анан капчыгыңызды ачыңыз.
Жаныңызга баланы ээрчитип чыгуу сизге эки маселени жаратат. Биринчиден, ашыкча түйшүк болуп чарчатса, экинчиден көзү көргөндү сөөмөйү менен көрсөтүп тажатышы мүмкүн. Американын адистери атайын изилдөө жүргүзүп чыгып, дүкөнгө баласын ээрчитип чыккан аял менен өзү жалгыз чыккан аялдардын ортосунда салыштыруу жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, жалгыз бой дүкөн аралаганга караганда бала менен чыкканда төрт эсе көп каражат жумшалаары аныкталган.
Жарнамаларга, ар кандай каталогдо көрсөтүлгөн буюмдарга, жасалгаларга көп кызыкпаңыз. Себеби, дайыма эле сатылып алынган буюм сүрөттө көрсөтүлгөндөй кооз, жарнамада мактагандай сапаттуу боло бербейт. Андан көрө иш жүзүндө мурда ошол буюмду пайдаланып жүргөн жакындарыңыздан кеңеш алган алда канча натыйжалуу.
Бир айда канча акча коротконузуңду эсептеп, экинчи айдагы чыгымга салыштырыңыз. Жада калса ошол убакыттын ичинде эмне буюм алганыңызды так тизмелеп чыксаңыз да болот. Ошондо ортодогу айырманы так байкап, акча үнөмдөгөндү аз да болсо өздөштүрүүгө болот.
Карызга акча албаганга аракет кылыңыз. "Карыз- бул бирөөнүкүн убактылуу алып, кайра өзүңдүкүн биротоло бере турган нерсе" деп ким айтса да туура айткан. Андан көрө өз чөнтөгүңүздөгү акчаны үнөмдөп пайлана билген оң. Бир тыйындан дүнүйө курулаарын унутпаңыз.
Үй-бүлөлүк каражатты
кантип туура жумшаш керек?
Аял кишинин сарамжалдуулугуна кандай эркек болбосун баа берип ичи жылыйт. Бирок тилекке каршы, бардык эле аялзаты акчаны туура пайдалана албай үй-бүлөдө түшүнбөстүктөрдү жаратуусу мүмкүн. Өзүңүз акчаны туура пайдаланып, жолдошуңузга да ашыкча ысырап кылбоону үйрөтүү сиздин жубайлык милдетиңиз экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
Каражатты жең ичине катпа
Биринчи маселе, түгөйлөр бири-биринен катып акча сарптаганда пайда болот. Акча маселесине келгенде жубайлардын ортосунда сыр болбогону жакшы. Күйөөңүздөн жашырып кымбат буюм алган күндө деле "алтын табылса да түйөөргө түйүнчөк табылбаптыр" деген сөз бар. Эртели кеч жолдошуңуз ал буюмду көрүп кайсы акчага келгенин сурайт. Өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз, жашыруун алынып келген буюмга караганда кеңешип кесип алып сатып алган нерсе көп кубаныч тартуулайт эмеспи.
Күйөөңүздүн куру дооматы кууратса…
Кээде жолдошуңуз сиздин алган буюмдарыңыздын кереги жок экенин, акчаны жөнү жок чачып жатканыңызды айтып маанайыңызды түшүрүшү мүмкүн. Бир казандан аш ичип, бир түтүн булатып жаткан күндө деле сатып алган буюмуңуздан атайын чек алганды унутпаңыз. Кокус күйөөңүздүн куру дооматын четке какканга чек жардам берет. "Мен башым менен жер сайып таап жаткан акчаны шамалга чачасың" деген сыяктуу таарынычтарды чечүүнүн бирден бир жолу ушул. Экинчиси, дүкөнгө бараарда үйгө керектүү нерселерди алууда тизмени чогуу түзүшүн сураныңыз.
Күйөөңүз сизден көп тапса, бирок…
Аял кишиге караганда эркектин каражатты көп тапканы кадыресе көрүнүштөрдөн. Бирок, өзү тапкан акчаны сиздин кеңешиңизге көз каранды болбой корото берсе ойлонууга олуттуу себеп бар. Себеби, биринчиден ким канча таппасын баары бир үй бүлөлүк казынага түшүш керек. Экинчиден, үй бүлө болгондон кийин сатылып алына турган буюмдарды алууда сөзсүз кеңешүү зарыл.
Экөөбүздүн чөнтөгүбүз өзүнчө!
Эгер түгөйлөрдүн бири ушундай сунуш киргизсе, ортодо бир топ суроо жаралат. Ооба, чет жактагы өлкөлөрдө жубайлар тапкан акчасын каалагандай коротушат. Бирок, ошого жараша алардын үй-бүлөлүк түйшүгү да биздикинен башкача. Биринчи кезекте, аял "күйөөм мага ишенбейт" деген ич күптүү пайда болот. Мындай учурда жолдошуңуздун мурунку турмушун билүүгө аракет кылыңыз. Балким сизге чейин акчаны ченебей короткон аялга туш болгондур же дагы бир олутту себеби бардыр…Эмнеси болсо да ар кимибиз өз акчабызды каалагандай коротобуз деген сөздүн да жакшы жагы бар. Жолдошуңузга ар бир алган буюм үчүн "отчет" бербей аздыр- көптүр эркин болосуз. Болоор-болбос маселе үчүн көңүлүңүз чөкпөйт. Бирок үй же машина алуу сыяктуу маселерди талкуулай келгенде тапкан каражатты баары бир бириктирүүгө туура келет. Ансыз бир үйдө түтүн булату кыйынга тураар…
Балага байланып отурган болсоңуз
Иштеп жүрүп биринчи балалуу болгондо үйдө отуруп, күйөөңүздүн тапкан акчасына көз каранды болгон жагымсыз көрүнүш. Ар бир майда буюм үчүн акча сурагандан көрө балага бир айда канча чыгым кетээрин эсептеп алып ошол сумманы талап кылган оң. Баланы материалдык жактан камсыз кылганга караганда кечке алышып аны бакан алда канча оор экенин жолдошуңуз деле жакшы түшүнсө керек.
Акча бала үчүн анча зарыл эмес
Ортодо балдар жаралып, өздөрү чоңойгон сайын алардын чыгымы да кошо өсөөрү турган иш. Баланы башынан акчага туура мамиле жасоону, каражат кайдан кандай жол менен келип жатканын түшүндүрүү керек.
Өзү кичинесинде жокчулуктун азабын тартып чоңойгон ата-эне кийин баласын эч нерседем кем кылбай, тапкан-ташыганын оозуна кармап өстүрүшөт. Бул кадам баланын келечегине кедергисин кандай жол менен тийгизээрин айтпаса да белгилүү эмеспи. Акча кенен, жетиштүү болсо үйдө болсун, бирок баланын чөнтөгүндө эмес.
Балаңыз оюнчук саткан дүкөнгө баргысы келээрин билдирип, эркелей баштаса демек, ага акча тууралуу азын-оолак маалымат берүүгө кез келгенин түшүнсөңүз болот. Чөнтөгүнө салып бере турган акча башкалардыкынан ашык да, кем да болбошу керек. Берип жаткан акчаны кантип, кандай кылып коротуу керегин кыскача түшүндүрүңүз.
Бала мектептен жакшы баа алып келсе, же мугалимден мактоо сөз укса акчалай сыйлык берип жаман көндүрүүнүн кереги жок. Жөн гана чын жүрөкөн айтылган жылуу сөз жетиштүү. Болбосо, бала бара бара соодалашканга өтүп, ар кандай "эрдиктерге" умтула баштайт.
Эгер дүкөнгө бир нерсеге жумшасаңыз кайрып берген акчаныны көлөмүнө жараша талап кылыңыз. Майда акча болсо акча чогутуу процесин оюнга айландырып, алдасаңыз болот. Мисалы, акча топтоочу кутуча сатып берип "болгон акчаңды чогутсаң, сен каалаган самокат же велосипед келет…" деген өңдүү чоң үмүт менен баланы алдыга жетелеңиз. Ошондо бала акча чогутканды, ашыкча коротпой акчага сарамжалдуу мамиле жасоону аздан болсо да үйрөнөт.

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА