меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Айымдар абагынан бир көрүнүш
(Башталышы 3-бетте)
- Балаңыз канча айлык? Аты ким?
- Уулумдун аты Ислам, 5 айлык болду. Бул жакка келгенимде курсагымда 7,5 айлык түйүлдүк эле.
- Мындан башка да балда­рыңыз барбы?
- Ооба, үч эркек уулум бар. Улуусу кайненемде, эки кичүүм өзүмдүн апамдын колунда.
- Сизди балдарыңыздан бөлүп коюуга эмне себеп болду?
- Мен киши өлтүрүү статьясы менен 8 жылга эркимден ажырагам. Жакында эле мунапыска илинип, 3 жыл 4 айым алыныптыр.
- Кимди өлтүрдүңүз эле?
- Кайнагамды. Балыкчыга паспорт иштеримди бүтүрүү үчүн барып, анын үйүнө конуп калгам. Ал иччү. Ошол күнү да мас болуп келип, мени зордуктоого аракет жасаганда өзүмдү коргоого аракет кылдым. Бирок, өлтүрөйүн деп ойлогон эмес элем.
- Анан кантип өлтүрүп алдыңыз?
- Билбейм, эсимде жок. Өзүмдү билбей калдым.
- Күйөөңүз баласын көргөнү келип турабы?
- Жок, баласын көргөн эмес. СИЗОдо жатканымда келип турчу, бул жакка келгенимден бери эч кимиси келе элек.
- Улуу балдарыңызды сагынды­ңызбы?
- Ананчы? Аларды көрсөм дегенде эки көзүм төрт. Дагы жакшы, Исламчигим төрөлүп бир аз алаксып калдым.
- Бул жакта балалуу энелер үчүн өзгөчөрөөк шарт түзүлгөнбү?
- Ооба, тамак-ашыбыз жакшы каралган. Башкалардан өзгөчөлөнүп бир жумада эки жолу жумуртка, каймакмай, балык, эт жеп турабыз. Он чакты уюбуз бар, аларды саап, балдарыбызга күнүнө 200 граммдан сүт берип турушат.






"Промзона" деп аталган бул короодо тигүү цехи жайгашыптыр. Мында аялдар эки смен менен иштешет. Биринчи смен эртең мененки саат 7ден 4кө чейин болсо, экинчи смен 4төн 12ге чейин созулат. Мындагы тигүү цехи эркиндиктеги башка тигүү цехтеринен эч айырмаланбайт. Кадимкидей эле заказчиктер заказ беришип, даяр болгон кийимдерди "Дордойго" алып барып дүңүнөн өткөрүшөт. Кыздардын эмгеги үчүн да акы төлөнөт. Болгону накталай эмес. Ар кимдин өздүк китепчесине жазыла берет да, бошонуп, чыгып баратканда эсебиндеги акча толук бойдон колуна берилет. Бир айда эки жолу ачылган дүкөндөн ошол акчанын эсебинен 100 сомго чейин сода кылышса да болот. Мени коштогон кызматкер жакшы иштеген айымдар чыгып баратканда 10 миң-15 миң сомго чейин алып кетээрин айтып өттү.


Бул жерде ашканада берилген жалпы тамактан тышкары өз алдынча тамак бышырып жешсе болот.


Айымдарга жаңылыктар менен камсыз болуп турууга да шарттар түзүлгөн. Телевизор көрүп, эс алуучу бөлмөдөн адам үзүлбөйт.


Абактагы аялдар төрт отрядга бөлүнүшкөн. Бул биринчи отряддын жаткан жайы.


Ичиндеги бугун, арманын кагаз бетине түшүргөн айымдардын күндөлүктөрүнөн


Жаштыгым
Жаштыгым сонун кез эле,
Кылчайбай өттү тез эле.
Кылмыш кылып жаңылдым,
Азатта жүрсөм эмине?!.
Азгырылып аракка,
Акыл сөз кирбей кулакка.
Бактылуу күндөн адашып,
Түшүп калдым тузакка.
Өкүнөм, бирок, кайгырбайм,
Күчтөнөм кайра талпынам.
Ибадат кылып Кудайга,
Никетимди агартам.
Өкүнүч
Адашып жолдон алданып,
Шайтанга калдым арбалып.
Арманга салып апамды,
Абакта жатам камалып.
Маңдайга ушул арналып,
Балээге калдым байланып.
Түйшүккө салып апамды,
Түрмөдө жатам камалып.
Өкүт бир учкан куш болуп,
Өмүрүм торго туш болуп.
Өзгөчө шайыр кыз элем,
Өзгөрдүм азыр суз болуп.
Исмаил кызы Миргүл






Түрмөнүн сыз дубалдарынын арасына келип, даамсыз боткосу менен азыктана баштаганыма араң эле эки жыл болуптур. Дагы он жыл кантип чыдайм? Эркиндиктеги бактылуу күндөрдү эстегенде турган жеримде тыбырчылап-тыбырчылап жиберем.
Ата-энемдин жапжалгыз кызы элем. Төрт жашымдан баштап атасыз өссөм да апам мени эч нерседен кем кылбады. Туура, бир аз эрке болуп калдым. 19га чыгып, сага жолукканда да эркелигим бар болчу. Сен менин дал ушул сапатымды, сага эркелегенимди жакшы көрчүсүң. Бирок, мен сени сүйүп калганыма өкүнөм. Анткени, мага жашоодо көз ирмемдик бакыт тартуулаган да, чексиз бактысыздык тартуулаган да өзүң болбодуңбу. Өз күнөөңдү моюнуңа алып койсоң, балким, менин да күнөөмдү жеңилдетип, азаттыкка эртерээк чыгышыма жардам берген болоор белең?! Бирок, антпедиң...
Ал каргашалуу күндү эстегим да келбейт. Бирок, канчалык эстебейин деген сайын жүрөгүмдө коргошундай уюп калган бул окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Бөлөм "жездем менен тааныштыр" деп жанды койбогонунан сени менен тааныштырмай болдум. Сен бизди экөөбүз такай жолукчу жертөлөдөгү пивоканадан күтүп алдың. Тааныштыңар. Сырадан улам-улам алдырып, үчөөбүз кызуу кепке кирип таңкы саат төрткө чейин отуруптурбуз. Ал маалда баарыбыз бир топ кызып калган элек. Сен сыртка чыгып кеттиң. Бир аздан кийин дааратканага барам деп бөлөм да теңселе барып туруп кетти. Экөөңөр тең кечиге бергениңерден мен да туруп дааратканага кирсем... Экөөң тимеле аймалашып өбүшүп жатыптырсыңар. Андан ары эмне болгонун билбейм. Бөлөмдү чачтан алып жерди сүздүрүп жатканымды бир билем.
Ошентип, мен адам өлтүргүч аталдым. Сен болсо бул окуяга эч кандай тиешең жок адам болуп сыртка сүрүлүп чыга бердиң.
Жумакан


Азиза Сатимбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика