Айымдардын келбетинин түрлөрү
жана аларга жараша кийим
Аялдардын келбетинин түрлөрүн изилдөөбүздү улантабыз. Өткөн саныбызда "Алма" жана "Алмурут" келбеттери тууралуу сөз болгон. Эми болсо "Оодарылган үч бурчтук" жана "Кум сааты" келбеттерине токтолобуз.


"Оодарылган Yч бурчтук" фигурасы
"Оодарылган үч бурчтук" фигурасынын өзгөчөлүгү: кенен ийин, кууш, жалпак жамбаш, орточо көлөмдөгү көкүрөк.
"Оодарылган үч бурчтукка" кийим тандайбыз
Көйнөк. Мындай фигуралуу айымдардын кийим тандоодо мүмкүнчүлүктөрү кенен. Андыктан, бир нече кеңештерди сунуштайбыз:
Мүмкүн болушунча моюндун айланасында көйнөктүн сызыгы, гүлү же дагы ушуга окшогон бир нерсеси болууга тийиш. Булар ийинди куушураак кылып көрсөтөт.
V түрүндө, чоң овал же жүрөк формасындагы жакаларга басым жасаңыз.
Эгерде көйнөктүн үстү жагы күңүрт, асты жагы ачык түстө болсо, ал сиздин келбетиңизди туура кылып көрсөтөт.
Көйнөктүн туурасынан кеткен сызыктары болсо деле толук көрүнбөгөн жападан жалгыз фигура - "Оодарылган үч бурчтук".
Кофта. Кофтанын юбка же шымга караганда күңүрт болушуна маани бериңиз. Мындай жол менен денеңиздин үстүңкү бөлүгүн тарыта аласыз. Ошондой эле сизге чоң жакалуу кофталардан алыс болууга туура келет.
Юбка. Сизге ылайыктуу юбкалар - трапеция же плиссировкаланган юбкалар. Эң жакшы узундук - тизеге чейин. Тар юбкалар сиз үчүн эмес. Алар кенен ийиниңизди, кууш жамбашыңызды андан бетер баса белгилеп көрсөтөт.
Шым. "Оодарылган үч бурчтукка" дээрлик баары: шым, шорта, капри жараша берет. Өзгөчө сиз кенен шымдарда келбеттүү болуп көрүнөсүз.
Купальник. Үстү бирдей түстөгү, асты жагы сүрөттүү купальник сатып алууга аракет кылыңыз. Майка жана трусадан турган купальникке жакындап да койбоңуз, ал сиз үчүн эмес.





"Кум сааты" фигурасы
"Кум саатынын" өзгөчөлүгү: Көкүрөк менен жамбаш даана билинип, экөөнүн параметри бирдей болот. Эгерде мындай келбеттүү айым толсо, жамбашынан билинет. 19-кылымда "Кум сааты" келбети идеалдуу деп эсептелинип, айымдар мындай келбетке ээ болуу үчүн денесин корсеттер менен тартып жүрүшкөн. Бүгүн да мындай фигура мыкты деп саналып, эркектердин баарына жагат. Эгерде ашыкча салмагыңыз жок болсо, анда сизге дээрлик баарын кийүүгө болот. Сизге спорттук, классикалык, ишкер, бардык стилдеги кийимдер жарашат.

"Кум саатына" кийим тандайбыз
Көйнөк. Көкүрөккө жармашып, белден ылдый жагы эркин болгон көйнөктөргө көңүл буруңуз. Ошондой эле сизге трапеция түрүндөгү жана белдиги бар көйнөктөрдү да сунуш кылууга болот. Фигураңызды даана көрсөтүүчү бир түстүү көйнөктөргө басым жасаңыз. Кап сымал кенен көйнөктөрдөн качыңыз. Мында төрт бурчтук көрүнүп, келишимдүү келбетиңиз каптын ичинде калып кетет.
Кофта. Денеңизге чапташкан кофтадан көрктүү келбетиңизге андан бетер көрк кошкон болосуз. Келбетиңизди "уурдап" алуучу свитерлерден, туюк жакалуу кофталардан качыңыз. Айрыкча көкүрөгүңүз чоң болсо.
Юбка. Эгерде бутуңуз түз болсо, мини-юбканы ишенимдүү түрдө кие бериңиз. Тар юбкалар да сиздин келбетиңизге эң сонун жарашат. Чаар ала же чоң сүрөттөрү бар юбкадан качыңыз, андан жамбашыңыз ашыкча эле чоң көрүнүп калат.
Шым. Бели ылдый түшкөн шымдарды сатып албаңыз. Андан жамбашыңызга басым жасалып, чоң көрүнүп калат. Ошондой эле артында кандайдыр бир сүрөттөрү бар шымдар да сизге туура келбейт.
Купальник. Орто бойлуу айымдарга купальниктин бардык түрлөрү жараша берет. Эгерде бутуңуз кыска болсо, бикини сатып алыңыз. Бикини бутту узун кылып көрсөтөт.