Динара ОШУРАХУНОВА:
"Үйдө отурганды жактырам"
Динара айым активдүү укук коргоочулардын бири. Акыркы жылдары "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясын жетектеп келет. Бүгүн биринчи ирет гезитибизге Динара айым маек куруп берди.

- Акыркы жылдары гана коомчулук көзүнө илиндиңиз? Мурда кай тармакта элеңиз?
- Негизинен, бейөкмөт уюмдар секторунда 10 жылдан бери иштеп келатам. Ал эми "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясында 10 жылдан ашык эмгектенип жүрөм. Коомчулукка азыр гана дайын болуп калышыбыздын себеби, авторитардык бийликтен улам кооптуулук жаралчубу, айтор, мамлекеттик телеканал, радиолор бизди эфирге чыгарчу эмес. Көз карандысыз ММКларга биз өз пикирибизди дайым жарыялап келгенбиз. Жер-жерлерде биздин ишмердикти эл жакшы билет.
- Коалицияны жетектөө кандайча сизге жүктөлүп калды?
- Бул уюмду түптөгөн Төлөйкан Исмаилова болгон. Кийин аны Эдил Байсалов жетектеген. Ал кийин бул милдетти мага тагып койду. Эки жылдан ашуун убакыттан бери аталган уюмду мен жетектеп келатам.
- Өзүңүз кайсы кесиптин ээсисиз?
- Мугалиммин, орус тили жана адабияты сабактарынан билим берчүмүн.
- Эмнеликтен мугалимдик кесипти таштадыңыз?
- Институтту бүткөндөн кийин Балыкчы шаарындагы мектепте иштегем. Өз окуучуларым бар. Ортодо "Хельветас" уюмунда тренер катарында иштеген элем. Ушул тажрыйбам кийин мени бейөкмөт уюмуна алып келди. Анда биз аймактарды кыдырып, аял кишилердин бизнес тармагын өздөштүрүүсүнө жардам кылчубуз. Кийин коалиция жер-жерлерде өз өкүлчүлүгүн уюштурууга сынак жарыялап калды. Капысынан гана ал сынакка катышып, күтүүсүздөн ушул иштерге аралашып кеттим. 1999-жылдан бери Ысык-Көл өкүлчүлүгүн жетектедим. 2002-жылы Бишкекке которулгам.
- Кооптуу күндөрдү баштан көп кечирдиңиздер...
- Аныңыз чын. Аркабыздан дайым УКК жүрчү, бийликтин өкүлдөрү да келип, кысым көрсөткөн убактары болгон. Рысбек Акматбаев митинг уюштурганда биз ага каршы антимитинг уюштурдук. Эдилди (Байсалов - ред.) башка уруп кетишкен маалда же ага карата жасалган куугунтуктоолор болгон кезде биздин кеңседе иштеген ар бир кызматкерге деле ошончолук коркунуч туулуп турган. Бирок, биз майтарылбадык. Шайлоо маалында артыбыздан аңдуулар күчөйт. 2007-жылы мага бул абдан байкалган.
- Үй-бүлөңүзгө мунун таасири тийген жокпу?
- Үй-бүлөм мени жакшы түшүнөт. Мен үчүн жүрөгү ооруп, тынчсызданганы менен дайым жардам аяшпай, колдоп турушат. Өзгөчө акыркы жылдар абдан кооптуу болгон. Маселен, азыркы өзгөрүүлөргө алып келген окуялардын башатын Нарында биздин Эркин Асаналиев деген өкүлүбүз баштаган. Андыктан, биздин коалицияга чоң коркунуч туулган. Жалгыз эле биз эмес, ушул чөйрөдөгү көп адамдар кооптуу күндөрдү баштан өткөрүштү. Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова эжелер, баарыбыз бир туруп, кулатылган режимге биргеликте каршы турганыбыз үчүн бизге эч ким ачык тийише албады.
- Жакындарыңыз ушундай жолдон кайтышыңызды өтүнгөн учурлары болду беле?
- Кээде байкелерим "абайласаңчы, чыкпасаңчы, сүйлөбөсөңчү" деп сарсанаа болуп жүрүштү. Бирок, ушундай абройлуу уюмдун жетекчиси катарында, укук коргоочулар арасында жүрүп, көргөн-билгениңди кантип айтпай коё аласың.
- Канча балаңыз бар?
- Бир кызым, бир уулум бар. Кызым мектепке, уулум бакчага барат.
- Коомдук иштер менен үй-бүлөнү айкалыштыруу кыйынга турбайбы?
- Кээ бир адамдар бизди "Ушул аялдардын үй-бүлөсү барбы? Күйөөсүн карабайбы, балдарын бакпайбы... " дешет жактырбай. Бизде иш сапарлар көп, аймактарды кыдырып, кээде чет жактарда болобуз. Шайлоо убагында күнү-түнү иштейбиз. Ушундан улам, кээде үй-бүлөмө көп көңүл бурулбай калат. Улуу кызым жакшы түшүнөт, таарынбайт.
- Кенжеңиз көп таарынса керек...
- Уулум кичине болгондуктан, таарынып калат. Мүмкүнчүлүк болгондо балдарым менен убакытты чогуу өткөрүүгө тырышам. Өзүм үйдө отурганды аябай жактырам. Тынч, жай дем алыш күндөрү үйдө балдарым менен болом.
- А жолдошуңузчу?
- Негизинен эле, үй-бүлөм туурасында элге көп айта бергим жок. Анткени, иш менен үй-бүлөнү аралаштыргым келбейт. Өзүмдүн жеке менчик жашоом болгондуктан, башка бирөөлөрдү киргизгенди жактыра бербейм. Анткени, коомдук иштер менен жүрүп аябай чарчайм, ал эми үй-бүлөм ошол чарчоону жоё алат. Мага чеп катарындагы үй-бүлөмө башкалардын аралашуусуна жол бергим келбейт.
- Акыркы кездери кыргыз айымдарынын активдүүлүгү байкалды. "Биздин салымыбыз бар" дей аласызбы?
- Жок, антип айта албайм. Себеби, алар өзгөчө активдүү. Бул менимче, кыргыз айымдарынын канында болуш керек. СССР ыдыраганда челноктук бизнести ким көтөрдү, базарларды ким ачты, ким биринчи болуп Россия, Кытай, Түркияга жөнөдү? Бизде мунун баарын аял кишилер баштады, оор жумуштардын баарында аялдар. Оор жүк аялдын мойнуна түшкөндүктөн, биздин аялдар турмуш катаалдыктарынан коркушпайт.
- Бирок, мырзалар мындайды жактыра беришпейт...
- Биздин мырзалар намыстуу. Ал эми аялдар куру намыска алдырбай, үй-бүлөсүн багуу үчүн оор, кыйын, аяныч чакырган жумуштарда иштегенден кайра тартышпайт. Турмуш ушундай экен. Эгерде биздин мырзалар мыкты келечекти тартуулап, өлкөбүз үчүн бекем туруп, татыктуу турмуш шартын түзүп бере турган болсо, биз - аялдар үйдө олтурууга даярбыз!
- Акыркы кезде байкасаңыз, аял башкаруучулардын саны арбып бараткандай, дүйнө матриархатка бараткан жокпу?
- Жок, ага жол абдан ыраак. Аял кишилер өзүбүз аялды колдой албайбыз. Канчалаган аялдар мамлекеттик башкарууга аралашууга аракет кылып жатышты. Токтайым Үмөталиева президенттикке өз талапкерлигин канча ирет көрсөттү. Кайсы аял колдоду? Аялдар өз укугун коргой билип, коомдо аялдарды колдой баштаган кезде гана матриархаттан чочулоого болот. Бизде азыр андай жок. Азия чөлкөмүндө жашагандыктан, аял кишини эркек тургай, аял өзү колдобойт.
- Балким, татыктуу аялдар аздыр, чыга электир...
- Татыктуу эркектер чыгып атабы? Көрдүк го!.. Бийликке келе тургандарды биз эч качан алардын жынысына карап бөлбөшүбүз керек. Башкысы, аларда эрк, башкарууга күчү жана жөндөмү болушу кажет. Өз элине эмгек жасап кеткен маркум Беназир Бхутто, же азыркы эле Германиянын канцлери Ангела Меркель. Демек, бизде да чыга алат. Байкасаңар, аялдарды дайым оор министрликтерге коёт. Социалдык коргоо, миграция, Социалдык фонд өңдүү мекемелерди бизде көбүнчө аялдар башкарат. Ал эми акчалуу министрликтерде эркек кишилер. Мырзалар аял кишилердин оор жумуштарды аткарып, жыйынтыгын да көрсөтө алаарын түшүнгөндүктөн, ушундай саясат жүргүзүшөт. Балким, өздөрү оор иштен чочулашаттыр... Аялдар мырзалардан айырмаланып, куру намыска алдырышпайт, карьера жасоону ойлошпойт.
- Сизди карьерист айымдардын арасына кошсок болобу?
- Жо-ок. Буга биздин менталитет, тарбиябыз жол бербейт. Мойнуна тагылган ишти кыргыз аял майын чыгара аткарат, бирок, кызмат аркасынан чуркабайт.
- Кийин бир министрлик же депутаттыкка аракет кылуу оюңузда жокпу?
- Андай ойго да келген эмес. Бирок, укук коргоочулуктан башка бир чөйрөдө да аракет кылып көрсөмбү деген ойлор жок эмес. Себеби, 10 жылдан бери коомдук иштер менен жүрүп, чарчайт экенсиң. Бирок, азыр мен бул ишти таштап кете албайм. Себеби, жетектеп турган коалициянын пландары арбын. Аларды ишке ашырууга тийишмин.
- Эң активдүү деген айымдардын бири өзү ушундай пикирдеби?
- Мен эң активдүү эмесмин. Ар ким өзүнүн билген, колунан келген ишин жасоого тийиш. Билбеген жумушту аркалап, андан оң жыйынтык чыгара албай калсам, башкалар тургай өзүм канаат алалбайм. Андайдын кандай кажети бар?! Коомдук иш менен карьера жасабайсың, бул аброй гана алып келээр. Ал эми мамлекеттик кызматтагы же ага жаңыдан киришип аткан аялдарды биз колдоп берүүгө даярбыз. Биз карьера эмес, азыр эл турмушун оңдотуп алсак, ошол биздин чоң жеңиш болмок. Буга чейин бизде министр, жетекчи аялдар көп эле болгон. Алардын билим-тажрыйбасын пайдаланып, аларды ишке тартып, алардын иш натыйжасын көрсөтүүсүнө өбөлгө түзүп берсек дурус эле.


Мээрим АКЫЛБЕКОВА