Турсунбек Акун, Акыйкатчы:

"Аялзаты мага жарык, мээрим, сүйүү берди"
Ар бир эркектин өзүнүн бир нече айымдары болот эмеспи. Бул жолу бизге КР Акыйкатчысы, Турсунбек Акун жашоосундагы ошол асылкеч жандар тууралуу айтып бермекчи.


Алгачкы таарыныч
- Мен туулганда өз ата-энем мугалим болуп Лейлектин Кулунду деген айылында иштешчү экен. Үйлөрү жок жаш немелер жашоо-турмуштан кыйналганда мени Акун атама кармата беришиптир. Өзүм бул сырды 12 жашка чыкканда билдим. Ошондо жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме катуу таарынып, аябай жаман болгом. Анда баламын да, кийин эр жетип, акты-көктү түшүнүп калганда аларды кечирдим. Бирок, азыркыга чейин боор тарта албайм. Бөлөк өстү болгондун ушунусу жаман экен. Кыйтыке байкем (өз атам) кээде мас болгондо "менин баламсың" деп айтып калат.
Анткен менен Акун атамдын колунда өскөнүмө кубанам. Мени эч нерседен кем кылган жок. Үйлөнттү-жайлантты. Эгер ал болбосо ушул даражага жетет белем же жетпейт белем, аны бир Кудай билет.
Бала баккандыкы
- Өз апамдын аты Жумагүл, солто уруусунун кызы. Керимбүбү Шопокова экөө бир айылдан. Жана башта айткандай, ал киши мени төрөгөндү эле билди, башка эч кандай мээнети өткөн жок. Азап-тозогумдун баарын баккан апам Шааркүл тарткан. Ал киши 64 жашында рак илдетинен каза тапты. Ооругандан тарта биздин үйдө болду. Акыркы сапарга менин колуман узады. Өз апам менен Шааркүл апам аябай ынтымактуу болчу. Бир да жолу "сен, мен" деп ажылдашып, чарпышканын көргөн эмесмин. Жумагүл апамды күнү бүгүнкүчө жеңе дейм. Канчалык чымыркансам да "апа" дегенге оозум барбайт. "Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы" деген ушу турбайбы...
"Абысын таттуу болсо, аш көп"
- Акун атам үйдүн улуусу эле да. Өзүнөн кийинки инилерине баш-көз болуп, аял алып берген. Шааркүл апам кайнене милдетин аткарып, абысындарын көшөгөгө киргизип, жоолук салды. Мен болсо жеңелеримдин жанында отуруп, "кайынсиңдинин" милдетин аткарчумун. Азыр жеңелерим менен жакшы мамиледемин. Үйгө келип калса 3-4 күн коноктомоюнча кетирбейм. "Абысын таттуу болсо, аш көп" деген чын экен. Аялым Гуля жеңелерим менен ысык курбулардай эле. Алар келсе берерге ашын таппай карбаластап, догдурга көргөзүп, шаар кыдыртып, базар кыдыртып жан-алы калбайт.
Бир туугандар
- Кыйтыке атам менен Жумагүл апам жалпы жонунан сегиз бала көрдү. Кандаштарымдын төртөөсү бул дүйнө менен эрте кош айтышты. Бир иним ооруп, бирөө сууга чөгүп, бирөөсү жер көчкүдө калып каза болду. Жамила деген карындашым 42 жашында жол кырсыгынан жан берген. Байкушум, кабагым-кашым дебеген, жибектей чоюлган ак көңүл жан эле. Көрсө, ажал жакшы адамдарды эрте алат тура. Дарыгер болуп эмгектенчү. Нарында Чырпыкты деген жерде чогуу чоңойдук. Кичинемде Кыйтыке байкемдин балдарын кошпой, оолактап турчумун. Чөнтөгүм толо момпосуйду ини-карындаштарыма бербей, көздөрүн жалдыратып өзүм жечүмүн. Жамила көзү тирүүсүндө ошону көп эскерип, күлө берчү. Экинчи карындашымдын аты Гүлмира . Бала-чакасы бар. Катышып турабыз.
Баёо сезим
- Бала чагымда Алтынкүл деген кызга балалык сезим ойгонду. Атасы малчы эле. Коңшу турчубуз. Аны көргөндө башкача болуп кетчүмүн. Ошол кызга жагынуу үчүн турникке тартынам. Керзи өтүк менен чоң сууну ары-бери кечем. Ат менен үйүнүн жанынан чапкылап өтөм. Көңүлүн өзүмө бурдурсам дейм. Азыр ойлосом, күлкүм келет. Кийин ал турмушка чыкты. Биринчи күйөөсү менен оту күйүшпөй, азыр экинчиси менен жашап атат. Өспүрүм куракта башка бир классташымды сүйүп калдым. Экөөбүз кат жазышчубуз. Кийин ал дагы бактысын башкадан таап кетти. Мунун баарын жеңең билет. Балалык сүйүү деген жакшы нерсе да. Анын эмнесин жашырмак элем?!
Өмүрлүк жарга жолугуу
- Жеңең менен студент куракта таанышкам. Институтта аябай жакшы окучумун. Күндүр-түндүр китепке үңүлө берип жогорку курска барганда ден-соолук начарлап кетти. Анан деканат мага Жети-Өгүз курортуна жолдомо берген. Гулянын апасы, ыраматылык кайненем ал жерде санитарка экен. Гуля кээде апасынын ордуна пол жуучу. Татынакай жаш кызга көзүм түшүп, дароо эле жактырып калгам. Бирок, сезимимди билдирүүгө дааган эмесмин. Ага айтайын деген сөзүмдү күндөлүккө жазып тим болчумун. Бир күнү ошол жан сырым жазылган дептерди столдун үстүнө унутуп, сыртка чыгып кетипмин. Бөлмөгө келсем, анымды Гуля окуп атат, оңбогур. Учуп жетип, колунан жулуп алдым. Уялганымды айтпа. Ошентип таанышып калдык. Кийин экөөбүз кат жазышып жүрдүк. Гуля мектепти аяктаган соң Ошко иштеп кетти. "Ал жактан балдар алакачып кетпесин" деп коркуп, артынан барып алып келгем.
"Жакшы аял жаман эрди зор кылат"
- Канча жыл үй бетин көрбөй, сыртта чапкылап жүрдүм. Тапкан акчамдын дайыны жок. Эркектей болуп же бир мык какпайм. Үйгө аз көңүл бөлгөнүм үчүн жеңең экөөбүз көп кыжылдаштык. Ушунун айынан кол көтөрүп, бир жолу уруп да койгом. Бирок, Гуля менин кыял-жоругумдун баарына чыдады. Анын ордуна башка аял болсо түйүнчөгүн түйүп, эчак басып кетмек. Анткен жок. Балдарымдын кирпигине чаң жугузбай бакты. Мени ушул деңгээлге жеткирди. "Аял жакшы, эр жакшы" деген ушу тура. Багыма акылы тайкы, ажаан бирөө туш келсе эмне болот элем? Гуляны мага кошкон тагдырга миң мертебе ыраазымын. Азыр байкушум ооруп, кыйналып жүрөт. Аны көргөн сайын жүрөгүм сыгылат. "Алганың менен тең кары" деп бекер айтылбаптыр. Балдардын убайын көрүп, аман жүрсө дейм.
Кыз ордун баскан келин
- Жеңең экөөбүз 1981-жылы үйлөнгөнбүз. Тун кызыбыз 1 жаш, 1 айында чарчап калган. Аты Элина болчу. Андан кийин үч эркек бала көрдүм. "Кызым жок" деп арман кылып, ичимен сызаар элем. Былтыр 20-ноябрда ортончу баламды үйлөнттүм. Келинимдин аты Элвира. Намаз окуйт. Кызыбыздай эле жакшы көрөбүз. Кечээ жакында төрөдү. Неберемди көзү өтүп кеткен карындашымдын урматына Жамила деп атадым. Экинчи четинен, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Жамиладай эркиндикти сүйгөн, өз бактысы үчүн күрөшкөн, сулуу кыз болсун деп ырымдадым.
Кайненени эскерүү
- Кайненем абдан жакшы киши эле. Гулянын колун сурап барсам, аябай сүйүнүптүр. "Жакшы бала, ушуга эле турмушка чык" деп кызынын кулагын бураган экен (күлүп). Турмушта оош-кыйыш көп болот эмеспи. Гуля Акун атам менен урушуп, эки жолу төркүнүнө кетти. Экөөндө тең кайненем "күйөөң көзүңдү карап турса эмне келдиң?" деп кайра артка кайтарган. Эгер анын ордунда башка кайнене болсо, такыр башкача сүйлөмөк. Негизи эле кайын-журттан жолдуу экенмин. Эрке күйөө баламын. Кайындарым жаш күнүмдө дагы отун жардырып, самоор кайнатып, эт бышырткан эмес. Көзүмдү карап, аябай кадырлашат. Азыр барып калсам төрдү жалгыз ээлеп, сый көрүп келем.
Аялзаты мени
Турсунбек Акун кылды
- Менин адам болушума аялзатынын ролу чоң экенин танбайм. Алардын бири мени төрөдү, бири бакты, бирөөсү ысыгыма күйүп, суугума тоңду. Аялзаты мага жарык, мээрим, сүйүү, бакыт тартуулады. Аялзаты мени Турсунбек Акун кылды. Аялзаты болгону үчүн мен эрке өстүм. Кичинемде эч ким мени атыман чакырчу эмес. Баары Тукелең дешчү. Бир үйдүн Айдары, Максими элем да. Кийимдин жакшысы, тамактын таттуусу мага тийчү. Азыр ойлосом, мунун баары Шааркүл апамдын арты менен болуптур. Ата канчалык жакшы болсо да эненин ордун баса албайт тура. "Энеси бар адамдар картаймайды" деген казактын бир ыры бар эмеспи. Көрсө, эне үчүн бала улгайбайт экен. Мен дагы азыр көчөдөн байбичелерди көрсөм, Шааркүл апамды эстейм. Ал киши тирүү болгондо тизесине башымды коюп, аябай эркелейт элем.

Салия Дүйшөнова