Этикеттин түрлөрү
Жашоодо бардык нерсенин өз эрежеси бар. Ошол эрежелерди жакшы билип, сактаган адамга бир топ жеңил болот. Андыктан, ар кандай учурдун айрым эрежелерин сиздерге сунуштайбыз.

Жумуш издегендер үчүн
Кимде-ким өзүнө жумуш издеп көргөн болсо, ал сүйлөшүүнүн канчалык мааниге ээ экендигин билет. Адамдын ким экени дал ушул сүйлөшүүнүн жыйынтыгынан билинет. Жумуш берүүчү сиздин сүйлөгөнүңүздөн бир гана профессионалдык сапатыңызга эмес, мүнөзүңүзгө да баа берет.
Өзүңүздүн сырткы келбетиңизге маани бериңиз. Биринчи таасир дал ушул нерседен көз каранды. Кийим өтө ачык түстө же жалтырак болбоого тийиш. Мындай учурга классикалык стилдеги кийим ылайык. Бут кийимиңиз таптаза болуп, үстүңүздөгү костюмуңузга шайкеш келишип туруу керек.
Чач жасалгаңызга, тырмагыңызга кам көрүүнү унутпаңыз. Кескин жыттуу атырлардан алыс болуңуз.
Эгерде сизге айтылган сааттан кийин да күтүп калууга туура келсе, талабыңызды коюп, нааразычылыгыңызды билдирбеңиз. Коштошуп кетээрде сиз менен сүйлөшүүгө убакыт бөлгөнү үчүн ыраазычылыгыңызды билдире кетүүңүз ашыкча болбойт.
Маектешиңизден көзүңүздү ала качпай, көзүнө тике караңыз. Көңүл коюп угуп, кыска жооп бериңиз. Ар бир сөзүңүз даана угулгандай кылып так-так, ишенимдүү сүйлөңүз. Берилген суроого ойлонуп, бир аз тыныгуудан кийин жооп берүүдөн коркпоңуз.
Буюмдарга тийбеңиз, столдун үстүндө жаткан кагаздарга үңүлүп, окууга аракет кылбаңыз.
Кабыл алууга кирип баратканда эле чөнтөк телефонуңузду өчүрүп коюуну унутпаңыз, сүйлөшүү учурунда шашпаңыз, эч нерсеге алаксыбаңыз.
Сүйлөшүүнүн аягында ушул ишканада иштеп калууга каалооңуз бар экендигин кыска фраза аркылуу билдириңиз, бирок, суранбаңыз.
Акырында маектешиңиз менен кол алышып, шашпай чыгып кетсеңиз болот. Эми сизге жыйынтыкты күтүү гана калат.

Жаңыдан жумушка орношкондор үчүн
Ошентип, жумушка орноштуңуз. Этикет эрежелерин сактоону андан кийин да улантыңыз. Анткени, сиз жаңы кесиптештериңизге жакшы таасир калтырууңуз керек эмеспи.
Өзүңүздү кармоону, сылык болууну үйрөнүңүз. Кесиптешиңизге суроо берүүдө жеке жашоосуна кийлигишпеңиз, профессионалдык чектен чыкпаңыз. Сизге жардам берген адамга рахмат айтууну унутпаңыз.
Сүйлөшүүдө өзүңүз тууралуу жана жеке маселелериңиз тууралуу айтпоого аракет кылыңыз.
Жетекчиликти талкууга алуунун кереги жок. Жетекчиңизди биринчи жолу көргөндө сизге кандай таасир калтырганын да баалабаңыз. Негизи эле жетекчини талкуулоо - туура эмес.
Жамаат ичиндеги ушактарга кошулбаңыз. Сизге чейин эле башталган карама-каршылыктардан таптакыр алыс болуңуз.
Эгерде маанайыңыз жаман болсо, аны жаңы жамаатыңызга жайылтуунун кажети жок. Жеке жашооңуздагы жагымсыз окуялар, үй-бүлөлүк маселелериңиз тууралуу саймедиребеңиз. Адамдар жумушка иштегени келишет, айланаңыздагаларды жумушунан алаксытып өзүңүздүн түйшүгүңүздү жүктөп коюуга сиздин акыңыз жок.
Жумушта сагыз чайноого, отурган орунда эле чач тарап, боёнууга, жумуш столунда бир нерсе жегенге болбойт. Мунун баары маданиятсыздыкка жатат.
Таанышуу жана тааныштыруу этикети
Адамдарды бири-бирине тааныштыруунун эч кандай кыйынчылыгы жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок, мунун да өзүнүн эрежелери бар.
Сизди бирөө тааныштырып жатканда уялып-кысынбаңыз. Таанышып жаткан адамыңыздын көзүнө тике карап учурашып, кол алышыңыздар. Эгерде колуңуз бош болбосо жөн гана баш ийкеп койсоңуз болот.
Тааныштыруунун негизги эрежеси мындай: жашы кичүү адамды улууга тааныштырат.
Эгерде коомдук этикетке ылайык эркекти аялга тааныштырыш керек болсо, ишкер этикетте бул мааниге ээ эмес. Ишкер этикетте катардагы кызматкерди жетекчиге тааныштырышат.
Ал эми конокто кеч келгенди эрте келгенге тааныштыруу эрежеси бар.
Тааныштырган адам биринчи кол сунат: аял - эркекке, улуу - кичүүгө, жетекчи - кызматкерге.
Үй-бүлө мүчөлөрүн жөн гана "Менин кызым", "Менин келинчегим" деп тааныштыруу талапка ылайык. Ата-энен тааныштырууда да ушул эле эреже сакталат.
Эгерде чогулуп отурган компанияга бир жаңы адам кошулса, анын атын баарына угуза катуу айтып коюу жетиштүү. Отургандар ага кол беришип, өз аттарын өздөрү айтышат.
Үйдүн кожойкеси келген коноктун жынысына жана жаш курагына карабай алдынан тосуп чыгат.
Эгерде чакырылган адам баары-орду-ордуна отуруп, кече башталып калгандан кийин келсе, кожоюн аны отургандарга жалпы эле тааныштырып, бош орунга отургузуп коёт. Кечиккен адам кийин жанындагылар менен өзү таанышып алат.
Коомдук унаада таанышыңыз менен баратсаңыз, бир аялдамадан дагы башка таанышыңыз унаага түшүп калды. Мындай учурда аларды тааныштыруунун кажети жок. Эгерде сүйлөшө турган сөзүңүздөр жалпы болсо, анда тааныштырууну унутпаңыз.
Эгерде үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири жумуш ордуңузга барып калса, аны кесиптештериңиз менен тааныштыруунун зарылчылыгы жок. Айрыкча кесиптештериңиз менен кызматтык мамиледе гана болсоңуз.
Эркекти башкалар менен тааныштырып жатканда ал ордунан туруп турууга милдеттүү. Ал эми аял аны өзүнөн бир топ улуу, даражалуу адамдар менен тааныштырып жатканда гана турса болот.