Ташиевди өлтүргөнү келишкенби?
"Ата-Журт" партиясы уюштурган митинг соңуна чыкты. Ага болжол менен бир жарым миңдей адам катышты. Партия лидерлеринин бири Садыр Жапаров чогулгандардын алдына чыгып, Аскер прокуратурасы Камчыбек Ташиевдин үйүнө кол салуу боюнча тергөө иштерин баштаганын айтып, чогулгандарды таркап кетүүгө үндөдү. Эскерте кетсек, өткөн жуманын аягында "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүнө жакын жерде анын жансакчылары менен УКМК кызматкерлери мушташа кетип, ок атылган. Расмий бийлик УКМК кызматкерлери ал жакка башка операциянын негизинде барышканын, Ташиевдин жансакчылары атайын провокация жасашканын айтууда. Камчыбек Ташиев өзү " УКМК кызматкерлери мени уурдаганы же өлтүргөнү келишкен" деген пикирин билдирген.


Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун иши сотко өттү
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев менен президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Үсөн Сыдыковго карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты Кайрат Загибаев массалык маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, эми бул ишти Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту карамакчы. Бирок азырынча соттук кароо күнү белгилене элек. Эсиңиздерге салсак, Улуттук коопсуздук кызматы Ү.Сыдыков менен И.Масалиевге карата 12-13-май күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну, бийликти басып алууну пландашкан деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон болчу.


"Бүтүн Кыргызстан" ачкачылыкты токтотту
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапкерлери жарыялаган ачкачылык акциясы убактылуу токтотулду. Партия лидерлеринин айтымында, алар БШКнын шайлоо жыйынтыгын чыгарышын күтүп, убактылуу тыныгуу жарыялашкан. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы БШКга 34 арыз жолдоп, президентке эки жолу кайрылган. Бирок, ушул кезге чейин эч кандай жооп болгон эмес.


Шайлоо жыйынтыгы качан чыгат?
Бүгүн-эртең БШК протоколдорду салыштырып бүтүп калышы ыктымал. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов кабарлады. Анын айтымында, ушул тапта бардык шайлоо участкаларынан протоколдор толук алынып келинди. 10-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүү протоколдорунун түп нускалары менен көчүрмөлөрүн салыштырып, текшерүү ишине БШК 20-октябрь күнү киришкен.


Алты жолку чемпион "Дордой" жеңилди
Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатында Кочкор-аталык "Нефтчи" жана бишкектик "Шердин" ортосундагы матч 24-октябрда Кочкор-Атада болду. Натыйжада, "Нефтчи" 4:0 эсеби менен оюнду утуп, Кыргызстандын чемпиону болду. Чемпионатта экинчи орунду "Дордой", үчүнчү орунга "Абдыш-Ата" ээ болду. Буга чейин "Дордой" командасы алты жолу катары менен чемпион наамын эч кимге алдырбай келген эле.


Сүт азыктары 20 пайызга кымбаттады
Сүт азыктарына болгон баа бир жуманын ичинде 20%га көтөрүлдү. Бул туурасында атаандаштыкка жөндөмдүү агробизнес борбору билдирди. Алардын маалыматына ылайык, ушул жумага карата орто баасы: сүттүкү - 1 литри 27,5 сом (5 сом кошулган), каймактын 1 килограммы 165 сом (15 сом кошулган) жана быштак - 85 сом (5 сом кошулган). Агробизнес борбору баалардын көтөрүлүш себебин суук түшүп келе жаткандыгы менен байланыштырууда. Кошумчалай кетсек, ундун орточо баасы бардык сорттордун килограммына 0,5 сомдон 4 сомго чейин өскөн. Ал эми жумуртканын баасына 1 сомдон 3 сомго чейин, помидорго 7,5 сом кошулган.


Офицерди граната менен жардыралы деп
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын автоунаасына белгисиз адамдар тарабынан жардыргыч заты орнотулган. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул окуя Бишкектеги Интергельпо жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. К.А. аттуу милиция кызматкери 24-октябрда күндүз өзүнүн "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаасынын арткы оң дөңгөлөгүндө Ф-1 гранатасын металл зым менен бекитилип коюлганын көргөн. КР УКМК кызматкерлери тарабынан байланган граната чечилип, учурда прокуратура органдары тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.