Үйүңүздү жайлуу
кылып жасай билиңиз
Бөлмөлөрдүн жайлуу, сабаттуу, кооз болуп жасалышында анда жайгаштырылган эмеректердин, жерге төшөлгөн килемдин, терезеге тагылган парданын ролу чоң. Бирок, алар канчалык кооз, канчалык кымбат болбосун, ар биринин өз эрежеси менен жайгаштыра билбесек, максатыбызга жетпеген болобуз. Андыктан, үйдү жасалгалоодогу майда, бирок, маанилүү эрежелерди көңүлүңүзгө түйүп жүрүңүз.


Парда
Парданын түсүн туура тандоо бөлмөдөгү дубалдардан, жерге салынган килемден жана эмеректерден көз каранды. Эгерде дубал бир эле түс менен сырдалса, анда парданын гүлдүү болгону талапка ылайык. Тескерисинче, дубалга сүрөттүү обой жармаштырылган болсо, анда парданын бир түстүү, эч болбоду дегенде майда сызыктуу болгону жакшы. Ал эми ал сызык бөлмөдөгү эмеректерге, килемге өңдөшүшү шарт.
Ушул эле эреже тюлду туура тандоого да тиешелүү. Эгер тюль гүлдүү болсо, парда сыйда болуш керек же тескерисинче.
Чоң-чоң гүлдөрү бар парданы эгер бөлмө чоң жана бийик болсо гана илүүгө болот. Анткени, кичине бөлмөгө чоң гүлдөрү бар парданы илгенде бөлмө андан бетер кичирейип көрүнөт.
Жалтырак гүлдүү пардалардан качыңыз. Бөлмөдө жайгаштырылган эмеректер канчалык кымбат болуп, бөлмө канчалык жакшы жасалгаланбасын, жалтырак парда баарын арзан кылып көрсөтүп коёт.
Адатта терезелердин астына жылуулук чыгаруучу батарейкалар жайгаштырылат. Ысыктан тюль бузулат, андыктан, аны мүмкүн болушунча батарейкага тийбегендей кылып илгенге аракет кылыңыз.
Терезенин узундугунан эки эсе узун парда сатып алыңыз.
Эгерде бөлмөдөгү терезе өтө эле кичине болсо, ага көп байкалбаган парда илиңиз.
Килем
Бөлмөнү бир эле килем бүтүндөй жапса, бул бөлмөнүн көлөмүн чоңойтуп көрсөтөт. Килемде тартылган сүрөттөр да чоң мааниге ээ. Кичине бөлмөгө чоң-чоң гүлдөрү бар килем салуу талапка ылайык келбейт. Кичине бөлмөгө майда гүлдүү же болбосо бирдей түстүү килем ылайыктуу.
Килемдин түсүн туура тандоо дубалдын түсүнөн жана бөлмөдөгү эмеректерден көз каранды. Эгер бөлмөнүн дубалдары бирдей түс менен сырдалса, килем гүлдүү болууга тийиш, же тескерисинче.
Бир бөлмөгө эки же андан көп килем салынганда алардын баары бири-бирине түсү жагынан, сүрөттөрү жагынан жана стили жагынан шайкеш келип турууга тийиш.
Эгер бөлмөгө бир эле чоң килем салынса, бөлмөнүн калган жасалгасынын баары ошол килемден көз каранды болот. Дубалдын түсү килемдикиндей, болгону ага караганда бир аз ачыгыраак болуш керек. Парданын түсү да килемге үндөшүүгө тийиш. Бул жерде да негизги эрежени эске алыңыз: гүлдүү килем - бирдей түстөгү парда же тескерисинче.
Эмерек
Эмеректерди бөлмөгө жайгаштырууда алгач бөлмөнүн маанилүү борборун аныктап алуу керек да, аларды дал ошол маанилүү борбордун айланасына жайгаштыруу керек. Бөлмөнүн кире бергенде эле адамды өзүнө тартып, көңүл бурууга мажбур кылган бөлүгү - анын маанилүү борбору болуп эсептелинет. Бул камин, өзгөчө текче же стол, аквариум, телевизор, өзгөчө кооз люстра жана башкалар болушу мүмкүн. Чоң бөлмөдө бир эмес, бир нече маанилүү борбор болушу мүмкүн. Бөлмөдөгү эмеректер ушул борборго багытталып турууга тийиш.
Бөлмөдөгү чоң буюмдар менен майда буюмдарды туура айкалыштыра билиңиз. Мисалы, кичинекей светильникти көлөмдүү столдун үстүнө койбоңуз. Кооздук үчүн майда сувенирлердин баарын бир жерге топтоңуз. Мындай буюмдар өз-өзүнчө турганда жакшы көрүнбөйт.
Бир эле чоң эмерек кичине бөлмөнү чоң кылып көрсөтөт. Андыктан, тар бөлмөлөргө бир чоң эмерек жайгаштыруу талапка ылайык.
Кире бериштен баштап эмерек жайгашкан жерге чейинки бош аралык 1-1,2 метр болууга тийиш.
Дээрлик ар бир бөлмөнүн архитектуралык кемчилиги болушу мүмкүн. Бул кемчиликтерди эмеректерди туура жайгаштыруу менен жабууга болот. Мисалы, өтө эле тар жана узун бөлмөлөрдүн төр жагына дубалга такалган кенен эмерек жайгаштырсаңыз, бөлмөнүн узундугу билинбей калат.
Коробканы элестеткен төрт бурчтук бөлмөлөргө эмеректи дубалга такабай, ортого жайгаштырган жакшы.
Картина
Үйүңүзгө картина илүүнү аябай кааласаңыз, анда дубалдарга гүлдүү обой чаптоонун кажети жок. Картина көзгө даана урунуш үчүн дубалдар бирдей түстүү болуш керек. Эгерде дубалдарыңызга обой чапталып, болбой эле картина илгиңиз келсе, анда чекесиндеги алкагы кенен болгон картина тандаңыз.
Картинаны бөлмөнүн эң жарык, башка жасалгалар менен кооздолбогон ачык жерине илүү сунуш кылынат. Анын бийиктиги көздүн деңгээлине барабар, атүгүл бир аз ылдый болсо болот.
Сүрөттөр, акварель, графика ылдыйраак жакка илинет. Алар бири-бирине көлөмү жагынан, стили жагынан төп келишип туруусу керек.
Бир дубалга бир гана картина илинүүсү керек. Көптөгөн картиналардан, ар кандай фигуралардан, вазалардан бөлмө жыйнаксыз көрүнүүгө жол бербөө - үйдү жасалгалоодогу негизги эреже.
Күңүрт картиналарга ачык рама туура келбейт, болбосо, картина андан бетер күңүрт болуп көрүнөт. Тескерисинче, ачык картиналарга күңүрт рама да болбойт.
Картинаны көлөмү канчалык чоң болсо, рама ошончолук кенен болууга тийиш.
Үйдүн караңгы бурчуна илинген картина ачык болууга тийиш, ал эми күн жакшы тийген жарык дубалга илинген картина тескерисинче, күңүрт болуш керек.
Дубал
Эгерде бөлмө жылуу түс менен сырдалса (ток сары, кызыл, сары), дубалдар жакындап көрүнөт. Бул түстөр бөлмөнү кичирейтип көрсөтөт.
Эгерде бөлмө муздак түс менен сырдалса (көгүлтүр, жашыл), дубалдар алыс жайгашкандай көрүнөт да, бөлмө кеңдей болуп сезилет.
Ачык, каныккан, ошондой эле күңүрт түстөр бөлмөнү бир топ эле тарытып коёт.
Күңүрт түстөгү пол бөлмөнү кичирейтип көрсөтөт. Андыктан, бул түстү кичине, жапыз үйлөргө колдонбой эле коюу сунушталат.
Бөлмөнү сырдоодон мурун алгач үлгүнү пайдалануу туура. Өзүңүзгө жаккан түс менен чоң кагазды боёп, аны дубалга илип коюңуз же полго таштап коюңуз. Эгерде бир нече күндөн кийин деле бул түстү жактырганыңыздан жазбасаңыз, дубалды ошол түс менен сырдай берсеңиз болот.
Бир бөлмөдө эшик менен терезе өтө эле көп болсо, дубалдарды, эшиктерди, терезелердин алкактарын баарын бирдей түстөгү сыр менен сырдаңыз.


Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА