Түбөлүк жаш бойдон
калуунун 10 жобосу
Негизи, адам баласы генетикалык жактан алып караганда жүз жыйырма жыл өмүр сүрүшү керек, бирок, реалдуужашоодо өмүр кыска. Орто эсеп менен алып караганда япониялыктар 79 жыл өмүр сүрүшсө, австралиялыктар, канадалыктар, жана гректер 78 жыл жашашат. Немистер менен америкалыктар 76, орустардын, түрктөрдүн жана кыргыздардын өмүрүнүн узактыгы 67 жыл. Ал эми нигериялыктардын өмүрүнүн узактыгы бар болгону 47 жашты түзөт. Эл аралык дарыгерлер тобу, психологдор жана диетологдор биргелешип, кантип түбөлүк жаш болуунун он жол-жобосун иштеп чыгышты. Бул он жобону колдонуп, эске тутуу менен бирге биз өмүрүбүздүн узак болушуна жакшы өбөлгө түзө алабыз.

1-жобо: Ашыкча калориялуу тамактануудан алыс болуңуз! Муну менен бирге сиз клеткаларыңызды ашыкча жүктөн арылтып, алардын активдүүлүгүн сактайсыз. Жаңы клеткалар жаралып, организмге оору менен күрөшкөнгө жакшы шарт түзүлөт да, ал ар кандай оорулардан алыс болот. Тамактанганда орто деңгээлде тамактаныңыз. Көп жеп алып аны сиңире албай же аз тамактанып чала тоют болуп калбаңыз.
2-жобо: Тамактануу рационуңуз өзүңүздүн жаш курагыңызга туура келгени жакшы. 30 жаштагы айымдар боор менен жаңгакты көп колдонушса, бетке түшө турган алгачкы бырыштар бир аз кечирээк пайда болот. 40 жаштан жогору адамдарга бетакаротиндин пайдасы чоң. 50 жаштан өткөн соң сөөктү өз формасында кармоо үчүн кальцийди жана жүрөктүн жакшы иштөөсүнө шарт түзгөн магнийди колдонгон абдан пайдалуу. 40 жаштан өткөн эркектер үчүн селен керектелет. Селенди сырдын жана боордун курамынан табууга болот. Себеби, селен стресстин жоюлушуна жакшы көмөк көрсөтөт. 50 жаштан өткөн соң балык жесеңиз, сиз жүрөгүңүздү жана кан тамырларыңызды коргой аласыз.
3-жобо: Өзүңүз үчүн жакшы жумушту тандап алыңыз! Француздардын айтуусу боюнча, өзүнө жаккан жумуш адамды өз курагынан жаш көргөзөт экен. Социологдордун айтымында, кээ бир кесиптер түбөлүк жаш болууну сактаганга жардам берет. Алар: дирижёр, философ, сүрөтчү.
4-жобо: Өзүңүзгө түгөй табыңыз! Себеби, карылыкка жол бербеген эң негизги нерсе - бул сүйүү менен назиктик болуп эсептелинет. Жумасына эки жолу интимдик мамиледе болуу - адамды он төрт жашка жаш көрсөтөт. Анткени, жыныстык катнаш учурунда организмден эндорфин гармону бөлүнүп чыгат, аны бакыт гармону деп атап коюшат. Ал иммунитет системасынын жакшырышына шарт түзөт.
5-жобо: Ар бир адамдын жеке көз карашы болуусу шарт. Мындай адамдар депрессияга аз кабылышат жана аларда маанайы жок учур аз кездешет.
6-жобо: Ар убак кыймылда болуңуз! Бир күндө жети мүнөт спорт менен машыгуу өмүрүңүздү узартууга жардам берет. Кыймыл учурунда бойдун өсүшүнүн гармондору бөлүнүп чыгат.
7-жобо: Салкын бөлмөдө уктап эс алыңыз! Эгерде кимде-ким 17-18 градус температурада уктаса, көп убакытка чейин жаш бойдон калаары далилденген. Себеби, организмдеги зат алмашуу айлана-чөйрөдөгү температурадан да көз каранды.
8-жобо: Убакыттын өтүшү менен өзүңүздү эркелетип туруңуз. Өзүңүздөн таттуу нерселерди аябаңыз. Эгерде сизге жаңы сумка же жаңы көйнөк жагып калса, аны сатып алуудан баш тартпаңыз.
9-жобо: Ачууңузду ичиңизге катпаңыз! Өзүңүздү жемелей бергенден көрө ал нерсени айланадагылар менен тең бөлүшкөнүңүз туура. Эгерде сиз бугуңуздун баарын ичиңизге катып жүрө берсеңиз, ар кандай ооруларга жана коркунучтуу шишикке чалдыгышыңыз толук мүмкүн. Эл аралык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча рак оорусуна чалдыккандардын 64 пайызы ачуусун ичине катып жүргөндөр болуп чыккан.
10-жобо: Мээңизди машыктырып, иштетиңиз! Кезек-кезеги менен баш катырмаларды таап, оюндарды ойноңуз, жаңы чет тилиндеги сөздөрдү жаттаңыз. Эсептегенде дагы калькуляторду колдонбоңуз! Мээни иштетүү менен биргеликте биз жүрөктүн иштешин активдештире алабыз, кан айлануу жана зат алмашууну жакшыртабыз.

Мындан тышкары...
1. Өзүңүздүн алсыздыгыңыз жана ооруларыңыз тууралуу азыраак ойлоп, азыраак айтыңыз.
2. Жашоодогу болуп жаткан нерселерге оптимисттик көз карашта карап, андан оңой чыгып кете алам деген ишеничте болуңуз.
3. Көп нерсени билүүгө умтулсаңыз - эч нерседен тажабайсыз.
4. Жаш курагыңыз канчада болбосун, баштан өткөн окуяларыңызды азыраак эстеңиз. Андан көрө келечектеги пландарыңыз тууралуу ой жүгүртүңүз.
5. Эл менен көбүрөөк жакшы мамиледе болуңуз, айрыкча жаштар менен көбүрөөк баарлашыңыз.
6. Өлүм тууралуу ойлонгондо анын кеч келишин ойлоңуз.
7. Өзүңүздүн жаш курагыңызга карабастан, физикалык жактан активдүү болуңуз.
8. Эмоцияга алдырбаганга аракет жасаңыз.
9. Өзүңүздүн күчүңүзгө ишене билиңиз.
10. Жакшы эс алууну унутпаңыз жана жаратылыш койнунда көбүрөөк болуңуз.
11. Уктаганда көбүрөөк уктап, толук кандуу эс алыңыз.
12. Карылыкты нормалдуу көрүнүш деп эсептеңиз.
13. Басып өткөн жолуңузду кызыктуу жана бекер өткөн жок деген ишеничте болуңуз.
14. Карылыкка моюн сунбай, туруштук бериңиз жана көбүрөөк күлүп жүргөнгө аракет жасаңыз.

Наргиза ЖУМАШОВА